15.10.10
  Ынтымак үчүн

"Каныбыз небак аралашкан…"
Жакында Чолпон-Ата шаарында өткөн "Улуттар аралык диалог: ынтымак жана сабырдуулук" конференциясына катышкан карапайым элдин өкүлдөрү менен азыноолак сүйлөшүп, ал-жайды сурашкан элек. Ош, Жалал-Абад аймактарынан келгендердин июнь коогалаңы боюнча пикирлерин берип коюуну туура көрдүк.

"Бейкапар элди аткылап качып кетип жатышты"
- Кандуу коогалаңды карапайым адамдар баштаган жери жок. Аны сырттан келген үчүнчү күчтөр жасады, - деп сөзүн баштады Кара-Суу районуна караштуу Шарк айлыныны тургуну Турсунбай Жороев.
Ошол аймактарга тааныштыгы жок, башка жактан келген куралчандар тынч, бейкапар жаткан элди аткылап коюп, ың-жыңсыз качып кетип жатышканын көргөн адамдар четтен табылат. "Кадыров" деген көчөдө жашаган Болот аттуу кыргыз жигит бар. Кыргыз, өзбек аксакалдары ошол баладан айланайын деп батабызды берип отурабыз. Провокацияга алдырып, каны кызыган топту көчөбүзгө киргизбей: "Бул жакта аялдар менен эле балдар калды!" - деп көкүрөгүн тосуп берип, сүйлөшүп кайра кетирип жатты. Кыргыз туугандарыбызды аркалап тоо жакка качкан өзбектер болду. Кыргыз - өзбекти, өзбек - кыргызды коргоп калган окуялар абдан көп. Шүгүрчүлүк, алты баламдын, үй-бүлөмдүн башы аман, кыргыз кошуналарымдын бала-чакаларынын айдан аман, жылдан эсен чыккандарын көрүп көз кубанып, көңүлүм жылыйт. Өзбектерге келин болгон кыргыз кыздары небак байбиче болуп, кыргыздарга келин болуп кеткен кыздарыбыз алардын тукумун улап, кылымдарды кечирип келе жатабыз. Кан-жаныбыз небак аралашып, жуурулушуп, жытыбыз сиңишип калбадыбы. Эптеп наныбызды таап, балдарды багып жаткан бизде кайдагы курал-жабдык болот эле? Элдин сабырдуулугу бар үчүн биздин көчө аман калды. Башка жакта 11-13-июнь күндөрү үйлөр өрттөнүп, тополоңду пайдалангандар өз максаттарына жетти. Уруштан уткан тарап болбойт. Ага баарыбыздын эле көзүбүз экинчи ирет жетип отурат.
Байбиче батасын берип узатты
- Коогалаң учурунда үй-бүлөнү жашырып кетүүгө туура келген. Кайра кайтканыбызда машинемди издеп таппай калгам. Кыргыз досторум машинемди участкалык милицияда турганын айтып келишти.
Барсам ошол жакта экен.
"Мына, алып кетиңиз", - дешти. Чынын айтсам, буюм адамдын жаны эмес. Ага деле кайыл болуп, жалпы элге, анын ичинен кыргыз-өзбек бирге жашаган айылыбызга батыраак тынчтык орносо экен деп тилеп калган болчубуз. Мына ушинтип эле карапайым эл бири-бирине жардам берип, чогуу ынтымакта жашап келе жатабыз. Июнь окуясы бир тууган эки элдин башына түшкөн бир сыноо болду. Сынган бүтөлөт, талкаланган кайра курулат. Өрттөлгөн үйлөрдүн алды курулуп бүтөйүн деп калды. Үч уулум, бир кызым бар. Өткөндө дагы коогалаң болот деген ушактар чыгып кетти. Ошондо эки тараптын эли кеңешип: "Кана, коогалаң чыгарчулар кыргыздар болсо алар, жок өзбектер болсо биз барып тосуп калалы. Деги ошол күчтөр кимдер экен өзү?" - дедик эле андай окуя кайталанган жок. Элди ынтымакка чакыруу максатындагы иш-чаралар адегенде
райондо, андан кийин облуста өткөрүлдү. Эми минтип, мамлекет башчысы көгүлтүр көл жээгине эки тараптын аксакалдарын чакырды. Мен бул жакка сапарга чыгаардын алдында сексен жаштагы кыргыз кошунабыз Шарипа эже:"Жакшы барып, аман кел. Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун" - деп батасын берди. Шарипа эже бир топ кыйынчылыкты башынан өткөргөн байбиче. Бараарым менен андан кабар алып, ден соолугун сураймын, - дейт коогалаң болуп өткөн Фурхат айылынан келген Мусажан Усманов.

Көп кабат үйлөрдө аралаш жашасак
Ынтымак жыйынына Ош шаарынан келген Мырзайым Кокошева аттуу мугалим эже менен аңгемелешкенимде: "Мен "Алай" мейманканасынын жанында жашайм.
Коогалаң учурунда өзбектердин кээ бир дүкөндөрүн, соода түйүндөрүн коргоп, өрттөн сактап калган кыргыздар болду. Эки эл бири-бирин коргоп, жашырып аман алып калып жатты. - Мен жашаган Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйдө сегиз үй-бүлө өзбек улутундагылар бар. Алар ошол оор күндөрү эч жакка качып кетишкен жок. Болгону Ак-Тилек аймагындагы жеке сектордогу үйлөргө убактылуу баш коргоо алып турушту. "Бизге кыргыз туугандар көп жардам беришти. Үйлөрүбүздү сатпай, алмаштырбай эле ушул жерде кыргыз кошуналарыбыз менен чогуу жашайбыз" - деп кайра келип алышты. Ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бала деген балалык кылат эмеспи. Эки окуучу мушташа кетсе деле өзбек-кыргызга бөлө койгон жарабайт. Алар эртеси эле кайра жарашып ойной берет. Улуттук маселе ушунчалык назик, сезимтал болуп турган чакта аяр мамиле кылууну көздөбөсөк болбойт. Мында ата-энелердин таасири чоң. Бир өзбек кошунабыз өз баласына оюнчук жасап берсе, баласынын кыргыз досуна да ошондой окшош оюнчукту жасап берип, үй-тапшырмасын даярдоодо кошунасынын баласына жардамдашып жаткан ата-энелер арбын…
- Элде эч айып жок. Шүгүрчүлүк, элдин саны жыл сайын өсүүдө. Ал эми шаарыбызда жер тарып бара жатат. Андыктан көп кабаттуу үйлөр салынса шаардын көркү чыгат. Улуттар бир эшиктен кирип-чыгып, бир туугандай чогуу жашагандары жакшы. Чогуу майрамдап, бирге айттап, үй-үйлөргө кирип чай ичишсек ынтымак-ырашкерлик артмак. Ушул жагын көп адамдар түшүнбөй, Өкмөттү жеке менчик үй салып бергиле деп кыйнагандары жакшы эмес. Аралаш жашагандар ынтымактуу болушарын турмуш далилдеди, - дейт Ош шаарына караштуу № 14 К.Алтыбаев атындагы орто мектептин мугалими Сурма Эргешова.
Назира АЛИЕВА