№93, 07.12.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...





  Коалиция кадамдары

Биринчи аракет суу кечпеди,
экинчиси эмне болот?
Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы алгачкы демократиялуу парламенттик шайлоолор жана анын натыйжасында түзүлгөн парламент өзүнүн шайлануусу да, курамы да боюнча уникалдуу болуп калды. Эми анын ишинин башталышы да ушундай болуп калчудай...


Кыргыз эли беш жылдан бери эки жолу элдик революция жасап жиберүү менен дүйнө жүзүн таң калтырганы аз келгенсип, 3 миллиондон ашкан электорат арасында 29 партия мандатка ат салышканы менен да рекорд койду окшойт. Өткөөл мезгилдин Президенти Роза Отунбаеванын жана Убактылуу Өкмөттүн аракети менен буга чейинки эки бийлик убагында, шайлоону дээрлик "жогору жакка ыңгайлуу дайындоого" айлантууга жеткизген мамлекетте мына ушундай көп сандаган мандат талашкандар арасында салыштырмалуу таза шайлоо өткөрүүгө жетишүү - Кыргызстандын эл аралык коомчулукту таң калтырган дагы бир укмуштуудай көрүнүшү болду.
Бирок, бардык ишти аягына чейин чыгарып, "бир карын майга бир кумалак салып коё албасак", анда кыргыз болбой калбайлыбы?! Мына ушундай шайлоо өткөргөнү менен анын жыйынтыктарын чыгарууга келгенде айрым "чыча-лаак" саясатчылардын айынан добуш берүүнүн натыйжаларын саноо бир айга жакын созулду.
(Уландысы 8-бетте)




PDF формат