17.12.10
  Мен айтпасам...

Атың чыкпаса,
жер өрттөбү?
Ү стүбүздөгү жылдын май айынын аяк ченинде "Кыргыз Туусу" гезитинен "Эски бийликтин эрке Екатеринасы" деп аталган макаланы окуганым эсимде. Анда Сокулук районундагы "Рассвет" бириккен дыйкан чарбасынын мурдагы башчысы Екатерина Быцко өзү башкарган чарбаны өз менчигиндей тейлеп, чарбанын айыл чарба техникаларын, автомашиналарын жараксыз абалга келтирип, кампага катканы, мал чарбачылыгын жокко эсе кылганы, дыйкандарга жарытылуу эмгек акы, дивиденд бербегени, мурдагы бийликтин эрке айымы болгону жана башка толгон-токой былык иштери баяндалган эле.
Аныгын айтуу керек, анын бул былык иштерин мамлекеттик тийиштүү органдар текшерип, кыйла мыйзамсыз иштерди аныктаганы менен эч натыйжа чыкпай, ушул кезге чейин эрке айымдын тайраңдап жүргөнү таң калтырбай койбойт. "Укмуштуунун төөсү жорго" демекчи, эми аталган айым чарбаны бүлүндүрүп таштап, чоң саясатка аралашып, үнүн бийик чыгарып, эл чогулган жерде ээн ооздукка алдырып, оюна келгенин оттоп жүргөн кези деп ар ким-ар кимден угуп калам.
"Карма ууруну, карма"- деп калк ичинде дал ошол ууру жүрөт демекчи, апрель окуялары ал айымга жагымдуу жагдай түзгөн сыяктуу. Анткени, былыктары билинип, быйыл эле иштен четтетилген айым, баш аламандыктын шарданында өзүн көрсөтүп калууга аракеттенет окшойт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо болорго жакын эле уюшулган "Бирдиктүү Кыргызстан" партиясына мүчө боло коюп, партиялык тизме боюнча шайлоого катышууга да үлгүрдү. Баса, партиялык тизмеде алдыңкы орундардын бирин ээлеп турушу да табышмактуу. Дегеним, партиялык тизмеде алдыңкылардын катарына илинүү үчүн капчыктын калың болушу негизги шарттардын бири экендиги айтпаса да жалпыга маалым эмеспи. Андай болсо, анын капчыгы кайсы булактан кампайды экен? А балким, бириккен дыйкан чарбага өздөрүнүн үлүштөрүн кошушкан карапайым дыйкандардын таман акы, маңдай теринен табылган акча болуп жүрбөсүн?
Андан да кызыгы, ал мүчө болгон партия шайлоодон өтпөй калгандан соң, арадай жерге чарадай жыйын куруп, шайлоо комиссиясы менен соттошууга өттү. Сотто жеңилерин билип турса да, ач кыйкырык, куу сүрөөн салып, чабуулга өтүүгө көп эле аракеттенгени ага абийир алып келген жок.
Ошентип, айласы түгөнгөндө, жылан чакпай, жылкы теппей, жаңы бийликти жамандап, аны легитимсиз атап, жалпы элдик референдумду жараксыз деп таап, Конституцияга туура эмес толуктоолор жана түзөтүүлөр киргизди деп баарынан кыйын болуп чыкты, ойду тоону оттоп, элдин көңүлүн иренжитти.
Айтмакчы, кыргыз элинде "Атың чыкпаса жер өрттө" деген даанышмандык менен айтылган накыл кеп бар. Анын сыңарындай, аталган айым өзүнүн былык иштерин жаап-жашыруу үчүн алкынып-жулкунбай эле өзү мурда жетектеген чарбаны кандайча мышык ыйлагандай абага алып келгенине ой калчап, терең ойлоо менен ичтен сызып, катуу кейишке түшсө болмок.
Т. САРБАГЫШЕВ,
Бишкек шаарынын тургуну




  Жогорку Кеңеште

"Атамекенчилер" мугалимдерге акча тапты
"Манас" аэропортундагы учактарга куюлуучу майга мурдагы бийликтегилер акциз салыгын алып салган болчу. Бул каражат ал кездеги кээ бир чиновниктердин чөнтөгүн жылытып туруу үчүн жеке кызыкчылыктан жасалган иш эле. Бүгүн мамлекет мугалимдердин маянасын көтөрүү үчүн каражат табууга баш оорутуп жаткан кез. Жер-жерлердеги мугалимдердин толкундоолорун убадалар менен басуу кыйын болуп турган учурда парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы буга жол тапкан мыйзам долбоорун сунуштады.
Реактивдүү күйүүчү майга акциз салыгын кайра кийирүү керек. Мындай маалыматты кечээ "Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев фракциянын жыйынында жарыя кылды. Тактап айтканда 1 тонна реактивдүү күйүүчү май 2500 сомдон болот. "Президент Акаевдин доорунда буга болгон акциз салыгы негизсиз себептер менен алынып салынган. Биздин эсептөөлөрүбүз боюнча акциздик салык ар ай сайын 2 млн. доллардан ашык, ал эми жылына 25-30 млн. доллардын тегерегинде кошумча каражат бериши керек. Ушул каражат мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүүгө жетет", - деди Өмүрбек Текебаев. Салык кодексинде реактивдүү күйүүчү май үчүн акциз салыгы керек экендигине карабай, ар жыл сайын "Манас" аэропортундагы авиабаза акциз салыгынан бошотулуп турган. Акыркы жолу мындай токтом 2008-жылы 30-декабрда кабыл алынган. "Эгерде фракция сунуштап жаткан бул мыйзам долбоорун Убактылуу Өкмөт апрель айынан бери киргизгенде 20 млн. долларга жакын киреше түшмөк экен. Муну биз өз убагында ойлонбой калыптырбыз", - деп кошумчалады ал. Ошондуктан, алдыдагы түзүлө турган Өкмөт реактивдүү күйүүчү майга акциз салыгын алып салуусуна тыюу салуу боюнча Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү чечимин атамекенчилер кабыл алды. Албетте, бул авиакомпанияларга бир кыйла ыңгайсыздыктарды алып келиши мүмкүн. Бирок анын маселесин да кеңешип чечүүгө болот экен.
"Ата Мекен" партиясы шайлоо убагында кылмыштуу топторго, рэкетчиликке, рейдерликке каршы күрөшөбүз деп бир топ убадаларды берген. Электоратка берген ошол убаданы аткаруу үчүн базалык мыйзам долбоорун аягына чейин иштеп чыгуу фракциянын мүчөсү, депутат Турат Мадылбаевге тапшырылды.
Жогорку Кеңештин дээрлик бардык фракциялары жаңы жылга карата мамлекеттик "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо" жана "Слово Кыргызстана " гезиттерине жазылуу чечимине келишкени да ушул жыйында белгилүү болду.


"Арнамысчылар" агай-эжейлердин маселесин талкуулады
Аталган фракция ушул эле күнү мугалимдердин айлык акысын көтөрүү боюнча маселени карап, ага тиешелүү министрликтер менен талкуу жүргүздү.
Анда мугалимдердин айлыгын этаптуу түрдө көбөйтүү, бюджеттик бирдиктүү тариф торчосу боюнча төлөө системасы эскиргендиги тууралуу пикирлер айтылды. Ошондуктан, мугалимдердин айлыгын көбөйтүү боюнча кошумча чараларды көрүү керектигин жыйын катышуучулары белгилешти.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"