12.10.10 Макашевдин монополиясынан
ким кутултат?
Биздин редакцияга "Кыял" өнөрчүлүк бирикмесин жетектеп келе жаткан С.Макашевдин 16 жылдан бери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгына элдик көркөм өнөрчүлүктө эмгектенип жүргөн белгилүү чеберлер, сүрөтчүлөр нааразылыгын билдиришти. Алардын ой-пикирин гезитибиздин мүмкүнчүлүгүнө жараша кыскартып, айрым бир фактылар жалпылаштырылып берилди.

Үй-бүлөлүк саясаттан чарчадык
Мени Шанхайда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк "ЭКСПО-2010" көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильонуна дизайнер болуумду өтүнүшкөндө Ата мекенибиздин түптүү маданиятын, улуттук өзгөчөлүгүн, заманбап техно-логия менен прогресске умтул-ган улуу эл экенин далилдей турган чоң мүмкүнчүлүктүн бири - дал ушул экенине ишенгем.

Кыргыз павильонунун адепки башкы директору Темирбек Эркинов жаштыгына карабай көптөгөн проблемаларды убагында чечип, көргөзмө 1-майда ачылган күндөн тарта эң жогорку деген
баага татыктуу болду. Эгер биздин павильонду бир күндө он миң киши көрүп, жупуну бирок терең философияда жашаган кыргыз улуту менен, Кыргызстандын ажайып жаратылышы, маданияты, туристтик жайлары ж.б. менен (видеороликтерден, слайддардан, фильмдерден) таанышып кетип жатса, ал ошол командадагы Т.Эркинов, У.Сейтмамбетов, Х.Мурзалиев жана У.Сасекеевдей чыгармачыл жаштардын фантазиясы, Кыргызстандын имиджин көтөрөйүн деген зор аракети болчу.
Иш билги Темирбек Эркиновду кетиртип, күйүп-жанып иштеген команданы таратып, "ЭКСПО-2010"го Башкы комиссар болуп дайындалган С.Макашевге албетте мунун баары жакмак эмес.
Көргөзмөгө 192 мамлекет катышып, ал алты айга созулат, ар бир мамлекет өзүнүн Улуттук күнүн белгилейт, ал күнү ошол өлкөнүн туусу көтөрүлөт.М:Россия Федерациясынын күнүндө, РФнын президенти катышып, Чоң театры барып, өлкөсүнүн даңкын чыгарды. Биздин Кыргызстандын Улуттук күнү С.Макашевдин кошоматчылыгы менен КРнын соода өнөржай палатасынын мурунку директору Перфильевдин туулган күнүнө тушма-туш келтирилип өтүп, же кыргыз улутунун күнү, же Перфильев менен Макашевдин күнү экенин эл ажырата албай калды.
Биз чыгармачыл адамдар, С.Макашевдин узак жылдардан берки өзүмчүлдүк, үй-бүлөлүк саясатынан, ар кандай ыплас зордук-зомбулугунан тажап бүттүк. Ушундай адамдан өнөрчүлүктүн атмосферасы тазаланмайын күрөшө беребиз.
Дилбар Ашымбаева,
белгилүү дизайнер,
Шанхайдагы Бүткүл дүйнөлүк "ЭКСПО-2010" көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонунун дизайнери
Атуулдук укугумду тебеледи
...Канча бир айлап уйку көрбөй, зор кыйынчылыктар менен өзүм даярдашкан көргөзмөгө катышуу укугунан ажырап, кууп чыкканда да, Султанбек Макашевге көз каранды болбой эле өзүм кайра Кытайга билет сатып алып, Кыргызстандын Улуттук күнүнө катышуу үчүн баргам.

Бирок, Макашев көргөзмөнүн коопсуздук кызматчыларына карматып, сүйрөтүп чыкты, бир топ эздирди. Ошентип алыскы Кытайда да кыргыздын душманы кыргыз экенин билдим. Жетекчинин жүзүнө туура келбеген өңгүл-дөңгүл жүрүм -туруму, алдым-жутуму жөнүндө көп эле уккам, бирок ушунчалык пас пендечилигин билбептирмин. Бардык жумуштарын аяктап, эми рахматын алаарда оозумдан жулуп алганы аз келгенсип, мени кордоп, атуулдук укугумду тебеледи. С.Макашевдин өзүмчүлдүгүн дал ошондо көрдүм.
ЭКСПОго чоң болуп, 7-июлда Шанхайга учуп келди, мен тосуп чыкканда жүгүнүн көптүгүнө таң калдым, көрсө анын баары өзүнө тиешелүү "Тумардын" сувенирлери экен, алар бүгүнкү күнгө чейин сатылып жатат. Аны да эч кандай бажы кагаздарысыз, (нелегально) тиешелүү налогун төлөбөй алып өтүптүр. Бул факт Кытай уюштуруучуларына билинип калса, Кыргызстандын жүзүнө кандай көлөкө түшөт эле? Келээри менен Азамат Касымбеков деген жакын тууганына чакыруу жасатты, мунун баары өзүнүн куйругун тазалап жүрүү үчүн керек экен. Мен анын мыйзамсыз иш-аракеттерин аткаруудан баш тартканым үчүн иштен айдалганымды жакшы түшүнөм. Эмне үчүн биздин өлкөдө ар кандай дүйнөлүк ЭКСПОлор жөнүндө дээрлик эч ким билбейт, себеби ал С.Макашевдин үй-бүлөлүк бизнесине айланып калганы анык. Кыргыз өнөрчүлөрүнүн 10-15 жылдан берки нааразылыгына, С.Макашевден ак жеринен күйгөн адам катары мен да кошулдум.
Мурзалиев Ханчоро,
КРнын соода өнөр жай
палатасынын тышкы
экономикалык байланыштар бөлүмүнүн кызматкери
Өнөрчүлүк базарындагы монополист
Мен Султанбек Макашевди Кыргызстандагы өнөрчүлүк базарындагы монополист
деп эле атамакмын.

Ал 16 жылдан бери жетектеп келе жаткан "Кыял" бирикмеси бир да жолу, бир да буюмга тендер жарыялап, сыноолорду өткөрүп, маалымат таратканын уга элекмин. Антмек тургай "Кыялдын" өзүн атайын эле кыйратып, 2500дөн ашык өнөрчүлөрүн чилдей таратты. Бүгүн анда саналуу кызматкерлери менен азыраак цехтер калды, акыркы 5 жылдан бери жаш адистер менен толукталган жок. Болбосо С.Чокморов атындагы көркөм сүрөт училищасы анын базалык окуу жайы болуп саналат. Жаңы жабдуулар алынмак тургай эскилери таланып-тонолуп жок болгону жүрөк оорутат. Базарга айланган "Кыялдын" соода точкаларынан канча пайда көрүп, киреше кирип жатса да имараттын ичи-тышы ремонт көрбөгөнү канча болду, ал бир кишинин эмес жалпы Кыргыз өнөрчүлүгүнүн байлыгы, мурасы эле го!
Бир эле учурда бир нече өнөрчүлүк Союзун жетектеген Султанбек мырза өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн жайытын кеңейтип, бүткүл дүйнөлүк көргөзмөлөргө жалгыз гана "Тумардын" продукциясын алып барат, "Тумар" анын балдары менен жакын тууганы Чынара Макашевага таандык. Мисалы, Ганноверде жана Японияда өткөн көргөзмөлөрдө дал ушундай болду. Мен "Тумарга" каршы эмесмин, бирок эмне үчүн бир эле "Тумар" болуш керек? Анан калса мындай көргөзмөлөр алты айга чейин болоорун айтсак, С.Макашевдин кыргыз чеберлерине кылган кыянаттыгын сөз менен жеткирүү кыйын. Ошол эле учурда башка өлкөлөр кандай кылды? Мисалы, Өзбекстан өзүнүн өнөрчүлөрүн ар бир эки айда улам бир облусунан алдыртып, жаңыртып турду.
Шанхайдагы ЭКСПОдо кыргыз павильонунан чыккан чыр-чатакты коомчулук адилетсиз жетекчинин узак жылдардан берки зордук-зомбулугуна, өзүмчүлдүк иш-аракеттерине чыдай албай көрсөткөн каршылыгы катары кабылдады.
Тазалануу жана мыйзамдуулук үчүн карапайым эл көтөрүлүп, бийлик алмашты. Демек адилеттик жана калыстык издеп, күрөшүп келген чеберлердин үнү тиешелүү жерге жетерине ишенем.
Динара Чочунбаева,
КРнын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер,
сүрөтчү,
Борбор Азиялык
өнөрчүлүк Бирикмесинин Кыргызстандагы
ресурстук Борборунун
директору
Элдин эмгегине автор болуп жүрүп Эл сүрөтчүсү болду
Мен 1985-жылы ЦК КПССтин заказы боюнча АКШнын Президенти Р.Рейганга үч ай дегенде күмүш чапталган өзгөчө кымбат баалуу ээр токумду жасап, тапшырдым.

А бирок анын автору мен эмес, С.Макашев болуп калганын "мен жасадым, мен ушундай кыйналдым" деп оңго-солго интервью бергенде билип жүрөм. Мен мындай кордукка чыдабай Кыргызстандын Борбордук Комитетине арыз жолдодум. Анан башталды, "ыйлагандын көзү жаман, айткандын оозу жаман" болуп, С.Макашевдин чеберлердин жонунан тапкан акчасы чеберлерди талкалоого жумшалып, кошоматчылары коштоп, акыры өзүмдү күнөөлөп, кылбаганды кылышты. Атааң көрү, эми эмне дейин, 16 жылдан бери ошол Султан менен кармашып, алышып алыбыз жетпей келатат. Чындык жокпу деп үмүтүбүз үзүлүп деле калды. "Кыялды" кыйратканы аз келгенсип, өзүнө жакпаган кол өнөрчүлөрдү басып, баш көтөртпөй , алардын мээнетин менчиктеп алып, атак- даңкка жетти.
Мисалы, Садыбакас Карымшаков деген оймо чогулкан аксакалдын китебине автор болуп алды, жарыктык киши бир сом көрбөй наалып жүрүп өттү (кудум эле менин ээр токумума автор болгондой). Ошолордун аркасы менен КРнын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Эл сүрөтчүсү болду. Кыргызмын да, С.Макашевдин оозеки берген убадаларына ишенип, андан кийин да канча ээримди карматтым. Же менин ээрлерим жолдон өздөрү эле жоголуп кетет, же ана-мына деп акчасын бербей тажатат, акыры кол шилтеп жөн болосуң. "Кыял" базарга айланып, акча агып кирип жатканын ким билбейт, ошонун анча-мынчасын эле өнөрчүлүктүн өнүгүүсүнө жумшап, келечек үчүн да бир иш кылып койсо сооп болбойт беле! Анан таң калганым, эл-жерин тоногон эки президент кандай кетет да, эки президенттин тең камчысын чаап,кымбат баалуу белектерин тартуулап, чеберлеринин жонунан кайыш тилип, атак-даңк алган Султанбек эле ордунан жылбайт?! Менин жазсам бир китептен аша турган капачылыгым бар, мен эле эмес мага окшогондор толтура, айта турган кез келди, айталы. Анын акча тутамдаган колу качанка чейин эле чындыкты муунтуп келет эле.
Жылкычы Шаршембиев,
элдик этнодизайнер,
белгилүү сүрөтчү,
ээр токум жасоо
боюнча жогорку
категориядагы чебер