12.10.10 Тоңдо микрокредиттик
линия ачылды
"Кумтөр Оперейтинг Ком-пани" "Айыл банк" менен бир-геликте Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы фермерлерди жана ишкерлерди колдоо максатында микрокредит-тик линия ачты. Эми аталган аймактын малчы-лык, дыйканчылык, соода менен алектенген тургун-дары бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөт менен
12% үстөгү бар насыяларды алышса болот.

Насыя үчүн 7 млн. сом
Т
агыраак айтсак, "Кумтөр" ишканасы Тоң элинин жашоосун жакшыртуу боюнча долбоордун негизинде, "Айыл банк" ачык акционердик коомуна 7 млн. сом которду. Бул каражат аталган райондун жашоочулары үчүн кредиттик негизде берилмекчи. Мында каалоочулар өз мүмкүнчүлүктөрүнө жана бизнес пландарына жараша 5 миң сомдон жогорку суммадагы акча каражаттарын ала алышмакчы. "Бөлүнгөн каражаттын 60 пайызын фермерлерге беребиз. Анткени, "Кумтөр" менен түзгөн келишимибизде ошондой деп бекитилген. Ал эми 20 пайызы талаачылык менен күн көргөн тургундарыбызга берилет, калган бөлүгү соода, өнөр жай тармагына тийиштүү. Албетте, 7 млн. сом бул өтө деле көп сумма эмес. Бирок, тоңдуктар ушул на-сыяларды туура жумшап, кайтарымдуулугун арттырып, натыйжасын көрсөтүшсө, бул долбоор ушуну менен эле токтоп калбайт деп ишенебиз ", - дейт "Айыл банк" ААКсынын төрагасынын орун басары Азамат Жоробеков.

Кредиттерге суроо-талап жогору

Эске салсак, "Кумтөр Оперейтинг Компани" өзүнүн өндүрүштү к ишмердүүлүгүнөн тышкары, көп жылдан бери Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү программаларын колдоп, социалдык-экономикалык проблемаларын чечүүгө олуттуу салымын кошуп келүүдө. Мисалга алсак, учурда компаниянын жардамы менен Ананьево айылындагы оорукананын курулушу аяктоо алдында турат. Ошондой эле, облустагы бардык көпүрөлөрдүн реконструкциялары, спорт залдардын курулуштары жүрүүдө. Эми минтип үстөк пайызы арзан микрокредиттерди берүүнү баштады. "Компания Тоң элине эмне үчүн микрокредиттерди берүү жолу менен жардам көрсөтүүнү чечти?" - деген сурообузга "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" вице-президенти Андрей Сазанов: "Анткени, азыр дээрлик бүт жерде кредитке суроо-талап абдан жогору. Анын ичинде Ысык-Көл облусу боюнча да көп. Ошондуктан, биз Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которгон каражаттан сырткары, быйыл Тоң районуна дагы кошумча кредиттик линияны ачууну туура көрдүк. Эгер кардарлар каражатты туура пайдаланып, өз мөөнөтүнөн кечиктирбей кайтарып беришсе, бул акча эч кайда жоголбойт. Тескерисинче, көбөйүп-өсүп элге узак убакытка чейин кызмат кылат", - деп жооп берди.
КОК буга чейин Жети-Өгүз районунда микрокредиттик агенттик ачкан. Ал бүгүнкү күндө жеке ишкерлерибиз үчүн бир топ жеңилдиктерди тартуулап алгылыктуу иш алып барууда. Баса белгилей кетчү нерсе, быйыл кредит алуучулардын саны көбөйүп, каражаттын жетишсиз болгондугунан, "Кумтөр" ишканасы "Жети-Өгүз" микрокредиттик агенттигинин эсебине өткөн айдын башында кошумча дагы 3 млн. сом которду. "Биз максималдуу натыйжаларга жетишип, элге жардам көрсөтүүгө ар дайым аракеттенебиз. Себеби, биз азыркыдай кырдаалда өлкөбүздү кубаттап, кол-
доого тийиш экенибизди жакшы билебиз. Ошол себептен, Тоң районундагы 9 айыл аймагынын жашоочулары үчүн 12 пайыздык кредиттерди узак мөөнөткө берүүнү чечтик. Мындай аракетибиз текке кетпей, жеке ишкерлердин буттарына туруп кетүүлөрүнө аны менен бирге өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө аз да болсо оң таасирин берет деген үмүттөбүз", - деп кошумчалайт А.Сазанов.

Эл эмнеге жумшоо керектигин түшүнүп калды

Жергиликтүү калктын айтымында, азыр эл кредитти кандай пайдалануу, эмнеге жумшоо керектигин түшүнүп калды. Райондун алдыңкы фермерлеринин бири болгон Малик Жолчиев дал ушул кредитти алып иштетүүнүн негизинде, короосундагы төрт түлүк малдын башын көбөйтүп алууга жетишкендигин айтат. "Зарыл болгондо 18-20 пайыз үстөк менен деле алып келгенбиз. "Кумтөрдүн" 12 пайыздык кредитин алып иштетүү жана үстөгүн төлөө кыйла ыңгайлуу, жеңил болоруна бөркүмдөй эле ишенип турам. Эмнеси болсо да элдин алганы мүлдө баарыбызга жугумдуу жана ырыс-кешиктүү болсун!" - дейт Малик ага. Жогоруда белгиленгендей, 7 млн. сомдун 60 пайызы Малик агага окшогон алдыңкы жана жаш фермерлердин короосундагы малдардын туягына туяк кошууга багытталган. Бул максатты тоңдуктардын бүтүндөй тургундары кубаныч менен кабыл алышууда. Мунун себеби, аталган аймакта негизинен малчылык менен оокат кылып келишкени белгилүү.

Алгачкы кардар

Кумтөр Оперейтинг Компанинин" 12 пайыздык үстөгү менен кредиттеринен эң алгачкылардан болуп алууга үлгүргөн Жолдошбек Баялиев да каражатты мал чарбачылыгына саларын айтат. Ал эки жылдык мөөнөт менен 50 миң сом алды. "Мурда талаачылык менен оокат кылчумун. Акыркы жылдары мал кармап, аны өзүбүздүн базарга сатып келатам. Кошумча жандык алууну ойлоп, мындан 15 күн мурун арыз жазган элем. Кудайым насип кылып, "Кумтөрдүн" 12 пайыздык кредитинен алып жатам", - деген Жолдошбек Баялиев алган акчасынын буйрулуктуу болушун тилөөдө.

Маалымат үчүн

Кумтөр" - Кыргызстандагы бардык өнөр жайынын төрттөн бири. Ал өлкөнүн туруктуу салык төлөөчүсү. 2010-жылдын 6 айында эле 3 млрд. 450 млн. сомдон ашык салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү которгон. Ошондой эле "Кумтөр" "Центерра Голд" эл аралык компаниясынын курамына кирет. Ишкана мындан тышкары Монголияда да кендерди иштетүү менен биргеликте Россияда, Түр-кияда жана АКШда бир катар перспективалуу геологиялык чалгындоо долбоорлоруна ээ.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"