Кыргыз гезиттери



МУХТАР АУЭЗОВДУН
ЧОЛПОН-АТАДАГЫ МУЗЕЙИ КАЛАБЫ? КАРООСУЗ КАЛАБЫ?

Бул жердин кайыңдары да, теректери да башкача өсөт. Ар бир түп дарак адам тагдырынын кайсы бир жышаналуу окуясын символдоштуруп тургансыйт. Маселен, эшик алдында катарлаш өскөн сегиз кайыңдын таржымалын алалы. Алар бой жагынан да, өң жагынан да, жаш жагынан да бипбирдей. 50 жылдан бери үй күзөткөн табият эркелери сыяктанып, кылыктана бой керет. Көрсө, бул сегиз кайыңды Мухтар Оморханович өз насилинен чыккан сегиз баласынын элес-караанын эске салып туруу үчүн өз колу (!) менен отургузган экен. Сегиз перзент, сегиз ак кайың! Бүгүнкү күндө ал балдарынын ичинен 70 жашты мерчемдеп калган адабиятчы, дипломат, окумуштуу уулу Мураты гана бар. А сегиз кайың Ысык-Көл абасына термелип, баягыдай эле сыр ката, баягыдай эле тирүүлүк өмүрдүн ар бир күнүнө кубанып, баш ийкеп өсүп турат.
Үй-музейдин астанасы гана эмес, ушул кууш көчөгө (Калинин атындагы) кайрыла берген жердеги көрсөткүч такта да бир келген адамды катуу толкундатат. Анткен себеби, бул көчө курорттук шаар каталогуна кирген катардагы бир көчө эмес, а Мухтар Ауэзовдой залкар адам баскан Рух көчөсү, анын көп сандаган таланттуу замандаштары "Бул жерде Мукабыз бар" деп, аркы көл бети көрүнгөн - бак-шакка көмүлгөн буйткараак жердеги меймандос үйүнө шашылган адамдык дегдөөнүн - жакшы ауранын да көчөсү. Улуу жазуучу "Абай жолунун" бет ачар сөзүндө: "Мен жатар түнөккө кеч келип жетип, андагы кербен ордунда калган оттун корун үйлөп күй­гүзмөкчү болуп жаткан түнкү жолоочунун абалында калдым", - деп жазгандай, улам үй жакка жакындап баскан сайын, өткөн заман жана тарых окуялары элес-булас көз алдыдан тартылып өтүп, алданемедей үн катып-сүйлөп да, алданемедей тирилип да келип жаткансыйт. Бир эле көчөдө улуу Мухтар менен катар басышкан кыргыз көр­көм сөз өнөрүнүн алптары: Саякбай Каралаев, Түгөл­бай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Те­мир­кул Үмөталиев, Чыңгыз Айтматов, Насирдин Байтемиров, Жунай Мавлянов, Азиз Салиев...

Айлыксыз иштеген азаматтар

Менин бул жолку Чолпон Атага келишим, арбак аян берип койгондой, эң эле жышаналуу болду. Не үчүн дегенде, тек гана үй-музейдин көрүүчүсү же ынтызар изилдөөчүсү болбостон, а Мухтар Оморханович урунган буюмдарды өз колум менен кармалап, ал уктаган кипкичинекей бөлмөгө бир түнөп чыктым!
М. Ауэзовдун деми, сүйлөгөн сөз - үнү, баскан кадам дабышы сиңген дубалдар...
Ушул эле жерде жазуучунун кичүү уулу Мурат Мухтарович Ауэзов, Лейла деген кызынан төрөлгөн небереси Диар Кунаев менен да жолугуштум. Казак боордоштордун кең жүрөктүү ак пейилин көкүрөккө кысып сүрөттөргө армансыз эле түштүк.
Орустар, кимге болбосун ажаат ачып, ойго сырдаш, жанга кеңешчи, акжолтой адамга карата "ангел-хранитель" - деген сөздү колдонуп сүйлөшөт. Чындыгында эле, ушунча жыл бою үй-музейдин чырпыгынан тартып, чатырына дейре көз карегиндей сактап, анын теңдеши болбогон адабий мурасы менен тарыхый өрнөгүн толуктап жана байытып, жай болобу, кыш болобу, келген көрүүчүлөргө агынан жарыла аңгеме айтып да, ошол аркылуу Ауэзов ааламынын кыргыз жерине, элине байланган сабагын ой-көңүлдөрдө жашатып да келаткан бул касиеттүү жайдын кызматкерлери Саламат Табышева менен Манат Бообекованын даректерине да ушул эле сөздүн өзүн айтууга туу-ра келет. Алар - чыныгы "ауэзовчулар"!

Баланстан чыгарылган музей

Саламат менен Манат мамлекеттен айлыгы жок иштешет. Буга таңдануунун кереги жок. Эмне үчүн дегенде, үй-музейдин өзү, маданият, адабияттан кабары болбогон (!) маданият агенттигинин түркөй жетекчилеринин "тапкычтыгынан" улам, эбак эле баланстан "чийилип" салынган. Бирин-экин демөөрчүлөр гана жардам беришет.
Бирок, үй-музей жашап жатат. Жашаганда да кандай! Анын китепканасынан китеп алып окугандардын аягы үзүлбөйт. Өзгөчө, мектеп балдары анын көп маалыматтуу сүрөт бурчтары менен видеотасмага тартылган кызыктуу фильм-сюжеттерин жанындай жакшы көрүшөт.
Башта атасынын Ысык-Көлдөгү үйүнө Лейла Мухтаровна Ауэзова көп келээр эле. Ал кишинин да көзү өтүп кетти. Азыр Мурат Мухтарович менен небере жээни Диар Кунаев келген сайын жакшы жардамдарын берип жатышат. Мурат Мухтарович - Алматыдагы М. Ауэзов фондунун жетекчиси.
Керемет Ысык-Көлдүн жээгине үй салып, жашоону кимдер гана тилек кылбаган. Маселен, алардын бири-Алыкул. Ал жаңы баш кошкон жары Зейнепке: "Көлдүн көгөргөн бир аралында үйүбүз болсо. Анан сен уй саап, а мен аралдын аркы четинен куду граф Толстой сыяктуу басып келатсам..."-деп кыялданганы бар. А майданда жан кыйган Мукай Элебаевдин 1940-жылдын 15-июнунда жазган күндөлүгүн окуп көрөлүчү: "Көлгө жакын кыштактардын биринде үйүм болсо. Дайым ушунда келип иштесем. Буркураган таза, салкын аба. Эмгегим кандай гана жемиштүү болоор эле! Ушундай шартка жетпей жүрүп арманда кете турган болдум..."
Армандар толуп жатат.
Ысык-Көл жана М. Ауэзов темасы - алигиче чети оюлбай келаткан чоң алкактуу тема. Аны биз айтаарбыз, кийинкилер да айтаар.

Музей качан курулган?

Тарых муну баяндайт:
1957-жылы Чолпон-
Атанын айыл кеңеши М. Ауэзовго Ысык-Көлдүн жээгине дача салуу үчүн жер бөлүп берген. Үйдү пландоо, куруу, тегерегине жаш көчөттөрдү отургузууда анын кыйышпас досу, залкар кыргыз жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнүн баалуу кеп-кеңешин айткан. Натыйжада, көгүлтүр көлдүн кумдуу жээгинде чакан, бирок туш-тарабынан кайың, карагай, терек жана мөмө берүүчү дарактар менен курчалган татынакай үй салынган. Анда жылдын ар түркүн мезгилдеринде Мухтар Оморханович көңүл черин тарата, ырахаттана эс алып, эргүүсү артылган шык менен чыгармаларын жараткан. Бул жерде анын адабият жөнүндөгү атактуу макалалары жана "Жаш өмүрлөр" деген романы жазылган. Рух дүйнөсү нурун төгүп, сөз бермети бакыбаттап турган ушул үйдө ал өз жүрөгүнө жакын көп адамдар менен баарлашып, узун сабак аңгемелерди курган. Улуу манасчы Саякбай Каралаев, кыргыз жазуучулары Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, К.Маликов, Т.Үмөталиев, шилекей алышкан досу, ысыккөлдүк атактуу балбан Бөлтүрүк Чормонов, орус жазуучулары, адабиятчылары В.Иванов, З.Кедрина, А.Пантиелов, А.Брагин, Е.Лизунов, атактуу жаныбар үй­рөткүч жана таланттуу адабиятчы Н.Дурова ж.б. ардактуу меймандары болушкан.
1970-жылы М.Ауэзовдун мурасчылары Үйдү Кыргызстандын элине белекке беришип, анда жазуучунун музейи жана анын атындагы китепкана ачылган.
Үй-музейдин экспонаттары 1997-жылы, ЮНЕСКОнун чечими менен М.Ауэзовдун 100 жылдыгы белгиленген учурда, кыйла жаңы табылгалар менен толукталган. Бул жерге бир канча жолу калемдеш-коллегаларын ээрчиткен Чыңгыз Айтматов келип, өзүнүн адабий устатынын үйүндө тааныштыргыч-гиддин ролун аткарып, кызык-кызык аңгемелерди сүйлөп берген кездери болгон. Узак жылдар бою музейге жана китепканага жазуучунун кызы Лейла Мухтаровна чоң жардамын көрсөтүп келди.
Өзү эшигин ачкан ондогон жылдардан бери Үй-музей бийик гуманисттик милдетин татыктуу түрдө аткарып, бүгүнкү күндө адамдар менен элдердин ажырагыс биримдигинин айкын-таасын символу болуп калды. Ал жөн гана көп сандаган саякат-таанышуулардын борбору болбостон, ошондой эле жергиликтүү атуулдар менен алардын меймандарынын качан болбосун өзүнө тарткан маданият очогу да. Аны келип көргөндөрдүн бардыгы Үйдүн өзгөчө аурасы, адам жан-дүйнөсү жана ой-сезимине таасир эткен жагымдуу касиети тууралуу аңыз кылып кетишет.
Чолпон-Атадагы М. Ауэзовдун Үй-музейинин эшиги ушул тыптынч, керемет чыгармачыл дүй­нөнүн кайталангыс кырдаалын сактаган жайга мейман болууну каалагандардын бардыгы үчүн ар качан ачык.
Үй-музейдин кызматкерлери Саламат Табышева менен Манат Бообекова мага буларды айтып беришти:
- Көлүбүздүн жайкы эс алуу сезону башталгандан тартып, ар кайсы жерден агылып келе баштаган эс алуучулардын саны арбыйт. Төтөн казак боордошторубуз эс алуу үчүн гана эмес, а атайын көрүү үчүн алыстан ат арытып да келишет.

Көчөгө Ауэзовдун ысмын берсе болбойбу?
К
өл жээгинен орун алган
Мукаңдын мурас жайы
кыргыз элине сыймык болсо, казак боордошторго үлкөн мактаныч. Келгендердин ичинде карапайым адамдардан тартып, дүйнө аңызына айланган адабий дөө-шааларга чейин бар. Улуу калемгердин мурдагы аспиранттары - азыр жашы жетимиш-сексенден ашып калган профессор, академиктердин бир көрүүнү эңсеп келишкенинин өзү эле мурас жайдын кандай кадыр-баркка ээ экендигин даңазалап турат. Ошол академиктердин бири Какишев Турсунбектин мындай деп айтканы бар: "Мен Ысык-Көлгө дем алганы келгенде, Мукаң эмне үчүн дал ушул жерди тандап алганын билдим. Көрсө, Ысык-Көл дабалыгы менен гана эмес, касиеттүүлүгү менен да артык экен. Бирок, Муканын мурас жайын таба албай, сураштырып жатып келдик".
Ушул ойдон улам айтаарыбыз, Үй-музей жайгашкан Калинин көчөсүн эмне үчүн Мухтар Ауэзов көчөсү деп атоого болбосун? Тилекке каршы, бул маселе алигиче чечилбей келатат.
Быйыл үйдүн курулганына 52 жыл толду. Эгер Калинин көчөсүн Мухтар Ауэзов көчөсү деп атасак, анда Мукаң басып өткөн жол, өзү бир кезде серүүндөп, ойлонуп, чыгармачыл эргүү менен эс алган жерге карата урпактык-элдик урмат көрсөтүүбүздүн да даңаза-атагы арта түшкөн болоор эле...
Бул сөздөрдө эч бир калет жок. Деги, биздин ичтен өксүткөн кайдыгерлигибиз менен абийирди өрттөп, бетти кызарткан камаарабастыгыбыз качан калат? Дүйнөгө Абайды, Курмангазыны, Жамбылды, Мухтарды берген казак боордошторубуз Чыңгыз Айтматовдун арбагын эле кандай көтөрүп жатышат! А бизчи, биздин мурдуларын балта кеспеген маданият чиновниктерибизчи?

Ауэзовдун "активдүүлүгүн" да арттырган...
У
шул Чолпон-Атадан
Өскөнбек Болотканов де-
ген акын жигит менен таа­ныштым. Ал мага мындан 30 жылдай илгери көл жээгинде козу
жайып жүргөн Сарыпбек деген карыядан уккан бул аңгемени баяндап берди.
Сарыпбек карыя минтип айтыптыр:
-Анда эс алуу үйлөрү жокко эсе, ээн болчу. Мухтар Ауэзовдун дача-үйү жаңы салынган. Бир күнү ушул тушта сууда сүзгөндү үйрөнөйүн деп жүрсөм, орто курактан өтүп калган, салабаттуу экөө келди. Көлгө чумкушуп, кумга одеялдарын жайып отурушту. Анда таанычу эмесмин, кийин баамдасам, акын Темиркул Үмөталиев, Мухтар Ауэзов экен. Аны-муну кеп салышып, күлүп калышат. Бир кезде Үмөталиев минтти:
-Мука, эми көлгө там салдыңыз, мурда Ташкентте да жашадыңыз эле, быякка көчүп келесизби?
-Жок, антпейм го. Жайкысын келип эс алып турам. Мурда Крымга барчумун. Мынабу "Совмин" деген санаториянын мурдагы директору казак жигит экен. Аны менен Алматыда бир курдай жолугушуп калсам, "Ысык-Көлгө барып эс алып кетиңиз" деп көптөн-көп өтүнгөн. Ал жылы келалбай, кийинки жылы аялым менен келгем. Ажайып керемет чөлкөм экен. Адеп анча маани берчү эмесмин, бу жарыктык, эркекти кубаттандырат экен. Башта зайыбыма апта аралап жакындачу элем, келгени "активдүү" боло баштадым. Аялым да ыраазы болду. Анын да кебин эске алып, көлгө келип турайын деп, там салбадымбы, -деп каткырды.
Ошо кеп кулагыма уюп калганбы, дегинкисин, көлгө көп түш­чүмүн...
Жолду - жол, сөздү - сөз, ойду - ой улайт, менимче, көгүлтүр көлгө эс алууга келип, бирок Мухтар Ауэзовдун Чолпон-Атадагы үй-музейин бир барып көрбөгөн кыргыз, төтөн чыгармачыл кыргыз, өзүн сөздүн толук маанисиндеги мада-нияттуу адам деп эсептөөгө акысы жок жана андай кылганы кечиримсиз да иш. Анткени, мындай ка-
сиеттүү Рух борбору жергебизге күндө эле түшө бербейт.
Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
14-декабрь, 2010-ж.:
1-бет
Карааның көрүнбөйт го кагылайын коалиция!
2-бет
Байланыштарды
күчөтүү керек

3-бет
Эгер чындык
бүгүн айтылбаса...

4-бет
Курал-жарактар, жардыргыч заттар табылды
5-бет
Бир тууган салиховдор кыргыз мамлекетин түптөшкөн
7-бет
КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Асан ТОКТОНАЛИЕВ:
"Коррупцияны жоюуга эл да жардам берсе"

8-бет
Чакан аймак, ири иштер
9-бет
"Бакыт кушу казак
элине кайра конду"

10-бет
МУХТАР АУЭЗОВДУН
ЧОЛПОН-АТАДАГЫ МУЗЕЙИ КАЛАБЫ? КАРООСУЗ КАЛАБЫ?

12-бет
Кино көйгөй
14-бет
Жыйырма жылдын
жыйынтыгы ушундай

16-бет
О, спорт, спорт!