Кыргыз гезиттери



"Оң", "сол" деп элди бөлбөгүн,
Манасты кайра көмбөгүн!

Аркалыктар сүрүлүп түштүккө келип, ичкиликтер андан ары кеткенден кийин XV кылымдын аягында XVI кылымдын башталышында оң канат, сол канат түшүнүктөрү пайда боло баштаган XVI кылымда Муххамед кыргыздын бийлигинин бекемделиши менен кыргыз мамлекеттиги кайра курула баштаган. ("Кыргыз Туусу", 8-10 апрель, 2003-жыл.)
Жогоруда өзүңүздөр күбө болгондой, тарыхый далилдөөлөрдөн кескин айырмаланып илимге негизделген тарыхый иликтөөлөрдө уруучулуктун оң, сол, ичкилик бирик-мелери саясий-коомдук, аскердик зарылчылыктын негизинде түзүлгөн деп аныкталса уруу түзүмдөрүнүн пайда болушунун, жаралышынын маани-маңызы дээрлик бардык санжыра-уламыштарда ОҢ, СОЛ уруулары бир тууган (кандаш) болуп, ал эми ичкилик уруулары тышкары жактан кошулган деген божомолдор менен түшүндүрүүлөрүн баамдап отурабыз. Сын көз менен салыштырып бааласак,алардын бардык божомолдору (версиялары) карама-каршылыктуу, чаташтырылып гана тим эле болбостон күлкүлүү, андан ары тантык мааниге өтүп кеткендигин өкүнүү менен белгилейм.
Чу дегенде эле Акуул (оң) менен Кувуулдун (сол) атасынын ким болгондугун аныктоого мүмкүн болбой, бир санжырада Долон бий, экинчисинде Сатыке, дагы бирөөндө Калпак бий, андан ары Сары бий, Үмүт бий, Чамас ж.б. болуп уланып кете берет. Санжыралардын көпчүлүккө белгилүүсү (көбүрөөк айтылганы) бул Долон бий балалуу болбой жүрүп, анын аялы эгиз уул төрөп, оң бөйрөк тараптан төрөлгөндөгүсү "оң" аталсын, сол бөйрөк тараптагысы "сол" аталсын дегени күлкүлүү эмеспи. Оо, шумдугуң кур! Долон бийдин аялына чейин миңдеген жылдарда жашап келген кыргыздардын (уруу башчыларынын) аялдарынын эч кимиси эгиз төрөгөн эмеспи? Эгерде Долон бийдин аялы уул менен кыз, же эки кыз төрөсө оң, сол уруулук аталыш болбой, кандай болмок экенбиз? Акыл-сезими ордунда болгон эне (кайсы улутта болбосун) бир бүтүн уядан жаралган балдарын оң, сол деп атоого эч качан ниет кылбас эле.
Уруучулук түзүмдөрдүн башка санжыралык маанилери деле оңдуу ишенимди жаратпайт. Оң эмчекти, сол эмчекти эмген; атасынын оң тизесинде, сол тизесинде отурган; энчиленген малды оң жакка, сол жакка бөлүп кетишкен ж.б. Уруулардын атадан атага уланган санжырасын иликтей келсең бир өңчөй эле бийдин баласы бий болуп, (Кылмый бий, Шапур бий, Темиш бий, Астан бий, Атан бий ж.б.) уланып кете берет. Бүтүндөй түмөндөгөн эл жалаң бийден турабы??? Эгерде андай болсо, аны элдик санжыра эмес, бийлердин тукумдарынын таблицасы дегенибиз туура го! Мына ушундай жупуну, тайкы, ишенимсиз маанидеги санжыра- уламыштык түшүнүктөрдү негиз кылып алышып, кыргыз эли оң, сол жана ичкилик уруу түзүмдөрүнөн (үч канаттан) турат деген ой-пикирди - Д.Сарыгулов баштаган "үч канатчылдардын" таңуулаган ой-пикирин адепсиздик, түркөйлүк деп эсептейм.
Уруучулукту козгоп, аны күчөтүүнүн себептери "үч канатчылдар" тарабынан чындыкка такыр коошпогон, бурмаланган түшүнүктөр менен түшүндүрүлөт. "Кыргыз Туусунун" 2010-жылдын 22-январындагы санындагы уруучулук маселесин көтөрүүнүн кандай зарылдыгы болууда? деген суроосуна "Эгерде жашоонун бардыгы майкөл, сүткөл болуп, жашоо-турмуш түз эле уланып, экономикабыз өнүккөн кырдаал түзүлсө бул көтөрүлмөк эмес" деген маанидеги К.Кошалиевдин бул жообуна ал өзү жана анын санаалаштары эле ишенбесе, башкаларга эч кандай ишеним жаратпайт деген ойдомун ("Өнүкпөгөн экономика, төмөнкү жашоо-тиричилик болгондуктан уруучулук көтөрүлүп жатат", - деген анын бул ой-пикирин БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мунга жиберилсе, дүйнөнүн 1,5 миллиарддан ашык калкы балким жакырчылыктан кутулуп жүрүшпөсүн).
Андан ары сөзүн улап, К.Кошалиев "биз ар түрдүү жолдор менен бөлүнүп, бытырап бараткан кыргыздарды улут катары, биринчи өзүн бириктирип, анан ошол кыргыздын тегерегинде Кыргызстандагы элди бириктирүүнүн жолун издөөдөбүз. Бүгүнкү күндө бөлүнүүлөргө, түндүк-түштүк жана башкаларга чек коюуда уруучулук мааниси оң роль ойнойт . Экинчиден, коррупция, кылмыштуулук, кадрдык саясаттагы баш аламандыкты бул система (уруучулук) менен ооздуктаса болот" деп турмуш чындыгына такыр ылайык келбеген кыялданган пикирин сунуштайт.
Баракелде! Анын ушундай "улуу ачылыштагы" ой-пикири менен эле уруучулукту күчтөндүрүү аркылуу бөлүнүп, бытырап бараткан кыргызды бириктирип, бөлүнүүлөргө чек коюп, коррупция, кылмыштуулукту ооздуктай алат экенбиз! Анда мыйзамдуулук, катуу тартип, таза жана адилет башкарууга байланышкан иш-аракеттерди музейге өткөрүп салып, уруучулукту күчөтүүгө бардыгыбыз жапырт аттануубуз керек го!
К.Кошалиевдин жогорудагыдай "ачылышын" сүрөөгө алып, анын пикирлеши А.Усупбаев "паракор, же кылмышкердин аты-жөнүнүн тушуна кайсы уруудан экендигин дааналап жазып койсок, ошондо жети атасына наалат айтылып,
коомдун тазалануусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт эле" деп акыл-сезими менен ойлонулбаган сунушун кошумчалайт. Ой, тобоо! Байыркы замандагыдай бир коктуда, же бир алачыкта чогуу жашабаса, же аны окутуп-чокутуп тарбиялабаса, анын арам акчасын бөлүшпөсө, өмүрү көрбөгөн, тааныбаган кайсы бир паракор, кылмышкердин жоругу үчүн аны менен уруулаш болучусуңар деп көптөгөн адармдардын жети атасына наалат айтуу, бул аларды маскаралоо болуп калбайбы.
Эгерде, чындыгында эле А. Усупбаев өз сөзүнүн тууралыгына ишенсе, анда өзүнүн уруусунан жок дегенде 2-3 коррупционерди таап, Кыргызстандын коомчулугуна жарыялап, алардын жети атасына
чейин (анда ага аргасыздан А.Усуп-
баевдин дагы ата-жотосу кирип кетет) наалат айтып, өз уруусун биринчилерден болуп тазалап көрбөйбү. Ошондон кийин аны колдоого алып баарыбыз урууларыбызды тазалоого өтөлү.
Ошол эле А. Усупбаев өткөн тарыхый окуяларды терең талдап, калыстуулук менен кароонун ордуна такталбаган фактыларды илип ала коюп "кыргызга карасанатай ойлогон дунган элинин шайлоого жана шайланууга укугу жоктугун баш мыйзамга чагылдышырыбыз керек" деп ("Форум", 21-май, 2010-ж.) улуттук кагылышууга чакырык таштаган анын жоругу эл тарабынан колдоо таппайт деген ишенимдемин.
Алардын жогорудагы "чоң ачылыштагы" ой-пикирлерин тактоо иретинде аргасыздан суроо туулат. Республиканын кайсы жериндеги кыргыздар, кандай себептерден бөлүнүп, бытырап бара жатышты эле? Элдин ошол бытырап, бөлүнүүсүндө сиздер козутуп жаткан уруучулуктун эч кандай тескери таасири болбойт бекен, же уруучулуктун элди бейпилдикке гана алып келүүчү теңдешсиз касиеттери бар бекен? Андай болсо эмнеликтен жаатташуу, намыс талашуу, үстөмдүк кылуу ж.б. себептер менен уруу, урук болуп кылымдарга уланган өз ара чабыштар, кыргын согуштар болуп келген урматтуу "үч канатчылдар"?
Бүгүнкү күнү жалпы элибиз бытырабай эле негизинен бирдиктүү эл катары өз жашоо-тиричилигин өткөзүшүп, бир бүтүндүктөгү Кыргызстанда жашап жатышат го! Ооба, коомдо бөлүнүү бар, алар: жалпы эл массасы - эл байлыгын тоногондор, алдым-жуттумдар; жакырлар - байлар; көшөкөр, кошоматчылар, чындыкты бурмалагандар - акыйкат, чындык үчүн күрөшкөндөр; элдин кызыкчылыгын чечкиндүү коргогондор - "жоо кеткенден кийин айгай салып кылычын булгалагандар, жылуу жай тапкандар ж.б. (Сиздер, урматтуу "үч канатчылдар" жана ушул саптарды жазып жаткан мен бул бөлүнүүлөрдүн кайсынысына киребиз, ал өзүбүздүн абийирибизде болсун).
III.
У
закка созулган кырчылдаш-
кан мезгилдерде уруулар, калктар ортосунда нечендеген кыргын согуштар болуп, алар бир канча жылга эмес, бир нече кылымдар бою уланып келгендиктен өмүр, же өлүм, биротоло жок болуу, же бар болуу сыяктуу бирден бир өзгөчө маселе келип чыккан. Ушундай себептен коргонуу, же согушуу учурларында тирүү калуунун бирден бир ишенимдүү жолу күчтөрдүн уруу түзүмдөрүнүн тең салмакта бөлүштүрүлүшү ( оң канат, сол канат, борбордук (ичкилик) тагдыр чечээр мааниге ээ болуп келген. Ошондуктан, санжыра-уламыштык божомолдордон кескин айырмаланып илимий, тарыхый изилдөөлөрдүн дээрлик бардыгында байыркы хунну жана башка элдерде саясий, коомдук, аскердик-согуштук зарылчылыктын (муктаждыктын) негизинде оң канат, сол канат, борбордук (ичкилик) уруу түзүмдөгү башкаруу системасы болгондугу, кийинчерээк бул түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда мурасталып , кабылданып келгендиги жөнүндө жогорудагы эмгектерде ишенимдүү жана далилдүү көргөзүлгөндүгүн өзгөчө белгилегим келет. Мына ушул тарыхый тыянактар ошол ары каардуу, ары опурталдуу байыркы доордогу элдердин бүткүл жашоосунун ички, тышкы мамилесин, өз ара байланышын толук айкындап, турмуш чындыгын ар тараптан толук мүнөздөп турат деп эсептейм.
Биздин заманга чейинки 200- жылдары эле "кыргыз ээлиги" (мамлекеттүүлүгү) жөнүндөгү алгачкы тарых маалыматын калтырган кытай тарыхынын атасы аталган Сыма Цян, ошондой эле атактуу тарыхчылар Н.Бичурин, В.Бартольд, В.Радлов, Ч.Валиханов, А.Бернштам, С.Абрамзон, С.Киселев, Ю.Худяков ж.б. кыргыз элин байыркы эл экендигин далилдешип, алардын көпчүлүгү өзүлөрүнүн фундаменталдуу эмгектерин "кыргыздар" деп аташып, дүйнөлүк тарых илимине кыргыздардын тарыхын таанытып келишсе , санжыра божомолу менен тарых чындыгынын айырмасын толук ажырата билбеген бүгүнкү "үч канатчыларыбыздын" уруучулукту таңуулаган жоруктары кыргыз элинин мурунку жана кийинки кездердеги биримдикке жетишкен деңгээлин, анын байыркы түпкүрдөн берки тарыхын басынтууга багытталып калгандыгын алар өзүлөрү байкабай калган окшобойбу! Дүйнөлүк коомчулук кыргыз элин бирдиктүү эл, улут болгондугун таанып турса, (БУУда кыргыз эли улут мамлекет катарында турат) биздин "үч канатчылдар" XXI кылымда уруучулуктан, "үч канаттан" өөдө көтөрүлө алышпай жаткандыгы абдан өкүндүрөт.
Д.Сарыгулов кудум эле мындан ХХ-ХХХ кылым мурун жашап, ошол мезгилде төрөлгөн кыргыздардын бардыгынын киндик атасы болгонсуп "кыргыз деген уруу болгон эмес, ал 40 уруудан куралган" деп, "чындыктын" жалгыз ээси боло калып жатпайбы. 40 уруу бир эле мезгилде жабырап пайда боло калган жок го! Адегенде,…..5,…..10 болуп, андан 40ка жетүү үчүн далай кылымдык мезгил талап кылынат го! Бир канча санжырада, а түгүл жазма санжыра тарыхы "…… таворихте" Угузхандын бир небереси Кыргыз аттуу болуп, андан таралгандар кыргыздар аталгандыгы айтылып жатса, Д.Сарыгуловдун "Кыргыз" аттуу адамдын жана анын уруусунун болуу мүмкүнчүлүгүн караманча жокко чыгаргандыгы, бул анын санжыраны дагы, тарыхты дагы сыйлабаган адепсиздиги, маданиятсыздыгы деп түшүнөм.
Дагы бир өкүнтө турган көрүнүш Д.Сарыгулов "кыргыздардын тарыхы 6000 жыл" деп башкалардан көбүрөөк кыйкырат да, кайра башкача добуш менен "кыргыздардын уруучулдугун күчтөндүрүп, оң, сол, ичкилик канатын калыбына келтирүү менен улуттук биримдикти бекемдөөбүз керек" деген түшүнүк менен элибиздин бүгүнкү тарыхый абалын бурмалап, аны коомчулукка байма-бай айтып келе жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Ал өзгөчөлөнүп көптү билген билимдүү адамдай көрүнүп калууга талаптанып, өз сөздөрүнүн түпкү мазмун-маңызына терең маани бербей эле туш келди айта берген адам катары таасир калтырууда. Анын жоромолу боюнча "кыргыздардын тарыхы" 6000 жыл болсо, башка элдердин (казак, өзбек, европа өлкөлөрү ж.б.) миң жылдыктагы эле тарыхы бар экен. Атүгүл 70 млн. ашык түрк эли (Түркия) "түпкүлүгүбүз кыргыздар болгон" деп кыргыздарга жармаша калышып, өздөрүнүн миң жылдык эле тарыхын 6000 жылга узартып алышты" дейт. (Өзүлөрүнүн тарыхын ушинтип узартып алууну Түркиянын мажилиси же президенти кабыл алган бекен?). Мындай, обу жок, курулай төшүн койгулаган сынтагууну тарыхты сыйлаган салабаттуу адам айтпас эле! Кээ бир адамдардын каалоосу менен эле болуп өткөн элдик тарыхты бир канча кылымга узартып, же кыскартып ала берсе болот бекен? Тарых - бул убакыт менен мейкиндикте болуп өткөн объективдүү көрүнүш, андыктан аны бир күнгө, бир
саатка да жылдырууга мүмкүн эмес.
Өзүңүздөр талдап, калыс болуңуздарчы урматтуу замандаш. "Кечөөкү эле казактар" жакынкы он жыл ичинде дүйнөнүн өнүккөн 50 өлкөсүнүн катарынан орун алууга бүткүл аракетин жумшап, бирдиктүү Казакстан эли катарында өнүгүүгө багыт алып жатышса, "кечөөкү эле өзбектер" дүйнөлүк финансы лөктөрүнө эч кандай карызыбыз жок дешип, рынок шартында трактор, автомашиналар, самолет чыгарган деңгээлге жетишип, "өзбек" деген улуттук биримдиктеги 25 млн. ашык эл дүйнөлүк коомчулукка таанылып турушса, 6000 жылдык тарыхы бар кыргыз эли алигинче уруучулуктан арыла элек деген Д.Сарыгуловдун өз элин басынткан "улуу теориясын" кандайча түшүнүүгө болот?




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-ноябрь, 2010-ж.:
1-бет
Өз баатырларын Ата Мекен унутпайт!
2-бет
Кыргызстандагы сот процесстерине дүйнө көз салууда
3-бет
Жүрөк оору эмнеге көбөйүп кетти?
4-бет
"Оң", "сол" деп элди бөлбөгүн,
Манасты кайра көмбөгүн!

5-бет
Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамидали Кулдушев:
"Таш-Көмүрдүн өнүгүшүнө бардык шарттар бар"

6-бет
Акылы тунук, ою терең, тили ширин Эсенбай Нурушев
7-бет
Меңди Мамазаирова,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын-жазуучу:
"Кыргыз руху алоолоп миң тирилди"

8-бет
Өз баатырларын
Ата Мекен унутпайт!

9-бет
Казакстандын улут саясатына сереп
10-бет
Кыргыз эл акыны
Эрнис Турсунов - 75 жашта
Акындык өнөр - ыйык

11-бет
Аталар баскан жол узун
12-бет
Аткарылбаган керээз
ЧОКМОРОВ качан "Россияга" келет?

13-бет
Жарыкка айланган
Жалил акын

14-бет
Дары өсүмдүктөр
16-бет
"Жаабарстын" жаралышы жөнүндө