26.11.10
 ?Кулак кагыш

Өксүк балдар өз үй, өлөң төшөккө муктаж
"Алтын табылса, түйөөргө түйүнчөк табылбайт" дегендей, жакында ачылган Кемин районундагы өксүк балдарды реабилитациялоо борборунун директору, "Атаян" коомдук бирикмесинин төрайымы Барчын Токторбаева, жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрү жана аталган борборго демөөрчүлүк миссияны аркалоону көздөгөн "Хьюмен Эппиэл Интернейшнл" кайрымдуулук коомунун Бишкек филиалынын директору Хасан Наджим мырза болуп, убактылуу борбор жайгашкан имаратты кыдырып көрүп чыгышты. Тилекке каршы, Кемин райадминистрациясы тарабынан ижарага берилген бул имаратка демөөрчүнүн көңүлү толбой калды.


Себеби, борбор жайгашкан бул имарат мурда заводдун типтүү салынган балдар бакчасы болсо, анын бир канаты кары-картаңдарга берилген. Ал эми анын экинчи канатынын биринчи кабаты аталган борборго берилип, экинчи кабатында
райондук балдардын искусство мектеби иштеп жаткан экен. Борбордун директору Барчын Токторбаеванын айтымында ал 18-20 балага гана эсептелинген менен балдардын окуусуна, жа-
шоосуна толук шарт түзүлө электигине байланыштуу азырынча борбор жашоосун уланта элек. Борборго бөлүнгөн имараттын өзгөчө ашканасы начар абалда. Ошондуктан бул имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн чоң суммадагы каражат талап кылынат. Хасан Наджимдин ою боюнча алар 50-60тай баланы каржылоону болжош-конун, капиталдык оңдоолорду аткарып, бардык шарттарды түзүүгө кайыл экендигин, бирок, бул имарат 5 жылга гана ижарага алынгандыктан, кайра имарат издөө иштин чыныгы кызыкчылыгына туура келбестигин билдирди. Ошон үчүн жасаганга жараша туруктуу имарат табылса, ошондо иш баштаса болорун ачыктады. Кеп жергиликтүү бийликтердин чечиминде калды.
Ушундай кыйынчылыктарга карабастан Б.Токторбаеванын жеке демилгеси менен имаратты оңдоо үчүн жана ага керектүү эмеректерди алуу үчүн "Хьюмен Эппиэл Интернейшнл" кайрымдуулук коому аркылуу Сауд Арабиясынан инвесторлорду тартуу аракеттерин жүргүзүп келет. Шайлоонун алдында тоодой убадаларды берген партияларга, анын ичинен КСДПга балдар жата турган эмеректерди алып берүү өтүнүчү менен кайрылган каты азырынча жоопсуз калууда. Аракет кылганга берекет табылат деген сыңары, америкалык "Сострадание" кайрымдуулук коому тарабынан өксүк балдар үчүн гуманитардык жардам алынды. Кемин аймагы боюнча жаңы ачылып жаткан өксүк балдарды реаблитациялоо борбору бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликтегилерден баштап, өксүк балдарга тиешелүү республикалык дең-
гээлдеги мекемелерден, жеке ишкерлерден, жаңы шайланган депутаттардан жана партиялардан колдоону, жардамдарды күтүүдө.
Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
сүрөтү автордуку