14.12.10
  Ата Журт алкагында

Курал-жарактар, жардыргыч заттар табылды
Ош облусунда көп сандагы курал-жарак жана жардыргыч заттар табылды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда 12-декабрга караган түнү Отуз-Адыр айылына чукул жерден Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бир нече Калашников автоматын, снайпердик мылтык, граната, 15 кг. жардыргыч зат жана 3 миңдей ок-дары табышкан. Бул курал-жарактардын катылуусуна шектүү деп Өзбекстандын бир, Кыргызстандын бир жараны кармалган. Отуз-Адырда табылган жардыргыч заттын жакында эле Бишкек шаарында жардырууга колдонулган затка тектеш экендиги аныкталды. Учурда бул арсеналды Ош облусуна эл аралык террористтик топтордун жибергендиги тууралуу маалымат текшерилип жатат.


Мамкызматкерлерге квартира берилет
13-декабрда "Жал Артис" 15-кичи районунда Кыргызстандын министрликтеринде жана ведомстволорунда иштеген мамлекеттик кызматкерлерге жаңы турак-жайлардын ачкычы тапшырылды. Турак-жайлардын көпчүлүк ээлери - мамлекеттик кызмат тутумунда 10 жылдан ашуун­ иштегендер. Ошондой эле алардын арасында жаш адистер да бар. "Жал Артис" 15-кичи районунун курулушу - КР Мамарх­курулуш жана "Артис-Глобал" курулуш компаниясынын биргелешкен долбоору. Мамкызматкерлерге турак-жай үчүн алгачкы каражатты төлөө максатында 30 пайыздык субсидия республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми калган 70 пайызы турак-жай ээлери тарабынан 10 пайыздан ашпаган үстөк менен 15 жыл ичинде төлөнүп берилет.


Жаңы тасмалар көрсөтүлөт
15-декабрда Бишкектеги Кино үйүндө "Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү" тобунун 4 тасмасы тартууланат. Бул ирет Марат Сарулунун "Туз", Н. Борбиевдин "Гүлдастан", Н. Мендебаировдун "Кемпир" жана Н. Абдыкадыровдун "Ыр кесе" кыска метраждуу фильмдери көрсөтүлөт. Муну менен катар акыркы үч айда эл аралык кинофестивалдарда ийгиликке жетишкен режиссерлорго сыйлыктар тапшырылат. "Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү" тобу өз ишмердүүлүгүн үстүбүздөгү жылдын апрель айы­нан баштап жүргүзүүдө. Анын курамында өлкөнүн алдыңкы киностудиялары жана жеке киноишмерлер бар.


И. Раззаковдун "100 насааты" жарык көрүүдө
Бишкектеги ТАС басмасында улуу инсан Исхак Раззаковдун учкул сөздөрүнүн негизинде жыйналган "100 насаат" аттуу жыйнак жарык көрүүдө. Аталган эмгек быйыл туулгандыгынын 100 жылдыгы белгиленип жаткан кеменгер саясатчы жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун күндөлүгүнөн жана кол жазмаларынан алынган. Жыйнакты Лейлек райондук администрациясы Кыргызстандагы, Өзбекстандагы жана Россиядагы архивдерден чогулткан. Ал И. Раззаков атындагы республикалык фонд тарабынан каржыланууда.


  Аалам алкагында

Зита менен Гита Россиядан билим алышат
РФ Президенти Дмитрий Медведев бөлүнүшкөн кыргызстандык сиам эгиздери Зита менен Гитанын апасына эгиздер 9-классты аяктагандан кийин кайсы бир медициналык колледжге экзаменсиз, РФ мамлекеттик бюджетинин эсебинен окууга кабыл алынаарын айтып, жооп кат жиберди. КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей кыздардын апасы Зумрият Резаханованын катында: "Мен кыздарымдын Россиядан билим алуусуна байланышкан келечектеги тагдырына сизден башка эч кимдин жардамы тийе албасын билип туруп, Сизге кайрылууга мажбур болдум",- деп жазылган. Учурда Зита менен Гита Кыргызстандагы Военно-Антоновка мектеп-интернатында 8-класста окуп жатышат.


Эки Кореянын элдешүүсү күмөн
АКШ Улуттук чалгындоосунун мурдагы деректири, отставкадагы адмирал Деннис Блэр Түштүк Кореянын КЭДРге карата чыдамы түгөнүп бара жаткандыгын билдирди. CNN телеканалында 12-декабрда чыгып сүйлөгөн эксперттин пикиринде, Түштүк Кореялык армия коңшусуна карата аскердик иш-аракеттерди жүргүзүүсү мүмкүн. Бул чыр-чатак толук кандуу согуш деңгээлине көтөрүлө албайт. Адмиралдын пикиринде, КЭДР бул кадамга барбайт, анткени ал жеңилүүгө учурап калышын түшүнөт. Ноябрдын акырында Түндүк Кореялык артиллерия Түштүк Кореядагы Енпхендо аралын аткылаган, натыйжада эки аскер жана эки жаран каза тапкан. Түштүк Корея жооп кайтарып ок аткан. Жогорудагы окуялардан соң, Түштүк Корея жана АКШ биргелешип жүргүзүп жаткан аскердик окуулар Пхеньяндын тынчсыздануусун жараткан.


М.Яблокова Ф.Киркоровду кечирмекчи
"Алтын граммофон" сыйлыгынын режиссеру Марина Яблокова Филипп Киркоровду кечирүүгө макулдугун берди. Бул туурасында Россиялык укуктук жана соттук маалымат агенттигине (РАПСИ) жабыркоочунун жактоочусу Сергей Жорин билдирди. Мурда Жорин анын кардары Ф. Киркоровдун жарашуу тууралуу сунушун четке кагып келгендигин айтып, Киркоровдун сайтындагы эл алдында кечирим суроосун жоопкерчиликтен качууга жасалган аракет катары баалаган. Келишим боюнча, Яблокова милициядан арызын алат, ал эми Ф.Киркоров ага белгилүү суммадагы каражат төлөп берет. Жорин билдиргендей, артисттен өндүрүлгөн бардык каражаттар кайрымдуулук максаттарына жумшалат.