Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 2
 ?Соттордун 8-курултайы

Кыргызстандагы сот процесстерине дүйнө көз салууда
"Адам өлтүргөн кылмышкерди актап чыгарган, зордуктоо үчүн айып акы тартуу менен бүткөн чечимдерди кабыл алган соттор бар жана андайлар сейрек эместиги
коомчулукту кооптондурат. Мындай чечимдер соттордун жогорку инстанцияларында кайра каралып, четке кагылган. Ал эми кылмышкерлер өзүнө тийиштүү жазаларын алды. Жергиликтүү соттордун кылыктарын көрбөй, билбей калдык дебегиле. Булардын баары гезиттерде жарыяланган," - деди КРнын Президенти Роза Отунбаева өткөн жумада өткөрүлгөн соттордун кезексиз чакыртылган 8-курултайында сүйлөгөн сөзүндө. Жаңы бийлик келгенден бери республика боюнча 35 жергиликтүү судья мөөнөтүнүн мурда кызматынан бошотулган. Андан тышкары Жогорку соттун 10 судьясы ээлеп турган кызматтарынан четтетилген. Ал эми жергиликтүү судьялардын жетөөсү, Жогорку соттордун үчөөсү өз арыздары менен же ыйгарым укуктарынын бүткөндүгү, ар түрдүү себептер менен кызматтары бош калгандары бар. Бардыгы болуп, бүгүнкү күндө республика боюнча 44 судья иштен бошотулган. Ошондой эле КРнын Президентинин жарлыгы менен жергиликтүү соттун 98, Жогорку соттун 3 судьялары дайындалган.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад об-лустук сотунда 113 адамдын үстүнөн 27 кылмыш иши каралып жатат. Козголгон 12 кылмыш иши боюнча 45 адамдын үстүнөн өкүм чыгарылды. Ал эми 15 кылмыш ишиндеги 64 адамдын үстүнөн козголгон иш каралып жатат.
Ош облусунда 143 адамдын үстүнөн 80 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 48 адамга кылмышкер катары өкүм чыгарылды. Төртөөнүн болсо күнөөсү далилденген эмес. Калгандарынын баары ушул учурда укук коргоо органдары тарабынан каралып жатат. Эл аралык коомчулук бул сот иштерине абдан кылдат көз салууда. Бирок бул жерде кээде өзбек улутундагылар гана соттолуп жатат деген пикирлер туура эместигин мамлекет башчысы баса белгиледи. "Соттолгондордун арасында кыргыздар да аз эмес. Жалал-Абад облусунда кылмыш иштери боюнча 30 өзбек, 25 кыргыз каралды. Ал эми бүгүнкү күнгө дагы 36 өзбек, 22 кыргыздын үстүнөн козголгон кылмыш иши каралуу алдында. Мындай фактылар басма сөз аркылуу жалпы коомчулукка кабардар болушу керек. Бул жерде бир улуттун өкүлдөрүн каралап, көө сүртөлү деген максат бизде таптакыр жок", - деди Р.Отунбаева.
Ош облусуна караган аймактарда 100 өзбек, 9 кыргыз жарандарынын үстүнөн кылмыш козголгон. Судьялар өздөрүнүн кесиптик ишиндеги өтө татаал, кыйын жана жооптуу күндөрдү баштан кечирип жатышат. Кээде судьяларга, адвокаттарга жакынын жоготкон азалуу адамдар тарабынан кол көтөрүүлөр да болбой койгон жок.
Кыргыз Республикасынын сотторунун кезексиз чакырылган 8-курултайына Жогорку соттун өкүлдөрү жана жергиликтүү судьялар катышышты. Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо, судьялар кеңешинин төрагасынын маалыматын угуу, конституциялык палата тууралуу ж.б. маселелер каралды.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөттөрү С.ДОСАЛИЕВдики




 ?Дүйнөлүк ишкерлердин жумалыгы

Экономиканы көтөрүүдө ишкерлердин салымы чоң. Алардын ишин өнүктүрүү, кеңейтүү, байланыштарын чыңдоо үчүн жылда "Дүйнөлүк ишкерлердин жумалыгы" өткөрүлөт. Кыргызстан бул иш-чарага биринчи жолу кошулууда. Ал кандай уюштурулуп жаткандыгы тууралуу Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев менен маектештик.

Биринчи жолу
Кыргызстанда өтүүдө
- Эмил Сатарович, мындай жумалыкты өткөрүүнүн зарылчылыгы эмнеде, ал демилгенин максаты кандай?
- Кыргызстан өзүнүн учурдагы жаңы тарыхында "Ар ким, бардык жерде, кайсыл мезгилде болсун" деген чакырыктын алдында Дүйнөлүк ишкерлердин жумалыгын майрамдоого катышууда.
Бул жумада бүт дүйнө жүзүндө миллиондогон жаштар, ишкер адамдар иштиктүү кымгуут кыймылга кошулушат.
15-ноябрдан 21-ноябрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында ишкердиктин идеясы жөнүндө сүйлөшөт, анын рухун өлкөбүздөгү иштери ийгиликтүү жүргөн бизнесмендер жана ишкерлер көтөрүшөт.
Биздин министрликте 17-ноябрда Дүйнөлүк ишкерлердин жумалыгынын ачылышы болот. Бул жумалыкта жаштар инновацияга жана жаңы чыгармачылык ийгиликтерге шыктанышат. Ал аларга кеңири ойлонууга, идеяларын турмушка ашырууга, ийгиликтерге жетүүгө, Кыргызстандагы ишкердиктин тарыхында өздөрүнүн жүздөрүнүн издерин калтырууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Бул демилгенин максаты -
кийинки келүүчү ишкерлердин
муунун ойготуу. Ал билим алууга, жаңылыктар менен таанышууга жана байланыштарды түзүүгө түрткү болуп, инновациялык жана туруктуу ишканалардын пайда болушу үчүн зарыл болгон, алардын турмушунун оң жолго түшүшүнө таасир берет.
- Бул жумалыктын катышуучулары кимдер болушат?
- Студенттер, окутуучулар, бизнесмендер, ишкер чөйрөлөрдүн лидерлери, андан тышкары саясатчылар ар кандай иш-чараларга катышышат.
Дүйнөлүк ишкерлердин жумалыгынын философиясы чынында либералдуу, ар ким өзүнүн сунушун киргизет:
- Мүмкүн ишкер жаңы баштагандарга кеңешин айтып, тажрыйбасын бөлүшөт;
- Билим берүү системасы мүмкүн окуучуларды жаш кездеринен баштап эле ишкердик рухту калыптандыраар.
- Маалымат каражаттары мүмкүн ишкерлердин жумалыгын майрамдоого чакырык таштап, дем берээр. Андан тышкары ишкерлердин экономикалык жана социалдык салымдары тууралуу маалымдаар.
- Социалдык медиа мүмкүн
маалымат алмашууну өз убагында жана натыйжалуу болушуна, андан сырткары Кыргызстан боюнча синхрондук иш-чаралардын уюштурулушуна кызмат кылаар.
- Жумалыктын алкагында кандай иш-чаралар өтөт?
- Боло турган жумалыктын программасында ал таң калыштуу жана жемиштүү болору айтылууда. Дүйнө жүзүндөгү 100 өлкөдө 10 миллион адам тартылган, 30 миң иш-чара өтүшү белгиленүүдө. Буга Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Оригиналдуу жана кызыктуу иш-чаралар болот. Пландалгандары:
Шыктандыруучу жолугушуулар - жаштар менен белгилүү ишкерлер жолугушуп, өздөрүнүн бизнестери жөнүндө, кыйынчылыктар, аларды четтетүү тууралуу айтышып, жаңы иш-
тердин башталышына дем беришет;
Студент-ишкер - бул программа бизнеске киришкен студенттер үчүн. Конкурсту уюштуруучулар тарабынан эң алдыңкы ишкер-студент сыйлык алуу менен бирге элге үлгү катары таанытылат;
Бизнес-күнү - бул Кыргызстандын эл аралык университетинде уюштурулат. Ар кандай элдердин тобу окуу жайдын имаратынын ичинде соода жана бизнести жүргүзөт. Бул долбоордун максаты - турмушта ишкер катары өзүн сезүү;
Тренингдер - окуучулар, студенттер жана ишкердикти жаңы баштагандар үчүн өткөрүлөт;
Дикуссиялык-семинар - полистер-эксперттер жана жаштар ишкердиктин маселелерин талкуулашып, ыңгайлуу бизнести түзүү сунуштарын беришет;
Манастын кубогу - эки күн Орто Азия өлкөлөрүнүн студенттеринин арасында "Ишкердик жана эркин рынок" деген темада дебаттык турнир өтөт;
Оюн-бизнес . Бизнесмендер жана жаштар ишкердикке байланышкан ар кандай проблемаларды биргелешип чечишет;
Эссе-конкурс окуучулар менен студенттердин арасында "Ийгиликтүү бизнестин түзүлүшү" деген темада өткөрүлөт;
Видео-конкурс ишкерликке арналган роликтер үчүн, жеңгендер майрамдык салтанатта көрсөтүлөт;
Фото-конкурс - ишкердик искусствонун көзү менен;
Дөңгөлөктөгү лекция . Кыргызстандын ар кандай жогорку окуу жайларында ишкердик теориялык жана тажрыйбалык жактан иликтенген академиялык лекциялар уюштурулат;
Ыкчам контакт - коомдун бардык катмарындагы ишкерлерди идеяларды алмаштыруу менен ыкчам байланыш түзүүнү ишке ашырат. Катышуучуга сүйлөөгө 5 мүнөт гана берилет;
Видеодиалог . Өнөктүктү туура жолдо уюштуруу боюнча семинар пландалган. "Суроо-жооп" сессиясы каралган;
Ишкердин көлөкөсү . Жергиликтүү ишкердин бир күндүк иши байкоого алынат. Ал ийгиликтүү ишкердиги тууралуу тажрыйба бөлүшөт;
Монтер менен түштөнүү . Келечектеги ишкер зарыл багытты алыш үчүн иши жүрүшкөн ишкер-монтер менен байланышуу, сүйлөшүү үчүн түштөнүү уюштурулат. Ал учурда кандай суроосу болсо бере алат;
Ишкерлер үчүн семинар . Жергиликтүү ишкерлер жана эксперттер семинарды өткөрүүгө чакырылат. Ишкердикти жүргүзүүнүн бардык маселелери талкууланат.
Маектешкен
Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-ноябрь, 2010-ж.:
1-бет
Өз баатырларын Ата Мекен унутпайт!
2-бет
Кыргызстандагы сот процесстерине дүйнө көз салууда
3-бет
Жүрөк оору эмнеге көбөйүп кетти?
4-бет
"Оң", "сол" деп элди бөлбөгүн,
Манасты кайра көмбөгүн!

5-бет
Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамидали Кулдушев:
"Таш-Көмүрдүн өнүгүшүнө бардык шарттар бар"

6-бет
Акылы тунук, ою терең, тили ширин Эсенбай Нурушев
7-бет
Меңди Мамазаирова,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын-жазуучу:
"Кыргыз руху алоолоп миң тирилди"

8-бет
Өз баатырларын
Ата Мекен унутпайт!

9-бет
Казакстандын улут саясатына сереп
10-бет
Кыргыз эл акыны
Эрнис Турсунов - 75 жашта
Акындык өнөр - ыйык

11-бет
Аталар баскан жол узун
12-бет
Аткарылбаган керээз
ЧОКМОРОВ качан "Россияга" келет?

13-бет
Жарыкка айланган
Жалил акын

14-бет
Дары өсүмдүктөр
16-бет
"Жаабарстын" жаралышы жөнүндө



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 73

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 73

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 73


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 73

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 73

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 73


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 73

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 73

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/tuusu/10/1116_2.htm on line 73