08.10.10
 "Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна

Кышы - тозок,
жайы - бейиш Суусамыр...
Тарыхы жок эл, жер болбойт эмеспи. Анын сыңарындай, мал киндиктүү Суусамыр өрөөнү жөнүндө айтуудан мурда анын таржымалына, жеринин аталышына азыноолак "саякат" жасадык.
Өрөөн жана анын аталышы тууралуу эл ичинде ар кандай уламыштар айтылат. Бирок, "Суусамыр" энциклопедиясында көрсөтүлгөндөй: "Самыр" деген сөз "кундуз" дегенди билдирет экен. Демек, Суусамыр - "Суу кундузу" деген аталышты алып жүрөт.
Тарых барактарына кайрылсак, эл отурукташканга чейин Суусамыр өрөөнү жумгалдыктардын жайкы
жайыты болгону айтылат. Андан сырткары өрөөндүн түндүк жана батыш жайлоолорунда Чүй, Талас облустарынын, Кетмен-Төбө өрөөнүнүн, ошондой эле Казакстандын Жамбыл облусунун малчылары жайкысын мал жайлатып турушкан.


Ал эми отурукташуу Суусамырда 1826-46-жылдардын аралыгында жүргөн. Т.а. Мамаке баатыр Кокон хандыгына барып, "Суусамыр өзүнчө бий" деген мөөр алып келип, Жумгалдан бөлүнгөндөн тартып Суусамыр өзүнчө эл, жер катары өз бийлиги колуна өтүп, күрүчбек эли атанган. Суусамыр азыр администрациялык-аймактык бөлүнүшү боюнча Чүй облусунун
Жайыл районунун курамындагы Суусамыр айылдык аймагына карайт.
Бирок, ошентсе да тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Суусамыр өрөөнүнүн көпчүлүк ыңгайлуу жайыттары, анын ичинде Бишкек - Ош жолунун боюндагы жайыт жери азыр (КРнын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-июнундагы № 360 токтомунун негизинде) Чүй, Талас облустарынын айыл аймактарына тийиштүү болуп калган.
Кыргыз элинин тарыхында суусамырлыктардын да өз орду, салган изи, өчпөс эрдиктерди жараткан баатырлары, эр азаматтары болгон. Бүгүн да Кыргызстандын эртеңине, экономикасына суусамырлыктар колунан келген бараандуу салымдарын кошуп келе жатат.
Бул тууралуу толук маалымат алуу үчүн айыл аймагынын башчысы Мырзакматов Айбек Сапарбековичке кайрылганбыз.

- Айбек Сапарбекович, Суусамыр өрөөнү Сары өзөн Чүйдүн курамында турганы менен, "кулк-мүнөзү" жагынан Чүйдүн башка аймактарына окшобойт...
- Деги эле Кыргызстандын ар бир өрөөнү бири-биринен өзгөчөлөнүп турат. Ошол сыяктуу эле Суусамырдын да айырмачылыктары арбын. Мисалы, биздин өрөөн туш тарабы тоолор менен курчалып, кышы узак, катаал аймак. Деңиз деңгээлинен 2400-3350 метр бийиктикте турабыз. Кардын калыңдыгы бир метрге чейин жетип, айрым учурларда суук - 45 даражага чейин төмөндөйт. Төрт түлүк мал ноябрь айынан тартып май айына чейин кол карап, даярдалган тоют менен кыштап чыгышат. Бул, албетте, канчалаган эмгек күчүн жана материалдык чыгымды талап кылат. Дагы бир өзгөчөлүгүбүз - өрөөнүбүз республиканын дал ортосунда жайгашкан кооз өрөөн. Төрт тарабынан Нарын, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустары менен чектешет. Ээлеп турган аймагы боюнча Ат-Башы району менен теңдеш. Дагы бир сыймыктанар жайыбыз - биздин өрөөн аркылуу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Бишкек - Ош автожолу өтөт.
Суусамыр Кыргызстандын аймагынын 2%ын гана ээлегени менен, жай мезгилинде республиканын малынын 20%дан ашыгы Суусамырда жайлайт. Жергиликтүү элдин эң негизги киреше булагы - төрт түлүк мал жана андан түшкөн продукция. Андан сырткары жана өрөөндү өрдөп өткөн Ош-Бишкек автожолу тууралуу айтылбадыбы, бул да канчалык бир деңгээлде элге киреше булагы болуп эсептелет.
- Кандайча?
- Тарыхта белгилүү болгондой, айрым элдер деңиз портторуна, темир жол станцияларына, айтор жүргүнчүлөр көп өтө турган жолдордун тоомуна отурукташып, жашоо-тиричилигин өткөрүп келишет. Мындай көрүнүшкө базар экономикасы мезгилинде суусамырлыктар да туш болгон. Бул - табигый көрүнүш, жашоо тиричиликтин мыйзамы. Тактап айтканда жыл мезгилинин май айынан октябрь айына чейин Бишкек - Ош жолунун боюнда 150 түтүнгө жакын эл мал-жаны, үй-бүлөсү менен көчүп барып, боз үйлөрдү, вагондорду, чатырларды тигип алышат да ары-бери каттагандарга эт, айран, сүт, май, курут, кымыз, нан, андан сырткары ысык тамак, мал сатып соода кылышат. Автомобиль жууп, оңдой турган чакан жайларды ачып иштешет. Мындан сырткары 45 үй-бүлө жайында да, кышында да жашап, иштеп, отурукташып калган айыл каймана "Париж" деп аталат.
- Түшкөн кирешелер түз эле өз чөнтөктөрүндө калабы?
- Баары мыйзамдуу иштешет десем жаңылбайм. Салыкты өз убагында төлөшөт. Андан сырткары,
соодадан түшкөн кирешелери менен кайра эле тоют топтошот, көмүр алышат, студент балдарынын контрагын төлөшөт. Жаңы окуу жылына карата балдарына кийим-кече, азык-түлүк камдашат.
- Жана өзүңүз айткандай, Бишкек-Ош жолунун боюндагы, ыңгайлуу жерлердеги жайыттар Чүй, Талас облустарынын айыл аймактарына тийиштүү болуп, суусамырлыктарга тиешелүү айрым жайыттар аска-зоолорго, капчыгайлардын өндүрлөрүнө, конушу жок тоонун тике беттерине туура келет экен. Мунун себеби эмнеде?
- Суусамыр айыл аймагынын жашоочуларына жакын жерден жайыт бөлүнбөй калганынын себеби, суусамыр ГООсу (Суусамыр башкы кой чарба бирикмеси) уюшулганга чейин суусамыр МЖСи (машина мал чарба станциясы) болгон. МЖСтин негизги кызматы - Суусамырда жайлап-кыштаган Чүйдүн колхоз-совхоздорунун малына тоют өндүрүп, даярдоо, камсыздоо болуп, балансындагы малы механизаторлордун ысык тамагы үчүн гана кармалган. Бул убакта Чүй, Талас облустарынын колхоз, совхоздоруна Суусамырдын ыңгайлуу жайыттары бөлүнүп, бүтүп калган.
Эми Суусамырдын көпчүлүк эли жайкысын Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата
райондорунун жайлоолорун жайлап, жайыт салыктарын ошол райондорго төлөп келишет. Бул - Суусамыр айыл округу миңдеген сом салык кирешесинен кур калды дегендик.
Дагы бир көйгөйлүү маселелердин бири - кийинки учурда Бишкек - Ош жолунун боюндагы орчундуу,
соодага ылайыктуу жерлердин чоң-чоң аянттарын сырт жакта жашаган адамдар ээлеп: "Бул жер эми меники, көчкүлө, ордуңарды бошоткула!" - деп жергиликтүү эл менен чыр-чатакка барышууда.
- Алар деле балким, ошол жерден иштеп, жан багууга муктаж адамдардыр?
- Бу жерде алардын материалдык жактан абдан эле жетиштүү адамдар экенин эске алуу керек. Ушундан улам жергиликтүү эл арасында:
"Суусамырдын ак кар, көк музунда биз жашайбыз, табигый кырсыктарга биз тушугабыз жана аны менен күрөшөбүз, жоёбуз, анан жадыраган жай мезгили келгенде эле башкалар ээлик кылышат. Биз өз жерибизде жашап туруп, өз жерибиздин жайытына, соода кылуу үчүн биртке жерибизге да ээлик боло албайбызбы?!" - деген мыйзамдуу нааразычылыктар чоң жыйындарда да айтылып келет.
- Кандай ойлойсуз, мындай талаш-тартышты чечүүнүн кандайдыр жолу бардыр?
- Союз мезгилинде Бишкек - Ош жолунун 153-километринен 184-километрине чейинки аралык Казакстандын Жамбыл облусунун Мерке жана Луговой райондорунун жайыт жери болгон. Азыркы тапта бул жер Панфилов районунун карамагында турат, бирок бир да айыл аймагына бөлүнүп бериле элек. Союз тарагандан бери бул жерге Суусамырдын элинин 20%га жакыны көчүп барып, малы менен жайлап келишет. Бирок салыкты Панфилов районуна төлөшөт.
Мындан тышкары Токойлуу жайлоосу тараптагы Кара-Булак коктусунун башында көп жылдан бери алтын кени казылат. Бирок ушул убакытка чейин анын ээси ким, кандай ишкана экени белгисиз, жашыруун сыр. Бирөөнүн менчик ишканасы деп угабыз. Ушул коктудан агып чыккан суу кээде капкара, кээде боп-боз кир болуп келип Койсар суусуна, Суусамыр чоң суусуна кошулат. Бул сууну пайдалангандар колго жара чыгаарын айтышат. Ден соолукка билинбеген дагы кандай залалдарды алып келип жатат, азырынча белгисиз. Дагы бир мисал, Суусамырдын даңазаланып айтылып келген осман, форель балыктары кыргынга учураган. Айрым сууларда балык жокко эсе. Ушулардан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-июнундагы № 360 токтомун жокко чыгарып, Суусамыр өрөөнүндөгү бардык жайыттарды Суусамыр айыл аймагынын карамагына өткөрүп берилүүсүн, Кара-Булак коктусундагы алтын казуу ишинин токтотулушун, Суусамыр айыл аймагынын Жайыл районуна караштуулугун эске алып, суусамырдык машина айдоочуларды Сосновкадагы
посттогу "пост салыгынан" толук бошотулушун суусамырлык жалпы эл жаңы бийликтен суранат.
Ушуну менен бирге эле Суусамырдын эли мамлекетибиздеги болуп жаткан орчундуу окуяларга кайдыгер карап жатпаганын билдирем. 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияга биздин балдарыбыз да тикелей катышты. Алардын бири, афган согушунун ардагери А.Абдыл-даев башынан жаракат алып, бир көзүнөн ажырап калды. У.Сарымсаков деген жараныбыздын көкүрөгүнө ок тийип, операция болду. М.Тумаров башынан жаракат алып, айыгып чыкты. Июнь окуяларында да сегиз жигит түштүк жергесинин тынчтыгы үчүн кызмат кылууга даяр экендигин билдирип, өз ыктыярлары менен Жайыл районунун аскер комиссариатына келип, катталып кетишти.
ЁЁЁ
Тоо койнундагы чакан өрөөн тууралуу кошумча маалымат бере кетсек, айыл аймагынын карамагында 6 айыл, 1 жалпы дарыгерлер борбору, 5 ФАП, 1 айылдык электротармагы бөлүмү, 2 байланыш бөлүмчөсү, 5 орто мектеп, 1 токой чарба бөлүмчөсү, 364 дыйкан чарбасы, 7 айыл кооперативи, 2 үрөнчүлүк чарбасы бар.
Мектептерде жалпы 1341 окуучу билим алат жана 142 мугалим эмгектенет. Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча 8 дарыгер, 32 эмчи айым иш алып барат. Диспансердик эсепте 445 адам катталып, анын 43үн балдар түзөт. Өрөөндө 1654 түтүн - 6741 адам жашайт. Анын 719у пенсионер, 1341и мектеп окуучусу. Ата Мекендик согуштун ардагери - 8, ал эми 102 адам бала кезинен майып, 22 бала томолой жетим.
Мындан сырткары, Суусамыр жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагында "Айыл банкынын" бөлүмү, "Финка", "Компаньон", "Бай түшүм" микрокредиттик компаниялары иштейт. "Айыл банкы" 14 үй-бүлөгө 2480,0 миң сом суммада кредиттерди берген.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"