30.11.10
  Саамалык

Эне-бала бөлмөсү ачылды
Эми Адилет министрлигиндеги кичинекей балдары бар кызматкерлер өздөрүнүн энелик дагы, кызматтык дагы милдеттерин толук аткара алышат. Анткени, аталган министрликтин имаратында алар үчүн атайын эне-бала бөлмөсү ачылды. Анда кичинекейлер үчүн эң керектүү болгон буюм-тайымдардын бардыгы бар.

Адилет министри Аида Салянованын айтымында, министрликте кызмат өтөгөн жумушчуларга кээде алтынчы, дем алуу күндөрү да иштешке туура келип калат. "Андыктан, аларга талапты коюп, иштетип жаткандан кийин биз дагы ыңгайлуулуктарды, жеңилдиктерди түзүп берүү максатында, бул бөлмөнү ачып берүүнү туура таптык. Азырынча бөлүнгөн бөлмө тардык кылууда. Бирок, кийинчерээк мындан чоңураак бөлмөгө которобуз",-деген министр, мында келип тарбияланчу балдардын арасында эң мыкты сүрөт конкурсу жарыяланганын жана бөлмө дал ошол балдар тарткан сүрөттөр менен кооздолорун кошумчалады.
Белгилей кетчү нерсе, министрликтеги кызматкерлер эмчектеги балдарын да мында алып келип, өз убактысы менен эмизип, көз салып тура алышат. Ал эми жалпы балдардын үстүнөн тажрыйбалуу тарбиячы карайт. Адилет министрлигинин маалымат катчысы Сейитжан Апышевдин айтымында, уул-кыздарын алып келген ата-энелер бул бөлмө үчүн эч кандай акы төлөшпөйт.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу",
сүрөтү автордуку





  О, спорт, спорт!

XVI Азия оюндары:
Кыргызстан эмне болду?
Ошентип, Гуанчьжоу шаарында өткөн XVI Азия оюндары өз ишин аяктады. Жыйынтыгында, Кыргызстандан барган 145 спортчу болгону 5 гана медалга ээ болуп, жалпы мамлекеттер арасында 26-орунга илиндик. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды...

Мурдагы жеңиштер
Негизинен Азия оюндары 1951-жылдары негизделип, ар төрт жылда бир ирет өтүп келет. Ага Кыргызстандын спортчулары 1994-жылдан бери катышып келүүдө.
Эске сала кетсек, 1994-жылы Япониянын Хиросима шаарында өткөн оюндарда кыргызстандыктар алгач ирет таймашка чыгышып, 4 күмүш, 5 коло медалга ээ болушкан. Ал эми 1998-жылы Таиланддан 2 күмүш, 4 коло менен кайтып келишкен. 2002-жылы Түштүк Кореяда уланган Азия оюндарынан спортчуларыбыз 2 алтын, 4 күмүш жана 6 коло медалга, ошондой эле Дохадагы 2006-жылы болуп өткөн Азия оюндарына Кыргызстандан 128 оюнчу катышып, 2 күмүш, 6 коло, жалпы 8 медалды энчилешкен. Быйыл өзүңүздөр күбө болгондой, 145 спортчу кетип, күткөн жыйынтык болбой калды. Оюнчуларыбыз быйыл жок дегенде 10 медаль алып келебиз деген максат менен кетишкен эле.

Быйыл
Данияр намыска жарады
Бул сапар Данияр Көбөнов намыска жарады. Ал финалда япондук атаандашын 3:0 эсебинде жеңип, Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып берди.
Д.Көбөнов буга чейин 2002-жылы өткөн Түштүк Кореядагы Азия оюндарына грек-рим күрөшү боюнча катышып күмүш, 2006-жылы коло медалдарды жеңип келген.
Данияр 28 жашта. Ал жакында эле "Даңк" медалы менен сыйланган. Эми кудай буюрса, убада боюнча ага мамлекет тарабынан 15 миң АКШ доллары берилмекчи. Бул туурасында Президентибиз Роза Отунбаева спортчуларды узатуу аземинде билдирген. Буга кошумча Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов: "Биринчи орунду жеңип келген оюнчуга бир бөлмөлүү үй берилет",-деп сөз берген.
Е.Ваккер операция болбогондо...
Ошону менен катар биз бул оюндарда мекендешибиз Евгений Ваккердин ысымын сыймыктануу менен атасак болот.
Себеби, велоспортчу Е.Ваккер Азия оюндарына 1994-жылдан бери үзбөй катышып, 4 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду. Анын октябрь айындагы сокур ичегиден операция болгонун эске алсак, бул чоң жетишкендик. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча Каныбек Жолчубеков күмүш медалды утуп алды. Алар менен бирге коло медалга жетишкен Жанарбек Кенжеев жана Александар Паролдун аракеттерин баса көрсөтүү абзел. Убада боюнча Евгений Ваккер менен Каныбек Жолчубеков 10 миң, Жанарбек Кенжеев менен Александр Пароль 5 миң АКШ долларын алууга тийиш. Жеңүүчүлөрдү мындай өлчөмдөгү акчалай сыйлык менен сыйлоо 2002-жылы киргизилген. Белгилеп койчу нерсе, андан бери сегиз жыл өтсө дагы, сыйлыктын өлчөмү өзгөртүлө элек.

Күтүлбөгөн жаңылык
Азия оюндарындагы эң күтүлбөгөн жаңылык - бильярд боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиондору Каныбек Сагынбаев менен Кубанычбек Сагындыковдун оюндан чыгып калышы болду.
Биздин оюнчулар Гуанчьжоудан кечээ түнү учуп келишти. Алардын алдыңкы орундарга жетише албай калуусуна эмне себеп болгондугун, өздөрүн кандай абалда сезип жаткандыктарын келерки саныбызда беребиз.
Анара АРЗЫБАй кызы,
"Кыргыз Туусу",
сүрөттөрү
Сагын Айылчиевдики