Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


 ?О, спорт, спорт!

Ратбек МАМБЕТОВ, машыктыруучу:
"Жеңишке жетээрибизге ишенгем"
- Ратбек ага, Даниярдын Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын желегин желбиретип, бийик көтөрүшүндө сөзсүз сиздин эмгегиңиз бар деп билебиз. Мына бүгүн шакиртиңиз үч бөлмөлүү квартиралуу болуп жатат, сиздердин наамыңыздарга жылуу сөздөр, ыраазычылыктар айтылып жатат, ушу азыр кандай сезимде болуп турасыз?
- Президент Роза Отунбаева жана шаардын мэри Иса Өмүркулов мырза атайын бизди чогултуп, куттуктоолорун айтып, сыйлыктарын тапшырып жатканы биз үчүн абдан кубанычтуу. Албетте, маңдай тер төгүп машыккан эмгегибиздин үзүрүн, жемишин көрүп жатабыз.
- Ал эми Гуанчжоуга кетип жатканда машыгуучуңуздун алтын медаль аларына ишендиңиз беле?
- Ишенгем. Анткени мен Даниярдын деңгээлин билем. Жакшы даярданганбыз, ошондуктан, жок эле дегенде алдыңкы орундардын бирин алып келебиз деп ойлогом.
- Өзүңүз канча жылдан бери машыктыруучусуз жана канча спротсмениңиз чемпион болду?
- 1990-жылдан баштап ушул кесипте эмгектенип келатам.
- Өзүңүз дагы күрөшчү белеңиз?
- Күрөшчүмүн. Бирок, машыктыруучулукка ыктап, ошол жакка ооп кеттим.
- Даниярды канча жылы таптадыңыз?
- 1996-жылдан бери машыктырып келатам. Биринчи машыктыруучусу Аскар Сартов деген жигит эле. Ал дагы өзүмдүн инилеримдин бири болчу. Даниярды айылда машыктырып жүрүп, 8-класска келгенинде: "Абдан таланттуу бала", - деп мага, тактап айтканда борборубуздагы спорт мектеп-интернатка алып келген.
- Айтыңызчы, машыгуу убагында Данияр сиз үчүн кандайдыр кыйынчылыктарды жаратабы?
- Жаш кезинде, албетте, ар бир эле спортсмен бир нече кыйынчылыктарды жаратат эмеспи.
- Кыздарга чуркап кетип калчудур?
- Жок... Эми, кээде жоро-жолдоштору менен урушуп калган учурлары болчу дегендей... Азыр андай мүнөздөрү жок. Теске-
рисинче Данияр менен иштөө канагат берет.
- Тамак жагынан кыйынчылыктар болорун укканыбыз бар. Көп учурда кайтарууга алат көрүнөсүз?
- Өзүнүн салмагынан ашып кетип, кыйналып калбасын деп: "Камыр тамакты азыраак же, диета карма!" - деп кайтарган учурлар болот.
- Ал эми үйлөнүү же сүйүү спортко кандайдыр залакасын тийгизиши мүмкүнбү?
- Жок.
- Анда эмне себептен сиздин машыгуучуңуз отузга чыкканга чейин бойдок жүрөт?
- Ар бир спортсмен өзүнүн алдына максат коёт эмеспи. Даниярдын да: "Ушуга жетсем, анан үйлөнөм", - деген бир максаты болуш керек.
- Үч бөлмөлүү үйлүү болду, чемпион болду, балким эми келин аларсыздар?
- Өгүнү өзү да бир сөз кылган. Эми эки жылдан кийин Лондондо олимпиада өтөт, ошондон кийинкиге болжоп жатат окшойт.





"Ушунчалык толкундандым, кыргызстандык элим менен сыймыктандым..."
- Данияр, Президент менен мэр берген акчаңды эмнеге жумшайын деп ойлоп жатасың?
- Спортко. Кудай буюрса, эки жылдан кийин Лондондо өтө турган олимпиадага катышабыз. Бул каражатты толугу менен ошого профессионалдуу даярданууга жумшайм.
- Азыркы учурда эмне иш менен алектенип жатасың?
- Азыр эс алып жатабыз. Азия оюндарына катышуу үчүн абдан көп эмгектенгенбиз, чыны менен эле бир аз чарчаган экенбиз. Азыр бир-эки жума эс алабыз, анан кайрадан машыгуу...
- Чемпион болом деп ишендиң беле?
- Ооба. "Биринчи болом же такыр эле эч канчанчы болбойм!" - деп өзүмдү шердентип баргам.
- Биздин спортсмендер ийгиликтен кийин эле ар кандай криминалдарга аралашып кетчү эле?
- Эч кайда аралашууга менде убакыт да, ой да жок. Спорт - саясат үчүн эмес.
- Сени, спортко өтө чыгармачылык менен мамиле кылат дешет. Мисалы, күрөштүн жаңы ыкмаларын улам ойлоп табат экенсиң, чынбы?
- Таймашуу килеминин үстүндө өзүмдү ар дайым эркин, бош алып жүрүүнү жактырам. Бирок, ар бир ыкманы колдонууда сөзсүз машыктыруучунун эмгеги чоң болот.
- "Даниярдын алдына дөөнү чыгарып койсо да коркуу сезими жок, андай сезим деги эле Даниярда жашабайт" дешет?
- (Күлүп) Килемдин үстүндө эч кимден коркпош керек же чыкпаш керек.
- Данияр, үч бөлмөлүү үйлүү болдуң дегендей, эми ал жакта ким менен жашайсың?
- Ата-энем менен. Келинчекти болсо, Лондондон келгенден кийин алам.
- Сүйлөшкөн кызың барбы?
- Мм... Кандай десем?.. Азырынча башым да, жүрөгүм да бош.
- Гуанчжоуда Кыргызстандын гимни ойнолгондо кандай абалда болдуң? Кубанычтан көзүңө жаш тегерендиби?
- Мм... Балким тегеренсе тегеренгендир, билбейм. Бирок, абдан толкундандым!
- Таймашка чыгып бара жатканда эмнени ойлоносуң? Балким келме келтирерсиң?
- Андай убакта сөзсүз эмоцияга алдыр-боого аракет кылыш керек. Өзүңдү ишенимдүү, эркин, "өз үйүңдөгүдөй" сезишиң керек. Бардык ойлоруңду бир жерге чогултуп, топтошуң керек. Эгерде ойлоруң ар кай жакта, чачыранды болуп кетсе, анда кыйын болуп калышы мүмкүн.
- Мелдеш убагында, бүтүндөй Кыргызстан күйөрман болуп карап турганын сездиңби?
- Жок. Чынымды айтсам сезген эмесмин. Аны Бишкекке келип түшөөрүм менен сездим да, ушунчалык толкундандым, кыргызстандык элим менен сыймыктандым. Рахмат баарыңыздарга!
- Айтмакчы, спорттон кеткенден
кийин эмне иш кыласың?
- Ал жөнүндө азыр ойлоно элекмин. Бирок, эл үчүн бир жакшы иштерди жасасам керек.
- Айылыңды бат-бат эстейсиңби?
- Албетте. "Ааламга аттанган жол айылдан башталат" да. Эстейм. Бала чагым. Алгачкы машыгуулар. Жеңиш байкем ачкан спорт залы. Алгачкы айылдык машыктыруучум Аскар агайым... Шаарга алып келген жол...
- Андан ары шаардан дүйнөлүк аренасына аттанган жол... Ылайым, жолдоруң байсалдуу болсун!

Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"






 ?Кино көйгөй

Автордук фильм: кинонун келечегиби
же аргасыздыктан табылган айлабы?
(Башталышы 12-бетте)
- Демек, жыйынтыктап айтсак, келечек автордук фильмдерде экен да?
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
- Жалаң эле автордук фильмдер эмес. Садык Шер Нияз кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү болобуз дейт, бул багыт да өнүгө берсин. Эң башкысы, киноиндустрия пайда болушу керек. Киноиндустрияны коммерциялык фильмдер гана жарата алат. Анан дагы бир жолу айтып коёюн, кинопрокатты ордуна коймоюбузча кыйналганыбыз кыйналган.
Мен дагы бир нерсени айтып коёюн, азыр мезгил башка, советтик утопиядан кетиш керек. Кино же искусство менен дүйнөнү өзгөр­түп жеберебиз деген бул өзү күлкү да.
Руслан МАШРАПОВ:
- Бирок тарбияласа болот.
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
- Аристотелдин мыкты сөзү бар, "катарсис" деген. Эгер кинону көр­гөндөн кийин ичиңде кандайдыр бир жеңилдөө, тазалануу пайда болсо, ыйласаң, күлсөң, тарбия деген ошол.
- Коммерциялык максатта тартсаң, кайдагы
катарсис жөнүндө сөз болушу мүмкүн?
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
- Коммерциялык деген аталыштын өзү туура эмес. Анткени, сен бир проблеманы көтөрүп жатасың да, образ жаратып. Конфликтти жаратып жатасың чыгарманын ичинде.
- Бирок элди күлдүрүп, же ыйлатыш үчүн сюжетти атайылап күчөтүп,
жасалма конфликттерди ойлоп табыш керек
болот.
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ:
- Эгерде сүрөткердин жүрөгүндө ошондой конфликт жашап атса, ал жасалма болбойт, аны элге жеткирүүнүн формасын гана издөө керек.
Руслан МАШРАПОВ :
- Чын-чынына келгенде акыркы кездерде чыккан фильмдердин бардыгы акча үчүн эле тартылып жаткан кинолор.
Сиз туура айтып жатасыз. Коммерциялык фильмдин өзүнүн эрежелери бар. Ошол эле төшөк сценалары, адам өлтүрүү болуш керек сөзсүз. Орусча айтканда, көрүүчү зрелище болсо көрөт, болбосо көрбөй коёт. Азыр эми жаңы технологиялар чыкты. Акыркы убактарда жаратылган "Великолепная четверка", "Люди икс", "2012" деген кинолор компютердик анимациялардын жардамы менен тартылды. Азыр дүйнө ушуга жетти. Актерсуз кинолор тартылып атат. Мурда декорация дегендер болчу. "Мосфильм­ден" мен өз көзүм менен көргөм. Кадимкидей макет үйлөр менен өзүнчө эле кичине шаарча болчу. Азыр эми андай каражаттын кереги жок. Азыр жакшы билген бир бала болсо компьютерге отуруп алып шаарды да жасайт, айылды да жасайт. Жерди аңтарып, сууну агызып койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Биз да ошого басым жасашыбыз керек.
Бокстун эрежелери болгондой, кино тартуунун да өз эрежелери бар. Жеки Чан алгачкы фильмин тартып баштаганда кино сынчылар таң калышкан. Өзү официант болуп иштесе да тарткан кинолору кинонун эрежелерине дал келген да. Монтаж, ракурс, композиция дегендери, жарык бергени...Бул жана Жаныш байке айткандай, Кудай берген бир шык. Өзү билбей, сезбей жасай берет. А билим алса эрежеге салып жасайт. Бизде Кыдыр даарыган сүрөткерлер да көп эмес, эрежени билгендер да аз. Биздин кино же ары кетпей, же бери кетпей, же өзүбүзгө сиңбей, же чоң аренага чыкпай орто жолдон чайналып жатканыбыз ошондон болуш керек.
Мамат САБЫРОВ,
"Кыргыз Туусу"








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
14-декабрь, 2010-ж.:
1-бет
Карааның көрүнбөйт го кагылайын коалиция!
2-бет
Байланыштарды
күчөтүү керек

3-бет
Эгер чындык
бүгүн айтылбаса...

4-бет
Курал-жарактар, жардыргыч заттар табылды
5-бет
Бир тууган салиховдор кыргыз мамлекетин түптөшкөн
7-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Асан ТОКТОНАЛИЕВ:
"Коррупцияны жоюуга эл да жардам берсе"

8-бет
Чакан аймак, ири иштер
9-бет
"Бакыт кушу казак
элине кайра конду"

10-бет
МУХТАР АУЭЗОВДУН
ЧОЛПОН-АТАДАГЫ МУЗЕЙИ КАЛАБЫ? КАРООСУЗ КАЛАБЫ?

12-бет
Кино көйгөй
14-бет
Жыйырма жылдын
жыйынтыгы ушундай

16-бет
О, спорт, спорт!





Яндекс.Метрика