15.10.10
  Куттуктоолор, пикирлер

"Парламентке добуш берүү дүйнөнү таң калтырды". Американын эң абройлуу "Вашингтон пост" гезити 10-октябрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тууралуу ушундай баа берди. Ал эми чет мамлекеттердин Президенттеринин жана расмий өкүлдөрүнүн көз карашы кандай экенин азыноолак байкап көрөлүк.

Дүйнө Кыргызстан жөнүндө эмне деп жатат?
Америка
Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун эртеси күнү эле АКШнын президенти Барак Обама элибизди шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, төмөнкүчө пикирин билдирген: "Баарынан мурда мен Кыргызстандын шайлоочуларын куттуктап кетейин дедим. Кечээки өткөргөн тарыхый шайлоодон улам ал жакта Өкмөт деле ушундай демократиялык туруктуулук менен шайланаарына шарт түзүлүп калды деп эсептейм. Биздин программаларыбыздын Кыргызстандын өкмөтүнө жана атуулдук коомуна жардамы тийип, андагы шайлоонун өтүшүнө жиберген өкүлдөрүбүз байкоочу катары катышып, демократиялык жетишкендиктериңер үчүн активдүү роль ойногондугун кубануу менен кабыл алам", - деп билдирген. Америка лидери жиберген куттуктоосунда. Барак Обаманын бул билдирүүсү дүйшөмбү күнү "Америка үнү" радио берүүсүнөн уктурулган..
Япония
Япониянын башкаруучу демократиялык партиясынын депутаты Нобухико Суто биздеги парламенттик шайлоонун акыйкат жана эркин өткөндүгүн ал КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушуусунда белгиледи. Суто мырза парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катарында катышып, жергиликтүү шайлоо участкаларында иштин уюшкандыгы абдан жогорку деңгээлде экендигин, элдин добуш берүүгө активдүү катышканын айта кетти. Ал эми Япония мамлекети тынч жана демократиялуу өткөрүлгөн шайлоону кубаттап, куттуктаганын расмий билдирди.
Казакстан
"Кыргызстан эли парламенттик шайлоону таза өткөрүүдө акылмандыгын жана эрдигин көрсөттү. Мындан ары өлкөнү өнүктүрүүдө бул кадам жаратмандык менен коштолуп, тынчтыкты сактоого зор үмүт арта турганына Казакстан ишеним менен жогору баалайт" - деп белгиледи ЕККУнун төрагасы, Казакстандын Тышкы иштер министри Канат Саудабаев. Аталган расмий билдирүүдө, "Казакстан Кыргызстан элинин тандоосун сыйлоо менен бирге, саясий турмуштун туруктуу багыт алышын, эң башкысы социалдык көгөйлөрдү чечүүнү, өлкөнүн экономикалык жана демократиялык кайра жаралуусун колдойт", - деди К.Саудабаев мырза.
Түркия
"Түркия мамлекети Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун демократиялык процесстин жетилген калыбында тынч өткөрүлгөнү үчүн куттуктайт. Бул шайлоо Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийинки эң мерчемдүү окуя болуп калды. Кыргызстан элинин парламенттик демократияны тандап алышы тез арада саясий туруктуулукка, тынчтыкка жана байгерчиликке жетишүүгө өбөлгө болооруна биз ишенебиз.
Түрк тилдүү республикалар менен кызматташуу биздин өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты. Мына ушул жагдайды эске алуу аркылуу Түркия Кыргызстанга ар тараптуу колдоолорду мындан ары да көрсөтө бермекчи", - деп айтылат Түркия мамлекетинен келген куттуктоодо. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирген.
Германия
"Шайлоонун тынч жана акырындык менен өтүшү позитивдүү көрүнүш катары кабыл алууга арзыйт. Роза Отун-баева башында турган кыргыз жетекчилигине шайлоо процессин тунук жана уюшкандыкта аяктаарына ишенем. Кыргызстандагы демократия процесси эми жакшы нукта уланууга тийиш. Мен мындагы бардык тараптарга бул процессти жарашууга түзүлгөн жакшы шарт катары конструктивдүүлүк менен колдонуп кетүүгө чакырам", - деп билдирди Германиянын Тышкы иштеринин федералдык министри Гидо Вестервелле.
Кытай
Мына ушундай эле куттуктоо тилектер Кытай Эл Республикасынан да келген. КЭРдин Тышкы иштер министрлигинде 12-октябрь күнү Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшү боюнча маалымат жыйыны өткөрүлүп, андагы КЭРнын ТИМинин расмий өкүлү Ма Чаосюя мындай деп расмий билдирген: "Кытай менен Кыргызстан - достошкон кошуналар. Кытай тарап Кыргызстандагы өзгөрүлүп, өнүгүп жаткан кырдаалга такай көз салып турат. Кытай өкмөтү Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн белгилеп, элдин тандоосун сыйлап, өлкөдөгү туруктуулуктун биротоло калыбына келишине ишенимин билдирет. Бул Кыргызстан элинин түпкү кызыкчылыгына туура келүү менен бирге Борбордук Азия аймагындагы өсүп-өнүгүүнү шарттайт", - деп билдирген.
Өзбекстан
"Урматтуу Роза Исаковна, 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун тынч жана демократиялык жагдайда өткөрүлүшү менен куттуктаймын", - деген телеграмманы Өзбекстан президенти Ислам Каримов жиберген.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  Пикир

"Роза Отунбаева биздин президентибиз жана энебиз"
"Биз Роза Отунбаева менен иштешебиз. Себеби, ал биздин президентибиз жана энебиз",-дейт "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев.
Анын айтымында, парламенттик шайлоо анча-мынча гана тартип бузууларды эске албаган-
да, таза жана ачык өттү. "Бизге эң башкысы Кыргызстандагы тынчтык керек", - дейт ал. Маалымат жыйынында белгилүү болгондой, "Ата-Журт" саясий партиясы үчүн жаңы парламентте ким спикер болору, же өлкөнүн премьер-министрлигине ким дайындалары маанилүү эмес.
А.АКИМБАЕВА