15.10.10
  Эң алыскы элетте

Тогуз-Торо районунун акиминин милдетин аткаруучу Сталмамбет Абдылдаев:
"Биз кышка даярбыз"
Ушул тапта республикабыздын бардык аймактарында күз күрөшү уланып, аны менен бирге ызгаары катуу кыш мезгилине даярдыктар көрүлүүдө. Өзүңүздөр билгендей, айрым региондорубузда кар абдан калың түшүп, суугу катуу болот. Ошондой аймактарыбыздын бири бул - тоолуу Тогуз-Торо. Өткөн жылы аймакка болуп көрбөгөндөй кар жаап, эскирген үйлөрдүн чатырлары кулап, бир айылдан экинчи айылга жол жок, транспорт токтоп, бир канча жума ат менен араңдан зорго каттап калышкан. Күрөндүлөрдүн бийиктигинен адамдын бою көрүнбөй калган... Андыктан, тогузторолуктардын быйылкы кышка даярдыктары кандай? Отун-суу менен камсыз болуштубу? - деген суроолор менен райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Сталмамбет Кыдыңовичке кайрылдык.

- Сталмамбет мырза, быйыл да кыштын оор болуусу күтүлүүдө, райондогу кышка даярдык көрүү иштери кандай жүрүп жатат?
- Буюрса, жаман эмес. Бүгүнкү күндө бизге деп республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 2456 миң сомду толук пайдаланып, көмүр тартуу иши кызуу жүрүүдө. Район боюнча жалпы 5172 тонна көмүр, 230 тонна отун, 7 тонна мазут жана 3784 тонна даярдоону пландаган элек, пландан артта калган жокпуз. Мектептерибиз азыркы күндө көмүр менен 80% , ал эми мазут менен 100% камсыз болушту. Саламаттык сактоо тармагындагы көрүнүш да ушундай. 65 тонна көмүр тартып берүү милдети 100%га аткарылды. Кар түшкөнчө аткара турган иштер бар. Аларды белгиленген мөөнөттө жасап жетишерибизге ишенем.
- Дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери канчалык деңгээлде аткарылып бүттү?
- Тогуз-Торо району боюнча 3163 гектар жер аянтына дан эгиндери айдалган. Аларды оруп-жыюу дээрлик аяктап калды. Дыйкандардын түшүм жыйноолоруна райондогу 7 комбайн кызмат кылды. Бул иштерди жыйынтыктап бүтүп, аз күндө келерки жылдын түшүмдүүлүгү үчүн 250 гектар жерге күздүк айдоону пландап жатабыз.
- Өткөн кыш өзгөчө малчыларга көп кыйынчылык туудуруп, алар тоюттун түгөнүп калышынан улам, жандыктарын кыштан зорго чыгарышты эле, быйыл тоют камдоо жагы кандай болду?
- Ооба, былтыркы кыш чынында оор болду. Ал тургай малдардын өлүп калган учурлары катталды. Быйыл андай көрүнүштүн кайталанбасы үчүн, болгон аракеттерди жасап жатабыз. Быйылкы жылга 23390 тонна көп жылдык чөп, 2302 тонна табигый чөп жана 2266 тонна саман жыйналып, жалпысынан 27958 тонна тоют камдалып, планды аткаруу 91%ды түздү. Бул иштер азыр да токтой элек, себеби тоют камдоо күз мезгилинин акыркы күндөрүнө чейин жүрө берет.
- Элдин жашоо турмушу кандай?
- "Алтын-Чөйчөк" аталган Тогуз-Торо району борбордон кыйла алыстыкта жайгашканына жана жол катнашынын татаалдыгына карабастан, элибиздин жашоо-шарты бир топ эле жакшы. Мындай болушуна районубузда "Макмалалтын" ишканасынын бар экендиги чоң
таасирин тийгизип келет. Ишкана 1200дөй адамды жумуш менен камсыз кылып, алардын орточо айлык-акысы 15666 сомду түзүп, райондогу тургундардын жашоо деңгээли кыйла жогору.
- Сталмамбет мырза, райондо эмне көйгөйүңүздөр бар? Аларды чечүү үчүн кимден, кандай жардам керек?
- Дал ушул тапта эл арасында нааразычылыкты жана ар кандай пикирлерди жараткан бир маселе болууда. Ал 2003-жылдын 1-июлунда кабыл алынган "КРнын аймагындагы алыскы, тоолуу райондордо жашап жана иштеп жаткан жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча" №399 токтомуна ылайык, райондогу он төрт айылдын жетөөсүндө 1,45% менен калган жетөөсүндө (Өрнөк, Карл-Маркс, Арал, Табылгыты, Кара-Суу, Кош-Булак) 1,20% менен эсептелип келгендиги. Башкача айтканда, бирдей эле климаттык шартта жашап жана эмгектенип келаткан район тургундарынын эмгек акысына, пенсия, жөлөкпулга кошулуучу коэффициенттин бирдей эместигине нааразы болушууда. Бул маселе мурда да көтөрүлүп, бир катар органдарга кайрылып келгенбиз. Тилекке каршы, эч кандай натыйжа болбогондуктан, ушундай окуя уланууда. Бул көйгөй чечилип калса жакшы болмок. Ошондой эле бизге аябай керектүү Казарман - Сарык-Ата автожолунун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр оң жагына чечилсе деген ишенимде турабыз. Бул жөнүндө Президент Роза Исаковна районго август айынын этегинде келген иш сапарында кабардар болуп, бир катар министрликтер менен ведомство жетекчилерине тапшырмаларды берген.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"