26.11.10 Жаштыктын карылыгы 50 жашта,
Жакшылык, өмүр берсин алтын башка
Сталинди көргөн бала
(Юрий Кузнецовдон)
Вокзалга жол турат түптүз сайылып,
Куштар сайрап кубулжутуп туш жагын.
Атасы анын медалдарын тагынып:
- Жүр, көрөбүз. Өтөт, - деди, - Сталин.

Кыла-ак эте түштү Сталин, о, мына,
Кыйгач тиктеп, болор-болбос
жылмайган.
Канжа кармап багыт берчү колуна,
Калып жатты түтүндөрү кыйрайган.

Келгенде үйгө - атасы, эмне, көйрөңдүр,
Кемер менен сабады уулун курутуп:
- Уруп жатам Сталинди көргөн бул
Улуу күндү калбаса деп унутуп.
Жаны ачышып, жан соогалап чаңырды,
Апасы да эл чакырып жардамга.
Бир кошуна баланы аяп - жалынды,
Ушак сөздү таратты анан ар кайда...

Түндүккө айдап кетти атасын, катыгүн,
Түк сөз айтпайт баласы аны эскерип.
Бүт унутту - атасын да акыры...
А Сталин тирүү дайым - сес берип...

Кожогелди КУЛТЕГИН, Алыкул Осмонов
атындагы сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер


Чыңгыз Айтматов өлгөндөн кийин кыргыздардын
баарысы эле опокшош болуп жатып калса болобу...
???
Өлкөнү кадр менен камсыздоо - боз үйдүн түндүгүн ууктар менен карматкандай кеп. Ууктар бир эле тараптан сайыла берсе - түндүк токтобойт. Бардык жагынан сайылса гана түндүк катуу кармалат...


Акын жөнүндөгү айрым пикирлер

Кожогелди Култегиндин ыр китептеринин бардыгын окуп көрсөңөр, анын алгачкы кадамынан баштап эле башкаларга окшобоого, өз алдынчалыкка тынымсыз умтулгандыгын байкайсыңар. Ошонун натыйжасында көп табылга, көп олжолорго ээ болгону биз сөз кылып олтурган "Бал ууртам" китебинен да көрүнүп турат. Бул ыр китеби менен окурмандардын алдына чыныгы жаңычыл, изденгич, ар бир жаңы сөз, жаңы табылга үчүн күрөшкөн чебер акын катары көрүнө алган.
Сооронбай Жусуев,
Кыргызстандын Баатыры. "Кыргыз Туусу" гезити. 21. 04. 2004.

К
ожогелдиге айтаарым, сен көөдөнүңө кыргыздын уланкайыр көркөм дөөлөтүн, суу-
луу табигатын кондурган жайсаң акынсың. Мен бир нерсеңе өзгөчө ыраазымын - сен эч убакта өнөрдөн, чыгармачылыктан эч кимди кызганбайт экенсиң. Бул өтө жакшы касиет. Менин бир ырым бар эле: "Өз күчүнө ишенгендер - күнүлөбөйт өзгөнү!" - деген. Ошентип, Кожогелди, сен аркылуу кыргыз поэзиясына жаңы бир каухар булак келип кошулган. Ылайым ошол булакты Теңирим жалгасын!


Мухтар Шаханов,
Казакстандын калк акыны, Кыргызстандын эл акыны. 1995-жыл. 18-март. КТР.

К
ожогелди ой-туюму терең, сезимтал, кереметтүү сөздөн көркөм дүйнө курган, сый-
кыр күчкө ээ акын. "Боордош элге боор толгоо" аттуу ырында армян элинин тагдырындагы улуу зилзаланын азабын чагылдырган саптар жүрөккө бычак ургандай өзгөчө бир оор таасир калтырат.


Аскар Какеев,
академик. "Кыргыз Туусу" гезити. 26.03. 1995.


Кожогелди акыркы учурдагы эң көзгө көрүнүктүү, көп дүбүрттүн ичинен суурулуп
чыккан, устат катары менин чоң үмүтүмдү аркалаган акын. Анын Москвадан окуп келиши да жөн эмес. Даярдыгы күчтүү. Ал өзү ыр жазбаса жашай албагандардан. Ошонусу менен мени сыймыктандырат.


Анатай Өмүрканов,
Кыргыз эл акыны. "Кыргыз Туусу" гезити. 12. 11. 1997.


Шыпыргыөмүр" поэмасы кыргыз поэзиясындагы жаңылык. Кыргыздын бүгүнкү
турмушун, көйгөйүн, коомдун, доордун жүзүн чагылдырат. Шыпыргынын ыргагы акырындан күчөп отуруп, өзүнчө поюзга айланып кеткендей окуган окурман да анын вагонунча артынан калбай жүрүп олтурат. Сулп бойдон ыргыткан, каршы-терши түшкөн жаңы табылгалар өзүнчө изилдөөгө татыктуу. Эскирген, мурда пайдаланылган "мате-
риалдарды" микроскоп менен издесең да таппайсың.
Карбалас Бакиров, акын. "Жүрөк конуш" китебинин баш сөзүнөн.

Адамдын күчүн кара! Элдешкис эки душманды (жубайы менен "беркинисин") бир жүрөктө жашатып - бирдей сүйүп!