30.11.10 Тогуз жылда чечилбеген
маселе, токтобогон талаш...
Биздин ишибизде илгери казактар айтышкандай, "Маленков берген байталды, Хрущев келип кайта алды" дегендей эле болуп келет. Анткени Талас шаардык бийлигинин 1992-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун, эмгектин жана ооган согушунун ардагерлерин тейлөөнү жакшыртуу максатында жасаган иши ортодо бирөөлөр тарабынан бүтпөс чатак ишке айланды.
1992-жылы Талас шаардык мэриясы тарабынан ардагерлерди тейлөөнү жакшыртуу максатында жакшы тилек менен Биринчи май көчөсүндөгү шаардык соода башкармалыгына тиешелүү № 26 кичине дүкөнчө ардагерлерге бөлүнүп берилген. Сүйүнүшкөн ардагерлер анын чеке-белин тазалашып, ичи-тышын сырдап-акташып иштете башташат.
1998-жылы ал Талас облустук мүлк фонду тарабынан ал кезде пенсияга чыга элек, эч жерде иштебеген Гүлжан Жумалиевага 1800 сомго сатылып кетет. Ошол эле шаардын Ленин көчөсүндө жайгашкан №28 дүкөн да менчиктештирилет. Ал турак жай катарында сатылганы боюнча документтер азыркы кезге чейин сакталуу. Чатак ушул жерден башталат, анткени турак жай катары сатылган дүкөндөн улам ага эч тиешеси жок ардагерлердин № 26 дүкөнү талашка түшөт.
№ 26 дүкөн 2002-жылга чейин иштетилбей, каралбай туруп калат. 2002-жылы ал өрттөнөт, аны ардагерлер көрүп калышып, өрттү өчүрүп калышат. Анан аксакалдар өздөрү акча топтошуп, облустун губернаторуна да кайра-кайра кирип жатышып, 15 миң сом жардам алышып, дүкөндү оңдоп, кайра иштетип алышат. Дүкөндү ашкана катарында иштетишет. Ардагерлерге азык-түлүк, тамак-аш арзан бааларда сатыла баштайт. Ошондон баштап аны талаш күчөйт.
Г.Жумалиеванын күйөөсү Ж.Саякбаев баштаган талаш азыркы күнгө чейин токтобой келет. Облустук маммүлк фонду тарабынан Г.Жумалиевага жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыда
№ 28 дүкөн көрсөтүлгөн, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун шаардык башкармалыгында "№28 дүкөн" делинип каттоодон өтөт да көчөсү көрсөтүлбөйт.
Ошондон бери шаардык, облустук прокуратура органдарына, Башкы прокуратурага, ар кайсы инстанциядагы сотторго кайрыла берип чарчадык. Талас шаарынын прокуратурасы 3 жолу, облпрокуратура 7 жолу, Башкы прокуратура 5 жолу текшерип чыгышты, мүлк фонду тарабынан сатуу жана сатып алуу жоболору бузулгандыгын аныкташты, бирок натыйжа жок. Талас шаардык соту тарабынан 4 жолу, облустук сотто 7 жолу, Чүй облустук сотунда 2 жолу, Жогорку сотто 5 жолу каралды. Бирок мыйзамдуу чечилбеген бойдон калды. Эми дагы бир жолу Жогорку сот тарабынан каралганы турат, биз да ошондон үмүттөнүп турабыз...
Улуу Ата Мекендик согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери: А.Молдалиев, Ж.Көчмуратов, С.Акматов, Б.Боромбаев ж.б., бардыгы болуп 18 адам кол койгон





Ынтымактуу айылдын ырысы артууда
Ууру-Жар - Бүргөндү айыл аймагындагы эң четте жайгашкан чакан айылдарынын бири. Биздин айылда мектеп жок болгондуктан балдарыбыз 4-5 чакырым алыста турган Жаңы-Арык айылындагы мектепке барып окушчу. Алибай Ташиев аттуу аксакал жеке менчик үй салууга алган жерди өз ыктыяры менен башталгыч мектеп үчүн бөлүп берип, ажылыкка барам деп топтогон 50 миң сом каражатын мектептин курулушуна чегерди. Аксакалдын демилгесин айыл эли да кубаттадык. Колунда барлары акчасын, айрымдары курулуш материалдарын беришти. Ошентип, биздин айылда башталгыч мектеп пайда болгон. Бул жерде бара-бара мектептин 9 жылдыкка айланышына салым кошкон айыл башчыбыз Расулбек Сейталиевдин аракети тууралуу кары адам катары калыс сөзүбүздү айтуубуз зарыл. Ал баштаган ишти аягына чыкмайын жаны тынбаган инсан. Айыл башчысы элге кайрылып, демилгелүү адамдарды АРИС программасына долбоор жазууга үндөп, мектептин жаңы имаратынын курулушу бүтөөр-бүткөнчө аны көзөмөлгө алып турду. Мектеп мурда 6 жылдык болсо, азыр 9 жылдыкка айланды. Мектептин айлана-тегереги ачык болгондуктан жыл сайын отургузулган жаш көчөттөрдү мал жеп кетип, мугалимдер менен окуучулардын эмгеги талаага кетчү. Быйыл Расулбек адатынча аны тосуу зарылдыгын элге салып, өз жанынан 5 миң сом кошту. Аны О.Сопиев, С.Жолдошов, С.Дыйканбаев, Ш.Амиракулов, К.Максаталиев, О.Токталиев, К.Мамажанов, Р.Ташиев сыяктуу тургундар колдоп кетишти. Көпчүлүктүн күчү менен 70 миң сом чогулду, жетпей жаткан 20 миң сом каражатты Бүргөндү айыл аймагы кошту. Бул каражатка 210 метр тосмо тосулду. Кийинки жылы жаш көчөттөрдү отургузабыз деген жакшы тилек бар.
Р.Сейталиев калыс болгондугу, демилгелүүлүгү, элдин жүгүн көтөрө алгандыгы, ар качандан бир качан карапайым калктын таламын талаша алгандыгы үчүн айылдаштары аны Бүргөндү айыл Кеңешине 4 жолу катары менен депутат кылып шайлаганы да бекеринен эмес.
Муратбек АЗАЛИЕВ, Абдыкерим МАКСҮТАЛИЕВ,
Ноокен районундагы
Ууру-Жар айылынын ардагерлери




Коммуналдык тейлөө көйгөйү
Россиянын телеканалдарын карап олтурсам, коммуналдык тейлөө жөнүндө кыйла эле сын-пикирлерди айтып жатыптыр. Атап айтканда, мурдагы үй башкармалыктары - азыркы кондоминиум деп аталган жарандарды коммуналдык жактан тейлөөчү мекемелер үйлөрдөн жана квартиралардан тейлөө акысын үзгүлтүксүз төлөтүп алганы менен эч кандай деле тейлөө кызматын көрсөтүшпөйт экен. Муну кулагы чалган Россиянын президенти ошол тейлөөчүлөрдү чакырып алып, айрымдарына өзү барып, тейлөөнүн сапатын жакшыртууну, элдин акчасын адалдап пайдаланууну табыштап жатышы кандай жагымдуу маанай жаратканын жашыра албаймын. Ушундан улам бизде деле ушундай көрүнүштөр орун алгандыгы эсиме түштү.
Сөзүм кургак болбосун үчүн айрым мисалдарды келтирейин. Биздин үйдү "Южный квартал" деп аталган мекеме техникалык жактан тейлейт. Анын милдетине - үйдүн айланасындагы балдар ойной турган аянтчаны таза кармоо, тегерегин шыпыруу, үйдүн бузулган жерин оңдоо, чатырдын тешилген жерин бүтөө жана башка иштер кирет. Бирок, ушул айтылгандардын бирин да аткарбайт, ал түгүл кире бериш, подъезддерди да өзүбүз тазалайбыз. Анысы аз келгенсип, жакында тарифти да көбөйтөбүз деп жыйналыш чакырыптыр. Кыжыры келген үй тургундары биздин ай сайын төлөп жаткан акчабыз кайда, эмне үчүн тамдын чатыры бир нече жылдан бери бүтөлбөй тамчы агат, акча алып жаткандан кийин кичине уялсаңар боло деп жолго салдык.
Ошондой эле, калкты ысык суу, жылуулук менен камсыздоочу "Бишкектеплосеть", муздак суу менен камсыз кылуучу "Бишкекводоканал" ушул кезге чейин аталган товарларды, тактап айтканда, сууну суу өлчөй турган прибор коюп бебей эле жалпысынан эсептеп, ал үйдө жашагандарга теңдештирип бөлүп коёт. Мындайча айтканда, андай теңдемечилик заман алда качан артта калганын алигүнчө түшүнбөгөнүнө же түшүнгүсү келбегенине таң калуудан башка айла жок.
Коммуналдык тейлөөнүн көйгөйлөрү жөнүндө шаар бийликтерине, монополияны жөнгө салуу агенттигине да кайрылдык. Бирок эч кандай тыңгылыктуу жооп алганыбыз жок. Эске сала кетүүчү нерсе, суунун баасын шаардык кеңеш аныктап берет экен. Андай болсо, эмнеликтен реалдуу баа койбой, кызыкдар тарап алып келип берген тарифти тергеп, тескебей эле бекитип берет окшойт тура деген суроо түйшөлтөт. Анткени, суу түтүктөрүн техникалык жактан тейлегендиги үчүн 22 сом алат, бирок алар эмнени техникалык жактан тейлеп жатканын биз билбейбиз, чындыгын айтканда, биз жашаган үйгө ошол тейлөөчү техниктер келгенин да көрө элекпиз.
Ал эми, монополияны жөнгө салуу агенттиги болсо, аларды тергеп тескөөгө укугу жок экен, тактап айтканда, бул багытта аталган агенттик кандайдыр бир чара колдоно турган мыйзам жок экен да ушул күнгө чейин.
Кыскасы, Ак-Сайдын башы жошолон, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол, дегендей, бизде ушундай башаламандык орун алган. Мындайча айтканда, биздин абалыбызга кызыккан эч ким жок. Кайда барсаң Мамайдын көрү демекчи, арызданып бара туган жерибиз да калбай калды. Аа, баса, Эсептөө палатасы деген да бар эмеспи, балким ошол палата жогорудагы өзүм билемдерди тергеп, теске салар бекен деген үмүт оту бир аз жылтылдап туру.
Т.САРБАГЫШЕВ,
Бишкек шаары