26.11.10 Жаңы парламент ишке кирсе эле, "Манас" мыйзамынын долбоору сунушталат. Учурда бул боюнча программа иштелип жатат жана келерки жылдан тарта Кыргызстандын баш калаасы - Бишкек шаары эмес, Манас шаары болуп аталып калышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Топчубек Тургуналиевдин ушул жана башка билдирүүлөрү шейшембиде өткөн тегерек үстөлдүн баш сөзүндө айтылды.
Тегерек үстөл тарых музейинде, манасчылардын жана манас изилдөөчүлөрдүн, тарыхчылардын, акын-жазуучулардын, ЖОЖдордун ректорлорунун катышуусунда өттү. Өзөгүнө - келечекте "Манас" кино-эпопеясын түзүүдөгү маселелер талкуу түрүндө өтүп, бул боюнча канчалаган жаңы ойлор, сунуштар, талаптар жана каалоолор айтылды.

"Манас" дүйнөсү дүркүрөп калды..."

Топчубек Тургуналиевдин өтүнүчү менен сөздү окумуштуу Сулайман Кайыпов баштап, талкууга "жем" таштады. Ал азырынча "Манасты" өздөштүрүүнүн алгачкы кадамдары гана башталып жатканын, бул кадам дагы беш-он жылга созуларына токтолду. Ошондой эле С.Кайыпов биз билген, биз окуп келген варианттардын бардыгы (үчилтик) кагазга илимий негизде түшүрүлбөгөндүгүн белгиледи. Окумуштуунун айтымында, манасчы төгүлүп-чачылып айтып жатканда гана жазылып алынган эмгек илимий негизге туура келет. Ал эми улам бир сабын айттырып, диктовка жолу менен жазуу - көкүрөк-көңүлүндө чыгарма быкпырдай кайнап турган манасчыны кыйноо менен гана барабар жана андай кездерде чыгарма табигыйлыгынан бир аз тайып калышы чындык. Буга мисал катары С.Кайыпов: "Саякбайдын вариантында кайталоолор көп", - деген айрымдардын дооматтарына токтолду. "Ал кайталоо, чынында Саякбайдыкы эмес, ошол жазып алган кишинин катачылыгы", - деди окумуштуу.
Окумуштуу мындан сырткары: "Мен Манасты буга чейин айтып, жазып бүтүрүп койгом. Болду, эми чекит коюлуш керек", - деген пикирдин туура эмес экенине токтолду. Анын пикиринде, "Манаска" кайрылууга чек болууга мүмкүн эмес. Мейли, сүрөтчү болобу, мейли жазуучу болобу, мейли скульптор болобу, балким эстрадага салып ырдайм деген ырчы болобу, мунун бардыгын тең биз манасчылар катары кабылдашыбыз керек.
- Мына, эми кино тартабыз деп жатабыз. Бирок, биз булар аркылуу улуу Манастын беделине шек келтирип албашыбыз керек. Ал үчүн Манасты бардык жагынан изилдеп, үйрөнүп, анын улуу рухун чагылдыра алгыдай болушубуз керек. Анткени, кино аркылуу "Манас деген ушундай эле бирөө турбайбы" деген ой, түшүнүк жаралбоого тийиш. Биз анда бир айда тартып бүтөбүзбү, бир жылда тартып бүтөбүзбү, ошол жасаган ишибиз менен бир кылымда да оңдой алгыс каталык кетиребиз. Башкача айтканда "тирүү" Манасыбызды таптакыр "өлтүрүп" алганга тете болобуз," - дейт окумуштуу.
???

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги Абдылдажан Акматалиев советтик доордо "Манасты" толук жарыялоого мүмкүн болбой келгендигин, андан кийин да бир топ убакытка чейин "Манас" эпосун эмес, коомчулук "Манас" аттуу тамеки, ичимдик чыгарууну өнөр кылып келгенин айтты. Соңку убактарда "Турар" басмасынан эпостун жарык көргөнүн, муну коомчулуктун абдан жакшы кабыл алгандыгын, ошентсе да китептин жалпы элдин колуна жетпей жаткандыгын айтты. Ошондой эле А.Акмата-
лиев Манасты билбеген балдар үчүн улуу
муундардын күнөөлүү экендигине токтолду. "Эми тарыхты жана Манасты таанытууда жаштарды зордук-зомбулук менен эмес, кандайдыр башка жолдор менен ээрчитүү керек", - деди ал.
Анын айтымында, кино тартуу багытында "Манас" аэропорту, "Манас" банкы сыяктуу айкөлдүн атын алып жүргөн ири мекемелердин жардамына таянуу керек.
А.Акматалиев мындан сырткары: "Кыргыз тили - Манастын тили" деп келебиз. Андай болсо, 23-сентябрды "Мамлекеттик тил күнү" дебей, "Манас күнү" атаганыбыз акылга сыярлык иш болот эле," - деген сунуш киргизди жана жалпы эле манасчылардын айлык
маяналарын көбөйтүү керек деген пикирин айтты. Котормочулук багытка да токтолуп: "Чет элдиктер которуп койсо, кубанып калып жатабыз. Бирок ал кандай которуп жатат, билип жатабызбы? Анын ичинде башка нерселер да кирип кетпешине ким кепил боло алат? Ошондон көрө, азыр өзүбүздүн билимдүү, тил билген балдарыбыз бар. Ошолорго котортуу жагын карашыбыз керек", - дейт А.Акматалиев.
???
С
үрөтчү Жоомарт Кадыралиев ар бир
кыргыз баласында Манастын духу бар экендигин, ошондуктан эки революция жасалгандыгына токтолду.
- Бирок, үчүнчү жолку революция болбош керек, анын ордуна эволюция болуусун тилек кылалы, - деген сүрөтчү жыйырма жылдан бери элдин жакшы эле чакчелекей болгондугун айтып, эгерде шаарыбызды Манас атасак, элдин багы ачылат эле деген пикирин билдирди.
Сүрөтчү "Манасты" иликтеп, изилдөө ишинде ар бир сөзгө өзгөчө маани берүү керек экенин, анткени анда көптөгөн касиет, космикалык сыр жатканын эскертти.
- Мисалы, эпостогу: "Айың менен Күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй, Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй" деген саптарында эмне жатат? Демек, Манастын денесинде, деминде Ай менен Күндүн, Асман менен Жердин ортосунан бүткөн кандайдыр энергия бар. Бул сөз тек жеринен айтылган жок. Муну сөзсүз иликтеп, изилдеп, таануу керек, - деди сүрөтчү.
???

Жазуучулар союзунун төрагасы Абдрахман Алымбаев: "Манасты" кино кылып тарта баштасак, анын кайсыл доорго таандык экенин билүү маселеси келип чыгат. Биз ал доорду табышыбыз керек. Бул өтө
маанилүү, анткени анда бир эле адамдын жашап өткөндүгү тууралуу эмес, бүтүндөй бир элдин тарыхый жолу жатат. Мисалы, "Манас" китебин ачып окуй баштаганда биз бир эле адамды эмес, бүтүндөй кыргыз жөнүндө окуп жаткандыгыбызды билишибиз керек", - деп илимпоздорго конкурс жарыялоо сунушун билдирди. Анда алар Манас доорун изилдеп, иликтеп чыгышы керек. Ошондой эле режиссёр дагы сөзсүз Манасты жана кыргыздын тарыхын билиши керек.
Мындан сырткары, А.Алымбаевдин айтымында, "Манасты" көп сериялуу кылбаш керек деген туура эмес. Анткени, чыгарманын салмагы эле көп серия тартууга мажбур кылышы мүмкүн.
Ошону менен бирге эле, төрага манасчылар менен пайгамбарлардын ортосундагы окшоштукту кошо иликтөө керек экендигине токтолду. Анткени, пайгамбар дагы Кудайдан аян келгичекти жөн гана акылдуу, билимдүү, таланттуу адам, философ катары жашап жүрө бериши мүмкүн. Манасчы дагы аян - белги болмоюнча өзүн манасчы катары эсептебейт. Андай таланттардын катарына Жеңижокту алса болот. Ал дагы канчалык күпүлдөтүп эпос айтып жүргөнү менен, эч качан өзүн манасчы деп эсептеген эмес. Муну ал өзүнөн эч кандай белги болбогондугу менен түшүндүргөн.
???
М
анасчы Сапарбек Касмамбетов бүгүн
ал үчүн укмуштуудай керемет күн болуп жаткандыгын жана чет жакада жүрүп: "Манас дүйнөсү дүркүрөп калды", - деген кулак кубантарлык кептерди угуп, кубанып келгендигин баса белгиледи. Кыргыздын бактысына келип жаткан ушул учурду, ушул кутту кармап калууга, ынтымактуу болууга чакырды. Ошондой эле Сапарбек манасчы, элдин бактысына азыр саясий абал да турукташып, элге жакшылык келе баштаганын айтып, буга жакшылыктын, ынтымактын, тынчтыктын жана мээримдүүлүктүн туткасы болгон аял-эненин ролу зор экенине токтолуп, Президент Роза Отунбаеванын ак жолтой башкаруучу болуп жатканын, аны ар тараптуу колдоого алышыбыз керек экенин айтты.
????


Талкууга муфтий Чубак ажы Жалилов катышып, эпостогу:
"Колун сууга салды дейт,
Кол дааратын алды дейт,
Бутун сууга салды дейт,
Бут дааратын алды дейт", - деген сапты мисал кылып, чыгармада исламга таандык сөздөрдүн, окуялардын көп кездешерине токтолду. Бирок, Манаска Кудай катары мамиле жасоо, ага сыйынуу туура эмес экендигин айтты. "Сыйынуу" менен "сыйлоонун" айырмасын билбей калып жатканыбыз тууралуу сөз кылды.
???

Эл үчүн жашап өткөн, элге кадыры сиң-
ген адамдарга көлдүктөр "аке" деген ыйык наам ыйгарышкан. Мисалы, Кыдыр аке, Садыр аке ж.б. сыяктуу. Ушул эле ыйык, элдик улуу наамды эл жакында Ташкул Керексизовго да ыйгарган. Кыргыз тарыхында дагы бир акенин пайда болушу бекер жеринен эмес. Бул тууралуу Т.Тургуналиев маалымат кылып, сөздү Ташкул акеге узатты.
Ташкул аке алакандай өлкөнүн түндүк, түштүккө бөлүнүшү акылга сыйбагандык экендигин, илгери кыргыздар чоң-чоң урууларга гана бөлүнгөндүгүн айтты.
- Ал эми бүгүнкү шартта, ушул доордо Кыргызстанда бир гана уруу - Кыргыз деген гана уруу болушу керек! Бүтүндөй жер шары да бизди ушундай таанышы керек!
Ташкул акенин ушул сөзүнө залда отургандар дүркүрөтө алакан чаап жиберишти. Андан соң ал Топчубек Тургуналиевдин кино тартуу демилгесине колунан келишинче жардам көрсөтөөрүн айтты. Ошондой эле маселенин баары акчада, же кинону ким тартаары жөнүндө болбош керек. Кеп - биз бул ишти канчалык дең-
гээлде татыктуу, дүйнө элин таң калдыра тургандай кылып аткара аларыбызда экенин баса белгиледи. Мындан сырткары, кыргыздын маданиятына, улуулугуна дүйнө эли тан бере тургандыгын айтып:
- Аалам-Ордону курууда канчалаган, миллиондогон каражат кетти. Бирок, мен аны өз акчама салган жокмун. Анткени, мен эч качан бизнес жасап, акча чогулткан адам эмесмин. Бирок, ошол эле убакта, Аалам-Ордону курууга салым кошкон кыргыздардын атын ташка чектирип, ошол жерге түбөлүккө калтырып коёюн десем, эч ким жок. Анда, каражат кайдан келди? Жалаң чет элдиктерден келди. Ошонун баары кыргыздын чайын ичкен, беш бармагын жеген, кыргыздын боз үйүндө отурган, "Манасынан" кабардар болгондор. "Мен ушул жашка чейин бекер жашаган эмес экемин, демек, Кудай бар экен, момундай - кыргыз деген касиеттүү эл бар экен. Колумдан келишинче жардам берейин. Сага эмне керек? Акчабы? Вагон-вагон курулуш материалыбы?!" - деп туруп жан-дилдери менен жардамдарын беришти. Топчубек аке, муну айтып жатканым, сиздин кино тартуу демилгеңиз да жерде калбайт. Ал эми жалпы элге айтаарым, бири-бирибизди сындырбайлы, бири-бирибизди кыстабайлы, аңдып-күтпөйлү, бул маселе тууралуу ар ким өз оюн айтсын. Акыры, маалы келгенде, иштин көзү өзү эле табылат, - деген Ташкул аке кыргыздын канында, жүрөгүндө Манастын руху айланып тургандыгына токтолуп: "7-апрелде эл революцияда кандай эрдик көрсөтүштү? Алар муну акыл-эс менен жасашкан жок. Мунун бардыгы жүрөк аркылуу өттү. Революцияны демек, кандайдыр кызыкчылык үчүн, акыл-эс аркылуу эмес, жүрөк аркылуу жасашты. Ал эми жүрөк аркылуу кан тынымсыз айланып турат. Мекенчилдик, баатырдык, улуулук кыргыздын канында бар", - деп, эмки жылы ата-бабадан келаткан салтты улай, эл үчүн жүрөктөрүн курмандыкка чалган уулдардын ашын өткөрүү жөнүндө сөз кылып, бул иш-чараны балким Аалам-Ордодо өткөрүү керек деген оюн айтты. Андан сырткары залда отурган жана жалпы эле жаштарга кайрылып:
- Азыр эле окумуштуулар Манастын доорун изилдөө керек деген чоң маселени көтөрүп жатышат. Бул туура. Мен ушул жерден жаштарга кайрылаар элем. Мына, мен азыр алтымыштан өтүп, жетимишке таяп баратам. Андыктан, келечек - силердики. Биз силерге ишенели! - деп жаштарды терең билимдүү болууга, кыргыздын улуу касиеттерин изилдеп, иликтеп, аны улантууга, элдин биримдигин сактоого жана улуу муундар айтып, аткарып жетишпей калган иштерди колдон-буттан алып кетүүгө чакырды.
????
КУУнун окутуучусу Жылдыз Орозобекова университетте "Манасты" окутуу колго алынгандыгын, бирок мамлекет тарабынан жардам керек экендигине токтолду.
Дегинкиси, талкууга чекит коюлган жок жана бул ар дайым жашап, уланып туруучу тема экендиги айтылды.

Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"