16.11.10 Жүрөк оору эмнеге көбөйүп кетти?
Жүрөк оорусу менен мурда улгайгандар көп ооручу эле. Азыр кырктын кырына чыга элек жатып инфаркт деген балакеттен жайрап калып жатышат. Басма сөздөн жүрөк оорулары боюнча Кыргызстан коңшулардан ашып кетти дегенди окуп кабыргаң кайышат экен. Өзгөчө айыл жеринде бул оору менен ооругандар арбыгандын үстүндө. Жүрөк ооруларынын көбөйүшүнө эмне себеп, андан кантип сактанса болот? "Сурагыла, жооп беребиз" деген бурчту туура ачыпсыңар. Ушуга адистин жообун жарыяласаңар пайдалуу болор эле.
Канымжан БАЙГЕЛДИЕВА,
Жумгал району, Чаек айылы
Улуттук кардиология жана терапия борборунун профилактикалык медицина бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Урумбаев Рустам Касымович (т.: 62-27-71):
- Окурман тынчсызданып жаткандай республикалык медико-маалыматтык борбордун маалыматына ылайык, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары калктын жалпы өлүмүнүн структурасында жылдын бардык өлүмүнүн дээрлик жарымын (49 пайыз) түзүү менен биринчи орунда турат. Өлүмгө дуушар болуу негизинен катуу кармаган миокарддын инфарктын жана инсультту кошо алганда жүрөктүн коронардык оорусу менен шартталган. Республика боюнча орточо алганда жыл сайын жүрөк оорусунан 18 миңден ашык адам, күн сайын 50гө жакын адам каза болот. К.Байгелдиева жаштар бул ооруга көп чалдыгып жатат деп туура белгилеп жатат. Анткени акыркы 10 жылда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар "жашарды". Себеби 30-39 жаштагылардын арасында өлүмгө учуроо 18 пайыздан ашык өстү. Ушундай эле абал 40-49, 50-59 жаштагыларда байкалат.
Мага окурмандын бул оорудан кантип сактансак болот дегени абдан жакты. Биз, дарыгерлер, бул боюнча көп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүз менен калк ичинде жүрөк-кан тамыр ооруларынын эмнеден пайда болорун билбегендер көп. Жүрөк оорубасын жана жаш бойдон сакталсын десеңиздер сергек өмүр сүрүңүздөр. Жүрөктүн оорусу бул - туура эмес жашоодон. Ашыкча салмак, тамеки тартуу, аз кыймылдоо, арак ичүү жана стресс - артериалдык гипертония, атеросклероз, жүрөктүн коронардык оорусу, миокарддын инфаркты жана мээ инсультуна алып келчү коркунучтардан. Бул коркунуч факторлоруна таасир берүү калктын өлүмүнүн кескин азайышына алып келет. Ошол себептен саламаттык сактоо системасы тараптан жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын-алуу боюнча баштапкы уюмдарда иштерди күчөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп келет.




Беш балам бар, жөлөкпул берилбейт
Кымбаттуу редакция! Беш балам бар болгондуктан, көп балалуу үй-бүлөнүн катарына кошулам. Бирок, жөлөкпул албайбыз. Эмне үчүн "элге берген куруттан бизди кур калтырып" жатышат, тийиштүү мекемелерден тактап берип койсоңор.
Пазилат МАМАТОВА,
Ош облусу
(Суроо телефон аркылуу берилди)
Өкмөткө караштуу Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттиги:
- Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга жөлөкпул үй-бүлөдөгү ар бир адамга жалпы кирешесин бөлгөндө 310 сомдон кем болсо гана чектелет. Суроо менен кайрылган окурман айыл өкмөтүндө жашаса, ошол жердеги социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиске кайрылсын. Ал жерде түзүлгөн комиссия бар, карап чыгып чечим чыгарат. Балким бул үй-бүлөдө ата же эне иштеши мүмкүн, же бирөө пенсия алат, жери да бардыр. Ошондуктан, киреше жогорку суммадан ашса, жөлөкпул төлөнбөйт.

Эмгек акысын албай калса...
Жакында бир тууган агам оорудан каза болду. Артында үч чиедей баласы жетим калып отурат. Буга чейин ал курулушта иштечү. Сураштырсак, бир жарым айлык эмгек акысын ала элек экен. Иштеген жеринен ал акчаны кантип төлөтүп алабыз?
Жанарбү ТУРСУНБЕКОВА, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары
"Кыргыз Туусу" гезитинин юристи Аскар Насирдинов:
- Албетте, мындай учурда биринчи кезекте каза болгон жарандын оорусу өзү иштеген өндүрүшкө байланышы бар же жок экендигин тактоо зарыл. Андай учурлар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 227-беренесинде көрсөтүлгөндөй, эгерде иш берүүчү сергек жана коопсуз эмгек шартын камсыз кылбагандыгынын, эмгекти коргоонун талаптарын аткарбагандыгынын кесепетинен болсо, эмгектик мертинүү иш берүүчүнүн күнөөсү менен болгон деп эсептелинет. Тилекке каршы, бизге берилген суроодо ал тууралуу жазылбаптыр. Ошондой эле кандай курулушта иштегени да так эмес. Анткени азыркы заманга жараша жеке бирөөгө жалданып иштеп жүргөн болсо, анда калган эмгек акысын өндүрүп алуу өтө оор маселе. Ал ошол иш берүүчүнүн абийиринде.
Ал эми курулуш курууга атайын уруксаты бар курулуш ишканасында эмгек келишиминин негизинде эмгек китепчеси менен иштеп жаткан болсо КРнын Эмгек кодексинин 158-беренесине ылайык, кызматкер каза болгон күнгө карата албай калган эмгек акы анын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет. Эмгек акы иш берүүчүгө
тийиштүү документтер тапшырылгандан кийин бир жуманын ичинде төлөнүшү керек.
Даярдаган Бермет МАТКЕРИМОВА, "Кыргыз Туусу"


Көчө-нүн аты
кимдин чечими менен коюлат?
Тирүү, эмгек сиңирген кишинин ысымы айылдын же райборбордун көчөсүнө, сугат каналына кайсыл органдын чечими менен коюлат? Айыл өкмөтүнүнбү же райакимдинби?
К.МАМБЕТОВ, Бишкек шаары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттиктин уюштуруу жана укук башкармалыгынын адиси Аскарбек Бакашев:
- "Географиялык аталыштар жөнүндө" КРнын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, проспекттерге, аллеяларга, шаардык же айылдык парктарга, көчөлөргө, туюк көчөлөргө, бульварларга аталыштар жергиликтүү кеңештин чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт, мындайча айтканда ал чечимди айыл өкмөттөрү ишке ашырат.
Мыйзамдын 6-беренесинде административдик аймактарга адамдардын аттарын коюуга тыюу салынган. Жаңы жобого ылайык аталыштар жаңы түзүлгөн аймактарга жана жаңы калктуу конуштарга же атоосу жок географиялык объекттерге берилет.