12.10.10 47 түгөй баш кошту
2010-жылдын 10-айында жана 10-күнүндө Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсүнө 47 түгөй келип баш кошуп, турмуштун ысык-суугун чогуу татып, бирге өмүр сүрүүгө убадаларын беришти.


Бул көрсөткүч жөнөкөй эс алуу күндөрү үйлөнгөн жаштардын санына караганда эки эсе көп дегенди билдирет. Мунун себеби, сүйлөшүп жүргөн жаштардын көпчүлүгү, сандардын тогошкон күндөрү баш кошуунун тилек кылып, катар келген 10 деген сандар бакыт, сүйүү, ынтымак, ырыскы алып келет деп ишенип алышкандыгында. Жаңыдан баш кошуп, бир бүлө болууга аттанышкан Адил менен Бегимай да бири-бирин толук билип, түшүнүп бир үй-бүлө боло алышарына ишенишкен соң, дал ушул үч 10 катар келген күнү үйлөнүүнү максат кылышкан. "Тилегибизге жараша бардыгы биз ойлогондой чыгып, бүгүн экөөбүз ак никеге туруп жатабыз. Биз буюрса бактылуу болобуз деп ишенебиз. Анткени, ошого милдеттүүбүз", - дейт Адил.
Ошондой эле 47 түгөйдүн ичиндеги Люся менен Камил да дал ушул күнү баш кошушту. "Мен бүгүн шайлоого бара алган жокмун. Себеби, мен өзүм үй-бүлө куруп, анын башчысы болуп шайланып жатам",-деген Камил өлкөбүздө өткөн парламенттик шайлоо, мамлекетибиздин келечеги үчүн кызмат кылган лидердерди тандап, суурулуп чыгышына бирден бир тилектеш жаран экенин кошумчалады.
Эсиңиздерде сала кетсек, өткөн жылы 2009-жылдын 9-айында жана 9-күнүндө 15 жаш түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөтү болгон. "Былтыркы жылдын тогошкон күндөрүндө баш кошкон жубайлардын аз болуп калышы, дем алуу эмес, иш күндөрүнө туш келип калгандыгы. Анткени, той-топур жакшылыктардын баары эс алуу күндөрү өткөрүлөт эмеспи", - дейт Бакыт өргөөсүнүн башчысы Чыныбаева Айнура. Анын айтымында жөнөкөй дем алуу күндөрү 20-25 түгөйлөрдүн никеси кыйылат экен.
Эмесе, баш кошкон жаш жубайлар ак жолтой болуп, бактылуу, өмүрлүү жана улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган үлгүлүү үй-бүлө мүчөлөрүнөн болушсун!





Жыйырма наристе төрөлдү

Төрөт үйүнүн башкы врачынын милдетин ат-каруучу Тимур Касимовичтин айтымында, жаңыдан төрөлгөн балдардын жана энелердин ден соолуктары канааттандырар-лык. "Буюрса, баарысы бир-эки күндө өз үйлөрүндө болуп калышат", - дейт Т.Абушахманов.
Аман-эсен көз жарып алганына сүйүнүп, уулуна кандай ысым ыйгарууну алигиче билбей жаткан Бугубаева Перизат: "Бул биздин экинчи балабыз. Кудайым колдоп, жеңил төрөп алдым", - дейт. Үч 10 саны катар келген күнү төрөйм деп күтпөгөн жаш эне, эмнеси болсо да, уулубуз өмүрлүү, бактылуу бала болсун деп тилөөдө.
Эмне дейбиз, өлкөбүздөгү чоң окуя менен катарлаш жарык жа-шоого келген бөбөктөргө бактылуу балалык жана кең келечек каалайбыз. Ылайым, алар жакшы жашоодо өсүп чоңоюшсун!




Уз-чебердин килемдери
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген уздардын башын бириктирген "Оймо-2010" фестивалы Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүктү колдоо ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, жакында борборубуздун "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында ачык асман алдында элибиздин көөнүнө сулуулук тартуулады. Коңшу республикалардан келген уз-чеберлердин буюм-тайымдары өзгөчө кызыгууну жаратса, өзүбүздүн улуттук буюмдар нарктуулугу, салттуулугу, жасалыш чеберчилиги, сапаты менен көрөрмандардын купулуна толду.
Ар кайсы аймактардан келген уздарыбыз өздөрүнүн кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүүгө, кооперативдерге бириккенге жардам берип келе жаткан Азия өнүктүрүү банкынын "Кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү аркылуу айылдарда жакырчылыкты жоюу" программасына ыраазычылыктарын билдирип жатышты.
Жарманкени аралап жүрүп, көңүлүм көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып жаткан Баткендин көздүн жоосун алган көлөмдүү килемдерине бурулду. Бул эмгектердин автору менен жанына барып жакындан тааныштым.

2002-жылы "Кулунду уздары" деген аталышта иш баштаган ишкер Бүзейнеп Ташбекованын тобу өткөн жылдан "Бүзейнеп эже" кооперативине бириккен. Мында кол өнөрчүлүктүн буюмдарынын бардык түрлөрү даярдалуу менен негизинен боёлгон жана боёлбогон натуралдык өңдөгү түктүү жана түгү жок килемдин түрлөрү согулат. Элибиздин көөнөргүс кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүп, жандандырып, ага айылдагы кыз-келиндерди, жаштарды тарткан, 39 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалаган "Эл агартуунун отличниги", айылдык кеңештин депутаты, аялдар кеңешинин төрайымы Бүзейнеп Ташбекованын жасаган иши менен жеке эле айылдаштары эмес, элибиз да сыймыктанса жарашкандай.
Ал өзүнүн бул багытты тандап алышына апасы Ташбекова Бүсапыянын салымы чоң деп эсептейт. Бүсапыя эже айылда өмүр бою миңдеген килемдерди согуп, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүдө көмөкчү чарба уюштуруп, 10 баласын эч нерседен кем кылбай багып келген. Бир туугандардын ичинен беш кыздын төртөө чеберчиликти улантып келе жатышат. Бүзейнеп эже апасынын себинен сакталып, таберик буюмдай урунуп келе жаткан сантипке (кездеменин түрү) жибектен сайылганына 70 жылдан ашкан жаздыкты көрсөттү. Сайманын өңдөрү эч өчпөй, жакшы сакталыптыр. Ал кезде чеберлер жибек курттун пилласин чубап, ийрип, боёп, анан сайма сайышкан экен. Жипти боёодо анардын кабыгына, чөптүн гүлдөрүнө кайнатып боёшкон. Бүзейнеп эже ошондой эски таберик (антиквариат) буюмдарды өзү чогултуп, аларды кайрадан жаңылап жасап чыгуунун үстүндө да иштеп жатыптыр.
30дай адам эмгектенген "Бүзейнеп эже" кооперативинде килемдер негизинен кардарлардын буюртмасы менен ар кандай өлчөмдө, улуттук колоритте согулат. Азыркы учурда жогоруда атап кеткен түктүү жана түксүз (арави) килемдин техникасы айкалыштырылып согулган килемдин жаңы түрү "килем-баркыт" деп аталып, аны чет өлкөлүктөр өзгөчө кызыгуу менен сатып алышып, өздөрүнчө "килем-массажер" атап алышыптыр. Бул техника менен үйгө кийүүчү тапочкалар, үстөлгө коюлуучу отургучтар жасалып, кардарлардан талап көп экен.
2007-жылы "Чакан бизнести жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү" долбоору боюнча Американын Огайо штатына он киши барып, бир ай жүрүп, ал жерден бир топ ишкерлердин иш тажрыйбаларын көрүп, ишкерлик мамилени өздөштүрүп кайтышкан. Бүзейнеп Ташбекованын демилгеси менен 1990-91-окуу жылына карата мамлекеттин каражатына, ошондой эле 2003-2004-окуу жылына карата "Коомчулуктун демилгелүү топтору" долбоорунун негизинде 560 орундуу эки мектеп курулган. Азыркы учурда UNIFEM долбоорунун негизинде 82 аялдан турган топ түзүп, аларды жашылчалардын уругу менен камсыз кылып, ар бирине 200 кг. ун, 14кг. май гуманитардык жардам жана 2 мүшөктөн минералдык жер семирткичтерди алып берди.
Алтынай АТТОКУРОВА,
КРнын эл чеберлер союзунун
этнографы, искусство таануучу.
Сүрөттөрдө: Бүзейнеп Ташбекова өзү жасаган буюм-тайымдары менен