12.10.10 Роза Отунбаева:
"Өлкө тарыхында алгачкы ирет таза шайлоо өтүүдө"
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева 10-октябрда саат ондо Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу П.Шубин атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында жайгашкан №1216 шайлоо участогунда добуш берди.

"Бүгүн бизди бүткүл дүйнө жүзү карап турат. Эгер парламенттик шайлоону тынч өткөрүп алсак, анда өлкөбүз өнүгүү жолуна түшөт",- деди Роза Отунбаева добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Мамлекет башчы парламент шайланган соң, басымдуу депутаттык орунду жеңип алган саясий партия, андай болбогон жагдайда саясий партиялар биргелешип КРнын Өкмөтүн түзөрүн билдирди. "Жеңүүчү саясий партияга КРнын Өкмөтүн түзүүгө үч ирет мүмкүнчүлүк берилет. Түзө албаса, Президент катары кайрадан жаңы парламенттик шайлоону жарыялоого мажбур болом. Менин баамымда аткаруу бийлиги экинчи сунуштан кийин эле кабыл алынышы мүмкүн", - деди Р.Отунбаева.
Президент мындан тышкары парламенттик шайлоодон кийин өлкөбүздүн тоо-кен тармактарын иштетүү жанданарын белгиледи. Ал эми учурдагы Өкмөт кышка даярдык жана оруп-жыюу иштери менен алектенүүдө жана ал милдетин канааттандырарлык деңгээлде аткарып жатат.
"Биз өзүбүздүн башатыбызга кайтып келүүдөбүз. Анткени 1993-жылдагы Конституцияда демократиялык жол менен парламенттик башкаруунун механизмдери бар болчу. Бирок, кийин өзүңүздөр жакшы билгендей, жеке бийлигин чыңдоо максатында ошол кездеги президенттер Конституцияны улам өзгөртүп отуруп, парламентти алсыратып коюшкан. Бүгүнкү шайлоо мамлекетибиздин тарыхында алгачкы ирет таза, эч кандай администрациялык күчтү колдонбостон өткөрүлүүдө. Менимче, эл да түшүнүү менен кабыл алып, келечек үчүн добуш берип, шайлоого жигердүү катышат деп ишенем",- деди Р.Отунбаева.
Өз маалыматыбыз
Сүрөттө: КРнын Президенти Роза Отунбаева шайлоо участогуна апасы менен келди.
Тарткан Сагын АЙЫЛЧИЕВ




  Шайлоо

эл аралык стандарттарга ылайык өттү
"Шайлоо убагында бардык саясий партиялар үчүн бирдей шарттарды түзүүнү камсыз кылуу биз үчүн ар-намыстын иши болчу". Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, КМШнын миссиясынын башчысы Евгений Новожилов менен жолугушууда ушундай пикирин билдирди.

.Новожилов миссия өз ишинде Баткен облусунан тышкары бардык региондорду камтыгандыгын билдирди. Ал шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Өкмөт менен БШКнын ишине да жогору баа берди. "Биздин байкоочулар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү максатын коюшуп, чоң эргүү менен иштешкенин байкашты. Андан тышкары, шайлоо участокторунда жарандардын эркин билдирүү укуктарын түз же кыйыр чектөөлөр болгон жок".
А эң башкысы, саясий партиялар үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүккө, үгүт иштерин жана шайлоочулар менен жолугушууларды жүргүзүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошондуктан Е.Новожиловдун пикиринде, азыркы шайлоо чоң жетишкендик болуп калды.
Ал ошондой эле КМШ менен ЕККУнун миссияларынын шай­лоо­ну өткөрүү боюнча пикирлеринде ажырым болбогонун да баса белгиледи.
Мамлекет башчысы Роза Отунбаева өз кезегинде ал оппозицияда жүргөндө өлкө жетекчилиги калк менен жолугушууларды жана үгүт өнөктүктөрүн жүргүзүүдө тоскоолдуктарды түзгөнүн эске салды. А бул жолу шайлоодо бардык партиялар үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу ар-намыстын иши болуп калганын да баса белгиледи. А бул жолку шайлоодо элдин толук жана көз карандысыз эркин билдирүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн да кошумчалады.

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) байкоочуларынын миссиясы республикада 6-октябрдан баштап шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүп келишкен. Добуш берүү күнү ШКУнун эксперттери Бишкекте жана Чүй облусунда жайгашкан 44 шайлоо участогунда болушкан.


Жыйынтыгында миссия парламенттик шайлоо эркин жана ачык болуп, улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген жыйынтыкка келген. Ал эми айрым участоктордо кездешкен кемчиликтер шайлоонун жыйынтыктарына олуттуу таасирин тийгизе алган эмес.
Т.Исхаков.





Амангелди Муралиев:
"Реформалардын уланышы үчүн добуш бердим"
КРнын биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев Бишкек шаарындагы №1216 шайлоо участогунда добуш берди. Добуш берүүдөн кийин ал журналисттер менен маектешип, бүгүн өлкөдө демократиялык шайлоо өтүп жатканын белгиледи. "Мен Кыргызстандын келечеги, башталган реформалардын ийгиликтүү уланышы үчүн добуш бердим",-деди А.Муралиев.





  Бийлик жана коом

Коомдук байкоочулар кеңештери түзүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы коомдук байкоочулар кеңештеринин курамын түзүүнүн мөөнөтүн узартты.
Төмөнкү мамлекеттик органдарда коомдук байкоочулар кеңештерин түзүү улантылууда: Айыл чарба министрлигинде; Жаратылыш ресурстары минис­трлигинде; Жаштар иштери боюнча министрлигинде; Билим берүү жана илим министрлигинде; Саламаттыкты сактоо минис­трлигинде; Транспорт жана коммуникация министрлигинде; КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинде; КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинде; КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик салык кызматында; КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик бажы кызматында.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы ушул жылдын 15-октябрына чейин коомдук уюмдардан, илимий чөйрөлөрдөн, бизнес ассоциациялардан, кесиптик жана тармактык союздардан, эксперттик шериктештиктерден талапкерлер жөнүндө жазуу түрүндө же электрондук почта аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдардагы иш тажрыйбасы тууралуу кеңири маалыматтар камтылган резюмелери кошо тиркелген сунуштарды кабыл алат. Почталык дарек: 720053, Абдымомунов көч.207, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, " мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө " деп жазып коюу керек.
e-mail: ukaev@kenesh.kg, kubat_kr@mail.ru
Маалымат үчүн телефон: (0312) 960-222 .