Кыргыз гезиттери



"Бакыт кушу казак
элине кайра конду"
16-декабрь - Казакстан Республикасынын көз карандысыздык күнү. Бул мааракеге быйыл өлкө чоң ийгиликтер менен келди. Ушул айдын башында борбор шаар Астанада өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун саммити казакстандыктардын сыймыктануусун жаратып, дүйнөлүк мейкиндикте өлкөнүн кадыр-баркын бир кыйла жогору көтөрдү.


"Астана саммити доорубуздун чоң окуясы болду. ЕККУнун Астана декларациясы кабыл алынды. Бул евразиялык жана евроатлантикалык коопсуздукту камсыз кылуунун жаңы тепкичине көтөрүлүүгө өбөлгө. "Хельсинки руху" эми "Астана руху" менен кеңейди. Астана саммитинин ойдогудай өтүшү - ЕККУга мүчө бардык мамлекеттер үчүн аброй, ошону менен бирге, көз карандысыз Казакстандын, биздин Ата Мекенибиздин жетишкендиги. Биз Көз карандысыздыктын 20 жылдыгына карай туруктуу, күчтүү, ыраттуу өнүккөн жана сыйлуу өлкө катары кадам койдук. Лев Гумилев айткан, Евразия мейкиндигинде мындан миң жыл мурда доорлоп турган пассионардык кубулуш казак жерине кайра келди деп билемин. Карапа­йым тил менен айтканда, миң жылда келе турган бакыт кушу казак элине кайра конду",- деди Президент Нурсултан Назарбаев быйылкы окуу жылында ачылып, өз ысымы ыйгарылган Астанадагы университеттин студент­терине 7-декабрь күнү окуган дарсында.
Көз карандысыздыгын жарыялагандан берки он тогуз жыл ичинде Казакстан, саясий-экономикалык, социалдык-маданий тармактардын кайсынысында болбосун, айтарлыктай ийгиликтерге жетишкени маалым. Кыска мезгил аралыгында Астана сыяктуу чоң, кооз шаар бой көтөрүп, эми ал дүйнөлүк ири мегаполистердин катарында аты атала баштаганы өлкө ийгилигинин бир көрүнүшү гана. Адатта, өлкөнүн өнүгүүсү анын ички дүң продуктысынын (ИДП) деңгээли менен өлчөнөт эмеспи. Бул өңүттөн алып караганда, республикада 1999-жылдан баштап жан башына эсептегенде жылдык ИДП жыл сайын орто эсеп менен 8 пайызга өсүп отуруптур.
Быйылкы жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көрсөткүчү 9 пайызга жогорулаган. Бул өлкө экономикасы туруктуу ыргак менен өнүгүп жатканын айгинелейт.
Мамлекет башчысынын көргөн экономикалык чараларынын натыйжасында дүйнөлүк каржы каатчылыгы Казакстанды кыйгап өттү десек да болот. Бир топ жылдар мурун, республика эл башчынын демилгеси менен Улуттук каржы фондун түзгөн болчу. Каатчылык башталарда ага 50 миллиард көлөмүндө каржы активдери топтолуп калган эле. Каражат тартыштыгы орун алганда Президенттин жарлыгы менен ушул фонддон эл экономикасын камсыз кылуучу каражаттар бөлүнүп турду. Эми, Казакстан 2020-жылы фонддогу каражатты 90 миллиард долларга жеткизебиз деп максат коюуда.
Өлкөдөгү саясий туруктуулуктун, улуттар аралык ынтымактын шарданында экономиканы илгерилетүүчү күчтүн бири болуп табылчу инвестициялар чет өлкөлөрдөн ток­тоосуз агылып келип жатат. Көз карандысыздык жылдарында, жалпысынан республикага сырттан 118,5 милиард доллар көлөмүндө инвестиция келген, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде эле четтен 9,3 миллиард көлөмүндө инвестиция түшкөн. Албетте, мындай каражаттардын тартылышына Н.Назарбаевдин жеке салымы барын да белгилей кеткен жөн. Президенттин чет өлкөлөргө барган иш-сапарларындагы донор мамлекеттердин башчылары менен жүргүз­гөн дипломатиялык сүйлөшүүлөрү көп күттүрбөй жемишин берүүдө.
Республикада инвестициялык климаттын жакшырып жатканы жакында Бүткүл дүйнөлүк банк аныктаган "Doing Business-2011" рейтингде көрүнүш тааптыр. Бул көрсөткүчтө Казакстан былтыркыга караганда төрт позицияга жогору көтөрүлгөн.
Экономикасынын алга жылышына жараша, Казакстанда 2000-жыл менен салыштырганда 2010-жылы элдин социалдык абалы айтарлыктай жакшырган. Орточо эмгек акы 5 эсеге, пенсиялар 3 эсеге өскөн. Саламаттыкты сактоодо илгерилөө болуп, адамдардын өмүр жашы орто эсеп менен алганда 65тен 68ге жогорулаган. Энелердин өлүмү эки эсеге азайып, балдардын төрөлүүсү 1,5 эсеге көбөйгөн. 10 жылда өлкөдө 652 мектеп, 463 саламаттыкты сактоо мекемеси салынган. 350 миң үй-бүлө (1,2 милионго жакын адам) турак жайга ээ болушкан. 32 миң чакырым жол (Казакстан жолдорунун үчтөн бири) салынган жана оңдолгон. Бириккен Улуттар Уюму өзүнүн 2009-жылдагы баяндамасында Казакстанды турмуш шарты жакшы өлкөлөрдүн катарына киргизген.
Учурда өлкөдө бюджеттин эсебинен айлык алуучу кызматкерлердин орточо маянасы 50 миң теңгеден ашып отурат. Жакында Казакстанда алдыдагы жаңы жылдан баштап пенсияларды 30 пайызга жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ага ылайык, эң төмөнкү пенсия 24047 теңге болмокчу. Президент Н. Назарбаев мамлекеттин эл алдындагы социалдык милдеттенмелерин так аткарышына такай көңүл буруп келүүдө. Республиканын өткөн айда бекитилген 2011-2013-жылдарга үч жылдык бюджетине көз жүгүртсөк, социалдык корзинасы салмактуу экенин байкайбыз. Билим берүү жаатындагы программаны каржылоого 174 миллиард теңге, бирдиктүү улуттук саламаттыкты сактоо системасына 832 миллиард теңге караштырылыптыр.
Быйылкы жыл Казакстан үчүн бир катар ири экономикалык программалардын кабыл алынышы жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун башталышы менен мүнөздөлдү. 29-январда Президент Казакстан калкына кайрылуусунда республиканын 2010-2020-жылдарга арналган индустриялык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасынын башкы багыттарын айкындап берди. Анын натыйжасында Өкмөт "Казакстандын 2010-2014-жылдардагы тездетилген индустриялык-инновациялык өнүгүүсү" мамлекеттик программасын, "Казакстанды индустриалаштыруунун 2010-2014-жылдарга арналган картасы" жана "Бизнестин жол картасы - 2020" программаларын бекитти.
2015-жылга чейинки беш жылдык программада жети багытка: айыл чарба, өнөр жайы комплексине, металлургияга, мунайды кайра иштетүүгө, энергетикага, химия жана фармацевтикага, курулуш индустриясына, транспортко жана коммуникацияларга артыкчылык каралган. Булардан тышкары, туризм индустриясына жана машина курууга көңүл бурулган.
Азыркы мезгилде жалпы көлөмү 50 миллиард АКШ долларын камтыган индустриялык долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Жыл аягына чейин 150 өнөр жай объектиси ишке берилмекчи.
Казакстан "Борбордук Азия - Кытай" стратегиялык газ куурунун негизинде быйыл "Батыш Европа - Батыш Кытай" транзиттик коридорунун курулушуна киришти. Жаңы магистраль Казакстанды транзиттик дарамети кубаттуу өлкөгө айландырмакчы. 7 миң километрге созулган газ кууру XXI кылымдын эң ири энергетикалык долбоору деп эсептелүүдө. Анын баасы - 7,5 миллиард доллар, казакстандык бөлүгүнүн узундугу - 1300 километр, кубаттуулугу жылына 40 миллиард чарчы метр/газ.
Жалпы улуттук жана аймактык индустриялаштыруу картасында 230 долбоорду ишке ашыруу алкагында 7,2 триллион теңгени өздөштүрүү көздөлгөн. Экономиканы өнүктүрүүдө инновациялык инфратүзүмдөр­дү курууга жана нанотехнологияларды өркүндөтүүгө артыкчылык берилүүдө. Бул багытта 5 өнүктүрүү институту, 9 технопарк, 2 конструктордук бюро иштеп жатат.
Президент Нурсултан Назарбаев өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында көз карандысыз Казакстандын жетекчилик тизгинин колуна алганда өлкөнү өнүктүрүүнүн биринен-бири ажырагыс үч принцибин карманган эле.
Биринчиси - пайдубалы бекем, мыкты мамлекетти калыптандыруу. "Алды менен - экономика, андан кийин саясат" деп иш жүргүзгөн өлкө лидеринин бул максаты жүзөгө ашырылууда.
Экинчиси - бирдиктүү толеранттуу коомду түзүү болчу. Бул багытта да Казакстан орчундуу ийгиликтерге жетишти. Республикада жашаган 130 улуттун башын бириктирип, 46 конфессиянын өз ара түшүнүүчүлүк мамилесин чыңдап, калкын жаратман эмгекке багыттай билди. Эл аралык коомчулук "Улуттар аралык ынтымактын казакстандык модели" деген тастыктаманы тааныды. Дүйнөлүк салттуу дин лидерлеринин жетекчилеринин үч съезди Астанада уюштурулду. Бул саамалыктар Астана саммитин өткөрүүгө шарттарды түзүп берди.
Президенттин үчүнчү максаты - экономиканы инновациялык негизде куруу болчу. Бул багыттагы аракеттер быйыл шыдыр башталып отурат.
Негизи, Казакстандын экономикалык өнүгүүсү Н. Назарбаевдин жетекчилиги менен Казакстанда 1997-жылы республиканы ар тараптуу өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиясы бекитилген мезгилден башат алат.
Казакстандын азыркы социалдык-экономикалык арымы - ошол стратегиялык программанын ырааттуу ишке ашырылышынын жаркын көрүнүшү.
Белгилей кетчү нерсе, республикада мамлекеттик маанилүү мааракелерди утурлап бийлик, бизнес-чөйрө жана коомчулук ар кандай иш-чараларды уюштуруп отурат. Мурдагы жылы Астананын он жылдык мааракеси өтүп жатканда он төрт облустун астаналыктарга шаардын көркүнө көрк кошкон ар түрдүү имараттарды, эс алуу жайларын, даңктуу инсандарга арналган эстеликтерди куруп бергенине күбө болгонбуз. Быйыл болсо, айрым ишкерлер көз карандысыздык күнүнө белек иретинде өз аймактарында коомчулуккка жана балдарга спорт, саламаттыкты сактоо жана эс алуу орундарын демөөрчүлүк шартта салып берип жатканы сүйүндүрбөй койбойт.
* * *
1-2-декабрда Астана шаа­рында өткөн ЕККУнун саммити натыйжалуу болду. Анда уюмга мүчө мамлекеттерге конкреттүү жоопкерчилик жүктөгөн Астана декларациясынын кабыл алынышы ЕККУнун мындан аркы ишмердигинин багытын айкындады. Ошондой эле, бул форум ЕККУ мейкиндигинде турук­туулукту камсыздоо боюнча Борбордук Азия аймагынын дараметин жаңыча баалоого мүмкүнчүлүк берди. Бир мамлекеттин коопсуздугун башка мамлекеттердин коопсуздугунан бөлүп кароого болбой тургандыгы тастыкталды. 10-декабрда Бишкектеги ЕККУнун академиясында уюштурулган "ЕККУнун Астана саммитинин корутундусу жана Уюмдун өнүгүшүнүн келечеги" аттуу "тегерек үстөлдүн" катышуучулары саммит жөнүндө ошондой жыйынтыкка келишти.
Отурумда баяндама жасаган Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Исабаев Казакстандын ЕККУга төрагалыгындагы негизги багыттары жана Астана саммитинде көтөрүлгөн олуттуу маселелер жөнүндө айтып берди. "Астана декларациясына дүйнөлүк коомчулук тарабынан зор көңүл бурулуп отурганы кокустук эмес. Бул уюмдун ишмердигине жаңы жол көрсөткөн соңку 11 жылдын ичинде ЕККУнун саммитинде кабыл алынган алгачкы корутунду документ. Астана саммити бир материкти Европа менен Азияга, эки бөлүккө ажыратып турган дубалды бузуу процессин баштап, кызматташуунун евразиялык жолун түптөдү, ЕККУнун мындан аркы өнүгүүсүнүн жаңы нугун аныктады",- деди Б. Исабаев.
ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысынын орун басары Л. Дарийнин жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директорунун милдетин аткаруучу У. Жусуповдун ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердиги, өлкөбүздүн уюм менен кызматташуусу боюнча сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин суроо-жооп түрүндө талкуу уланды.
"Тегерек үстөлдө" активдүүлүгүн көрсөтүшкөн "Жарандар коррупцияга каршы", "Кылым шамы" өкмөттүк эмес уюмдарынын жетекчилери Т. Исмаилованын жана А. Абдурасулованын пикирлери кызуу талкууну жаратты. Алардын суроолоруна жооп берип жатып, Бейбит Исабаев Ала Тоонун эки жагына жайгашкан боордош калктарыбыздын бирине-бири күйүмдүү, дайыма тилектеш боло берерине ишене тургандыгын билдирди.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"

P.S. "Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясы Бейбит Исабаев мырза жетектеген Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлерин айтылуу мааракелери менен куттуктап, кыргыз-казак карым-катнаштарын бекемдөө максатындагы ишмердиктерине ийгиликтерди каалайт.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
14-декабрь, 2010-ж.:
1-бет
Карааның көрүнбөйт го кагылайын коалиция!
2-бет
Байланыштарды
күчөтүү керек

3-бет
Эгер чындык
бүгүн айтылбаса...

4-бет
Курал-жарактар, жардыргыч заттар табылды
5-бет
Бир тууган салиховдор кыргыз мамлекетин түптөшкөн
7-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Асан ТОКТОНАЛИЕВ:
"Коррупцияны жоюуга эл да жардам берсе"

8-бет
Чакан аймак, ири иштер
9-бет
"Бакыт кушу казак
элине кайра конду"

10-бет
МУХТАР АУЭЗОВДУН
ЧОЛПОН-АТАДАГЫ МУЗЕЙИ КАЛАБЫ? КАРООСУЗ КАЛАБЫ?

12-бет
Кино көйгөй
14-бет
Жыйырма жылдын
жыйынтыгы ушундай

16-бет
О, спорт, спорт!