10.12.10
 ?Эгиз ысымдар

Кубат Чекировдор
Бүгүн биз аты да, жөнү да бир Кубат Чекировдор жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Алардын эң улуусу 50 жашта, ПРООНдо 11 жылдан бери айдоочу болуп иштейт. Ал эми ортончусу "Кутбилим" гезитинде 20 жылдан бери башкы редактор. Мындай жоопкерчилиги чоң, түйшүктүү жумушунан сырткары "Азаттыкта" да эмгектенип келет. Жашы 43тө. Ал эми Кубат Чекировдордун кичүүсү быйыл 33кө толду. Азырынча "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин жардамчысы болуп жүрөт. Буга чейин ал Ленин райондук администрациясында, кийин 2004-жылдан 2009-жылга чейин Бишкек шаарынын жетекчилери М.Керимкулов, А.Салымбеков, А.Ногоев, Д.Үсөнов жана Н.Түлеев менен иштешкен. Чекировдор бири-бири тууралуу мурда-кийин угуп жүрүшкөн. Бирок, жакындан таанышып, жандарынан көрүшө элек болчу. Биздин "Эгиз ысымдар" рубрикабыз алардын алик алышып жана антташып алууларына мүмкүнчүлүк түзүп берди...
Айтмакчы, биз төртүнчү дагы Кубат Чекировдун бар экени тууралуу укканбыз. Бирок, тилекке каршы, дарегин таап, редакциябызга чакыра алган жокпуз. Балким, гезитти окуп калса байланышар.

Мэрияга адашып баргандар
- 2008-жылдары АКИ-пресс маа­лымат агенттигине: "Кубат Чекиров мэриянын иш башкаруучусу болуп дайындалды",-деген маалымат чыккан. Аны окуган менин бир досум, мэрияга барыптыр. Секретарь кызына:
- Кубат өзүндөбү? - десе,
- Өзүндө,-деген экен, эч нерсеге карабай эле кирип барса, төрдө бир сары бала отурат дейт.
- Мага Кубат керек эле, - деп коёт имиш. Анда бул:
- Мен - Кубат, сизди угуп жатам, десе, болбой эле:
- Жок, мага Чекиров Кубат керек, - дей бериптир. Анан бир топто барып, жаңылып келгенин түшүнүп чыгып кеткен экен,- дейт "Кутбилимдеги" К.Чекиров досунун жоругун эстеп. "Ошол окуядан
кийин көп узабай эле, карындаштарым телефон чалып: "Сизге келдик, азыр кабылдамада отурабыз", - дешти. Иш бөлмөмдөн чыксам эч ким жок. Көрсө, алар да адашып, мени куттуктаганы мэрияга гүл көтөрүп барып, ошол жактын кабылдамасында отура беришиптир", - дейт.
Куликованын рахматы
- Мени сиз го деп ойлоп, канча киши куттуктап кетти дейсиз, - дейт К.Чекировдордун кичүүсү. Сөздөн сөз чыгып ал, экс-депутат Галина Куликованын ыраазычылыгын алганы жөнүндөгү окуяны айтып берди. - Бир күнү жумушта отурсам Айбек (Г.Куликованын жардамчысы) чалып:
- Кубат, сени менен Галина Александровна сүйлөшөм деп жатат, - деди. Мен телефонго кошуп коюусун өтүндүм. Г.Куликова депутаттыкка чейин вице-мэр болуп иштеп кеткендиктен, жакшы сүй­лөш­чүбүз. Иштеримди, ден соолугумду аябай сурап:
- Кубат, сага рахмат. Макала абдан сонун чыгыптыр, азамат, - деп калды. Мен түшүнбөй:
- Галина Александровна, сиз кайсы Кубатка чалып жатасыз? - десем, ал:
- Журналист Кубат Чекиров менен сүйлөшүп жатамбы? - деп калды.
- Бул мен - мэриядагы Кубатмын, - десем:
- Мен деген журналист Кубатка чал дебедим беле, кечирип кой, адашып чалып алган турбайбызбы, - деп күлүп калды.

Бир жыл келбеген чакыруу барагы

Өзгөчө, ортончу К.Чекиров менен кичүү К.Чекировду алмаштырып, кызык окуяларга туш болгон адамдар көп экен.
-Дагы бир жолу, - дейт Кубат Чекиров ("Кутбилимдин" редактору), - "Геология образия" деген журналдын директору мени бат-баттан мейманга чакырып турчу. Кийин эмнегедир такыр эле кабарлашпай калды. Билинбей арадан бир жыл өтүп кеткен экен, кезигип калып, таарынсам: "Бир жылдан бери чакыруу кагазын мэрияга жөнөтүп эле атабыз, сиз бизди унутуп койдуңуз го", - деп ал киши таарынат. Көрсө, ал да мени мэрияга которулуп кетти деп, чакыруу баракчасын мэрияга эле жөнөтө бериптир да".

Неберелүү Чекиров

Ага-инидей тил табышып, кызык окуяларды биринен сала бирин чубап айтып отурган Чекировдордун эң улуусу тууралуу азын-оолак сөз айта турган болсок, Кубат ага өмүрлүк жары экөө төрт балага татыктуу тарбия берип, азыр таята-таяне болушкан. "30 жылдан ашык өмүрүмдү автоунаанын үстүндө өткөрүп келатам. Жеңил да, жүк тарткан да машиналарды айдап жүрдүм. Ар кандай жумуштарда иштедим. Акыры ПРООНго келип токтодум окшойт", - дейт ал. Ал эми журналист К.Чекиров үч баланын атасы. Улуу кызы комузчу, экинчи кызы жомокчу. Кичүү баласы болсо 2,5 жашта. "Кенже уулумдан кандай өнөрлүү адам чыгат, азыр билбейм", - дейт. Үчүнчү К.Чекиров болсо жубайы экөө бир кызды чоңойтуп жатышат. Ал: "Менин атымды чоң атам Абыш жанга кубат болсун деп ырымдап Кубат койгон экен", - дейт.

"К.Чекиров каза тапты"

Мүмкүн сиздер да уккан, билген чыгарсыздар, мындан 2-3 жыл мурун "Вечерний Бишкек" гезитинин 1-бетине "К.Чекиров каза тапты" деген материал басылып чыккан. Ошол жаңылык биздин меймандардын жакындарына абдан катуу тийген экен. Кубатпы, Кубанычпы, ким экенин ким билсин, аны окуган Чекировдордун туугандары, жакшы санаалаштары жакын адамыбыздан айрылып калдыкпы деп сары санаага батышып, телефон чалып сураганга даабай абдан
кыйын абалга туш болушуптур. "Досторум чалып: "Деги барсыңбы, амансыңбы?", - дешип, калтырап-титиреп калышканын айтышып аябай укмуш окуя болгон", - дейт "Кутбилимдин" редактору.
Эмне дейбиз: "Эл үчүн эмгек кылып, акыйкаттык үчүн үн кошкон намыстуу жигиттерден бололу", - деп антташкан Кубат Чекировдордун өмүрү узак болсун! Өздөрү айтмакчы, кыргыз элине ак кызмат кылып жүрө беришсин.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөтү автордуку




 ?Кызыксаңар, көрүп келгиле

Баткен районунун Кара-Булак айылынын четинде жайгашкан капчыгайда бир жылга бар. Аянты бир гектар, убагында төө куурайдан башка эч нерсе өспөгөн бул жылгага адам аралап кирчү эмес экен. Эгерде 1997-жылы республикага кеңири таанымал жергиликтүү жазуучу, сүрөтчү, скульптор Мурзапар Үсөнов белек катары аны тандап албаганда азыркыга чейин ошол бойдон тура бермек беле...

Картошка эккендин ордуна,
бак отургузганды тандаган
Мурзапар Үсөнов
- 1997-жылы менин "Исидондор" деген китебимдин бет ачары болуп, райондун акимчилиги тарабынан мага белек катарында 1 гектар жер берүү чечими чыккан. Ошондо мен ушул жерди тандап алгам. Аныма аким Дастан Бердиев аябай күлгөн. "Биз берип жаткандан кийин, кара топурактуу, суу баскан жер алып, картошка эгип байыбайт белеңиз", - деп. Ал түгүл өзүмдүн үй-бүлөм да каршы чыккан. Эч ким анда азыркыдай боло турганын
элестете алган эмес.
Андан бери он үч жыл өттү. Мурзапар аке ал жерди таанылгыстай өзгөртүп коюптур. Буга өзүбүз барып көрүп ынандык. Азыр баткендиктер сырттан келген конокторуна кызыктуу жайларды көрсөткүсү келгенде, биринчи эле ушул "Мурзапардын багы" колго урунат экен. Башка максатта барганыбыз менен бош убакыт боло калганда биз да мындай мүмкүнчүлүктөн кыя өтпөдүк.
- Ушул жылдар аралыгында бул жерди өздөштүрүп койдум, - дейт Мурзапар аке. - Балам бир жолу куурай чогултуп жүрүп, бир түп куурайды жулуп алса, ордунан сызылып суу чыгат. Убактылуу эле чыкса керек, кийин соолуп калат го десек, андай болбоду. Азырга чейин суу чыгып жатат.
Албетте, мындай жерди өз­дөштүрүү үчүн талбаган эмгек керек. Мурзапар акенин колу тийгенден бери ал жерде түркүн-түркүн дарактар отургузулуп, жөн гана отургузулбастан, эстетикалык табитке жараша кооздолгон. Андан тышкары, скульптордун өз колу менен жасалган скульптуралар табигый ландшафтка төп келишип турат. Байыркы грек скульптурасынын стилинде тургузулган келбеттер кичинекей үңкүрдүн оозунда тоону көтөрүп тургандай коюлса, "Крокодил" деп аталган кичинекей булактын башатында крокодилдин келбети жатат. Өрүк жыгачынан жасалган Манас баатырдын айкели, арстандын келбети келиштириле жасалган.
- Кыргыз жери - керемет, - дейт Мурзапар аке. - Аны андан ары көркөмдөш адам баласынын колундагы иш. Мына мен бул жерде чыгармачылык потенциалымды да жүзөгө ашырып жатам. Натыйжада мурда бул жерге адам буту баспаса, эми элдер келишип, жай бою эс алышат.
Менин максатым - бул жерде адамдар жаратылыш менен бирге камыр-жумур болуп эс алып кетүүсүнө жетишүү. Өсүп келе жаткан муундарга экологиялык тарбия берүү үчүн көрсөтмө курал катары да пайдаланса болот.
Мурзапар аке "мичуриндикти" өзүнүн теориялык билими жок эле, практика жүзүндө өздөштүрүп жатканын айтты. Башкача айтканда ал ар кандай тал-дарактарды, тоо өсүмдүктөрүн отургузуп көрүп, эгерде өнүп кетсе, кийин улантып жатат. Учурда эле анын багында ондогон түрдүү өсүмдүктөр өсүп жаткандыктан, аны өзүнчө дендропарк атап койсо да болчудай.
- Мурда адамдар келгенде бир нерселерди сындырып кетет эле, эми адам эмгеги жумшалганын көрүп антпей калышты, - деп сөзүн улады Мурзапар аке чарбасы менен тааныштырып жатып. - Андай адамдарды ушундай жол менен тарбияласа болот экен. Скульптуралык фигураларды өзүм жасадым. Ага заказ берсем, канча акча кетмек?
Бул чыгармачыл адамдын планында азырынча курулуп бүтө элек дача үйдү бүткөрүү турат. Ылдый жагына боз үйлөр тигилип, жаратылыш музейи салынат экен. Үч канаттуу боз үйдүн орду бар.
Өзү бул иштер менен алектенсе да чыгармачылыгы токтой электигин айтат. Жайкысын дендропарк убакытты көп алган менен кышкысын чыгармачылыкка убакыт көп бөлүнөт экен. Жайы менен бышып жетилген идеялар кышында кагазга түшүрүлөрүн айтат.
Өкүнгөнү - жолдун алыстыгынан Бишкектеги чыгармачыл адамдардын ал жакка келе албаганы. Азырынча башка көрүүчүлөрдөн 5 сомдон акы алып жаткан М.Үсөнов жазуучуларды бекер эс алдыра тургандыгын айтты. Мүмкүн жазуучулар Баткенде да дагы бир Арашан бар экенин билишпей жүрүш­пөсүн?..

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"