10.12.10
  Гуанчьжоу сабактары

КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигинин
директору Алмазбек КАСЕНОВ
менен маек

- Алмаз мырза, 16-Азия оюндарынан азыноолак олжо менен кайтып келдиңиздер, мындан да көбүрөөк медаль алсак болот беле, ага эмне тоскоол болду?
- Ооба, ойлогон оюбуз ордунан чыкпай, көздөгөн максаттарыбызга бир аз жетпей калдык. Бирок, бул көрсөткүч да жаман эмес. Болгону 5 медаль алдык деп, спортчуларыбыз менен машыктыруучуларды күнөөлөй бербешибиз керек. Анын үстүнө Кыргызстандын азыркы учурдагы экономикалык жана саясий абалы да туруктуу болбой, бул нерсе өз таасирин тийгизбей койгон жок. Буюрса, быйыл көп нерсени көрүп, көзүбүз ачылып келгендей болдук. Биз мурда теңибизге албай келген Вьетнам, Непал
сыяктуу өлкөлөр спортко мыкты көңүл буруп, бир топ алдыга озуп кетишиптир.
- Өзүңүз айтып жатасыз, Вьетнам, Непал алдыга жылып кетиптир деп. Сиздин оюңузча Кыргызстан спорт тармагы алдыга жылбай же, артка кетпей бир орунда туруп калган жокпу?
- Чыны менен жогоруда мисалга келтирген мамлекеттерди атаандаш катары эсептечү эмеспиз. Бирок, азыркы тапта ошол артта калды деген өлкөлөр спортту өнүктүрүү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги долбоорлорду, мыйзамдарды кабыл алып иш жүргүзүшүп жатканын билдик. Аларга салыштырмалуу биз бир орунда жылбай калган сыяктуу эле болуп турабыз. Буюрса, алдыга жылуу боюнча аткара турган
иш- пландарыбыз арбын. Жаңы
өк­мөттүн курамы түзүлүп, бир жыйын­тыкка келип алышса, биздин ой-максаттарыбызды турмушка ашырууга жардам берет деп ишенебиз. Спорт тармагын колдоого алат деп үмүттөнүп жатабыз.
- 16-Азия оюндарынын калыстар тобу айрым спортчулардын аракеттерин туура баалабай коюшту окшойт. Менимче, упайлар туура коюлганда биз сууда сүзүү, жеңил атлетика, мылтык атуу, бокс таймаштары боюнча да ийгиликтерди багындыра алмакпыз...
- Калыстар тобунун айынан биздин боксчуларыбыз абдан жабыр тартышты. Ошондой эле кылыч чабуу, спорттук бий боюнча барган спортчуларыбыз дал ошол калыстар тобунун туура эмес чечимдеринен улам жеңиштен куру кол калышты. Айла жок, бармак тиштеп, өкүттө кала беришти.
- Биз үчүн 2002-жылы өткөн Азия оюндары жемиштүү болгон экен ээ?
- Туура, ал жылы биз 2 алтын, 4 күмүш, 6 коло медаль алганбыз. Дохада өткөн 15-Азия оюндарында да жакшы жетишкендиктер болгон. Анда спортчуларыбыз жалпы 8 медалды жеңип келишкен. Быйыл минтип, жемиши аз болгону менен түшүмү мол болду. Данияр Көбөнов керекке жарап, мекенибизге алтын медаль тагынып келди.
- Айтмакчы, балбаныбыз Данияр Көбөновго да бул сыйлыгы үчүн атайын стипендия же жөлөк пул берип турууну Өкмөткө сунуштадыңыздар беле?
- Д.Көбөновго Азия оюндарында алтын медалды жеңгендиги үчүн атайын пенсия чектөө сунушун Өкмөткө жолдогонбуз. Эгер, ал сунушубуз колдоо тапса, Даниярга ай сайын 5 же 7 миң сом жөлөк пул берилип турат. Андан сырткары, өлкө башчыбыз Гуанчьжоуга кетердин алдында биринчиликти багындырган спортчуга 15 миң АКШ долларын берүүнү убада кылган эле. Ошол убада боюнча кечээ жакында эле Данияр да, башка да жеңүүчүлөрүбүз акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Мындан сырткары, ишкер Аскар Салымбеков "Джип" үлгүсүн­дөгү автоунааны белек кылганы турат деп уктук. Данияр Көбөнов баштаган жеңүүчүлөрүбүз аларды табына келтирип таптап, ушуга жеткирген машыктыруучулары да өз бааларын алышты. Ал эми биз жалпы баарыбыз эми 2012-жылы өткөрүлүүчү Лондон Олимпиадасына жана 2014-жылы өтө турган 17-Азия оюндарына азыртадан даярданып баштообуз зарыл.
Кабыл МАКЕШОВ,
Улуттук Олимпиада комитетинин басма сөз катчысы




  Сакал жоктогу сукбат

Куудул Жамбыл Камчиев:
"Айлыгың - бул өзүңдүн аялың, ал эми сыйлык,
гонорар ойнош сыяктуу"
- Жамбыл аке, азыр эмне иш кылып атасыз?
- "Кыргыз таймс " деп гезит ачкам. Эки-үч гезиттин редакциясы менен чогуу чыгаралы деп кеңсе алып, имаратыбызды ремонттоп, даярдап жатабыз?
- "Мурда деле "Ош таймс" деген гезитиңиз бар эмес беле, анын атын өзгөрткөнгө эмне себеп болду?
- Анткени, "Ош таймсты" оштуктар эле окуп калат экен да. "Кыргыз таймсты" баары окуйт.
- Себеби ошол элеби же чырдуу материал чыгарып ийгениңизден улам болдубу?
- Соттошконумду айтасыңбы? Облюстиция башкармалыгынан Айтматова деген эжеке мени сотко бергенде мен жеңип чыккам.
- Абдылда Иманкулов "Ар бир айдын алтысы" деп ай сайын концерт коёт. Сиз эмнеге аларга кошулбайсыз?
- Биздин өзүбүздүн программабыз, менин өзүмдүн командам, балдарым бар. Биз мамлекеттик тилди башка улуттарга: өзбектерге, орустарга, түрктөргө үйрөтүш үчүн атайын программа даярдаганбыз. Ошол программанын үстүндө иштеп жатабыз. Билим берүү министрлигине кат киргизгем, эгер алар колдоого алса Славян университетинен баштап, орус тилдүү окуу жайлардын, мектептердин бардыгына кыргыз тилинде концерт коюп чыгабыз.
- Бул Камчиев куудулдуктан таптакыр кол үзүп кетти дегенди билдирбейби?
- Жок. Азыр деле анча-мынча концерттерге, той-тамашаларга чыкырып калса барып, болушунча күлдүрүп берем.
- Ошентсе деле өзүңүздү көбүрөөк куудул сезесизби же кыргыз тилин жайылтуучубу?
- Менимче, экөөн тең эле алып кетип жатам го?
- Кайсынысы кирешелүүрөөк?..
- Албетте, куудулдуктан тынбай тыйын түшүп турат. Өткөн шай-
лоодо "Замандаш" партиясын колдодум эле он алтыбы, он жетиби күндө миң доллар алдым. Бирөө
айтты эле: "Айлыгың - бул өзүңдүн аялың, ал эми сыйлык, гонарар ойнош сыяктуу болот" экен...
- "Аралаш" мурда аябай күчтүү жамаат эле. Бирок ортодогу финансылык келишпестиктен, акчаны бөлүшө албагандыктан улам ыдырап кетиптир деген сөздөр жүрөт.
- Финансы боюнча бизде эч качан проблема болгон эмес, болбойт дагы. Себеби, бизде бул жакшы нукка коюлган. Мисалы, концертти ким уюштурган болсо ал он
пайызын алат. Калганын бензинге, имаратты ижарага алууга, жарнакка кеткен чыгымды чыгарып, таза кирешени команда бөлүп алат. Бирок келишпестик идея жагынан болуп калышы мүмкүн. Кимдир-бирөө бийликти колдосо, дагы бирөө оппозицияны колдойт. Ошондон улам командада жарака кетет.
- Борбордук аянтта митинг болобу же Ак үйдө бир интрига болобу, бир жуманын же бир айдын ичинде ал интермедия түрүндө сахнага чыгып кетчү эле. Мунун сценарийин бүт Жамбыл Кам-чиев түзүп, идеяны да ошол берет экен дешчү.
- Сценарий, идея боюнча ишти негизинен Рахман Разыков экөөбүз жасайбыз. Абдылда, Дөөлөт, Кубаныч, Өмүрбек, Тынар, Рысбек деген жигиттер жүрөт го? Булар баары даяр идеяны ойношот. Аткаруучулар да.
- Өткөндө бир оштук жердешиңиз "Жамбыл сакалды койсоң же биротоло кой, же биротоло кырдырып жүр" деп күлдү эле. Азыр дагы сакалыңыз жок жүрөсүз?
- Гастролго чыкканда кээде мейманканада, кээде бирөөлөр­дүкүндө, кээде дегеле адам ойлобогон жерлерде жатып калышыбыз мүмкүн. Сакал алынбай калат... Сакал деген артист үчүн ашыкча түйшүк да. Албай, өстүрүп коё берейин десем мурутумду да, сакалымды да ак аралап калган.
- Эмне, кыздар карабай коёт дейсизби?
- Конечно, картаң экен деп карабай коюшу мүмкүн да. Кудайга шүгүр, кыз-келиндер азыр деле мени көргөндө тамшанышат..
- Өткөндө гезиттердин бирине интервью берип, Жаныбек супер куудул болбой шагы сынып калганын көргөндө аябай жаман болуп, өзүм утуп алган телевизорду берип салайын дегем. Бирок аялыман коркуп бере алган жокмун депсиз. Бул тамашаңызбы же чын эле жеңемен коркосузбу?
- Элди күлдүрүш үчүн эле айткам. Бирок ошондо чындыгында эле судьялар Жаныбекке адилетсиз, туура эмес мамиле кылып коюш­кан. Жаныбектин рейтинги аябай бийик болчу. Жаныбек менен азыр чогуу иштешем. 15-16-декабрда "Мыскыл жана тамаша" койгону жатабыз. Теледен да сатира жана юмор деген берүү ачалы деп сунуш кылсак, Кубат Оторбаев мейли, сүйлөшөлү деген. Ошону күтүп жатабыз.
Асанбек БЕЙШЕКЕЕВ