10.12.10
 ?Бейне

Ала Тоонун аскасынан ашкан аалым
же төбөдөн жанган "алтай" жылдыз
Алтай Бөрүбаевдин өмүр таржымалындагы бир катар фактылар мени абдан кызыктырды, чынымды айтсам таңгалдырды дагы. Маселен, 2001-жылы Россиядагы Москва обсерваториясы "Козерог" ("Текечер") топ жылдызындагы жаңы ачылган планеталардын бирин кыргыз математик-окумуштуусунун урматына "Алтай" деп атаган. Демек, ааламдагы бир чоң жылдыздын аты Ала Тоонун бир уулу Алтайдын атында. Чындап ойлонгон кишиге бул эмне деген сыймык, не деген жеңиш жана урмат. Кыргызстанда атактуу Арстанбек акындын, улуу жазуучу Чыңгыздын урматына Ала Тоо кыркаларынын бир-эки чоку-
су "Арстанбек чоку", "Ч.Айтматов чокусу" деп аталганын билем. Ал эми Алтай илимпоздун ысымы менен чоку эмес, асмандагы жылдыз аталып отурат. Болгондо да жаңы табылган жылдызды кыргыздар эмес, "Алтай" деп бизге эч кандай көз карандылыгы жок чет өлкөлүк калыс адамдар атап жатат. Буга эмне себеп? Мынабу фактыларга да үңүлүп көрөлүчү. А.Бөрүбаев М.В.Ломоносов атындагы Москва университетинин Ардактуу профессору, Карл университетинин (Прага ш. Чехия), Ардак медалынын ээси, Монголия илимдер академиясынын ардактуу академиги, дагы бир катар эл аралык академиялардын академиги болуп шайланыптыр. Макул,ар кандай эл аралык академиялардын анык мүчөлүгүн кээде белгилүү, белгисиз ар кандай адамдар алып жүрөт дейли. Бирок дүйнөлүк дең-
гээлдеги атактуу М.В.Ломоносов атындагы Москва университетинин Ардактуу профессору наамын көрүнгөн эле ала бербейт да. Бул оңой эмес, бул наам татыктуунун татыктуусуна гана берилүүчү нерсе. М.В.Ломоносов университетинин бийик ишенимине арзыган окумуштуулар Борбордук Азиядан бирин-экин гана. Бул факт бизди көп нерсе жөнүндө ойлондурбай койбойт. Анан дагы Байдылда акын жазбады беле: "Чыңгыз кайда? - Парижде, Лондондо, Байдылда кайда? - Туз берип жүрөт койлорго," - деп. Анын сыңарындай кыргыздын далайлаган окумуштуулары өз республикасынын чегинен чыга албай, жергиликтүү проблематикалардын алкагынан аша албай жатса, Алтай Бөрүбаевдин математика боюнча эмгектери чет өлкөлүк, эл аралык абройлуу илимий журналдарда тез, тез жарыяланып ысымы алыска угулган авторитеттүү окумуштуу катары атайын чакырылып, Гарвард университетинде, Москва, Париж, Марсел, Прага, Манчестер, Турин, Берн, Будапешт, Дели, Эгей университеттеринде математиканын фундаменталдуу проблемалары боюнча лекцияларды окуп, илимий докладдарды жасап отурат.

Баягы жылдары, кыргыздын философтору менен адабиятчылары атактуу философ-публицист Асанбек Табалдиевдин макалаларынын Москвадагы "Вопросы философии", "Философские науки" сыяктуу журналдарга жарыялангандыгына, Мар Байжиевдин "Эрөөл " драммасынын Европа өлкөлөрүнүн сахналарында коюлганына алакан чабышып, кыргыздын илими менен искусствосунун союздук жана эл аралык аренага кадам койгондугун даңаза кылып дуулдашкан эле.

Ал эми Алтай Бөрүбаевдин математика тармагындагы эмгектери эбак эле КМШнын чегинен ашып, эл аралык таанууга ээ болуп, окумуштуунун атак-даңкы жогорудагы агаларынан да алыска кетип, дүйнөлүк табигый-илимий элита чөйрөсүндө ысымы ардакталып аталып отурса да, ал биздин жергиликтүү чөйрөдө жанагы адабият жана искусство ишмерлери сахнада даңазалангандай даңазаланган деле жок. А чындыгында ысымын даңазалап айта турган дал ушул Алтай Бөрүбаев экен.
А.Бөрүбаев кудай берген тубаса математикалык талант менен жарык дүйнөгө келиптир. Ошол тубаса энергиясы бала күнүнөн ичтен туйлап, сыртка тээп, ал мектепти медаль менен бүтүрдү. Ошол таланты ооздугун кемирген жаш күлүктөй алдыга октос берип, ал Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, ошол студент кезинде эле жаш изилдөөчү катары даңазасы окуу жайына жайылып, тереңинде бир албуут күчтү сезген боз улан, бороонду бет алып учкан шумкардай, акыл-эсин математиканын эң бир оор фундаменталдык багыттагы татаал тармагына бурган. Акыры натыйжа кандай болду? Эмесе, анын эмгегинин маани-маңызын терең түшүнгөн кесиптеш окумуштууларга сөз берели: Академиктер Мырзабек Иманалиев менен Аманбек Жайнаков минтип жазышат: "Алтай Асылканович Бөрүбаев математика илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон атактуу окумуштуу болуп эсептелет. Анын эмгектери геометрия менен топологиянын түрдүү тармактарын жаңы идеялар жана түшүнүктөр менен байытты. Ал геометрия жана топология боюнча Борбордук Азияда биринчи жолу өзүнүн илимий мектебин түздү".
Ал эми окумуштуу математиктер А.А.Чекеев, А.М.Алыбаев, Т.Ж.Касымова мындай дешет: "Анын илимий эмгектери биздин гана өлкөдө эмес, мурунку СССР мамлекеттеринде жана алыскы чет өлкөлөрдүн престиждүү математикалык журналдарынын беттеринде басылып чыгып жатат.
А.Бөрүбаевдин чыгармачылык кызыкчылыктарынын көп кырдуулугу, диапозонунун кеңирилиги анын дүйнөлүк залкар математиктердин катарына киришине себеп болду. Анын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы катарында математиканын ар түрдүү областтарына негиз болуучу натыйжалардын алынышын айтсак болот. Буларга анын топологиялык мейкиндиктердин үзгүлтүксүз чагылдыруулар тео­риясына кошкон салымы кирет...".
А.Бөрүбаевдин илимий эмгектеринин маани маңызына, салмагына адистердин адилет баасы жана кыскача мүнөздөөсү ушундай. Илгери Молдо Багыш акын:"Тапкын сен издеп жаңыны, таптабай жолдун даңгырын" деп ырдагандай, Алтай аалым илимде ачылыштарды жасап,өзүнүн оригиналдуу жекече жолун тапкан, математикага өзүнүн индивидуалдуу изин түшүргөн. Мына ушундай илимге кошкон жаңычыл орчундуу салымы, илимдеги бузула элек дыңды бузган, чечиле элек түйүндү чечкен азаматтыгы үчүн кыргыз окумуштуусун дүйнөнүн атактуу университеттери өздөрүнө чакырып, Ломоносов атындагы университет ардактуу профессор наамын берип, обсерватория асмандагы жылдызга "Алтай" деген атты ыйгарып, урмат-сый көр­сөтүп жаткан турбайбы . Бул баа­рыбыз сыймыктана турган факты эмей эмне.
Ойго келесиң, А.Бөрүбаев кафедра башчысы, декан, проректор, ректор, министрдин орун басары, эки жолу Жогорку Кеңешке депутат, андан ары өйдөлөп Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы болуп иштеди. Бүгүнкү күндө улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы болуп ийгиликтүү эмгектенип жатат. Ушундай түйшүк-мээнети чачтан көп коомдук мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, ал кандайча илимде жогорудагыдай ийгиликтерге, жеңиштерге жетишти? Чындыгында А.Бөрүбаев күнү-түнү кызматты да, илимди да тикийип ойлонгон, күн тынымы, түн уйкусу жок, жаны жай албаган мээнеткеч-дулдул, чаалыкпаган талант экен. Илгери грек математиги Евклидге падыша кайрылып: "Менин математик да болгум бар, көп убакытты жана көп күчтү коротпой геометрияны бат өздөш­түрүүнүн жолу барбы?" - деп кайрылыптыр.

Анда Евклид падышага: "Илимде "падышанын жолу" деген жок", - (в науке нет "царского пути") деп жооп берген экен. Анын сыңарындай, А.Бөрүбаев илимде "падышанын жеңил, оңой жолун" эмес, жонунан тер шорголотуп, ийне менен кудук казып, чөңөрлүү, тикенектүү, секиртме таштуу, эсти эки кылган татаал жолду басып, анан мөөрөй-
гө жетип отурат. "Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң" деген ушул эмеспи.

Ал бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги. Илим жана техника жаатындагы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери. Кыргыз республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жогорку илимий сыйлыгы - Иса Ахунбаев атындагы сыйлыктын ээси. Окумуштуу дагы башка көптөгөн ата мекендик жана эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон.
Орто кылымдарда Орто Азияда бир учурда социалдык-экономикалык, тарыхый-саясий ыңгайлуу шарттар жана өбөлгөлөр түзүлө калды эле, түрк калктары дароо адамзатка Жусуп Баласагынды, Махмуд Кашгарини, Ибн Синаны, Аль Фарабини, Абу Райхан Берунини, Ахмед Яссавини берген. Биздин оюбузча 20-21-кылымдар кыргыз ренессансынын доору катары тарыхка кирээр. Тоталитаризм деп айтканыбыз менен, мына кечээ социализм доору илимдин жана маданияттын өнүгүшүнө Ала Тоодо ургалдуу шарттарды түздү эле кыргыздардын кылымдардан бери уктап келген ички күч-кубаты сыртка оргуштап чыгып, аренага Касым Тыныстанов, Чыңгыз Айтматов, Иса Ахунбаев, Алыкул Осмонов, Сүймөнкул Чокморов, Болот Миңжылкиев, Төлөмүш Океев, Исхак Раззаков сыяктуу көптөгөн залкарлар чыгып келди. ХХ кылымдагы кыргыз ренессансы математика жагынан Мырзабек Иманалиевди, Алтай Бөрүбаевди сахнага чыгарды.Кыргыз эли пассионардуу калк. Символдуу айтсак, уктап жаткан Манас акырындап ойгонууда. Мы­на, кыргыздын спортчулары дүй­нөлүк мелдештерде коло, күмүш, алтын медалдарды жеңип ала баштады. Бара,бара бардык тармактарда Манас чындап ойгонуп, адамзаттын илими менен маданиятын кыргыздар жаңы ачылыштар менен байытат деген ишенимдемин. Карап тур, дүйнөнүн асманында "Алтай" жылдыздар дагы көбөйөт.
Ошону менен бирге, 21-кылымдын башында Алтай Асылканович Бөрүбаев өзүн илимпоз катары гана эмес, коомдук ишмер катары да көрсөтө алды жана анын таланты, инсандык кудурети дагы бир кырынан ачылды десек жаңылышпайбыз. Алтай Бөрүбаевдин Жогорку Кеңештин төрагасы катары элдик кемени реализмдин нугунда чайпалтпай айдап, өлкөдө ынтымак, бейпилчиликтин сакталышына салым кошуп, чоң арым-масштаб менен иш кылган акылга дыйкан саясатчы, сергек дипломат экендигине жалпы журтубуз күбө болгон. Ошону менен бирге ал окумуштуу-публицист катары дагы көрүнүп, көптөгөн орчундуу макалалардын автору болду. Республиканын, замандын өзөктүү чоң-чоң проблемаларына карата анын өзүнүн олуттуу көз караштары бар. А.Бөрүбаев Кыргызстандын билим берүү мыйзамдарын түзүүгө, концепцияларын, доктринасын , стандарттарын, программаларын, а түгүл окуу китептерин иштеп чыгууга, жазууга билек түрүнө активдүү катышкан инсан. Анын бул тармакка сиңирген эмгеги орчундуу. Алтай Асылкановичтин билим берүү жөнүндөгү ойлору өзү түздөн-түз түйшүгүн тартып, бооруна көтөрүп, жүрөгүндө алдейлеп жүрүп, бышырган ойлор.
Акырында буга келели. Сөз соңунда Алтай аалымдын личностунун бир өзгөчөлүгү жөнүндө сөз кылбай өтүүгө болбос. Көбү биле бербесе керек, Алтай окумуштуу математик гана эмес,комузчу дагы. Комузда кол ойнотуп, залкар күүлөрдү чертет. Анын жан дүйнөсү искусстводон азык алып турат. Комузсуз анын күнү жок. Мындан улам Лев Толстойдун : "Адамга илим, билим да, искусство да керек. Ансыз Адам жүрөгү же өпкөсү жоктой болуп жашай албайт. Тигиниси да, мунусу да зарыл" деген даанышман ою эске түшөт. Тилекке каршы, ушул жерден мынабу нерсени айтууга туура келет. ХХ кылымдын экинчи жарымында философия чөйрөсүндө "эки маданият" деген терминология жана проблема пайда болду. Соңку мезгилдерде таза логикалык, рационалдуу ыкмалар менен ой жүгүрткөн табигый-илимий интеллигенция менен интуиция, образдык категориялар аркылуу ойлонгон гуманитардык-чыгармачыл интеллигенциянын ортосунда ажырым чоңоюп баратат, бул эки башка жээктеги ишмердиктердин антагонизми күч алууда, адамзаттын бирдиктүү маданияты бирин-бири тааныбаган эки маданиятка ажырады деген тынчсызданган ойлор сахнага чыгып келди. Ырасында, адамзат маданиятынын өнүгүшүнө мындай тенденциянын бар экендиги чын.
Гуманитардык-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, башкача айтканда,"лириктер" табигый-илимий тармактын өкүлдөрүн кургак рационализми, карандай муздак логикасы, сөксөөлдөй катып, машина
сыяктуу ой жүгүрткөндүгү, дүйнөнү эмоциялык жактан кургатып, бардыгын машиналаштырып, кибернетикалаштырып, компьютерлештирип жансыздандырып бараткан технократизми үчүн күнөөлөшүп, мындай тенденция адамзаттын рухани-эмоционалдык турмушу үчүн өтө коркунучтуу көрүнүш экен­диги тынчсыздангандык менен саймедирешет.
Чындыгында, дагы айталы, илимдин дифференциясынын тереңдешине байланыштуу, ар тармак өз чөйрөсүнүн алкагынан чыкпай, так илим өкүлдөрүндө кийинки кезде технократизм оорусу активденишип, алардагы гуманитардык маданияттын дефицити көз көрүнөө сезилүүдө. Ал эми "лириктерде" болсо ра-ционалдык, логикалык маданият жагы тартыштык кылууда.
Бирок ошентсе да, дүйнөнүн конструктивдүү ойлонгон аналитик-философ интеллектуалдары бул "'эки маданияттын " ортосундагы конфликттин түбүндө негизсиз экендиги, ортодогу жараканын убактылуу мүнөзү жана анын бара-бара бүтөлөөрү жөнүндө, адамзат билиминин бул эки областынын ар бири түпкүлүгүндө логикалык ой-лоону да, интуитивдик ойлоону да бирдей пайдаланаары, интуициясыз, чыгармачылык кыялдануусуз эч бир илимий ачылыштын жасалбастыгы, логикалык ой жүгүртүүсүз көркөм чыгармачылыктын жарал-бастыгы, зилинде аталган эки маданияттын түпкү фундаменталдык жалпылыгы тууралуу айтып, жазып жатышат.

Мындай концепция биздин оюбузча туура. Ушул позициядан чыксак, анда "эки маданияттын" "антогонизминин" жүрө-жүрө оң чечилээрине ишенсек болот. Ушундан улам биз айтар элек, "Эки маданияттын"өз ара гармониясынын түп­күлүгүндө мүмкүн экендигин индивидуалдуу деңгээлде дал ушул кыргыздын уулу Алтай Бөрүбаевдин мисалы көрсөтүп турат.

Ал бир эле учурда табигый илимдин аалымы да, ошону менен бирге комузчу да. Жан дүйнөсү бай. Анын дүйнөсүндө табигый-илимий маданият менен гуманитардык маданият, ой жүгүртүүсүндө логика менен интуиция, аналитикалык ойлоо менен образдык ойлоо жумуртканын агы менен сарысындай табигый айкалышта турат. Демек, Алтай математиктин инсандык феномени бул жагынан да өзүнчө илимий үйрөнүүгө татыктуу уникалдуу кубулуш.
Акырында эмне демекпиз. Атактуу окумуштуу 60тын кырына келиптир. Ооба, бул куракка ал чоң ийгилик, чоң мөөрөй менен келди. Алдыда илимге, элине берери дагы арбын. Бар бол, Алтай мырза! Илимдин асманында жылдызың дайыма жаркырап жана берсин!
Советбек
БАЙГАЗИЕВ, профессор-
публицист