26.10.10 Акчам болсо,үй сурабайт элем
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго
Өзүмдүн жети балам бар. Экөө мектепте окушат. Менин багуумда. 2003-жылдын 5-майында кан басымым 280ге жетип, башыма кан куюлуп, башыман операция болдум. Болгон каражаттын баарын сатып, операциянын дарысын да төлөй албай, ушул күнгө чейин карыз болуп жүрөм.


Архитектура мекемеси мен ооругандан баштап, азырга чейин жардам бере элек. Айына 400-500 сомдун дарысын ичем. Үч айдан алты айга чейин дарыланып, ооруканага жатып турам. Ушул себептен оорума байланыштуу Казарман айылынын абасы жакпай жатат. Ачык дамбасы, жогорку класстагы радиациясы бар. Айла жоктон Бишкек шаарына үй-бүлөм менен көчүп келип, мектеп жашындагы эки балам менен батирде жашап жатам, айына батир акысына 4000 сомдон төлөйм.
Турмушубуздан аябай кыйналып жашап жатабыз. Ушундай оор абалымды, үй-бүлөлүк шартымды эске алып, квартира маселеси боюнча Бишкек шаардык мэриясына 2005-жылдан баштап, 2010-жылга чейин кайрылып, арыз катка толугу менен жооп алган жокмун. 1-группадагы майыпмын, эч жерге жумушка жарабай калдым.
Кайталанган каттардан, документтерден тажап бүттүм. Ушул менин арызымды толук колдоп берет деп чоң үмүт менен ишенем. Сиз менен жолугушууга уруксат берүүңүздү суранам.
Алтынбек НУРГАЗИЕВ,
Бишкек шаары





Ынтымактын жарчысы болгум келет
Элди козгоп, тынчтык доорго келсек да,
Бааланбады, козголоңдон куурадык.
Эл кыргында, шаар өрттөнүп жатканда,
Улгайсам да, жаш баладай ыйладым.
Баш аламан, партиялар оюну,
Эл тагдырын ойлой берип кыйналдым.

Жүрөгүмдөн учуп чыккын акшумкар,
Кубанычым, мен сендей болгум келет.
Канатыма сүйүү отун тагып алып,
Ар адамдын жүрөгүнө конгум келет.
Адамдарды сүйүү менен бириктирип,
Ынтымактын жарчысы болгум келет.

Ала-Тоону аралап жүргүм келет,
Мөңгү жаткан чокуларды сүйгүм келет.
Дүңгүрөгөн, үндөрүнө үн кошуп
Өзөн бойлоп, кубанычта күлүп келет.
Ушул тоодон дүңгүрөгөн кайрадан,
Жаратылган касиеттер тынчтык берген.

Ала-Тоо биримдикте тутамдашкан,
Ынтымактын ырыскысын элге чачкан.
Кылымдар өзгөрүлүп жаңыланып,
Кучагына кыргыздай элди баккан.
Ала-Тоодой биримдиктүү бололу,
Эркиндикте айкөл Кыргыз акылман.

Шайлоо өттү, жарык маанай жемиштүү,
Ачык айтсак бүткүл элдин жеңиши.
Тынчтык үчүн эркиндикте шайладык,
Калайык калк баары добуш беришти.
Эл шайлаган парламентке арнайбыз,
Өркүндөгөн тынчтык доорун каалайбыз!
Бакир ЧОДОБАЕВ,
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери,
"Манас" орденинин ээси




Жаңыча жашоодо жаңыланышыбыз керек
Биз, кыргызстандыктар, жаңыча жашоого өтүп, жаңы Конституцияны жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алдык. Жаңы Парламенттин депутаттарын шайлайбыз, жаңыча жашоого өтөбүз. Ушундай тарыхый кырдаалга туш болгондон кийин, келгиле, Герб менен Гимнди жана Тууну жаңы багытыбызга жараша которуп, жаңылайлы. Мен булардан кемчилик таба албаймын, болгону тарых таккан милдетти аткарды деп эсептеймин. Кыргыздар дайыма Манас менен сыймыктанып, аны менен даңктанышыбыз керек. Ушул жагдайды эске алып, борбор шаарыбызды Манас деп атайлы. Менин бул сунушумду мен кыргызмын дегендер колдойт болуш керек.


Али күнгө чейин борбор шаарыбыздагы төрт райондун аты алмаша элек. Төрт райондун аттарын төмөндөгүчө которуп, алмаштыралы: Свердлов районун Бишкек району деп которолу. Анткени, Ысык-Көл кинотеатрынын ордунда Бишкек баатырдын журту болгон тура. Биринчи май районун - Астана, бул ат жакпаса Ордо району дейли. Ленин районун болсо - Ала-Арча району деп атайлы. Октябрь районун Байтик баатыр деп атайлы. Пишпек чебин Байтик албады беле, же болбосо Солто району дейли, шаар солто элинин жеринде эмеспи.
Эми акыркы маселе, аянттагы "жумуртка баскан аялды" эч бир талкуусуз, автордун аргументин укпай туруп, түп-тамырынан бери бузуп, ордуна бардык жактан жооп берген, кыргыз калкына таандык болгон Эркиндик монументин тургузалы. Бул иштер 2011-жылдын 31-августуна чейин бүтсө максатка ылайыктуу болмок. Кыргыз Республикасынын жыйырма жылдык Эгемендүүлүк күнүн жаңы Герб, Гимн, Туу менен Манас шаарында белгилейли. Бул майрамыбызга жаңы Эркиндиктин монументи көрк берип турсун.
Жумабек КАПАРОВ,
Бишкек шаары




Ошум менин кымбатым
Ошум менин өзгөчөм, жылуу шаарым,
Адамга эмес куртту да сүйүп баарын.
Гүлгө оронгон көчөлөрүң күлгө оонаптыр,
Сени көрүп баладай буркурадым.

Көз тийгенби көркүңө сулуу шаарым,
Көз мончогуң болоюн кагылайын.
Улуу тарых барагында урмат элең,
Аруулугуң берейин кымбат жандын.

Ошум менин кымбатым, куттуу шаарым,
Ошпур ата жашаган кыргыздардан.
Египетче бар элең ыйык жактан,
Өзгө адамдар өксүптүр Ак-Буураңдан.

Катылгандар оңбосун жолдо калсын,
Эгиз элдин достугу майрамдалсын.
Бирин-бири аңдыбастан ойноп-күлүп,
Кучакташып, колтукташып бирге бассын.

Ошум менин мурасым сүйгөн шаарым,
Сенде калган жаштыгым күлгүн чагым.
Жашарасың, гүлдөп өсүп, тазарасың,
Сага деген ак сүйүүмдү унутпассың.
Рахима НУРМАТОВА,
Билим берүүнүн мыктысы, ардагер,
Алай району