30.11.10
 ?Мансап муназасы

Женбеков Максатбек Беккелдиевич 1968-жылы Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылында туулган. Билими жогорку, адистиги - инженер-технолог, экономист. Партияда жок. Эмгек жолун Жалал-Абад шаарында фабрикада жумушчу болуп баштап, кийин токой чарбасы тармагында иштеген. Андан кийин Россияга жер которуп, Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз диаспорасынын жетекчиси болуп иштеген, Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин коомдук өкүлү болгон. Ушул жылдын 15-апрелинен Жалал-Абад облусунун координациялык кеңешинин мүчөсү жана Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат. Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, КРнын Россиядагы элчилигинин, КРнын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин жана Маданият министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Замандаш" журналынын чечими менен өткөн жылы "Жылдын мыктысы" деп таанылып, ал жетектеген уюм "Чет өлкөдөгү мыкты кыргыз диаспорасы" деп табылган.

Жакшы нерсени неге көрбөйбүз?..
Соңку мезгилде Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Женбековдун жеке бейнесине кызыккан басылмалар арбып, республикалык айрым гезиттерде жана кээ бир интернет булактарында ал тууралуу оң-терс пикирлер арбын жарыялана баштады. Бул кызматта иштеген жарым жылдан ашуун убакыттын ичинде анын ишине эч ким мынчалык сереп салып, кызыккан эмес болуучу. Анан эмне болуп кетти?


Муну түшүнсө болот, анткени Парламент Өкмөттү куроо алдында турат, ал эми Өкмөт түзүлсө - Министрлер кабинети толук жаңыланат, анан ошол жаңы-лоолордун шарданы менен шаардын мэринин милдетин аткаруучуну да оодарып түшсө болот. Менимче, М.Женбековдун кызмат ордуна кызыккандар менен ал иштеген мезгилде кызматынан бошотулгандардын, же башка бир себеп менен ага тарынып калгандардын: "Эми бизге кезек келди…", - дешип алакан ушалап турганы мына ошондон…
Ушул макаланы даярдап жатканда мен М. Женбековго карата сын-пикир айткан бардык макалалар менен таанышып чыктым, ошентип алардын төрт эле жерден таркалып жатканына көзүм жетти. Алардын биринчиси, алыскы Санкт-Петербург шаарынан жолдонгон интернет материалдар, экинчиси, шаардын өзүнүн финансы башкармалыгына караштуу тармактардан, үчүнчүсү, каржы полициясынан, акыркысы облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөзгө жакын бөлүмүнөн чыккан материалдар экен. Ошентип алар Максат Женбековго кандай кине коюп жатышат?
Кыргыздын айрым гезиттери жантыгынан жата калып басышып, байрактай булгалаган "фактылар" Россиядан Камбарова деген айым интернетке жарыялаган материалдар болуп жатат, анда М. Женбековдун чет жердеги кыргыздардын башын кошуп, бириктирип, алардын укуктарын коргоо багытындагы үч жылдык эмгеги бүт бойдон жокко чыгарылганы мындай турсун, түз эле оор кылмыш жасаган, криминалдык элементтер менен түздөн-түз байланышта деп айыпталат.
Буга карата биздин айтарыбыз, Санкт-Петербургда жасалган иш аракет, көпчүлүккө кылынган кызмат боюнча кандай дешсе, андай дешсин, анткени элге жасалган эмгек жерде калбайт, бирөөгө жакпаса - башкасына жагат, бирөө жамандаса, башкасы мактайт… Акыры чындык ордуна келет. Ал эми М. Женбековдун оор кылмыш жасаганын билгендери анык болсо, алар окурмандарды дүүлүктүрбөй, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылып, маселени кабыргасынан коюшу керек. Анткени кылмыш деген интернеттин, же гезиттин бетинде эмес, тергөөчүнүн кабинетинде тергелиши керек. А эгер ишти сотко чейин жеткире алышпаса, анда алардын кишинин бетине курулай көө жаап, жаманатты кылып жаткандары ошол…
Мына, интернетке чыккан Камбарованын билдирүүлөрүнө жооп иретинде Санкт-Петербургдагы "Биримдик-Единство" кыргыз диаспорасы даярдаган басылманын атайын чыгарылышы колубузда турат, анда М.Женбековдун ал жерде жасаган алгылыктуу иштери кеңири баяндалып, ага коюлуп жаткан айыптар толук четке кагылган жана Камбарованын мындай кадамга барышын алар Камбарова жетектеген, чет мамлекетте кыргыз маданиятын жайылтуу менен алектенген "Санкт-Петербургдагы кыргыз үйү" менен М.Женбековдун жасаган аракеттери атаандаш болуп калгандыгында, б. а. Камбарова "жемин жедирип" ийбейин деп корголоп жаткандыгында деп түшүндүрүшөт.
Андан кийинки, каржы башкармалыгы менен каржы полициясы тараптан чыккан деп болжолдонгон айыптоонун маңызы мындай, июндагы кандуу-булоон күндөрдө Жалал-Абад шаарына калыбына келтирүү иштерине жумшагыла деп Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү 10 млн. сом бериптир. Алдаяр Шүкүров деген бул жарык ааламда бар, же жок экени беймаалым, бирок Жалал-Абадда жок экени анык автордун пикири боюнча, "Өз бийлигинен чектен ашык пайдаланган Б. Асанов", 2010-жылдын 26-июнунда атайын буйрук чыгарып, ошол каражаттын 1 млн. сомун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, райондоруна жана Майлуу-Суу шаарына бөлүштүрүп берүүнү тапшырыптыр. Ал эми М. Женбеков аталган буйрукту аткарган. Ошол каражат беймаксат чыгымдалды деп кыйкырык салып турушкан кербези… Кудай урбадыбы, облустан буйрук чыкса, шаардын жетекчилиги аткарбай коюшу керек беле? Акылга сала келгенде, бул экономикалык эмес, саясий чечим болгону көрүнүп турат. Июнь айында өлкөдө, анын ичинен биздин облуста акыбал кандай эле? Улут аралык жаңжал, уруш, тоз-тополоң эмес беле. Ошондой шартта Жалал-Абадга акча алдык, калганың эмне болсоң, ошо бол деп коюш керек беле? Деги ошол акчаны берүүдөгү максат элди тынчтандырып, бузулганды оңдоп, бүлүнгөндү ордуна коюш беле, же башка да максат бар беле? Эгер максат ошондой болсо, анда ал каражат кандайча максатсыз чыгымдалган болот? Аныгына келгенде ал каражат элди тынчтыкка чакыруу максатына чыгымдалган. Эгер анчалык каражат сарптап, аракет кылбаганда коогалаң окуялардын арты мындан алда канча кесепеттүү, эл чарбабыз үчүн да чыгымдуу да болмок., канчалаган үйлөр, мамлекеттик мекемелер, имараттар өрттөлмөк. Чыгымы деле мейли деңизчи, бирок ошондо канчалаган адам өмүрлө-
рү да коркунучта турганын кантип унутабыз? Аны коюп, макала уюштурган билермандар, каражаттын М.Женбековдун же Б.Асановдун жеке пайдасына иштелип кеткен жерин таап беришсе, анда биз да жабыла ошолорду колдоп чыкмакпыз. Кашайып, андай факты жок болуп жатпайбы, ал эми мамлекеттин бир чөнтөгүнөн экинчи чөнтөгүнө түшкөн каражаттын максатсыздыгы ошончолук эле коркунучтуу эмес. Ошондон улам мындай макалаларды уюштуруп, жетекчилерди коомчулукка жаман көрсөтүүгө умтулуп жаткан адамдар мамлекетте жаңы бийлик орногонуна али толук ишене албагандар, өлкөдөгү туруктуулукту кандай жол менен болбосун бузууга умтулгандар, жеке мүдөөсү жана кызмат ордун сактап калуу үчүн иштеп жаткан жетекчилерди жаманатты кылып, уккан сынына теригип, өч алууну каалагандар экенин баамдоо кыйын эмес.
Ушул жерде облустук мамлекеттик администрациянын бардык бөлүмдөрү менен кызматкерлери кимдир бирөөлөргө жеке максатка пайдаланылуучу маалыматтарды таратуу, котур ташы барларды тымызын кошоктоп, колдоо менен эмес, облустун жалпы элинин тынчтыгын, жашоосунун туруктуулугун сактоо, мамлекеттик бийликтин саясатын элге түз жеткирүү менен алектениши керек экендигин эске сала кетүүгө туура келет. Анткени тымызын шыкактоочулар менен басма сөздү жеке керт башынын кызыкчылыгына пайдалануучулардын шамалы ошол жактан жортуп жатканы байкалып эле турат.
Эми, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына киришкенден кийин М.Женбеков кандайдыр бир иштерди аткардыбы, же кол куушуруп эле отурабы деген сыяктуу маселелердин айланасында ой тегеретип көрөлү. Жогоруда белгиленгендей, М. Женбеков апрель айынан кийин кызматка келди. Ошол арада Жалал-Абадда бийлик улам бир колго өтүп, К. Бакиевдин таламдаштары менен К. Батыровдун лашкерлери акыбалды атайылап курчутуп, эл ичинде туруксуздук, эртеңкиге карата үмүтсүздүк менен абдыроо өкүм сүрүп турду. Ага кошул-ташыл болуп сел каптап, бир нече үйлөр менен мекеме-уюмдардын имараттарын кыйратып, шаарга чоң эле бүлүк түшүрдү, аңгыча улуттар аралык жаңжал чыгып, өрт, талап-тоноолор каптады. Ошондой абалда мурда-кийин жетекчилик ишке аралашпаган, саясатта тажрыйбасыз М. Женбековдун жанында кимибиз турдук эле?
Андан кийин М. Женбеков улут аралык жаңжалды токтотуу, элди тынчтандыруу менен алек болуп жүрдү, башкасын кой, республиканын туш-тарабынан жардамга тартылган аскер күчтөрү менен тиешелүү адистерди жайгаштыруу, алардын жатаканасын, оокат-аш, азык-түлүгүн камдоо, иштегенге шарт түзүп берүү жеңил түйшүкпү? Ошол арада Өзбекстанга чейин барып Жалал-Абаддан качкан шаардык тургундардын ал-абалын сурап, акыбал турукташып калды, колдон келишинче тынчтыкты орнотуп жатабыз, кайра кайтып келгиле деп сүйлөшүп келүүгө үлгүрдү. Ошондогу анын аракетине Убактылуу Өкмөттүн республиканын түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, генерал И. Исаков ыраазылык билдиргени эмне, эсибизден чыгып кеттиби?
Эл ичи бир аз тынчыгандан
кийин референдум, анан шайлоо деген ири саясий өнөктүктөр башталды. Ага даярдык көрүү, болгондо да, бийликтен эч ким кийлигишпеген ачык, таза шайлоо өткөрүү - ар бир жетекчиден аз эмес түйшүктү жана убактыны талап кылары турган иш. Ошондой шартта шаардын ички турмушу, ал-акыбалы унутта калтырылган жок, алсак, улуттар аралык жаңжалдан жапа чеккендерди кышка карата турак-жай менен камсыз кылуу дээрлик аяктап калды, мамлекеттик жана менчик мекемелердин имараттарын калыбына келтирүү улантылып жатат. Токтогул сейил көчөсүнө гүлдөр тигилип, жаштар эс ала турган жай курулду. Бардык көчөлөрдө арыктардын бүтөлгөн жерлери ачылып, жамгыр жааса, сел каптабай тургандай акыбал түзүлүп жатат. Шаардагы №2, 4 каттам жөнөй турган жердеги автотыгын менен баш аламан соода жайлары жоюлуп, азыр адамдар беймарал басып калышты. Токтогул паркы бүт бойдон утурумдук ремонттон өткөрүлдү, таштанды жана акыр-чикир төккөн жерлер тартипке келтирилип, убагында ташылып чыгарыла баштады.
Шаарда улуттар аралык нааразылыкка себепчи болуп келе жаткан А. Навои паркынын аталышы боюнча саясий чечим чыгарылып, ага Жеңиш паркы деген ысым берилди жана бир айлык мөөнөт ичинде
шаардын ичиндеги бардык көрнөк-жарнактар, мекеме-ишканалардын аталыштары мамлекеттик тилде болсун деген талап коюлуп, аткарылып жатат. Мындай иштерди биз эмнеге көрбөйбүз?..
Жалал-Абад өзү чакан, калкынын саны ченемдүү шаар болгону менен түйшүгү жана көйгөйлөрү жагынан республикадагы эң оор аймак. Турак-жай, суу, жол, газ, тейлөө сыяктуу тармактардагы биздегидей кемчиликтер эч бир шаарда болбосо керек, ошонун баары шаар жетекчилиги үчүн түйшүк, ошонун баарын чечүү керек.
Биз М.Женбековду калкалап, актап туралы деген ниетте эмеспиз, кам сүт эмген пенде баласы болгондон кийин анын деле, жакшы-жаманы, ийгилиги менен кемчилиги сөзсүз бар. Анан калса, ал деле жетекчилик ишке эми аралашты, андыктан ага мүмкүнчүлүк берип, колдон келишинче жардамдашып, кол кабыш кылганыбыз оң болбойбу. Кемчилиги жок ким бар экен, болор-болбос бир нерсе таап алып эле, бүткүл республикага айгай сала бергенде болобу?
Самидин СТАМБЕКОВ,
Жалал-Абад шаары