03.12.10
 ?Китептер бизге ыйлашат

Гүлрухсор Сафиева
Баталгага баш тосуп,
курмандыкка барган жерим
(Башталышы өткөн санда)
Ооба, менин элиме эч нерсени буюрбагандай - жаркын келечек тууралуу тилек да, адамдарга жакшы жашоону каалоо да, наадандар куулук менен жайып таштаган толгон-токой торлордун жандырмагын чечип салалы деген аракеттерибиз да ишке ашпайт. Биздин душмандар бизди кырып жок кылуудан чарчаган кезде, - биз өзүбүздү өзүбүз кырып жок кыла баштайбыз. Качан биз өзүбүздү өзүбүз кыруудан чарчаган кезде - жер силкинип зилзала болуп жүздөгөн, миңдеген адамдарды жер басып калат; же сел жүрүп нугуна учурагандарды бүт жууп кетет же чагылган уруп өзүбүз өлөбүз же үй-жайыбыз күйөт.
Түбөлүктүү кырсык-балаанын үлүшүн бизге, тажиктерге тагдырдын өзү жазып койгондой.
Негедир башкаларга караганда биз эң эле адамгерчиликсизден чыккан экспериментке - өзүн өзү жок кылуу жана руханий жардылыкка бат моюн сунабыз. Башкача кантип түшүндүрүүгө болот, бизди бир эле жүз жылдын ичинде үч жолу сабатсыз кылып ташташты, үч жолу алфавитти өзгөртүштү, анткени кайсы гана болбосун цивилизациялуу улуттун негизин түзгөн тары-хый рухун жана интеллекттин фундаментин бизден биротоло жок кылуу үчүн жасалган жокпу? Муну узакка жана активдүүлүк менен тажиктерге жасашты. А балким, азыркы бир тууганды бир тууганга тукуруунун натыйжалуу тажрыйбасы иммунитеттин бузулушунун жыйынтыгы, маңкуртчулукту эмдеп киргизүүнүн корутундусу болуп жүрбөсүн.
Менин көз карашымча, биздин бардык кырсык-балааларыбыздын эң башында дагы бир жагдай бар. Ал өтө кубаттуу жана соруп-жуткан желмогуз жакырчылык. Бүтүндөй улуттун жакырчылыгы.
Бир жолу кайсы бир чет элдик жазуучу менден сурап жатпайбы: "Ушундай берекелүү аймакка ээ болуп туруп, жылына үч жолу түшүм чогултуп алып, алтын менен күмүш куймаларынын үстүндө отуруп, асыл таштар менен оюн ойноп жүрүп, эмне үчүн ушундай кедей жана жакыр жашаганыңар?" Ошондо меймандын суроосу мага атайлап провокация жасап жаткандай сезилген. Ал эми азыр болсо биздин улуттук трагедия мага гана эмес, ал тургай бүткүл дүйнө жүзүнө кашкайган чындыктын көзүн ачып берип отурат, ошондой эле бардык ооз толтура айтылган жана үнсүз суроолорго жооп болуп отурат.
Сага тил алчаак эл керекпи?
Жакырчылыкты жасап сал!
Жакыр кишиден өзүңдүн табитиңе жана каалооңо жараша каалаган кишиңи жасап алсаң болот. Бир тууган бир тууганын бири-бирин жок кылуу үчүн тукурганга жетише алышты го. Жаш жана тажрыйбасыз уландардын колуна китептин ордуна куралдарды карматканга жетишпедиби. Кедей жашашкан бир өрөөндүн жашоочуларын алардан да кедей жана жакыр жашаган экинчи өрөөндүн жашоочулары менен бири-бирин душман кылууга жетишишпедиби. Бейиштин төрүндөй болгон бүткүл жерибизди аскер-согуш базасына, булганч казармага айлантууга жетишти го! Жетишишкенин айтып отурса... керек болсо жетишишет, ооба, ооба, жетишишет баарына, анткени ага негиз бар: жакырлардын жакырчылыгы, алтын кумайларда отургандардын жакырчылыгы.
Биздин жер нечен кылымдардан бери ырайымсыздыктын полигону болуп келе жатат. Сага ошондой полигон керекпи? Билгениңди жаса. Ал эми чыккынчылар болсо ар бир улуттан жетишерлик табылат. Кудайдын эрки мененби же азезилдин азгырыгы мененби жаңы коркунучтуу тажрыйбанын эпицентри болууга жер да табылат, эл да табылат.

...Коё берип саткындынын
этегин,
Сыймыктанчу курч тырмагым
жазылды.
Бул Мекеним,
Бороондон соң кемелер
токтоочу жай болду бейм,
Куюндардан пайда болгон
таш шалбаалар -
Саткындар менен
Ахримандын арам оюн аткараар
Айланды тажрыйба
талаасына.
"Мен саясатчы эмесмин!" - деп чөлдө жүрүп кыйкырам. Миң бир жолу өзүмдү саясатка тиешем жок деп кайталаймын, анткени саясат деген илимге туура келбеген тажатма, булганч иш. Мен саясий илимди олуттуу кабыл албайм, балким, ал антиилимдир, а балким ал антигумандуудур жана кандуудур, а мүмкүн ал көңүл бурууга арзыбаган жалган илимдир. Бирок мен бирөөнү тана албайм жана төгүндөй албайм: биз баарыбыз - тырнактай коңуздан баштап алп адамга чейин - тилекке каршы, - саясаттын кандуу тырмагынын чеңгээлинде жүрөбүз. Баарын башкарган ошол - антиадамзаттык жана антижашоо саясаты. Бардык замандарда деле саясаттын өзөгү - хан тагы, тажысы жана бийлик. Саясатты биз, жазуучулар, көңдөй жана ырайымсыз деп эсептесек да, баары бир биз да, жазуучулар - аны менен дем алабыз... Акындар-саясатчылар, же саясат-акын? Көчкү сени каптап келатса, качканың жөндүүбү? Ооба. Албетте, эгер качып кутулууга үлгүрсөң! Чагылган уруп турса - жашынганың жакшыбы же ээн талаага качканың жакшыбы? Бул эми сенин аракетиңе баш ийбейт. Сенден да жогору турган күч бар.
Фирдоуси - кудай берген акын жана бардык замандын улуу акылман ойчулу - бир да күн шаа-падыша же вазир болгон эмес, майдан талаасында кармашкан да эмес, колуна найза алган эмес, бирок так ошо адам саясатты жана саясатчыларды, так ошолордун эгоисттик кесепеттери адамзаттын шумдуктуудагыдай бактысыздыгына айлантаарын түбөлүккө калтырууну чечкен.
Тарыхчылар эмес, философтор эмес, саясатчылар эмес, акын Фирдоуси отуз жылдык тозоктогудай эмгектенип дүйнөдөгү эң бийик бирден бир китепти - "бардык өлкөлөрдүн бардык саясатчылары үчүн окуй турган китепти" - "ШАХНАМЕНИ" же "падышаларга кайрылууну" жазып калтырган. О, жа-
шоонун парадоксун кара! Саясатты танып жана жек көрүп художниктер анын ажырагыс бир бөлүгү болуп калат.
Менин жаңы, менин шордуу, менин тозоктуу китебим "Сыз-
доонун туулган күнү" деле - саясаттан четте эмес. Мурда ырлар жазылбайт, жогор жактан - көктөн айтылат деп далилдегим келчү. Азыр болсо аябай ынанып калдым. Ырлар "жогору жактан айтылат" кана эмес, көктөн сыздаткан сыздоо менен нөшөр болуп төгүлөт.
Сыздоо, Күйүт, Азап чегүү жана Кор болуу мени алкымдан алып
муунтуп тургандыктан, ал түгүл кыйкырганга да менин эне тилимдеги поэтикалык сөздүгүмөн сөз табылбай койду. Өзүм да таң калам, башкалар да таң калышты, мен орусча кыйкырып чыктым:

...Баратам үйгө,
А менин жок үйүм!
Мыкый үкү, балдызым менин
Конуп алып урандылар
үстүнө
Кыйкырат маган,
эч жашынбай
Ишенимдин өлгөнүн...

Ооба, ишеним өлүмү адамдардагы бардык адамгерчиликти өлтүрүп таштады. Руханий жардылык бул адамдын өзүндөгү да жана планетадагы да согуштун башталышы. Кайрадан "акценти бар ырлар" менден орус тилинде төрөлө баштады.
...Кайрадан согуш!
Кайрадан согушамын.
Өзүм менен өзүм,
Өлтүрөм өзүмдү өзүм.
Эч ким мага кошок кошпойт,
Же жашыруун ыйлабайт.
Кайрадан көрүстөнгө
көктөм келди...

Айтып түгөткүс күйүт, акылынан тангандардын акылсыздыгына таң калып жана коркуп чочулап, алар бир кезде мени жакшы көрүшчү акын катары (а мен аларды азыр да аябай жакшы көрөм), ошолор мага мен жооп бере албай турган су-
роолорду берип жүрөт.
Кээде өзүмү ушундай сезем, күн сайын картайып өлүүгө бараткансыймын. Чыгыш менен Батыштын миң-миң жашка чыккан шордууларынын көзү менен жалгыздыктан азап чеккен кезимди карап отурам. Капилеттен күбүрөп алдым - өзүм да таң калам - Басёнун үнү менен, тагдырдын мунарыктуулугуна, карылыктын рухун жаратканына тан берем.

Мунарыктуу Үй,
Мунарыктуу Түтүн
Мунарыктуу ойлор -
Карылык.
Менден үмүт качып кетти, аны менен кошо жашоо да качып кеткенсиди. А бирок көкүрөктүн кайсы бир түпкүрүндө акыркы үмүт тыбырчылап - өлбөй коё тур, эмнелер болгону тууралуу айтып бер деп кайрат бергенсиди. Качандыр бир кезде жазганымды эстедим:

Үмүт деле,
Так ошо үмүт -
Үмүтсүз өлгөндөрдүн
Курманынан туулган.

Биринчи жолу өзүмүн кесибимдин сырын ачтым, билдим. Көрсө, китепти биз жазбайт турбайбызбы, биз ырды ыйлап жазбайт турбайбызбы - ошо китептер бизди жазып, бизге ыйлашат тура. Көрсө китептер азап чегип, алардын азап-тозогунан улам биз өчкөн күлдөн кайра жаралып, узакка жана жарыгыраак күйөт, күйөт, күйөт турбайбызбы.
Бул китептеги ырлар мени жазды, мен аларды жазган жокмун. Мындагы жазылгандардын баарын көтөрүүгө жана жазып чыгууга менин эрким да, талантым да жетпейт. Менин ага батылым да бармак эмес.
Бул китеп мени башка жактагы муздак, жок, муздай суук кышкы үңкүрлөрдө, өлүмдөн жашынып жүргөн өмүрүмдө көрбөгөн билбеген жерлерде, жүрөк үшүткөн жана эртеңки күнүң эмне болору күмөндүү күндөрдү кечирип, капилет учураган караңгы жашыруун жайларда, башка өлкөлөрдүн аскер жана согуш жыттанган самолётторунун ичинде, кайсы бир өлкөнүн казармасында, кайсы бир жерлердин вокзалдарында жана аэропортторунда, кайсы бир элчиликтин кичинекей киши кирип чыкпаган мейман бөлмөсүндө, шаан-шөкөттүү кабыл алууларда, аерде мен башка элдин кийимин кийинип анткорлоно жылмайымыш болуп, менин жараланган жүрөгүмү ого бетер өлтүрүп жаткан көңүл-шоокко аргасыз баш ийген кездерде, кардиологиялык ооруканада, өзүмдү өз көлөкөмдөй сезип карарган жалгыздыкта өткөргөн тоо санаториясында китеп мени жазды.
Бир-эки жылдын ичинде мен миң өмүрдү жашадым көрүнөт.
Эки жылдын ичинде алсыздыгыман жана кор болгонуман миң жолу өлдүм.
Эки жылда мен өз тагдырымды таптым.
Мурда мен кадыресе эле адамдардай жашачумун - эми болсо, өз элимдин трагедиясынын аргасыз катышуучусу катары "акындык тагдырга" ээ болдум. Кайсы акын болбосун тагдырдан башталат. Менин мурда жазгандарымын бардыгы окуучунун ырлары, пролог экен. Өзүм күбө болгон жана аралашып катышкан трагедиянын кыпындай бир үзүмүн чагылдырууга үлгүрсөм экен!
Биздин трагедия али бүтө элек. Ал улантылууда. Ал тууралуу эч нерсе жазыла элек. Биздин көз жашыбыз гана биздин жүзүбүзгө аны элестетип турат. Ал трагедия тууралуу өмүр бою жаза турган Шекспирлерди күтүп жатат.
Менин жаңы ырларымын сынчылары да бар: алардын пикиринче жеке өзүмдүн трагедиям көбүрөөк чагылдырылып, элибиздики азыраак болуп калыптыр. Жалпы трагедияны жазбай, өз башыман өткөргөн жекече азап-тозокторумду жазган экенмин.
Талкуулоо ар дайым жеңил. Жалпы дегенге - трагедиядан башканын баарын киргизүүгө боло тургандыгын түшүнүшүбүз керек. "Башканын" трагедиясын, мейли жеке адамдык болсун, мейли улуттуку болсун - индивидуалдуу гана сезүүгө болот. Эгер мен өз жүрөгүмдөгү сыздоону сезбесем, китебимдин атын "Сыздоонун туулган күнү" деп коймок белем?
Акын робот эмес. Коомдун акбалынын параметрин ченей турган приборлор акындарда жок. Поэзия тарыхтын хронометри эмес. Бирок поэзия адам жаны менен абийиринин кыймылын жана кан тамырын көз ирмемде ченей турган барометр болуп кызмат аткара алат.
Бул китеп мени гана жазбастан - ал мени сактап калды, ошентип өзүн да сактап калды. Чыдатпаган сыздоонун кучагында мен, кайталап айтайын, өзүмө күтүлбөгөн ачылыштарды ачтым. Ачканым ушул, көрсө, Сыздоонун да "туулган күнү" болот экен. Ал деген күн сайын адамзат белгилеп жүргөн өлүмдүн туулган күнүндөй эле эң эски жосун. Бул күн - ач көздүгүнөн Кабыл өзүн жатындашын Абылды өлтүргөн жосунсуз жоругу менен адамзаттын тарыхында өлтүрүүнүн кандуу барагын ачып берген күн катары кабыл алынгандан баштап башталган.
Бул күн, качан кудай карасанатай кылмышты болтурбоого кудурети жетпеген күндөн башталган. Бул күн, качан бала өзүн күзгүдөн чал экенин көргөн күндөн башталган.
Бул күн, качан Апокалипсисти жашоонун башталышы катары кабыл алгандан башталган. Бул күн, качан күн санагы болбой калгандан башталган. Мен өзүмө бир ачылыш ачтым. Тырнактай коңуздун, адамдын, улуттун жашоосунун акыркы нокотту Сыздоо коёт.
"Сыздоонун туулган күнү" китебинин көпчүлүк бөлүгү Ата мекенден тыш жерде, тажиктердин
кайгы-капасына да, кубанычына да ар качан тең ортоктош болуп келген элдин жеринде, кыргыз жергесинде, Кыргызстанда жазылды. Өзүм да, тагдырым да ал эл менен байланышкан.
Менин китебим ырасын айтканда кыргыз элине, анын эң мыкты уулдары менен кыздарына, мени сактап гана калбастан, Жакшылык Зулумдуктун үстүнөн салтанаттай турган ишенимди беришкен менин таза жана ак көңүл досторума таандык деп эсептейм. Ооба, чынында эле китеп биздин трагедияны өздөрүнүн трагедиясындай сезишкен элге жана ошол элдин жерине арналышы керек эле. Бир гана жагдай антүүгө уруксат берген жок, ал китептин аты. Эгер менин китебим - "Шаттыктын туулган күнү" деп аталса, анда мен олку-солку болбостон сөзсүз аны - Кыргызстандын улуу жерине жана анын элине арнамакмын, анткени тажик кызы Каныкейдин ысымын - улуу Манастын акыреттик жарынын ысымын сүймөнчүк менен миңдеген энелер, келиндер, бийкеч кыздар алып жүрүшкөн жана алып жүрүшөт. Достор менен өзүңдүн кубанычыңды, өзүңдүн бак-таалайыңды бирге бөлүшүп, кайгыңды жүрөгүңдүн тереңинде катып койгонун абзел эмеспи...
Ооба, "Сыздоонун туулган күнү" - менин сыздоом, азаптуу менин элимдин сыздоосу, менин кор болгон жана талкаланган мекенимин сыздоосу - акыл-эстүү бүт өмүрүмдө кызмат кылган Ата мекенимен алыста жаралды. Эч качан мен өз чыгармачылыгымда зордукту, ырайымсыздыкты, жек көрүүнү жана сүйбөгөндүктү сыйлаган эмесмин, сыйлабайм дагы. Бирок мен мекенден алыс жүрсөм да аны сыйлоону жүрөгүмдө сактаганга эч ким мага тыюу сала албайт эле. Аттиң, ошо ыйык сыйдын ордуна - анын тетирисинчесин канча бир жолу мага ыроолошту, кудайдын көзү бар го. Эч ким менден мекенимди сүйүүмдү уурдап ала алышкан жок, уурдап алышкандай Варзобдогу саябан үйүмөн баарын - ал түгүл нечен жылдар бою чогулткан күндөлүктөрүмү, кол жазмаларымы.
Жашоонун күбөлүгү катары акындан китеп калат.
"Адегенде Сөз болгон..." Үмүт үзбөйлү, аягында да Сөз болот, кудайдын буйругуна жана Жакшылыкка каршы кадам таштаган Азезилди айыптай турган кубаттуу айыптоочу Сөз болот.
Менин сыздоом, менин жараланган сүйүүм, менин үмүтүм, байыркы, улуу жана акылман тажик улутунун кайра жаралуу дооруна келет деген үмүтүм - жүрөгүм таш болуп катып калган кезде, мени жазган ушу китебиме бүртүк, күкүм-күкүм болуп киргизилди.

Сыздоонун туулган күнүндө
Өзүн-өзү сындырган,
Калганды шыпкап жуткан
Тажик тамада болду...
Москва. Март. 1994-жыл