17.12.10
 ?Элге айтам

Чагымчыл күчтөрдүн аракети ишке ашпайт
Ош шаарынын өзбек улутундагы жашоочуларынын республиканын бардык өзбек улутундагы жарандарына жана
Кыргызстандын бардык көп улуттуу калкына кайрылуусу
Биз, Ош шаарынын өзбек улутундагы жашоочулары, республиканын өзбек улутундагы бардык жарандарына жана Кыргызстандын бардык көп улуттуу калкына төмөндөгү кайрылуу менен кайрылабыз.
2010-жылда республиканын түштүгүндө болуп өткөн көпчүлүккө белгилүү оор кырсыктуу окуялар Кыргызстандын тагдырына көңүлкош карабаган республиканын бардык улуттарынын өкүлдөрүнүн жүрөгүнө оор жаракат калтырды.
Кээ бир терс ойлорго алдырышкан лидерлер өлкөдө болуп жаткан татаал коомдук-саясий кырдаалдан пайдалануу менен тышкы чагымчыл күчтөрдүн колдоосу астында апрелде бийлик алмашылгандан кийин өздөрүнүн сепаратисттик ишмерчиликтерин активдештиришип, чыр-чатакка карапайым өзбек улутундагы жарандарды тартууга аракеттеништи. Мындай аракеттер боордош эки элдин ортосундагы кагылышууга алып келди.
Орто Азия аймагынын көрүнүктүү лидерлеринин бири, Өзбекстандын Президенти Ислам Абдуганиевич Каримов Кыргызстандын түштүк аймагында чыр-чатакты күчөтүүгө тышкы күчтөрдүн катышуусу бар экендигин белгиледи.
Ортодогу чыр-чатак көп сандаган күнөөсүз кыргыздардын да, өзбектердин да курман болуусуна алып келип, көптөгөн адамдар үй-жайынан ажырашып, жапа чегишти.
Биз, бардык курман болгон жарандардын тууган-
туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Элдин акылмандуулугу чыныгы элдик дипломатия миңдеген жылдардан бери бирге жашап келишкен эки улуттун ортосундагы чыр-чатакты кыска мөөнөттүн ичинде басууга, алардын жакындашуусун, жарашуусун тездетүүгө, ишенимдерин арттырууга жана кырсыктын калдыктарын биргелешип
жоюуга киришүүгө шарт түздү.
Тилекке каршы, чагымчыл күчтөр Кыргызстанда кырдаалды кайрадан күчөтүүгө аракеттенип жатышат. Жакында эле болуп өткөн Бишкек шаарындагы жардыруу, Ош шаарында террордук уюмдардын мүчөлөрүн кармоо, Каракол шаарында чагымчыл жазуулар буга толук күбө.
Ошондой эле кээ бир Интернет-сайттарда жайгаштырылган биримдикке жана коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугуна коркунуч туудурган ар кандай маалыматтар көбөйүп кетти. Алар бүтүндөй республика боюнча улуттук менталитеттин сезимдерине жана өзгөчөлүктөрүнө от коюуга аракеттенишүүдө.
Биз, Ош шаарынын өзбек улутунун өкүлдөрү, жакында болуп өткөн оор кырсыктуу окуяларды биргелешип жеңген боордош кыргыз эли менен бирдикте чагымчыл күчтөрдүн аракеттерине жол бербөөгө, өлкөнүн бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сактап калууга Кыргызстандын бардык өзбектерине кайрылабыз.
Биз, эки элдин улуттар аралык тилектештигине кара көлөкө түшүргөн Кадыржан Батыровдун, Иномжон Абдрасуловдун жана алардын колдоочуларынын сепаратисттик идеяларын сындайбыз жана аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз.
Сепаратисттик идеяларды таратууга мүмкүнчүлүк бербөөгө, биздин Ата Мекенибиз болуп саналган Кыргызстанда кырдаалды күчөтүүчү бардык аракеттердин жолун бөгөөгө республиканын өзбек улутундагы бардык жарандарын чакырабыз.
Кыргызстандын эли өлкөдөгү биримдикке жана тилектештикке болгон биздин аракетибизди толугу менен колдойт деп ишенебиз.




Борбор түзүлсүн, боорубуз бүтүн болсун...
Улуттук коопсуздук кызматынын алдында терроризмге, ар кандай экстремисттик-сепаратисттик күчтөргө каршы күрөшүү боюнча борборду түзүү зарылчылыгы чыгып отурат. Андан тышкары коомчулуктун жүрөк үшүн алган жардырууларды, терракттарды болтурбоо боюнча
атайын иш-чаралардын программасын иштеп чыгуу керек. Мына ушул маселелер боюнча Президент Роза Отунбаева республиканын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен болгон жолугушууда тапшырма берди. Өлкөнүн түштүк аймактарындагы, Бишкектин спорт сарайынын алдындагы жардыруулар, курал-жарактардын, жардыргыч заттардын Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөндөй көп табылып жатышы ИИМдин алдында мурда жоюлуп кеткен террорчулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмдү да кайра калыбына келтирүү муктаждыгын чыгарууда.
Бизди дагы жараткан өзү сактап калды. Өлкөнүн түштүгүндөгү үч облустун райондорун он бирге бөлүп алып, ал эми Ош шаарын он төрткө бөлүп, террордук иштерди пландап жаткан кылмыштуу топтор атайын операциялардын аракети менен кармалган. КРнын мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында кабарлагандай, 23-ноябрда Ошто табылган курал-жарактардын, жардыруучу заттардын 30-ноябрда Бишкектеги спорт сарайынын алдындагы жардыруу менен байланышы бар болуп чыкты. Анткени, экөөндөгү тең жардыргыч заттардын окшоштугу, батарейканын жасалыш теги бирдейлиги алардын байланышы бар экендигинен кабар берет. Бул фактылар боюнча далилденген, күнөөсүн мойнуна алган адамдар бар.
Элибиздин коопсуздугун ойлосок, тез аранын ичинде чек ара көзөмөлүн күчөтүү зарыл болуп туру. "Мисалы, 2005-жылдагы Ан-жиян окуясына катышы бар деп шектелип, Өзбекстандын атайын кызматтары тарабынан издөөдө жүргөн адам колго түшүрүлгөн. Анын Кыргызстанда жашырынып жашап жүргөнү далилденди", - дейт К.Дүйшөбаев. Мына ушундай кооптуу кырдаалдардан улам, терроризмге каршы күрөшүү, анын алдын алуу жана ага карата биргелешкен аракеттерди көрүү боюнча Кыргызстанда ЖККУга кирген өлкөлөрдүн чекисттери иш жүргүзүүчү атайын борборду ачуу керек деген пикирин билдирди.
Белгилүү болгондой, 29-ноябрда Оштогу Мажүрүм-Тал конушунун мечитинин имамынын үйүндө террористтик топтун мүчөлөрү кармалганы, атүгүл күч органдарынын кызматкерлеринин атайын операциясында кадимкидей атышуу болгону кырдаалдын жөнөкөй эместигинен кабар берет. Имамдын үйүнөн, ошондой эле Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунан Калашников автоматтары, 3000ге жакын ок-дары, мурда болуп көрбөгөндөй көлөмдөгү курал-жарактардын, жардыргыч заттардын табылышы көзөмөлдү күчөтүп, ал эми жарандарды кыраакы болууга көндүрө турган иш. Мындай фактылардын күн санап катары менен ар аймактардан чыга калып жатканы коомубуздан коркунуч биротоло кете электигин билдирип турат. Айтор, кандай деңгээлдеги борборлор түзүлүп, чаралар көрүлсө дагы жарандардын жаны аман, боору бүтүн болсо экен деп тилегенден башка арга жок.

Назира АЛИЕВА