03.12.10 Хиллари КЛИНТОН:
"Кыргызстандын демократияга өтүү аракетине суктанам"
(Башталышы 1-бетте)
- Президент Роза Отунбаева менен сүйлөшүүдө бир топ олуттуу маселелер тууралуу баарлаштык, - деди Х.Клинтон. - Биринчи кезекте АКШ Кыргызстандагы бир катар ийгиликтерге кубангандыгын жана анын өсүп-өнүгүүсүнө тилектеш экендигин билдирет. Мисалы, жакында эле өткөн парламенттик шайлоо ачык-айкын жана таза өткөндүгүн баса белгилегим, бул үчүн кыргызстандыктарды, айрыкча Президент Роза Отунбаеваны куттуктагым келет.
Хиллари айым июнь окуясында кайтыш болгон кыргызстандыктардын жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөөрүн билдирди жана Америка ар дайым Кыргызстан менен бирге экендигине, ар тараптуу жардамын аябай тургандыгына токтолду.
Жыйында кабарчылар АКШнын Кыргызстандагы транзиттик борбору тууралуу эки айымдын сүйлөшүүсүндө сөз болгондугу же болбогондугу тууралуу суроо узатышты.
Президент Роза Отунбаева бул жолугушууда атайын бул маселе тууралуу сөз болбогондугун, анткени бул жөнүндө жаңы парламентте карала тургандыгын билдирди. Бирок, Президенттин билдирүүсүндө террористтик аракеттер Афганистандын түндүк тарабын карай жылып келүүдө, андыктан жаз айында Кыргызстандын чек араларын бекемдөө, мисалы, тажик-кыргыз чек арасын жабуу маселеси келип чыгат. Эки тараптуу жолугушууда ушул ж.б. маселелер тууралуу сүйлөшүүлөр болду.
Х.Клинтон айым терроризмди ооздуктоо мамлекеттер аралык өтө орчундуу маселе экенине токтолуп, андан сырткары транзиттик борборду жайгаштырып турганы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.
"Демократия кайсы бир жерге барчу орун эмес, ал дайыма алдыга жыла турган жол. Мен сиздердин өкмөт коалиция тарабынан сунуштала турганына жана оппозициянын бар экендигине кубанам", - деп кошумчалады Х.Клинтон.
Ошондой эле АКШнын мамкатчысы 2011-жылдын май айында Кыргызстанда Аялдардын эл аралык конференциясы өтөөрүн маалымдады.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу",
сүрөтү Султан ДОСАЛИЕВдики




 ?Партиялык парламент

Жогорку Кеңештин экинчи отуруму кандай өттү?
"Республиканын түштүгүндө болуп өткөн июнь окуясын териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүлсүн. Ал жакта айтылып жүргөндөй 600 эмес, миңдин тегерегиндеги адам каза болду. Сөөгү табылбай жаткандардын, үйсүз көчөдө калгандардын маселесин тезинен карайлы. А.Эркебаев төрагалык кылган мамлекеттик комиссия ушул күнгө чейин анын аягына чыга элек. Орозо бүтсүн деп бир айды, шайлоо өтсүн деп дагы бир айды текке кетиришти. Эл аралык уюмдардын комиссиясынын жыйынтыгын күтүп отура бербейли... Кандуу окуялар учурунда өз үй-бүлөсүн коргогон адамдар камалып жатат. Дароо эле муну жыйындын күн тартибине коюңуз!" - деген сунушту "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары көтөрүп чыгышып, парламент жыйынына убактылуу төрагалык кылып жаткан Ташболот Балтабаевге оозэки жана кагаз жүзүндө беришти. Ошентип, 2-декабрь күнү беш фракциядан куралган Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын экинчи жыйыны өз ишин баштады.


Сатыбалдиев эмне отурат?..
Адегенде сессия жыйыны "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Акматбек Келдибековдун, Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун, Талант Мамытовдун, атамекенчил депутат Болот Шердин ант берүүсү менен башталды.
Жогоркудай сунуш депутаттардын ар кандай талаш-тартышын, атүгүл кайым айтышын жаратты. Ош окуясы боюнча депутаттык комиссия түзүүгө эл өкүлдөрүнөн бирөө да каршы чыккан жок. Болгону адегенде жаңы түзүлгөн парламенттин талкууланбай туруп күн тартибине коюлуучу негизги шарттары бар. Алгач ар бир фракциядан экиден депутат сунуштап, он адамдан турган эсептөө комиссиясын түзүп, анан өз тартиби менен Жогорку Кеңештин төрагасын шайлап алуу, андан кийин мамлекет үчүн эң зарыл болгон Өкмөт башчысынын маселесин карап, күн тартибине коюу зарыл. Муну жалпы эл күтүп жатат деген пикирлерди эл өкүлдөрү билдирип жатышты. Бирок, атажуртчу депутаттарды мындай сунуштар канааттандырган жок. "Жогорудагыдай комиссияны түзүп коюуга көп болсо 5 мүнөт убакыт кетет, ошону күн тартибине коюп бериңиз", - дешип, убактылуу төрагалык кылып жаткан Ташболот Балтабаевди жарга такап туруп алышты. Атүгүл, парламент жыйынына катышып отурган КРнын вице-премьер-министри, Ош, Жалал-Абад аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбал-диевди депутат Камчыбек Ташиев: " Ж.Сатыбалдиев Оштогу үйлөрдү куруп бүтүп койгонсуп, бул жерде эмнеге отурат? Барып өз ишин кылбайбы", - дегенге чейин барды.
"Арабасы" кайсы, "кирпичечени" ким?..
"Ата-Журт" фракциясынын өкүлдөрү Ж.Сатыбалдиевди жаадыра сындоонун бутасына алып, анын айлык маянасы 2000 доллар, ал эми орун басары Ян Фишердин маянасы 1000 доллар экендигин, андан тышкары 50гө жакын адамдан турган аппаратында иштегендер да долларлап эмгек акы алып жатышканын айтышты.
"Расмий булактарда маалымдалгандай инфляция 10 пайыз эмес, 30 пайызга жакындап калды. Мамлекеттин бюджетинин тартыштыгы 27 млрд. сомго жетти. Ушундай учурда жогоркудай дирекцияны түзбөй эле "Госстрой" сыяктуу түзүмдөргө түштүктөгү курулуштарды тапшырса болбойт беле?" - деген өңдүү дооматтарды койгон атажуртчулар аталган дирекциянын сметасын да карап чыгабыз деп эскертишти... Айтор, Жантөрө Жолдошевич сессияга катышам деп депутаттардын "уртокмогуна" кабылды. "Атамекен" фракциясынын депутаты Эркинбек Алымбеков: "Атажурчулар" айткан маселе абдан туура. Бирок, адегенде бийлик органдарын легитимдештирип алып, анан кайрылбайлыбы. Антпесе арабаны аттын алдына коюп алабыз", - деп айтып алды. Добуш берүү үчүн кайсы кнопканы басууну билбеген депутаттарга карата "муну кирпичечен деле билет" деп айта койгон ЖКнын аппарат жетекчисинин орун басары С.Касмамбетов экөө да атажуртчу депутаттардын жарасын баскандай болушту. Оштогу жабыр тарткандарды атка, арабага, депутаттарды кирпичеченге салыштыргандарды айыптап, сирекелери суу көтөрбөй, кайым айтышуу күчөп кетти.
"Ырыс алды - ынтымак" деген коалиция бар!...
Алмазбек Атамбаев бийлик бутактарын мыйзамдаштырбасак чет өлкөдөн келчү жардамдар, гранттар токтоп калды деген оюн билдирди. КСДП, "Атамекен", "Республика" парламенттик фракциялары биригип, коалиция түзүлүшкөнү күн мурдатан жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу белгилүү болсо да, эмне үчүн парламентте расмий айтылбайт деген дооматтар да чыкты.
Ага Ө.Текебаев: "Биз "Ырыс алды - ынтымак" аталыштагы коалицияны түздүк", - деп билдирди. СДПК фракциясынын өкүлдөрүнөн түштүктөгү окуяны өзүнчө бөлбөй, апрель, май, июнь окуяларын бирдиктүү карап, иликтеген депутаттык комиссия түзүү сунушу кошумча киргизилди. Айтор, талашып-тартышып жатып, 61 добуш менен жогорудагыдай комиссияны түзүү боюнча сунушту кабыл алышты. Айтып койчу жагдай, бир топ жаңы депутаттар добуш берүүнү өздөштүрбөгөндүктөн, ушундай жыйынтык чыкты.
Эл өкүлдөрүнүн экинчи сессиясы танапистен кийин андан бетер "көңүлдүү" уланып, аз эле жерден кармаш башталып кете жаздап барып токтоду. Депутат А.Артыков сөз берилбей калганына ачуусу келип, убактылуу спикерди трибунага чыга калып омуроологонго чейин барды. Курсан Асанов болсо, Т.Балтабаевди жайына коюп, Артыковду ордуна отур дегенчелик кылып кыйкырып калды эле, Камчыбек Ташиев ордунан туруп, К.Асановго опурулуп сала берди.
Бул күнү депутаттар күн тартибин бекитип, эсептөө комиссиясын түзгөнгө жетишишти. Спикерлик орунга Ө.Текебаев көрсөтүлүп, Садыр Жапаров өз талапкерлигин алып салды.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"