Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


 ?Жаңы китеп

"Жаабарстын" жаралышы жөнүндө
Жакында борбор калаабыздагы "Турар" басмасынан көркөм адабиятыбыздын классиги Чыңгыз Айтматовдун "Жаабарс" (Тоолор кулаганда) романы жарык көрдү. Атактуу калемгердин акыркы романын орус тилинен Абибилла
Пазылов которгон. Ушуга байланыштуу котормочу биздин кабарчыбызга төмөнкүлөрдү баяндап берди:


Роман менин котормомдо 2008-жылы Чыңгыз Айтматовдун маа­ракелик сегиз томдугуна кирген болчу. Аңгыча анын айрым бөлүмдөрү мезгилдүү басма сөзгө байма-бай басылды. Ошол үзүндүлөр жарыяланып жаткан учурда жазуучунун көзү тирүү эле. Котормонун бирин-экин бөлүгүн өзү көрүп, окуп калды. Кайсы бир баалуу кеп-кеңештерин айтууну да унуткан жок.
Айтсак, баары "Кыргыз Туусу" гезитинен башталган. Эки миң үчүнчү жылы редакцияда, анда мен төл басылмабызда иштейм, колума "Мировая литература" ("Дүйнөлүк ада-бият") аттуу журнал тийгени эсимде. Беларусь жазуучулар бирлигинин журналынын айрым беттери кыргыз адабиятына арналган экен. Ичин-
де Чыңгыз Төрөкуловичтин баштан-
аяк жаралуу илбирс сүрөттөлгөн, окурмандарга али белгисиз, жаңы көркөм тексти жүрүп­түр. Көрсө, "Дүйнөлүк адабияттагы" кара сөз болочок романдын биринчи главасы тура.
Адегенде гезитке береги журнал тууралуу азыноолак маалымат бердик. Арылай алиги чыгарманы орусчадан которууга кириштим.
Ырас, мурда-кийин жазуучунун Москвадагы гезит-журналдарга жарыяланган макала-маектерин анча-мынча кыргызчалаган болчумун. (Аларды жыйнап, китеп кылууга татыктуу). Бирок, классиктин көркөм туундусуна ошондо алгач ирет батындым окшобойбу.
Биринчи жолу "Жаабарс" "Кыргыз Туусуна" басылып, анан "Мир читает Айтматова" ("Айтматовду аалам окуйт") деген жыйнакка кошулду. Устат менен чыгармачылык жактан жакындашуума шарт түздү. Кийинчерээк Чыңгыз Төрөкуловичтен интервью алганга өттүм, редакциябызга чакырып келдим, жеке тапшырмасы боюнча кат, кайрылууларын котордум.
Ортодо "Жаабарсты" драмалаштырып, "Учур" жаштар театрына сунуштагам. Чыгаан режиссер, маркум Алмас Сарлыкбеков койгон спектакль Бишкекте өткөн Республикалык биринчи театралдык фестивалда, Эл аралык "Арт Ордо" фестивалында, Казакстандын Шымкент шаарында уюштурулган "Көк­тем" фестивалында бараандуу байгелерди жеңгенин белгилөөгө тийишмин. Анын премьерасына катышкан даңктуу автор чыгармачыл жамаатты чын дилинен куттуктаган. 2007-жылы "Жаабарстын" жаратуучуларына, анын арасында мага Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлык ыйгарылды.
Ушундай чыгармачылык байланыштын таасири астында Чыңгыз Төрөкуловичтин "Дружба народов" журналындагы аталган романын которууга киришкем. Оболу жазуучуга эки-үч курдай атайын учурап, аңгемелештим. Кыргыз тилине Айтматовду которгондон көрөкчө, Толстойду которуу алда канча оңой болмогун айныксыз түшүндүм.
- Бүтөөрүң менен Акун Токтосартовго тапшыр, китепти ошол чыгарат, - деди Чыңгыз Төрөкулович бир мертебе Кино үйүнөн карпа-курпа жолугуп.
Ошенттим. Некин, аным биринчи мугалимибиз жана түбөлүк жазуучубуз о дүйнө салгандан соң гана жүзөгө ашты…
Минтип быйыл "Жаабарсты" өз алдынча китеп кылып чыгарууга мүмкүнчүлүк табылып олтурат. Болгондо да жазуучунун уулу Эльдар Айтматовдун уруксааты, таанымал инсаныбыз Амангелди Муралиевдин демилгеси боюнча максатыбыз ишке ашты. Китептин нускасы аз - 500
даана. Асыресе, котормонун сапаты жагдайында кесиптештеримден, жөнөкөй окурмандардан ар кыл пикир уга баштадым. Бул мен үчүн өтө маанилүү.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




 ?Алыкул Осмоновго - 95 жыл

"Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам карап тур!"

Кыргыз адабиятынын класси-
ги акын Алыкул Осмонов тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак.
Антсе да акын өзү:
"Токточу өмүр, токточу
өмүр, токтой тур,
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз,
сары-сур,
Тил албассың,
жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден
өжөр бул учур!
Он беш жолу улам кайра
туулуп,
Он беш жолу жашарбасам
карап тур!"
- демекчи, акын улам доор алмашкан сайын, убакыт арылап жылган сайын улам кайра туулуп, улам кайра жашарып келет.
Улам туулганы ошол - муун алмашкан сайын акындын музейин уюштурган, ырларын кайрадан басып чыгарган алыкулчулар пайда болууда. Бу сапар да анын "Көл толкуну" аттуу ырлар жыйнагы кайрадан басылып чыгып, жыйнак поэзия күйөрмандары үчүн керемет белек болду.
Китептин чыгышына демөөрчү - Ысык-Көл өрөөнүн­дөгү Бостери айылынын кулуну, жеке ишкер, Алыкулдун күйөрманы Бактыбек Чалжанов, жыйнакты чыгарууга демилгечи - Алыкулдун Чолпон-Атадагы үй-музейинин негиздөөчүсү Бактыбек Асанбаев.
Аталган музейде ушул китептин бетачары өтүп, ага кыргыз маданиятынын, адабиятынын жана жалпы-
га маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү да болуп, алар музейге мындан ары да мамлекет тарабынан кам көрүлө берерин айтышты. Андан сырткары акындын чыныгы күйөрмандары өз капчыктарынан музейге акчалай жардам кылышып, акындын үйүн карай кетчү чоң жолго, акындын музейи ушул тарапта экенин көрсөтө турган багыттоочу белги коюуга сөз беришти.
Бишкектен барган маданият, адабият өкүлдөрү музейдин кызматкерлерине музейди сактап турушкандарына ыраазычылык билгизип, акындын элесин эскерип, ырларын кайрадан басып чыгуу менен алар маданиятка чоң эмгек кылып жатышкандыктарын белгилешип, мындан аркы да иштерине ийгиликтерди каалашты.
Токтобек ҮСӨНОВ,
студент
Сүрөттөрү автордуку





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-ноябрь, 2010-ж.:
1-бет
Өз баатырларын Ата Мекен унутпайт!
2-бет
Кыргызстандагы сот процесстерине дүйнө көз салууда
3-бет
Жүрөк оору эмнеге көбөйүп кетти?
4-бет
"Оң", "сол" деп элди бөлбөгүн,
Манасты кайра көмбөгүн!

5-бет
Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамидали Кулдушев:
"Таш-Көмүрдүн өнүгүшүнө бардык шарттар бар"

6-бет
Акылы тунук, ою терең, тили ширин Эсенбай Нурушев
7-бет
Меңди Мамазаирова,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын-жазуучу:
"Кыргыз руху алоолоп миң тирилди"

8-бет
Өз баатырларын
Ата Мекен унутпайт!

9-бет
Казакстандын улут саясатына сереп
10-бет
Кыргыз эл акыны
Эрнис Турсунов - 75 жашта
Акындык өнөр - ыйык

11-бет
Аталар баскан жол узун
12-бет
Аткарылбаган керээз
ЧОКМОРОВ качан "Россияга" келет?

13-бет
Жарыкка айланган
Жалил акын

14-бет
Дары өсүмдүктөр
16-бет
"Жаабарстын" жаралышы жөнүндө





Яндекс.Метрика