№79, 15.10.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...





  Суроом бар эле?

Жолдош депутат, кызматтык автоунааңыздан баш тарта аласызбы?
Мына ушундай суроо менен парламентке шайланып келишкен партиялардын өкүлдөрүнө кайрылдык. Себеби, жалпыга маалымдоо каражаттарында, эл арасында 120 депутатты каржылоо ансыз да бюджети очорулган республика үчүн абдан оор деген талкуу жүрүп турган учуру. Шайланып келип, кубанып турган эл өкүлдөрүнүн айрымдары өз пикирлерин айтышты.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынан депутаттыкка талапкер Дамира НИЯЗАЛИЕВА:
- Мен шайлоо убагында элге берген убадаларды аткарсам гана болду. Элдин көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүдө мага машине жардам бере албайт, мандатым гана көмөкчү болот. Ашыкча жеңилдиктердин деле кереги жок. Кызматтык автоунааны аламбы же баш тартамбы, аны азыр чече элек болчумун. Сиз суроону капысынан берип калбадыңызбы. Өзүмдүн жеке пикиримди айтсам, автоунааны талаштырып, тандатып отурбай депутаттардын баарына бирдей берилиши керек же биротоло эч бирине бербей бул маселени жаап салуу зарыл. Өзүмдүн ага өтө муктаждыгым жок.
Мен башынан эле депутаттын кол тийбестигин алып салууну жактап келгем. Кол тийбестик кылмыш иши ачылган, аркасында калбыры барларга керек. Иш башталса баарыбыз бир нече жеңилдиктен баш тартууну караштырышыбыз кажет. Анын үстүнө өлкө бюджети өзгөчө быйыл тартыш...
(Уландысы 3-бетте)





PDF формат