Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Салык санаасы

КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Асан ТОКТОНАЛИЕВ:
"Коррупцияны жоюуга эл да жардам берсе"
- Асан Саматович, коррупцияны жок кылуу апрель окуясында митингге чыккандардын бирден-бир талабы болчу. Салык кызматынын паракорлук менен күрөшүүдө жүргүзгөн иштерине токтоло кетсеңиз?
- Кадрдык аттестацияны, конкурсту таза, ачык өткөрүү, баарына бирдей шарт түзүп берүү менен паракорлукту кыскартса болот. Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен биринчилерден болуп салык, бажы, финполиция кызматтарынын статс-катчылары калп детектринен өттүк. Кыргызстанда жаңы киргизиле баштаган, полиграф деп аталчу бул аппараттан айрыкча жетекчилер конкурс, ротация, аттестация болуп жатканда өткөрүлөт. Коомчулукта салык кызматындагы паракорлук тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда. Бирок, бүгүнкү коомубуз мага апрель окуяларына чейинки жана андан кийинки деп экиге бөлүнгөндөй сезилет. Мамлекеттик органдар гана эмес, ар бир мекендешибиздин жан дүйнөсүндө тазаруу, агаруу көбүрөөк түнөк алып, адилеттүүлүккө карай кетчү жолго түштүк деп эсептейм. Биз жеке эле башкы аппаратыбыздын же жетекчи органдардын гана эмес, салык төлөөчү менен тике байланыш жүргүзө турган кызматкерлерибизге чейин полиграфтан өткөрүү сунушун киргизип жатабыз. Айталы, көчөлөргө орнотулган чакан соода түйүндөрүнөн баштап, бизнес түйүн­дөрүндөгү рейддик текшерүүлөрдү, мекеме-ишканалардын документтик текшерүүлөрүн жүр­гүзүп жаткан бөлүмдөрдүн адистерин полиграфтан өткөрсөк дегенбиз. Биздин бул сунушубузду Мамлекеттик кадр кызматы колдоп берди. Эми декабрь айынын биринчи жарымынан баштап салык кызматына жаңы кирип, которулуп, аттестациядан өтүп жаткандардын баары калп детектринен - полиграфтан өткөрүлөт. Мындай саамалык иш республикадагы салык кызматынын бардык бөлүмдөрүнө тиешелүү. Бул арабыздагы таза эмес иштеген адамдарды жоопкерчиликке чакыруунун бир жолу. Ал: "жакында аттестациядан өтөм, алдыда полиграф турат..." - деп алкымын тыюуга көнөт.
- Сиз өзүңүз калп детектринин аппаратынан өтүп жатканда кандай сезимде болдуңуз?
- Полиграф аппараты өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келе жатканы анык. Болгону биз үчүн ал жаңылык катары сезилүүдө. Албетте, алгач кандай аппарат экендигине кызыгуум чоң болду. Бирок, калпым чыгып калат деп корккон жерим жок. Суроолоруна жооп бересиң. Аны иштеткен адистердин айтымында адамдын ички оюнун 98 пайызын туу­ра аныктап койгонго күчү жетет.
- Жакында мамлекеттик органдардын онунда байкоочу кеңештер түзүлдү. Ошол ондун ичинен салык кызматынын байкоочу кеңеши бир нече жагдайлары менен айырмаландыбы?
- Ооба, мамлекет башчысынын жарлыгы менен байкоочу кеңештер түзүлүп, сынамык долбоор ишке киришти. Бул жаңы түзүлгөн коомдук институттун милдети - мамлекеттик органдын ишин коомдук көзөмөлгө алуу. Министрликтер, агенттиктер, мамлекеттик кызмат органдары бюджеттин каражаттарын туура колдонуудабы же башка бирөөлөрдүн чөнтөктөрүнө кетип жатабы? Алар салык кызматынын ишкерлерге, катардагы салык төлөөчүгө карата мамилелери мыйзамдуубу же кызматтык милдеттеринен аша түшүп, аттап жатышабы ж.б. ушул сыяктуу иштерди көзөмөл­дөшөт. Ачыгын айтканда салык кызматкерин "сагынып", жакшы көрүп турган киши жок го дечү элек… Жактыргандар ого эле арбын болуп чыкты (күлүп). Башка мамлекеттик органдардын байкоочу кеңештери 14, 17 ж.б. адамдан түзүлсө, бизде 21 адамдан куралып, баарынан саны жагынан көптүгү менен өзгөчөлөндү. Байкоочу кеңештин башкаруу органын шайлоодо биз тараптан киришкен киши болгон жок. Салык консультанттары палатасынын башкармасынын жетекчиси Татьяна Кимди төрайым кылып шайлап алышты. Ал биздин тармакты абдан жакшы билген, жаңы салык кодексин иштеп чыгууда эмгеги бар адис. Башка органдардын байкоочу кеңештеринде экиден орун басар болсо, биздикинде үч орун басар шайланып, атүгүл бирөө өз талапкерлигин көрсөтүп өтүп кетти, жооптуу катчысы да өз ордун тапты. Айтор, баары демократиялык мүнөздө тынч, ызы-чуусуз шайланышты. Салык кызматы коомчулуктан сыр каткан жабык мекеме эмес. Жетекчилигибиз деле сураган маалыматтарын бере бергиле деп жатат. Андыктан байкоочу кеңеш көзөмөлдөгүсү келген нерселер ачык. Мындан кийин өз ишибизде байкоочу кеңеш айткан сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып чечим чыгарган учурларыбыз аз эмес болот го деп турабыз. Бул да болсо эл менен мамлекеттик органдардын ортосундагы көпүрөлүк милдетти аткаруучу коомдук орган болуп калат. Жарандардын даттануулары менен сунуштарын угуу үчүн байкоочу кеңештен өз мүчөлөрүнүн иштешине атайын ишеним телефондорун, коомдук кабылдама ачуу маселелерин да көтөрүшө башташты. Ал эми бизде буга чейин деле ишеним телефондору иштеп келгенин, эгер алар ачышса ашыкча болбосун да билдирип кетким келет. Жакында Азия өнүк­түрүү банкынын жардамы менен жаңы имарат ачтык. Ошол жерде маалымат борборуна салык төлөөчүлөр телефон чалышып, кызыктырган суроолоруна жооп алуу мүмкүн­чүлүгүн түзүп бергенбиз.
Мына ушул жогорудагы аракеттердин баарына карабай салык кызматынын башкы аппараты коррупцияны биротоло жоюп жибере албайт. Атүгүл күч түзүмдөрү күнү-түнү иштесе да аны биротоло четтетүүгө күчтөрү жетпейт. Ар бир салык төлөөчү өз убагында мыйзамдуу милдетин аткарып, тийиштүү салыгын төлөсө, текшерип келген салык кызматкерине пара бербей койсо эле бул мителик илдет өзүнөн-өзү түп-тамыры менен үзүлөт. Жоюлуп, жок болот. Салык кызматында паракорлук бар деп айта бербей, өзүң пара бербей коюу менен коррупцияны жоюуга бизге жардам бер дегим келет. Бүгүн салык кызматкерине пара берип ишин бүтүрүп алган адам, эртең МАИге, анан баласын окууга өткөрүүгө пара берип көнүп алат.
- Асан Саматович, апрель, июнь окуяларынан бир топ ишкерлер жапа чегишти. Быйылкы шартта салык чогултуу оор болгондур?
- "Кыргыз Туусу" аркылуу жалпы салык төлөөчүлөргө, элибизге миң мертебе рахмат айтып койгум келет. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, айрыкча Ош окуясынан далай ишкерлер жапа чекти. Атайын түзүлгөн комиссия аныктагандан кийин алар салык төлөө жагынан жеңилдик алышат. Ошонун баарына карабай түштүк аймагында былтыркыга караганда салык ашыгы менен топтолуп отурат. Эл өлкөдөгү абалдын кыйындыгын түшүнүү менен мекенчилдигин көрсөттү деп айтууга толук негиз бар. Салык төлөө мекенди коргоо милдети менен барабар экендигин белгилеп койгум келет. Ал эми он бир айдын жыйынтыгын алсак, жалпы өлкө боюнча 22,3 млрд. сом чогултулду. Бул мезгилге болжолдуу көрсөткүч 100,3 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда салыктын жыйналышы 3,1 млрд. сом­го же 16,1 пайызга арбын болду.
- Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен электрондук отчет берүү системасын жайылтууга баратасыздар. Бул жаңы саамалык иш тууралуу гезитибиздин салык төлөөчү окурмандарына маалымат бере кетсеңиз.
- Февралдан баштап, АӨБнын программалык жардамы менен төрт районду сынамык долбоор кылып баштаганбыз. Бул долбоор салык төлөөчү менен биздин инспектордун аралыгын алыстатуу менен паракорлукту жоюу максатын көздөйт. Өзүнүн иш ордунда отуруп, отчетун электрондук байланыш аркылуу жиберип коёт. Убактысы кетпейт, убарагерчилик тартпайт. Президент да бул ишибизди колдоду. Башталганда эле 900гө жакын адам электрондук отчет берүүнү практикалоого өттү. Отчет берүүнүн мындай сис­темасы бара-бара кээ бир бөлүмдөрүбүздү кыскартуу менен бюджетти үнөмдөөгө да алып келчү иш. Бул программанын пайдалуу жактары өтө арбын. Кайсы ишкер отчетту туура эмес жибергенин, кирешесин катып жаткандыгын компьютердик программа таап чыгарып коёт.
Баса, жер-жерлердеги салык төлөөчүлөр­дүн суроо-талаптары, дооматтары, сунуштары болсо салык кызматынын коомдук кабыл алуу бөлүмүнө төмөндөгү телефондор аркылуу чалса болот: 61-46-55, 61-28-68, 61-46-52, ал эми ишеним телефону: 61-31-89. Ошондой эле биз өзүбүздүн сайтыбызга салык кызматындагы жаңылыктар, иш орундары тууралуу маалыматтарды чыгарып турабыз.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
14-декабрь, 2010-ж.:
1-бет
Карааның көрүнбөйт го кагылайын коалиция!
2-бет
Байланыштарды
күчөтүү керек

3-бет
Эгер чындык
бүгүн айтылбаса...

4-бет
Курал-жарактар, жардыргыч заттар табылды
5-бет
Бир тууган салиховдор кыргыз мамлекетин түптөшкөн
7-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Асан ТОКТОНАЛИЕВ:
"Коррупцияны жоюуга эл да жардам берсе"

8-бет
Чакан аймак, ири иштер
9-бет
"Бакыт кушу казак
элине кайра конду"

10-бет
МУХТАР АУЭЗОВДУН
ЧОЛПОН-АТАДАГЫ МУЗЕЙИ КАЛАБЫ? КАРООСУЗ КАЛАБЫ?

12-бет
Кино көйгөй
14-бет
Жыйырма жылдын
жыйынтыгы ушундай

16-бет
О, спорт, спорт!





Яндекс.Метрика