16.11.10
  Аталар баскан жол узун

1995-жылы жазуучу жана журналист, бир нече китептердин автору Токтош Абдиеванын Улуу Жеңиштин 50 жылдыгына арналган "Фронттон келген каттар" деген баа жеткис китеби жарык көргөн. Бул китептин чыгышына жоокерлердин каттарын көзүнүн карегиндей сактап жүргөн Курман Кыдырбаева эжебиз себепчи болгон. Анткени, Курман эже 1935-1940-жылдарда жана 1941-1942-жылдарда "Кызыл Кыргызстан" (азыркы"Кыргыз Туусу") гезитинде алгач жөнөкөй кызматкер, кийин бөлүм башчы болуп иштеген. Ошол кан күйгөн согуштан анын дарегине келген каттардын маанисин түшүндүрүп, Курман эже минтип айткан: "Биз чогуу иштешкен кызматташтарыбызды, туугандарыбызды, ага-инилерибизди күн сайын кан майданга узатып аттык. Басма сөз жаатында иштегендер биринен сала бири кетти. Ал кездерде мен "Ленинчил жаш", "Кызыл Кыргызстан", "Советтик Кыргызстан" (кийин"Ала-Тоо" журналы) гезит-журналдарынын редакцияларында жооптуу катчы жана редактордун орун басары болуп иштегем. Ошондуктан басма сөз майданында эмгектенгендер менен адабияттын күйөрмандары фронттон мага кат жазышчу. Кат аркылуу кубаныч, кайгыларын бөлүшчү".
Ушул жыл сайын куну артып бараткан фронттон келген үч бурчтук, айрымдары төрт чарчы саргайган каттарды Курман эже көзүнүн тирүүсүндө Токтош эжеге гана ишенип тапшырган. Бул тууралуу Курман эженин өз оозунан да угуп, согуш жылдарында чыккан гезит-журналдардын тиркемесин үйүнөн да көрүп калдым. Абдан алпейим, өтө адамгерчиликтүү, сыпаа жан эле. Мына ушул улуу адамгерчилигинен улам бир да катты жоготпой, алтындай сактап келип, ишенимдүү колго тапшырып кетип отурбайбы.
Жакында Токтош эже редакциябызга ал каттарды аспиеттеп алып келип, бизге айрымдарын ачып окуп, сүрөтүн тартууга мүмкүндүк берди. Гезит атынан эжеге чоң ыраазычылык билдиребиз.


Аман Алымкуловдун каттары
А.Алыкулов "Кызыл Кыргызстан" (азыркы "Кыргыз Туусу") гезитинде иштеген. Согуштан келгенден кийин Чүй районунда мугалим болуп үзүрлүү эмгектенип жүрүп пенсияга чыккан.
Саламатсызбы, урматтуу Курман! Кандай турасыз? Үч жолу жарадар болдум. Батыш фронтунда "Эрдиги үчүн" деген медаль алдым. Азыр фронттун алдыңкы линиясындамын. Кат жазыңыз.
Адрес: Полевая почта 77800-С. Алымкулов Аман. 5.5.43-ж.
Курман! Сиздин 26.10.43-ж. катыңызды 19.11.43-ж. алдым. Сизден кат алуум мени чоң бактыга жолуктургандай кылды. Анткени, үч жылдан бери үмүт кылып чарчап, эми түңүлдүм дегенде жеткен кат болду. Деги койчу, Сиздин катты, кыргызчасынан жакшылыкка жорудум. Көргөн көп эпизоддор чын эле түңүлдүргөн болчу. Эске алып кат жазганыңызга чоң ыракмат. Кыскача болсо да берген обзоруңузга толук канааттандым. Көз алдыма закым сыяктуу элестеттим... Жалгыз терең ойго чөмүлүп, күлүк санаа менен бир нече мертебе да кыдырып кеттим.
Мен ден соолукта жакшымын. Жетишкендиктерим да бар. "За отвагу" жана"За оборону Ленинграда" медалдары менен сыйландым. Согуш адистигим минометчик. Кыскача ушул. Чечүүчү майданга даярбыз.Тирүү болсом эсендигимди угузуп турармын. Сиз дагы кат жазып туруңуз. Жолдошторго менден салам берип коюңуз. Жиберген журналыңыз азырынча жете элек... (Кат кыскартылып алынды).
Фронттук саламым менен иниңиз - Аман. 25.12.43-ж.
Абдыкерим Садыбакасовдун каты
Токтош Абдиева аталган китебинде "Бул киши катын 1944-жылы "Советтик Кыргызстан" (кийин "Ала-Тоо") журналынын мукабасынын үчүнчү бетине сол колу менен жазыптыр. К.Кыдырбаеванын фамилиясын көрсө керек. Курман эже ал кишиге кат жазып, ошол боюнча жооп ала албаптыр. Тагдыры белгисиз", - деп жазган.
Жоокердин каты:
Кыргыз элинин жазуучусу Шимеев Смар жана Кыдырбаева Курманга! Ленинград фронтунун боеци Садыбакасов Абдыкерим сиздерге сүйгөндүк менен салам айтамын. Шаар Фрунзеде саламат, жакшы турасыңарбы. Смар, сенин "Батыш кызына" деген ырыңды "Советтик Кыргызстан" журналынан окуп, анын мазмунуна терең түшүнүп, зор кубанычта болдум.
Жолдош Кыдырбаева! Мен сизди өз карындашымдай же эжемдей көрөм. Ошон үчүн кат жаздым. Мен өзүм жалгызмын. Кыдырбаева, мага кат жазчы, мен абдан кубанып толукшуп калайын. Мен сол колум менен кат жаздым, оң колум таңылуу, ачсам врач, сестралар урушат.
Каттын башын бирөөлөргө жаздырсам ката жазыптыр, одоно катасы болсо кечирип кой. Аягын сол колум менен зорго жаздым. Кош эже, жакшы тур. Кат жаз.
Кат жазуучу фронттук Абдыкерим.
Адрес: г.Ленинград - 46, п/я 780 литер - "А"
Мен өз максатым менен разведкага барып, ак финдер арабасындагы кухнядан обед алып жатканда автоматтан ок жаадырдым, 7-8ин кырып таштадым. Араба айдап бара жаткан поварын атып таштадым.
Өмүрзак Кудакеевдин каты
Бул Өмүрзак (Өмүргазы) Куда-кеевдин акыркы каты. Ушул каттын артынан көп узабай кара кагаз келиптир. Согуштан кайтпасын билгендей катын да бардык жакындарына атап жазыптыр, кайран жоокер! Көздөн жаш кылгырат.
Кымбаттуу Ата-энем, агайын-тууганга, Кадырлуу жезде-эжелерге, Кайни-кайнагаларга, жеңе-карындаштарга, курбу-досторго, таене-тайакелерге, Карындаш... сүйгөн жарга менден жалындуу салам! Кандай аман-эсен жатасыңарбы? Аман тургула! Согуш бүтөр.
Эми биз болсок мурунку 4 бала бирбиз. 18 сутка жол басып, Миллер стансасына жеттик. Эгин кымбатчылык, стакан тамеки 100 сомдон өйдө турат. Эми биз көп турбай Харьков багытындагы согушка киребиз. Эгер кат жазууга мүмкүндүк берсе, урушка киргенде кат жазып жиберебиз. Жакшы жаткыла! Кеп маңдайда, бакты-таалайда дегендей, салганын көрөрбүз. Биз 15 суткеде жетмек элек, аны өзүңөр билесиңерго...
Миллер стансасынан Алымбеков Аскарга, Бейшенбаев Бошкойго жолуктук. Алар Москва (Калинин) жакка кетет деп болжолдодук. Себебин сураба (жарадар) алардын бара турган жери белгисиз экен.
Ата! Өз оокатыңа тың бол. Балдарыңды жакшы бак. Алардын өмүрүн тиле!
Ата-апа!.. Сайраны мендей көргүлө. Ал да жаш, тилеги бардыр. Келин-кыздардан кем кылбагыла. Уулуң ойноп баргыча!
Өттүм Волга дайрадан,
Көрөмбү элди кайрадан.
Атамды барып багамбы,
Балам деп белин байлаган.

Баратам элди аралап,
Өзгөрдү элим далалап.
Туратко качан келет деп,
Садага иним агалап.
Кош, кош!
Өмүргазы. 9.VI. 42-ж.

Темиркул Үмөталиевдин каттары
Курман! Саламат жатасыңбы? Мен болсом бүгүн Калинин шаарына келдим.
Токтобой эле бара жатамын,
Барса келбес сапарга.
Бара жаткан окшоймун,
Алышкандын бир тобун,
Ала жатат окшоймун.

Ажалым болсо өлөрмүн,
Азабым болсо көрөрмүн.
Ай тоголуп, Күн күлсө,
Айланып кайра келемин.
Сурагандарга салам айт. Мамасалыга салам айт. Мен баргыча бактылуу тур, Курмаш.
Темиркул.
21.10.43-ж.
Курмаш! Саламат жатасыңбы? 20-сентябрда жазган открыткаңды кечээ күнү алдым. Ыракмат, эстеп кат жазганыңа!
Аман-эсен жүрүп жатам. Уруш жүрүп жатат. Билдирүүнү кара. Жакындан бери Аалыкемен, Молдогазыдан, Жоомарттан кат алып, элди көргөндөй болуп калдым. "К.Кнын" (ред: "Кызыл Кыргызстан") бир нече номерин алдым. Түгөлбайдан, Арстанбектен кат алдым.
Курмаш! Менин кандай-эмне деген ырларым барды? Журналдын номерлерин жиберип турсаңар болбойбу. Менин жанымда өзбектердин бир дүкөнчөсү бар. Өзбекстанда чыккан бүткүл газет, журналдарды, китептерди алып турат. Жоомарт менен Аалыкем жиберип турабыз дешип убада берип калышты эле. Жок. Кыргызстандагы жаңылыктарды билдирип кат жазып тур, Кумаш. Журналдын номерлерин жиберүү маселесин сүйлөшкүлө. Менин Жамалтайымды өөп кой, Кумаш.
Сага ден соолук, узун өмүр, бакты-таалай тилеген жакшы оюм менен, гвардиялык саламым менен, агаң Темиркул.
7.11. 43-жыл.
Бекеш Кыдырбаевдин каттары
Т.Абдиева Б. Кыдырбаев эне сүтү оозунан кете элек, 17ден 18ге караган курагында өз каалоосу менен 1943-жылы согушка аттанганын китебинде белгилеген. Согуштан контузия алып, жарадар болуп кайткан жоокер Курман Кыдырбаеванын агасы Заит Кыдырбаевдин уулу экен.
1-Белорус фронтунан салам!
Курман эже! Германиядан фронттук саламымды жиберем. Оң колум менен жаза баштаганыма 2 күн болду.
Фашисттердин уюгуна жакындап калдык. Жолдош Сталиндин ганстарды өз уясында талкалап жок кылуу керек деген приказын аткаруу гана калды. Мындан тирүү калгандар абдан бактылуу адамдар болушат.
Мага Орто Азиянын таза абасынан жарым саат дем алсам, башка эч нерсенин кереги жок эле. Анан силерди - атамды, энемди, карындаштарым менен инилеримди бир көрсөм болду эле. Мына, үч жылдан бери ичимде сакталган сырым.
Ушул жылдардын ичинде биз (жолдошторум) бир топ эрдикти, баатырдыкты, билгичтикти жана тапкычтыкты көрсөттүк. Душманды жек көрүү, Родинаны ысык сүйгөндүк менен күрөштүк.
Саламат жашооңду тилеп, саламым менен Бекеш.
10.5. 45-ж.
Эже! Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм!
Фашисттик Германия түбөлүккө жок болду, Союздар менен жолугушту. Мен аман-эсенмин. Эми мен жөнүндө сарсанаа болбогула. 9-майда приемниктин жанында олтуруп, мен жоокер досторум менен 22 саатта Ура деген кыйкырыкты жана борборубуз Москванын салютун уктук.
Тез-тез кат жазып тургула.
Саламым менен - Бекеш.
30.5. 45-ж.
Даярдаган
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"