05.11.10
  Тарыхтагы тактоолор

"Оң", "сол" деп элди бөлбөгүн,
Манасты кайра көмбөгүн!
(Башталышы өткөн санда)
Мына, ошондуктан уруучулук түзүмдөрдүн так, бирдиктүү тарыхый далилдери дээрлик болбогондуктан көптөгөн карыялардан топтолгон санжыра, уламыштарды изилдөөнүн негизинде Белек Солто-ноев төмөндөгүдөй алты божомолдон турган көз карашын билдирген.
1. Сатыкеден эки эркек бала туулду. Улуусун Агул, кичүүсүн Куул койду. Энеси: Агул ичте оң жагымда жаткан, ушул себептен анын тукуму "оң" аталсын, Куул сол жагымда жаткан, ошол себептен анын тукуму "сол" аталсын.
2. Агул оң эмчегимди эмген "оң" аталсын, Куул сол эмчегимди эмген "сол" аталсын деген.
3. Бир согушта Агул оң жактагы колду баштаган үчүн "оң" аталды. Куул сол жак колду баштаган үчүн "сол" аталды.
4. Арка (түн жак) менен ичкерлик (күн жак) кыргыздардын арасы ортодогу Ала-
Тоолорду чек кылышып, оң жагындагы элди оң атады, (күн жүрүш) сол жагындагы элди "сол" атады дейт.
5. Кыргыз азыркы Кыргызстанга биринчи Энисей аркылуу оң жактан келишкен, экинчилери Котондон, Кашкардан эң эски заманда сол жактан келишкен. Ошондуктан "оң", "сол" аталышы мүмкүн.
6. Дагы бир пикир - кыргыз шаманий дининде турганда түн жакты карап, кулчулук кылып табынган. Ошондо оң жагы "оң", сол жагы "сол" аталгандыр. (Аталган эмгектин 88,89-90-беттери, I том).
5. 1920-жылдары кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына ченемсиз эмгегин арнаган көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыковдун (1889-1938-ж.ж.) "Кыргыздардын урууга бөлүнүшү" аттуу изилдөөсү жогорудагы Б.Солтоноевдин санжыра тарыхын бир кыйла толуктап тургандыгын байкоого болот.
Ал орустун көрүнүктүү тарыхчыларынын бири Н.Аристовдун "Чоң ордонун кыргыз-казактарынын жана кара кыргыздарынын этникалык курамын аныктап билүүнүн тажрыйбасы" аталыштагы эмгегинин негизинде кыргыз элинин тарыхы боюнча материалдардын жардылыгын, так эместигин, анын кесепетинен түпкү маселелер боюнча кескин ажырым, айырма бар экендигин, кыргыздардын көпчүлүгү оң, солго бөлүнүүнү билишпегендигине, же өз уруусунун тигил, же бул канатка таандык экендигин аябай чаташтырып жүрүшкөнүнө караганда, бул эки канатка бөлүнүү бир кыйла даражада унутулуп калгандыгына токтолуп, " Кыргыздардын эки канатка ажырашынын тарыхы ушунчалык кызык болууга тийиш, бирок, тилекке каршы, ал ушул кезге чейин тумандуу бойдон калууда", - деп өзгөчө белгилейт. Уруучулуктун эки канатка (оң, сол) бөлүнүшү боюнча А.Сыдыков дагы эл ичинде, коомчулукта айтылып келе жаткан төмөндөгүдөй төрт божомолдогу ой-пикирди келтирген:
1. Орус окумуштуусу А.Ф. Голубевдин ырастоосунда эки канатка бөлүнүү элди басып алуудагы армия катарындагы кыймылга тиешелүү.
2. Ааламдын оң жана сол бөлүгү боюнча уруулук топторго ажыратуу белгиленет.
3. Байыркы замандарда, хан бийлиги өкүмдүк кылып турган доордо кыргыздардан чыккан белдүү жан жөөкөрлөрү адатта хандын оң жана сол тарабында отурган.
4. Байыркы уруу башчыларынын өз ысымдары болуусу мүмкүн.
А.Сыдыков ушул эле эмгегинде жогорудагыдай бөлүнүү "Отуз уул" жана "он уулга" дагы байланыштуулугун жана алар анчалык түшүнүктүү эмес болгондуктан кээде "отуз уулду" "оң" канатка, ал эми "он уулду" "сол" канатка окшоштуруп, айрым учурларда уруулардын бул топторун "оң", "солго" дегеле коошпогон бөлүктөргө чаташтырып, кээде байыркы уруу башчыларынын өз ысымдары деген ырастоо учурай калып жүргөнүн белгилеген. Ошондой эле хандын ордосундагы 40 кыз суунун көбүгүнө жуунуп, ооз тийгендиктен кийин алардын боюна бүтүп төрөгөндүктөн "отуз уул" жана "он уул" келип чыгып, ошонун негизинде "кыргыздар", ошол "кырк кыздан" жаралгандыгы жөнүндөгү уламышты эске алып, алардын пайда болгон мезгили (тарыхы) такталбагандыгын эскерте кеткен.
Кыргыз урууларынын "ичкилик" аталышы кээде "эчки" деген түшүнүккө байланышарын, ошондой эле ичкилик түшүнүгү жолу өтө татаал жерлерде көчүп жүрүшкөн кыргыздарга көбүрөөк жакын болуп, "ичкилик" сөз түшүнүгү "тиги дүйнөнүн" "алыстан келгенди" түшүндүрөт деген Н.Аристовдун ой-пикирин адилеттүү деп баалаган.
"Ичкиликтер" өзүлөрүнүн элдик жана уруулук аталыштарын сакташпаган түрдүү келгиндердин жыйындысынан түзүлгөн, алардын курамында сейчилердин (сактардын) тукумдары…. ошондой эле тибеттиктердин бөлүкчөлөрү бар деген ошол эле Н.Аристовдун божомолу чындыкка бир кыйла жакын болоорун, бирок, аны тагыраак далилдөө үчүн антропологиялык олуттуу изилдөөлөр талап кылынаарын баса белгилеген. ("Ала-Тоо" журналы, 1991-ж. №1, 126-136-беттер).
6 . Кийинки кездерде кыргыз коомчулугуна анча белгилүү боло элек өзгөчөрөөк мазмундагы бир катар санжыралар жарыкка чыкты. Ошолордун бири Медет Рысмен-деев аксакалдын 2008-жылы чыккан "Туюк Дастан" аттуу санжырасына көңүл бура кетели. Ал "Нух пайгамбардан кыргыз атабызга чейин арабча китептен 1945-1946-жылдары Токтон молдо которуп үйрөткөн" деп эскере келип, санжырада жердеги жашоо башталгандан берки адамзаттын (Дүйнө элдеринин улуттук тарамдары, түзүмдөрү, кыргыз урууларынын) таралышы кенен сүрөттөлөт. Алардын кыскача мазмуну төмөнкүчө:
…. Угузхандын аялдарынын бири кытай кызы, экинчиси монгол кызы, дагы бирөө славян кызы болот. Казнабендин султаны жаздырган Сейнал-Ахбар тарыхында орус-славян кандарынын насилинен кыргыз насили жаралган деп айтылат. Ошол славян аялынан Жылдыз, Огуз деген эки уулу болуп, Жылдыздын Сапар аттуу уулунун улуу аялынан Кыргыз атабыз төрөлгөн, ал эми кичүү аялынан Кыпчак, Казак, Каранук, Каракалпак аттуу 4 уулу болгон. Кыргыз атабыздын Кыпчахан деген уулунан Аланча, Эленче, Карача деген 3 уулу болот. Аланча хандын Байкут, Нойгут аттуу уулдары болсо, Байкут дагы Бабыркан, Ырысдархан деген эки уулдуу болот. Ырысдархандын эки уулу -Катаган, Нанан. Нанандын он алтынчы тукуму Калпак бий. Анын уулу аялынан Ак уул, Куул төрөлсө, кичүү аялынан төрөлгөн уулдары Кызыл уул менен Булганчы.
Ак уулдун балдары "оң", Куул уулдун балдары "сол" аталып, ал эми Кызыл уул менен Булганчы "ичкилик" болуп айтылат. Мына ушул 4 уруудан тараган урууларды кырк уруу кыргыз дейбиз деп санжыра ээси жыйынтыктайт.
Көпчүлүк санжырада "ичкилик" уруулар түзүлүшүнө түздөн-түз тиешелүү болуп айтылып келген уруулар жана аты белгисиз башка уруулар: Каңды, Кезел, Кызыл, Аббат, Бостон, Найман, Белдер, Сүрдү, Тейит- Кызыл уул балдары ; Ал эми: Жети бөрү, Желдең, Жоокесек, Жоочабар, Кыдырыш, Багыл, Адыгей, Бостон, Көбөн- Булганчы балдары катары айтылгандыгы, ошондой эле Кызыл уул менен Булганчыны жалпысынан "ичкилик" саналгандыгы, түпкү энебиз орус-славян кызы болгондугу М. Рысмендеевдин санжырасынын өзгөчөлүгү деп карообуз керек. Бул жерде бир атанын 4 баласынын (Ак уул, Куу уул, Кызыл уул, Булганчы) ичинен экөө - Кызыл уул менен Булганчы кайсындай себептен "ичкилик" уруу түзүлүшүнө тийиштүү болгондугу санжырачы ачыктаган эмес.
Ушул жогорудагы М. Рысмендеевдин санжырасындагы өзгөчөлүктөр XVI кылымда жазылган атактуу "Мажму ат-таворих" ("Тарыхтар жыйнагы") санжыра тарыхындагы кээ бир далилдерге окшоштугу бар экендигин айта кетмекчимин.
7 . Бизде, кыргызда айтылып келинген санжыралардан айырмаланып кытайлык Манасты жыйноочу Жусуп Мамайдын санжырасында уруучулук түзүмдүн оң, солго бөлүнүшү бизге белгисиз башка адамдын аты менен берилгендигин белгилеп кетким келет.
Анын айтуусунда илгери Үмүт аттуу бай адам бала көрбөй жүрүп 50дөн ашканда 2 жыл ичинде эки эркек балалуу болуп, улуусу Карала Кардык, кичүүсү Чордобай аталышкандыгы, алар 7-8 жашка келгенде, аялы өлүп, Үмүт бай улгайдым деп балдарына малды энчилеп бөлүп, ошол убакта балдарынын бирөөсү атасынын оң тизесин, экинчиси сол тизесин басып отургандыктан кыргыздагы ОҢ, СОЛ аталыштар ошондон келип чыккандыгы, ошол жогорудагы Чордобайдан таралган тукумдар: Адигине, Тагай, Наалы болушкандыгы баяндалат. Кыргыздардын көпчүлүк санжырасындагы Долон бийге байланыштырылып айтылган ОҢ, СОЛ бөлүнүштөрдү Жусуп Мамай толук ынанымдуу эмес катарында баалайт. ("Кыргыздар", 1996-ж., 6-7-беттер).
Оң, сол, ичкилик уруу түзүмдөрү, жалпы эле кыргыз санжырасы жөнүндө сөз болгондо бир катар жылдардан бери топтолгон, жыйналган кыргыз санжырасын ар тараптан изилдөөгө алып, аларды илимий электен өткөрүү менен кыргыз коомчулугуна "Кыргыз санжырасы", "Кыргыз урууларынын этимологиясы, тарашы, жайгашкан орду" ж.б. көптөгөн баалуу эмгектерди калтырган көрүнүктүү илимпоздор Сабыр Аттокуров менен Сапарбек Закировдун ой-пикирлерин эске ала кетүүбүз керек.
Алар өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында жалпы элге кеңири тараган санжыранын айтымы (варианты) Осмоналы Сыдыковко таандык экендигин, азыркы учурдагы айтылып жүргөн санжыралардын көпчүлүгүндө XV кылымдан берки кыргыз уруулары тагыраак берилип, андан аркыларында көптөгөн чаташуу, ажырым, карама-каршы ойлор көп жолугаарын, айрым учурда кээ бир уруулардын атасын таба алышпай кулга же олжого келген, жолдон табылган ж.б. мааниде айтылаарын белгилешип, бул боюнча "Кызыл кыргыз тарыхында" айтылган белгилүү тарыхчы Белек Солтоноевдин ой-пикирин толуктай кетишкен.
8. С.Аттокуров өзүнүн эмгектеринде түрк, монгол элдеринде адат боюнча бир этносту эки канатка бөлүү болуп келгендигин, ал бөлүнүү ооз эки санжыра тарыхынын көпчүлүгүндө бир туугандык, кандаштык мааниде байланыштырылса, жазма эмгектерде согуштук-аскердик аракеттерде күчтүн эки тарапка жайланышы менен түшүндүрүлөөрүн эскерет.
Ал башка тарыхчылардан айырмаланып кыргыз этносу өзүнүн узун жолунда жыйылуу, чачылуу тагдырында бир канча ирет дуушар болуп уруучулук түзүмдөрүнүн эки канатка бөлүнүшү үч жолу болгондугун көрсөтө кеткен.
Биринчиси, VI-X кылымдарда байыркы Эне-Сайлык кыргыздарда бөлүнгөндүктүн божомолдору бар. Анда көпчүлүк учурда аскердик күчтүн эки тарапка (канатка) бөлүнүшүнө жана туугандык, кандаштык түшүнүгүнө барып такалат.
Экинчиси, уруучулуктун эки топко бөлүнүшү жогорудагы айтылган Сайф-ад-диндин "Мажму ат-таворихтеги" айтылган көрүнүштөр менен түшүндүрүлөт.
Үчүнчүсү, санжыранын көбүрөөк айтылган вариантындагы XV кылымдарда Долон бийдин аялынан төрөлгөн эки уулуна (Ак уул, Куул) байланыштырылат.
С.Аттокуров санжырачы Үсөйүн Ажынын "Кыргыз 40 уулдан тараган, 30 уулунан түндүк кыргыздар, 10 уулунан ичкилик (кыпчак) кыргыздар тараган" дегенин эске алып, анын башка санжырачылардан айырмасы "ичкилик кыргыздарды Долон бийге же Тагай бийге жармаштырбастан алардын баары жогору жактан кошулаарын" айткандыгын өзгөчө белгилеген. (С.Аттокуров "Кыргыз санжырасы", Бишкек. 1995-жыл.)
9. С. Закиров өзүнүн изилдөөсүндө жогоруда айтылган чаташтыруунун кесепетинен кыргыз санжыраларында ичкилик уруулары бирде солго, бирде 40 уулга, кээде 30 уулга кошулуп баяндаларын, негизинен кыргыз урууларынын чоң тобун ичкиликтер түзөөрүн, санжыранын көпчүлүгүндө ичкиликтер өзүнчө топ кылынбастан "солго" кошулуп айтылаарын өзгөчө белгилеп, чоң манасчы жана санжырачы Кумар уулу Балыктын:
Саруу, Кытай, Мундусу,
Кушчу, Төбөй, Басызы,
Сатыкей, Каңгы, Тейити
ичкилиги кошулуп сол атадан
турбайбы -
дегенин мисал келтирет.
Чаташтыруунун дагы бир орчундуу себеби, Адигине, Тагайдын тукумунан пайда болгон Сарбагыш, Бугу, Солто, Бөрү, Жору ж.б. жаңы урууларга караганда ичкиликтер байыркы уруулардан болгондуктан аларды ошол жаңы уруу түзүлүшүнө түздөн-түз кошо алышпай оозеки санжырада божомол менен "сырттан, башка жактан кошулган" кылып айтылгандыгы белгиленген.