26.11.10 Султан системасы сунуш кылат
Жогорку Кеңешке депутаттарга тест
(окуган атуул өз ичинен купуя өзүн текшерип көрсө болот)
1. Мамлекет үчүн, эл үчүн баарын кылууга даяр экендигиңизди сезесизби?
2. Чындыгында өлкө элин тегиз, бирдей көрө аласызбы?
3. Чындыгында сиздин программа экономикалык кризистен, менталдык кризистен, адеп-ахлак кризистен алып чыга алабы?
4. Жакшы, улуу идеялар менен элди камсыз кыла аласызбы?
5. Максатыңыз - кыйналып турган элге жардам берүүбү?
6. Кризистен алып чыкканга мүмкүнчүлүгүңүз барбы?
7. Өз милдетиңизди аткарууну чын ниеттен аткара аласызбы?
8. Бийликке жеткенде башка оң-сол кадамдарга баспастан эл алдындагы милдетиңизди так аткара аласызбы?
9. Чындыгында өз милдетиңизди ак ниет менен аткарууда акыркы дем алууга чейин туруштук бере аласызбы?
Ар бир суроого "ооба" же "жок" деп гана жооп берүүңүз керек. Эсептөөдө "ооба" деген гана жооп эсептелинет. Жооп берүүдөгү "ооба" деген жооптордун саны:
9 болсо - кийинки ишмердүүлүгүңүз натыйжалуу,
8 болсо - орто деңгээлде каласыз,
7 болсо - ойлонуп көрүңүз,
6 болсо - кызмат ордуңуздан баш тартып өзүңүздүн үстүңүздөн эмгектениңиз.
Султан,
Бишкек шаары




Тазалануу -заман зарылдыгы!
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу калайык журт! Сасыткыга айланган саясий кырдаалдан чыгыш үчүн ар бийликтин тушунда илээшип, калктын денесиндеги мите курттарга айланган мансапкор алдым-жуттумдардан арылыш жолу, бул люстрация-тазалануу мыйзамын кабыл алышыбыз зарыл. Ошол мыйзамдын негизинде Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын тушунда иштешкен жана ар кандай амалдуу жолдор менен бийлик бутактарынан түшпөгөн, коррупцияга малынган мите курттардан арылабыз.
Башкы шайлоо комитетинин колдоосу менен расмий түрдө атайын люстрация-тазалануу мыйзамын референдум жолу менен кабыл алуу боюнча демилгелүү топ түзүлүп, ишин баштады. Бул топко кандуу апрелде курман болгон жана жаракат алып майып болгондордун "Мекен шейиттери" жана "Ала-Тоо-Айкөл" коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү, ошондой эле мекенчил атуулдар киришти. Биздин максат - 2011-жылдын 3-февралына чейин 350 миң элдин колун топтоо.
Андыктан, кадырлуу калайык калк! Ушул тагдыр чеччү саясий ак-цияны бардык жагынан колдоп коюуңарды өтүнөбүз! Биздин Демилгелүү топ элүү адамдан турат. Ар бирибиз өлкөбүздүн келечегин ойлонушубуз керек.
Демилгелүү топ





Алпейил кыргыз элим!
Абайла элим, абайла
Ажолор окшош табайла
Алар кетти калтырып
Аңкоолорго куйругун
Азгырып шумдук заманда.
Алар болду кескелдирик
Алаксыткан балдарды.
Акырын таштап куйругун
Артында элди алдады.
Артынан кууп жете албаган
Алар алыс кеткенсип
Араандай оозу ачылып
Артынан тиктеп балакайдан
Аталар сурайт канакейлеп
Алар АЖОЛОР кетишкен
Атайылап кескелдирик болушуп
Акырын таштап куйруктарын
Алаксытып баладай ишенген
Алпейил кыргыз элин!
Таштанбүбү
Ибираимова




Атагың ааламга кетти даңкталып
Кыргыз Республикасынын көркөм академиясынын президенти,
Кыргыз эл Баатыры, академик Тургунбай Садыковго


Атагың ааламга кетти даңкталып,
Эмгегиң тарыхта калды, сакталып.
Пайда болду Тургунбайдын мектеби,
Кылымдарга жашай турган калыптанып.
Бирдиктүү окуу система түзүп,
Сүрөттөө искусствосу
Бүгүнкү күндүн долбооруна түшүп,
Башталгыч мектептен академияга чейин,
Кыргыз балдары өмүрүндө көрбөгөн,
Өзүңдүн атыңдагы академияны бүтүп.
Жаратылышынан берилген талант,
Биздин өлкөдө, кошуна мамлекеттерде
Теңдеши жок, Тукеме Жараткан
берген учкул канат.

Арнадың эмгегиңди "Жаш койчуга",
Ак куудай жайлоо көркү, маш болчуга,
Мал киндиктүү жериңдин баасын билип,
Бала кезден баамдадың баш болчуга.
Маскөөдөн алдың билимди,
Тереңдетип илимди.
Устатың болду Коненков,
Таанытып, дүйнөгө сенин кимиңди!

Скульптураларың Люксембургда,
Андан ары барган жери -
Америка, Улуу Кытай,
Кыргызда болгон эмес мурда мындай.
Манасчыларың таң калтырып ааламды,
Чикагодо эмгектериң бааланды!

Менин өмүрүмдө эң кымбат,
Төрүмдөгү чоң урмат!
Апамдын жаркын элеси,
Илинип турат бир сымбат.
Бул, баасы жок портрет!
"Эненин сүйүүсү" чындап,
Кыргыздын ар бир үйүндө,
"Таланттын сүйүүсүн" кынап.

"Эл куту" болду эмгегиң,
Элиңе белек бергениң.
Залкарлар турду бийикте,
Жаштарга өрнөк келкели.

Элиң, өкмөтүң, мамлекетиң,
Эмгегиңди адилет баалады.
Өнөрдүн чокусуна жеткен уулуна,
Түбөлүктүүлүктү каалады!

Турду ЖЫРГАЛБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын
маданиятына
эмгек сиңирген ишмер






Борборубуз
Манас атын алса
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И. Отунбаевага
Талас облусунун калайык калкынан Кайрылуу
Теңирге шүгүрчүлүк. Уюткулуу калкыбыз жакшы жышаанга дуушарланып баратышы сезилип турат. Калыстык менен Конституциябызды бекиткен реформабыз, ачык-даана өткөн парламенттик шайлоолорубуз буга күбө. Үй-бүлөлүк бийликти кулатуу менен түзүлгөн убактылуу өкмөт акыл-эстүүлүк менен калкына баш-көз болуп, стабилдүүлүктү сактоодо зор иш жасаганы тарыхта калчу окуя.


Айрым журт бузарлардын түштүктөгү уюштурган тополоңун басууда да акыл өлчөөр иштер арбын. Мүмкүн бул Теңирден түшкөн жышаандыр же чыны менен Манас атабыздын кыргыз калкын колдоого алган сыйкырдуу дүйнөсүдүр. Бекеринен кырк жигит Алтайга барышып, Саян тоолорунун бийиктигине чыгып, Манас ата төрөлгөн ыйык жердин бир ууч топурагын анын күмбөзү турган жайына алып келбеген чыгаар. Же, оор кезеңде колдорунда куралдары жок, Манас ата урпактары мурдагы бийликтин "мергенчилеринин" аткан окторунан коркпой тикеден-тике кармашка чыкпагандыр.
Ушундан улам Манас атанын касиети кыргыздарды шердентти деп айтууга акылуубуз. Ылайым биримдик болуп, ыйман уялап, ынтымак жылоолоп, тынчтыктын төрүндө торгой уялап, Манас атадан калган байрак бийикте желбирей берсе деген үмүт.
Жер шарындагы жашаган ар бир мамлекеттин кулакка бийиктен жаңырган шаар аталыштары бар. Алар бир жагынан ыйык да, сүрдүү да, ынанымдуу да: Вашингтон, Лондон, Москва, Париж, Дели, д.у.с. Бул аталыштар кылымдар бою ошол калкты даңазалап, мамлекетин ободон көрсөтүп турат.
Андай болгондо эмне үчүн кыргыз мамлекетинин борбору Манас шаары делинбесин. Албетте Бишкек баатыр Манас атанын урпагы, кадырлайбыз, урмат тутабыз. Баатырга Чүй облусунун атын же чоң шаардын бир проспектисин ыйгаруу оң болбойбу. Бул туурасында "Кыргыз Руху", "Кыргыз Туусу" гезиттеринде, Кыргыз эл Баатырлары, эл акындары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, кыргыз элине таанымал коомдук ишмер Качкын Нускаев баш болгон көптөгөн аксакалдардын кайрылуулары жарыяланган эле. Ал эмне үчүндүр
жоопсуз болуп, изи сууп калды.
Биз, урматтуу Роза Исаковна, Манас жөнүндөгү эпос туурасында ЮНЕСКО тарабынан жалаң эле кытайлык кыргыздарга гана тиешелүүдөй кабыл алынган токтомуна, эгерде кыргыз мамлекетинин борбору Манас деген ат берилсе, бирден-бир даана жооп болгону турат. Экинчиден, дүйнө эли Манас атаны чыныгы кыргыз деп билип, биздин калкты дүйнө эли терең урматтоого алаары шексиз. Ал эми Манас шаары деп аталыш урпактан-урпактарга калчу зор таберик. Көөнөргүс кенч. Кыргыз элинин түбөлүктүү символу болуп калаарында күмөн жок.
Жаңы бийлик, жаңы шайланган парламент акыл калчап, калыс чечимге келээрине калайык-калк ак дилден асыл кеңештерин кошооруна ишенебиз.