30.11.10
 ?Башканы коюп Манасты айт...

Кыргыз Президентинин кеңешчиси, "Манас" - киноэпопея" коомдук фондунун төрагасы Топчубек Тургуналиев:
"Манас - кыргыз улутунун улуу туусу"
- Топчуке, Сиз демилге көтөрүп, "МАНАС" - КИНОЭПОПЕЯ" аттуу Эларалык коомдук фонд түзүлдү. Бул уюмдун максаты кандай?
- "Баарын коюп Манасты айт" дегендей, адегенде эч качан көөнөрбөс улуу байлыктарды баса айтуу ылайык.
- Сөз кайсы байлыктар жөнүн-дө?
- Баш байлыгыбыз - карт тарыхтын тайгак, оома-төкмө, опурталдуу узак жолунда өзүнүн ай-асмандаган руху, кажыбас кайратынан жанбай, далай-далай азап-тозокторду көрүп, эчен жолу кыргынга учурап, бирок, "Манаста" айтылгандай, "түгөнгөн сайын түтөп", кайрадан күчөп, өз эркиндиги үчүн талыкпай күрөшүп келаткан кыргыз элибиз.
Экинчиси, Теңирдин керемет куту, нуру менен жаралган Манас, кыргыз улутунун дүйнөдө теңдеши жок чыгармачылык улуу илхамы, генийи жараткан, даңазалаган "Манас" эпосу.
Үчүнчүсү, Теңир алты күн иштеп, жетинчи күнү эс алам деп өзүнө Жер үстүндө калтырган үч Бейиштин бири - Ала-Тоо (Алтай, Кем Алай - Гималай).
Баса, кыргыз жериндеги Бейиштин аты Аксы экенин изилдөөчүлөр аныкташты.
- Демек, кеп атамураста?
- Кеп ушунда. Кыргыз эли адамзаттагы эң бийик мурас - "Манастын" ээси. Бирок, акыл-
га сыйбаган нерсе - ушу күнгө
чейин "Манас", "Эр Төштүк" жана башка асыл чыгармалар боюнча киноэпопеялар, мультипликациялык фильмдер жок. Телевизорду койсоңуз эле 100үнөн 99 фильмде зордук-зомбулук: атышкан, союшкан адамдар; уятсыздык, абийирсиздик иштер. Эл-журт, өзгөчө жаштар, балдар ушундай кинолордон ыймандуулуктун үлгүсүн алалабы? Кана улуттук идеология, элибиздин тарбия-таалимдик керемети кана?
- Буйруса, жакынкы келечекте улуттук идеология, тарбия-таалим оң жолго түшөт деңизчи?
- Түшүү зарыл. Түшөт. Ушул күнгө чейинки жол улуттун келечегине балта чаап жатат.
- Ондогон жылдар бою аткарыла турган максаттарды айтып жатасыз. Бул улуу ишти эмнеден баштадыңыз?
- Демилгеден.
- Кайсы демилге?
- "МАНАС" - КИНОЭПОПЕЯ" эл аралык коомдук фонд түзүү демилгесинен.
- Түздүңөрбү?
- Ооба, түздүк. Адилет министрлигинен каттоодон да өткөрдүк. РСК Банкта мен адегенде өз атыма сомдук, долларлык эсеп ачтым. Эми, Фонддун каттоо күбөлүгүн алгандан кийин, банктагы эсептен акчаларды Фонддун атына которобуз.
- Анан?
- Анан демилгечилерди, негиздөөчүлөрдү төрт топко бөлдүк:
1. Каржы топтоо;
2. Манасчылар, окумуштуулар, сценарий жаза тургандар;
3. Үгүтчүлөр;
4. Басма, котормо иштери боюнча топ.
- Ушул топтор иштин башы илгери деп, иштей баштадыбы ?
- Ооба.
- Атап айтканда эмнеден баштадыңыздар?
- Иш көп, баары татаал. Адегенде аныктоо, тактоо иштери башталды.
- Аныктоо, тактоо дегенди кандай түшүнүүгө болот, улуу эпостун кайсы доордо экендиги, менимче, маанилүү болсо керек?
- Албетте, дал ошол Манас, "Манас" эпосундагы окуялар кайсы доордо болгон?" деген суроого жооп.
- Жооп таптыңыздарбы?
- Жок. Издеп жатабыз.
- Кандай пикирлер бар?
- Үч пикир: МАНАС, "МАНАС" боюнча:
а. Доорлордун эң байыркы доорунда болгон. Манастын теги Теңирден. Жер үстүндөгү эң алгачкы баатыр. Баатырлардын Баатыры;
б. Биздин доорго чейинки эски доорго тиешелүү. Мүмкүн, б.з.ч. III-II кылымдар;
в. Жаңы доордун VII-VIII кылымдарда болгон. XVI кылымда дегендери да бар.
- Кайсы пикирге токтоп жатасыздар ?
- Муну илимпоздор, манасчылар чечет. Көпчүлүгү байыркы
доорлорду айтып атышат.
- Манас тарыхый инсанбы? Чындыкпы же жомокпу?
- "Чындык, тарыхта болгон!" дегендер көп. Айрымдары "жомок" дешет.
- Сиз өзүңүз, изилдөөчү-окумуштуу катары эмне дейсиз?
- Манас, "Манас" окуялары негизинен тарыхый чындык дейм. Муну, албетте, толук аныктоо зарыл.
- "Негизинен" дегениңиз кандай?
- Элдик оозеки чыгармаларда - эпостордо, дастандарда, жомоктордо аллегориялык апыртмалар, фантазиялык күлүк ойлор сөзсүз болот. Бирок, "Манаста" төмөнкүдөй экинин бири болушу ыктымал:
1. Каармандар, окуялар болгон, чындык;
2. Же эпоско негиз болгон окуялардын, инсандардын прототиби чындык болгон. Мисалы, Байыркы Кытайдын улуу окумуштуусу, "Чыгыштын Геродоту" Ся Мынь, кийинки көрүнүктүү изилдөөчүлөр биздин доорго чейинки тарыхый улуу баатыр бабабыз Моде (Матэ), анын атактуу жеңиштери "Манастын" прототиби - негизи деген илимий пикир жайылган.
- Дүйнөлүк тиги же бул эпостун чындыгын далилдегендер барбы?
- Бар.
- Мисалы, кайсы эпостун?
- Мисалы, "Байыркы Индиянын "Махабхарата" эпосундагы окуялар, баатырлар чындык, болгон" деп бүгүнкү Индиянын окумуштуулары далилдеди. Айталы, Рао аттуу археолог окумуштуу. "Махабхаратадагы" окуялар тарыхый чындык, биздин доорго чейинки XIV-XIII кылымдарда болгон дейт.
- Далили бар бекен?
- Албетте, бар. Бул эпостун башкы каарманы Аржунанын досу, Индра - Кудайлардын баласы Кришна салган кереметтүү, көргөндү таң калтырган кооз шаар, океан каптап калган Двараканын калдыктарын Рао таап, тасмага тартып, "Discovery chanal" дүйнөлүк телеканалынан жарыялады. Мен Индиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси P.Stobdan мырза менен маектешкенде тиги чындыкты ырастады. Биз Индиянын бул тажрыйбасын үйрөнүшүбүз абзел. Баса, "Махабхарата" көлөмү жагынан "Манастан" кийинки дүйнөлүк экинчи эпос. "Махабхаратадагы" чоң казатка кыргыздын байыркы түп тукуму -сактар да катышкан деп жазылган.
- Топчуке, "Манастын" чындык экенине далилдер барбы?
- Ооба, айрым далилдер бар.
- Айтсаңыз?
- Тарыхый изилдөөлөрдүн бири катары түздөн-түз болбосо да "чындык!" деген ойго апкелет. Бул - бир деңиз. Экинчиден, Алтай, Ала-Тоо, Гималай, Кавказ жергесинде; Орусия, Кытай, Индия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Тибет, Бутан ж.б. өлкөлөрдө өзгөчө Манастын, анын кырк чоросунун, Кошой, Эр Төштүк, Бакай, Алманбет акылман, баатырлардын аттары коюлган жерлер, көлдөр, дарыялар, шаарлар, тоолор, эстеликтер көп, өтө көп. Ушу күнгө чейин айтылып, сакталып турат.
Үчүнчүдөн, 25 миң чакырымга созулган Кытайдын улуу дубалы турат. Түндүк, Түндүк Батыш тараптан Кытайга кол салып, жүрөгүнүн үшүн алып турган көчмөндөрдүн улуу империясы болгон. Гунндар (кыпчактар, ал эми кыпчак менен кыргыз байыркы дүйнөдө бир элдин эки канаты, эриш- аркак болгон дешет), сактар (скифтер), динлиндер, усундар кыргыздын түпкү теги болгонун илим далилдеген.
Төртүнчүдөн, тарыхый китептер эмнени айтат? Байыркы түрк элдеринин башаты Кыргыз-Ата болгон. Кыргыздар ошондо жеңилбес жоокер көчмөн эл; жер чукуп, темир эритип, куралдарды жасай билген эл экен. "Манас" эпосунун бардык түрлөрүндө ушундай чындыкты айтышат.
Бешинчиден, "элдердин улуу көчү, Европага, Азияга цивилизация Алтайдан тараган" деген илимий ачылыш таркап жатат.
- "МАНАС" - КИНОЭПОПЕЯ" максаттарын ишке ашыруу узак убакытты, эчен тепкичтерди талап кылат го?
- Туура.
- Канча убакытта "Манас" киноэпопеяга айланат дейсиз?
- "Манасты", дагы 20 чакты укмуштуу эпосторду, дастандарды кино кылуу үчүн 10-20 жыл кетет го.
- Ырааты менен эмнелер жасалат?
- Иш ырааты:
1. Талкуу - доорун, чындыгын далилдөө, аныктоо;
2. "Манас" мыйзамын кабыл алуу. Биз долбоорун даярдап жатабыз;
3. Бул мыйзамдын негизинде Мамлекеттик программа даярда-лууда. Жаңы ЖК, жаңы өкмөт мыйзамды да, программаны да кабыл алуусу керек;
4. "МАНАС" - КИНОЭПОПЕЯ" аттуу мамлекеттик ишкана түзүү, каражат топтоо, киноэпосторду, мультфильмдерди тартуу үчүн материалдык-техникалык база куруу;
5. Сценарийлерди жазуу;
6. Эң мыкты сценарийлерди, режиссёр,оператор, сүрөтчү, композитор, аткаруучуларды тандоо үчүн эл аралык конкурс өткөрүү.
7. Ушундан кийин гана эң та-таал иш - кинотасма тартуу башталышы мүмкүн.
- 23-ноябрда тарых музейинде "МАНАС" - КИНОЭПОПЕЯ" чоң талкуу өткөрдү. Кимдер катышты?
- "Манас" эпосунун аталышын алган 20-30 уюм бар. Ошолордун бир тобу; "Манас" айткан, "Манас" жазган, "Манас" изилдегендер; сценарист, режиссёр, сүрөтчү, композитор, артисттер талкууга катышты.
- Дагы кандай олуттуу сунуш, ойлор айтылып атат?
- Кыргызстандын борбор шаарынын атын Манас деп коюу;
- Манастын айкелин Борбордук аянтка тургузуу;
- "Манас" музейин уюштуруу;
- Манасчыларды, изилдөөчүлөрдү даярдоочу институт ачуу.
- Бул ойлор качан ишке ашат дейсиз?
- Убак-сааты келгенде.
- Айтор, Кыргызстан жаңы доордун босогосунда турат деңизчи?
- Ооба. Манастын улуу аты, руху, туусу менен кыргыз улутунун, керемет доору башталат. Келечекте Кыргызстан бүт дүйнө таң кала турган өлкөгө айланат.
Ооба, Манастын теңдеши жок кудуреттүү күчү, ааламдык энергетикасы Кыргызстанды бүт дүйнөнүн руханий борборуна айлантат.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"