15.10.10 Тынчтыктын ачкычы кимде?
Бүгүн ар бир кыргыз эле эмес, көп улуттан турган бүтүндөй кыргызстандыктар: "Кыргызстаныбыздын келечеги барбы? Ушундай туңгуюктан чыгып кете алабызбы?" - деген суроолордун айланасында баш катырып жаткан учур.
Айрым тайыз ойлоп, бардык нерсеге жеңил-желпи караган адамдарыбыз муну оңой эле, сыйкырчы таягын ары-бери булгалап чече койгондой: "Мына, мага кут түштү, эми элдин тагдырын көз ачып-жумгуча эле оңдой коёмун", - таризде сүйлөп келишти.
Бирок, кыргыз эли учурда өтө оор абалда, туңгуюкка кептелип, алты кадамдын ары жагы көрүнбөй турган чакта, элдин башын бириктирип, жакшылыкка алып бара турган - бул куру кыйкырык, материалдык мүмкүнчүлүкпү? Жок. Анда булардан башка дагы күч барбы? Албетте, бар. Ал - ыйман, ынсап, адеп-ахлак жана кечиримдүүлүк, көтөрүмдүүлүк! Ар бир жарандын көкүрөк-көңүлүнө ушул нерселер кыттай уюганда гана, бардык тескери көрүнүштөрдү - байлыкка, бийликке болгон ач көздүктү, ичи тардыкты, бири-бирине
атаандашып, бири-бирин жек көрүүнү, сойкулукту, уруш-талашты, улуттар аралык араздашууну, ж.б. баарын жеңип, эл бакубат жашоого карай кадам таштайт.
Болбосо, азыркыдай ыргак менен кете берсек, Кыргызстан биротоло алдым-жуттум, ач көз, көз
боочу, далдалчы адамдардын өлкөсүнө айланып отурат да, тескери энергиялар (газ түрүндөгү) кара туман болуп кыргызды каптап, "озон тешиктери" пайда болуп, бул жүктү жаратылыш да көтөрө албай калышы мүмкүн.
Илгери бир доордо да ушундай учур болуптур. Элдин пейили кетип, баары алдым-жуттум, өзүмчүл болуп жашап калышат. Ынтымак-ырк жоголот. Ошондо Кудайдын кудурети менен эзели жамгыр жаабаган чөл үстүнөн көнөктөп жамгыр төгүп, суу каптап, ниети, пейили таза адамдар гана аман калып, калганы бүт суу менен жуулуп кетиптир.
Эми да адамдар башына иш түшкөндө гана Кудай дешет. Кудайдын мээрими түшүп, тилеги кабыл болору менен бат эле кайра аны унутуп калышат.
Биз канчалык элден жашырынып арам иштерди жасап, эч ким көрбөй, билбей калды деп элди алдап жатканыбыз менен, Кудай баарын көрүп турат. Биз андан жана ыйманыбыздан баары бир эч кайда кача албайбыз. Акыр бир күн жооп берүүчү күн келет!
Эгерде биз чындап эле элибизге, жерибизге тынчтык кааласак, анда өзүбүз ыйман-ынсаптуу бололу, бири-бирибиз менен ынтымакка келели.
Жеке амбицияларды артка калтырып, бир гана - кыргыздын, Кыргызстандын келечегин ойлойлу, Кудайдан корколу!

Алмаш БЕКОВА,
Кара-Суу району





 "Ата Журт"

"Ата Мекенди" кантип жеңди?
Мамлекеттин саясий айдыңында "Ата Журт" партиясы кечээ эле пайда болгондо, "эмне үчүн мындай?" - деп таң калдык эле. Анткени өлкөдө дээрлик жыйырма жыл бою жашап, иштеп жаткан "Ата Мекен" партиясы бар эле да. Анан, жаңы эле көз жарган партия эмне үчүн "Ата Журт" аталып, тигил партиянын атын алды? Ага кандай муктаждык болду? Же башка ылайыктуу аталышты таба албаганынанбы?
Анын себеби биздин оюбузча башкада. Жаңы партиянын лидерлери бул жагынан көргөчтүктү, тапкычтыкты жана ыкчылдыкты көргөзгөн, өлкөдөгү саясий жагдайды да, шайлоочулардын кайсы тарапка ыктоо маанайын да туура баамдашкан. Айталы, Ата Мекен жана Ата Журт биздин элибиз үчүн ыйык аталган түшүнүк. Элдин эс-тутум кабылдоосунда бул эки аталыш бир эле маанини туюн-таары, кыргыз баласы Ата Мекен деп да, Ата Журт деп да айта берери анык эмеспи.
Мындагы орчундуу бир жагдай: бул ыйык маанинин "Ата Мекен" партиясы аркылуу элдин туюм-сезиминен сүймөнчүктүү орун алып калгандыгында, анан ушул эки сөздү - Ата Мекен менен Ата Журтту калкыбыз бир эле түшүнүк катары көрүп баа бергенинде.
"Ата Журт" партиясынын биринчи орунга чыгышы да бизди ириде абдан таңдандырды, көрсө анын негизги себеби ошондо турбайбы, парламенттик шайлоодо ал ачык көрүнбөдүбү. "Ата Мекендин" социалисттик идея үчүн күрөштө жетишкен эл арасындагы аброю анын ийгилигинин себепкери болгон тура. Буга мисалдар бир топ. Айталы, Ат-Башы районундагы Ак Муз айылынын "Ата Мекенди" тандаган беш жүз шайлоочусу жаңылыштык менен добуштарын "Ата Журт" партиясына бериптир. Себеби эле "Ата Журтту" "Ата Мекен" деп ойлогондон... Ушундай эле алмаштырып адашуулар Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында, Жумгалда, Токтогулда да болгондугу, мындайлар бир топ экендиги азыр эл оозунда дүң-дүң айтылууда.
Анткен менен да "Ата Мекен" партиясы парламенттик ат чабышта (топтогон упайларынын көбүн жоготуп алса да) маарага бештин бири болуп келип, өзү белсемдүү салым кошкон мамлекеттик жаңы жолду салуу майданына аралашты. Кимдин ким экендиги ушул майдан таймашында ачык көрүнөөрү бышык.
Бекбай АЛЫКУЛОВ,
ардагер, Бишкек шаары




Шайлоонун таза өткөнү чын болсо...
Той болот, тойдун эртеси да болот дегендей, көптөн күткөн шайлоо да өттү. Бирок, бул жөнүндө ар кандай ойлор айтылууда.
Жалпы республика боюнча 2 852 751 шайлоочунун тизмеси такталган. Ошондо 5%дык босого 142 миң шайлоочунун тегерегинде болмок. Буга ылайык "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 145 455 добуш алып, 5%дык чекти багындырган. Эмнегедир БШКнын төрагасы Акылбек Сариев шайлоодон кийин эки күн өтпөй: "Кошумча тизме менен шайлоочулардын саны 3 млн. болуп кетсе эмне кылайын?" - деди. Бул эмне дегендик? 10-октябрь күнү түнкү саат 12де: "2 852 751 шайлоочунун 56%ы добуш берди", - дейт да, эртеси эле 3 млн. шайлоочу болуп чыга келди. Буга ким ишенет? Ушул тапта өлкөбүздө деги 2 852 751 шайлоочу барбы? Айрым маалыматтар боюнча чет жерде жүргөн жарандарыбыздын саны 1,5 млн. экенин билгенибиз бар. Анан кантип Кыргызстанда жашаган 4 млн. го жетпеген адамдардын 3 млн. шайлоочу болуп калат? Эгерде шайлоо таза өткөнү чын болсо, БШК "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын 5%дык босогодон өттү деп таанып, парламенттен орун берилишине азыртан кам көрө берүүсү зарыл.
С.БЕКБОТОЕВ,
Абды Сүйөркулов атындагы коомдук
фонддун төрагасы





Аптека көп, дары жок
Мурда союз учурунда саналуу эле дарыканалар болгону менен, издеген дарыңдын баарын тапчусуң. Ал эми азыр болсо, шаардагы дарыкананын көптүгү ушунчалык, эсебине жетпейсиң. Ош базарындагы жана башка жерлерде жайып саты-луучу дары-дармектерди айтпай эле коёлу.
Бирок, издеген дарыңды табуу үчүн болгон дарыкананын баарын кыдырып чыгуу кыйын, айрыкча оорукчал, кары-картаң пенсионерлер үчүн.
Мурда Бишкектеги борбордук дарыкананын ичинде керектүү даарыларды бат табуу үчүн атайын сурап-билүү бөлүмү бар болчу. Азыр ошол борбордук дарыкананын аты эле болбосо, заты жок. Борбордук эмерек сатчу жай, экинчи жагы үйлөнүү тоюна керектелүүчү жана башка майда-барат нерселер сатылуучу түйүнгө айланган, коммерсанттар кысып отуруп дарыкана бир кичинекей бурчка такалып калды.
Издеген дары-дармектердин кээ бирөөлөрү бир-эки же болбосо беш-алты жылдан бери дарыканаларга түшпөгөндүктөн, дарыгерлер алардын аттарын да унутуп коюп, ушундай да дары барбы, жок дегенде атын туура айтып жатасыңбы деп сурайт. Мисалга жалгыз эле мен эмес, жүздөгөн кишилер издеп, таппай жүргөн "Уротрапин" аттуу таблетканын жоголгонуна бери жагы эле беш-алты жылдан ашып кетти. Кийин ампуладагысын алып жүрдүк эле, азыр анысы да жок.
Кыз-келиндер колдончу "Эндид" майы да өзүнчө таңсык, сурабаган дарыкана калбай, бир жарым жылдан бери издетип табылбай айланы кетирди. Кымбатыраак болсо да, чыгарып, элдин сообуна калышса болбойбу.
Абдылда УМАРОВ, Бишкек шаары