10.12.10 "Жерүйалтын":
Адилеттик салтанат курарына ишенебиз
Жаратылыш ресурстары министрлиги өзүнүн 1-декабрдагы отурумунда "Жерүйалтын" ЖАКтын Жерүй кенин иштетүү, өздөштүрүүгө берилген лицензиясын жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алгандыгын кабарлады. "Жерүйалтын" компаниясы бул маселе боюнча өзүнүн позициясын мурда да билдирип келген жана эми да төмөндөгүлөрдү билдирет:
1. Мындай чечим кабыл алууда мыйзамдын бардык талаптары жана жол-жоболору одоно түрдө бузулган. Компания бул түзүлгөн кырдаал боюнча кыргыз сотуна доо арызы менен кайрылды. Бийликтин жаңы органдары түзүлүп, иштей баштаарына аз эле убакыт калганда мындай чечим кабыл алуу кимдир бирөөгө өтө зарыл болууда деген түпөйүл ойго аргасыз такаласың. Анан калса, компаниянын өзүндө деле эл аралык арбитражга кайрылууга жетишерлик негиздер бар. Ал эми бул боюнча мыйзамдуу Өкмөт түзүлөрү менен тиешелүү процесс башталары турган иш.
2. "Жерүйалтын" Бишкектеги жана Талас облусундагы өзүнүн кызматкерлеринин алдындагы милдеттерин орундата берет. Адилеттик эртедир-кечтир салтанат курарына компания толук ишенимде.
3. Компания Жерүй кенин иштетүүгө даяр жана бийлик тарабынан көңүл жубатарлык маанайдагы мамиле болсо, эки айдын ичинде алгачкы 80 килограмм алтынды өндүрүүнү камсыз кыла алат.
"Жерүйалтын" ЖАК Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара муназага келүүчү чечимге жетишүү боюнча аракетин уланта берет жана өлкө үчүн маанилүү болгон объектини жакшылыктуу жол менен өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү дале болсо сакталып калууда. "Албетте, учурдагы соттук териштирүүлөргө карабастан же анын жыйынтыгы боюнча Өкмөт өзүнүн мурдагы чечимдерин жокко чыгарып, "Жерүйалтындын" лицензиясын кайтарып берүү үчүн бардык чараларды көрөрүнө биз ишенебиз. Ошентип, бардык кызыкдар чөйрөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн биз Жерүй кенин өздөштүрүүнү улантабыз жана кенди өндүрүшкө киргизүүнү кыска аралыкта ишке ашырабыз",- деп белгиледи "Жерүйалтын" компаниясынын 60% акциясынын негизги менчик ээси болгон "Визор Груп" компаниясынын башкы жетекчиси Майкл Сауэр. Ошондой эле ал, мурдагыдай эле Өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугууга жана өз ара пайдалуу натыйжага жетишүү максатында бул маселени талкуулоого даяр экендиктерине токтолду.





"Жерүйалтын" жабык акционердик коому туурасында учкай маалымат
"Жерүйалтын" компаниясы өз турпаты боюнча Кыргыз Республикасындагы (Орто Азия) "Жерүй" алтын өндүрүү долбоорун иштетүү жана өздөштүрүү максатында түзүлгөн биргелешкен ишкана. Биргелешкен ишкананын өнөк­төшү мамлекетке таандык болгон "Кыргызалтын" компаниясы (40%) жана "Жерүйалтын" ЖАКтын 60% акциясынын ээси "Визор Групка" толук (100%) таандык болгон Consolidated Exploration Holdings компаниясы.

Толугураак маалымат алуу үчүн
Зарина Черикбаевага кайрылса болот.
Телефондору:
(312) 44-34-37 же
44-34-68.