Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Көңүлдөгү көйгөй

Акаев, Бакиев доорунда
эл добушу кантип бурмаланган?
Учурда өлкөдөгү мыйзамдардын бардык жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылуусу көзөмөлдөөчү орган - Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен Ички иштер министрлиги тарабынан 2007-жылдагы референдумдун, 2007-жылдагы парламенттик шайлоолордун жана 2009-жылдагы президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын бурмалоолор боюнча кылмыш иши козголду. Эгерде иликтөөлөр кесипкөй адистер тарабынан (министрликте мындай кадрлар сакталып калды деп ишенип туралы) компетенттүү, мыйзам чектеринде жүргүзүлсө, коомчулуктун бүйүрүн кызыктырган далай фактылар аныкталаар. А эң башкысы - ал добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий протоколундагыдай эмес, иш жүзүндө кандай болгондугу жалпыга ачыкталаар.

Акаевчилер баштаган "ыкманы" бакиевчилер "өркүндөтүштү"
Мен шайлоо процесстерине шайлоочу катарында гана эмес, уюштуруучу катарында да дайыма активдүү катышып келгем. 1995-жылы, 2004-жылы жана 2005-жылы округдук шайлоо комиссияларына мүчө болгондуктан, 1992-жылдан 1996-жылга чейин Бишкектеги Ленин райондук мамлекеттик администрациянын жооптуу кызматкери катарында шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууга активдүү катышкандыктан жана журналист катары да бул багытта ма-териалдарды жазып жүргөндүктөн процессти "ичинен" билем.
Чынында мен өзүм күбө болгон шайлоо округдарында (жалпы республика боюнча да ушундай тенденция орун алган десем жаңылышпайт болушум керек) 2007-жылга чейинки добуш берүүлөрдө алардын жыйынтыктарын бийликке керектүү адамдардын (демек, бийликке жакпаган адамдарга каршы) пайдасы үчүн бурмалоолор кийинкилерине салыштырмалуу "уяттуураак", башкача айтканда урналарга ашыкча бюллетендерди таштоо жолу менен жүрдү. Ал үчүн 2000-жылы Таластагы Кара-Буура районундагы айрым участоктордогудай кылып урналарды көтөрө качышып, башка жерден барып, же 2005-жылы Бакай-Ата шайлоо округунда болгондой, шайлоо участокторунда кечке маал жарыкты алдын-ала белгиленген убакта өчүрө калып, ошол учурда участоктук комиссиянын алдын-ала даярдалган мүчөлөрү мурдатан белгиленген бюллетендерди урнага таштай салышмай "ыкмаларды" колдонушту.
Убакыттын өтүшү менен добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо боюнча андай примитивдүү "ыкмалар" "өркүндөтүлдү". Анын себеби - А.Акаевдин бийлиги убагындагы мындай "ыкмалар" менен К.Бакиевдин убагында шайлоочулардын добуштарын бурмалоого мүмкүн эмес эле, элдин (электораттын) бийликке ишеничи таптакыр кетип, анын убадаларына ишенбей калган. Ошондуктан 2008-жылы 5-октябрда болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордон баштап кийинки шайлоолор менен референдумда бийликтеги сырттан келген улуту башка саясий технологдор менен кыргыздын уяты жок чоң чиновниктери жогоруда мен айткандай, жаңы - мурдагыдан да уятсыз "ыкмага" өтүштү. Ал - мурдагыдай бюллетендерди салып убара болуп отурбастан, добуш берүүнүн жыйынтыктары жазылган протоколдорду бурмалоо. Бул үчүн тиешелүү шарттарды да түзүштү. Мурда бюллетендер сакталып, добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул болушпаган талапкерлер же алардын өкүлдөрү, бюллетендер сакталган конверттерди ачтырып кайра санатууга укуктуу болушса, кийинки бийлик учурунда андай укук таптакыр жокко чыгарылган. Добуш берүүлөрдүн жана добуштарды эсептөөнүн реалдуу убакытта кандай болуп жатканын реалдуураак көрсөтүп туруучу жана ошону менен шайлоолордун жыйынтыктарына аз болсо да электораттын ишеничин жаратуучу "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системаны болсо иштетпей салышты.
Мына ушундай "технологиянын" натыйжасында округдук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын каалагандай өзгөртө алган. "Кыргыз Туусу" гезитинин 2009-жылдын 8-майындагы санына жарыяланган "Шайлоодогу метаморфозалар" аттуу макаламда мен журналисттик иликтөөлөрдүн натыйжасында Бишкек шаарындагы №8 Түндүк шайлоо округунда участоктук шайлоо комиссияларынын протоколдору алгачкысынан кийин дагы эки жолу(!) оңдолгондугун жазганмын!
Эң кызыгы - буга жана добуш берүүлөрдүн натыйжаларын соттук териштирүү укугун жокко чыгарууга 2007-жылдын октябрында өткөн референдумда кабыл алынган КРнын Шайлоо жөнүндө кодексинин жоболору жол берип жаткандыгы! Балким алар шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо үчүн атайылап ошондой жазылгандыр?
Мисалы, аталган кодекстин 45-статьясынын 11-пунктунда талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрү, добуш берүү процесси, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу боюнча эч кандай дооматтары жок болсо, бул тиешелүү шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйынынын протоколунда белгиленсе жана алардын колдору менен күбөлөндүрүлсө, бирок кийинчерээк жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча арыздарды жана (же) даттанууларды беришсе, анда алардын арыздары жана даттануулары добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануу үчүн негиз боло алышпай тургандыгы жазылган.
46-статьянын 7-пунктунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга жана шайлоолордун натыйжаларын аныктоого катышышкан талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрү, добуш берүү процессинде, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда жана шайлоолордун натыйжаларын аныктоодо, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколду түзүүдө эч кандай дооматтары болбосо, бул тиешелүү шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйынынын протоколунда белгиленсе жана алардын колдору менен күбөлөндүрүлсө, бирок кийинчерээк жогоруда көрсөтүлгөн аракеттер боюнча арыздарды жана даттанууларды беришсе, анда алардын арыздары жана даттануулары добуш берүүнүн жыйынтыктарын, шайлоолордун натыйжаларын анык эмес деп таануу үчүн негиз боло алышпай тургандыгы, 55-статьянын 7-пунктунда добуш берүүнүн жыйынтыктары шайлоолордун жыйынтыктарын чыгаргандан кийин үч календардык күн аралыгында сотко даттанылышы мүмкүндүгү, ал мөөнөт өткөндөн кийин даттануу кабыл алынбай тургандыгы көрсөтүлгөн.
Ошол эле статьяда шайлоолордун натыйжалары чыгарылгандан кийин үч календардык күн аралыгында сот-
ко даттанылышы мүмкүндүгү, даттанууну берүү мөөнөттөрү узартылбай же жаңыртылбай тургандыгы, бул мөөнөт өткөндөн кийин арыз кабыл алынбай тургандыгы көрсөтүлгөн.
Мына ушундай өтө куулук менен жазылган жоболордон улам добуш берүүнүн бурмаланган жыйынтыктарын сот аркылуу жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок болуп калган.
Албетте, кодекстте талаш маселелер 3 күн аралыгында каралышы керектигин чектөөнүн максаты түшүнүктүү. Анткени, шайлоодо бирөөлөр сөзсүз жеңилет, демек, нааразычылыктар жаралбай койбойт! А аларды соттук териштирүүнүн жана чечим кабыл алуунун убактысын катуу чектебесе, узак убакытка созулуп кетиши мүмкүн. А бул ошол
тиешелүү өкүлчүлүктүү органдын куралышына жана өз функцияларын аткаруусуна киришине терс таасирин тийгизмекчи. Бирок, биз жазып жаткан мисалда шайлоонун жыйынтыктары бузулгандыгын далилдөө үчүн жок эле дегенде экспертизанын корутундусу керек болуп жатпайбы! А ал болсо 10 күндөн эрте чыкпайт да!
Дагы бир кызыгы - соттор даттануучу алып келген протоколдорго ишенеби, же округдук шайлоо комиссиясы алып келген протоколдорго ишенеби? Анткени, ал эки протоколдун кайсынысы жасалма экендигин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлүшү, анан бирөөсү жасалма катарында жокко чыгарылышы керек эмеспи! А кодеске ылайык, мындай мүмкүнчүлүк жокко чыгарылган.
Конституцияга ылайык, мыйзамдардын аткарылуусуна прокуратура органдары көзөмөл жүргүзүүгө тийиш. Ошол эле учурда КРнын ошол кездеги аракеттеги Жазык процесстик кодексинин (ЖПК) 26-статьясынын 2-бөлүгү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 141-статьясында каралган шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес эсептөө жөнүндө кылмыш иши жеке айыптоо иштерине кирерин көрсөткөн. Башкача айтканда ушул категориядагы кылмыш иштери жеке адам тарабынан башка адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сотко арыз берүү жолу менен гана козголмок. Сотто ошол арыз берген адам же анын өкүлү гана жеке айыптоочу боло алмак. Башкача айтканда, жарандын мамлекеттик органдарга шайланууга конституциялык укугунун бузулуу фактысын прокуратура органдары тарабынан каралбай калганы парадокс сыяктуу көрүнсө да, мыйзамдуу болуп калган.
Бишкек шаарындагы №8 Түндүк шайлоо округунда шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышкан жана добуш берүүлөрдүн чыныгы жыйынтыгында төртүнчү орунду ээлеп, мандат алууга укуктуу болсо да (шаардык кеңешке ар бир округдан алдыңкы төрт орунду алышкан талапкерлер депутат болуп шайланышмак) жогорудагыдай "комбинациялардын" натыйжасында мандатсыз калган Турдубек Мамбетов (азыркы Нарын облусунун губернатору) КРнын Конституциялык сотуна кайрылгандан кийин гана анын 2009-жылдын 29-апрелиндеги чечими менен жогорудагы аталган мыйзамдардын көрсөтүлгөн пункттары алынып салынган.
Кеп кандай добуш берилгендигинде эмес, добуштардын кандай саналганында…
Башынан мыйзам менен жа-шап көрбөгөн кыргызбайлар үчүн мындай мыйзамдык "жылчык" жага бербей калды.
Андайлар атүгүл "Кеп шайлоочулардын кандай добуш бергенинде эмес, берилген добуштардын кандай саналганында" деген учкул сөздү ойлоп таба коюшту. Шайлоонун жыйынтыктарын мындай одоно бурмалоо 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо башталганы да жалпыга маалым. Мисалы, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматы боюнча жалпы бюллетендердин 75,94 пайызы саналгандан кийин 2,86 пайыз гана добушка ээ болуп турган Кыргызстандын коммунисттер партиясы бюллетендер толук саналып бүткөндөн кийин кантип 5 пайыздык босогодон өтүп кеткени азыркыга чейин табышмак. Ал табышмакты алардын лидери И.Масалиев, БШКнын ошол кездеги төрагасы Д.Лисовский жана Ак үйдөгү саясий технологдор гана билиши мүмкүн...


(Уландысы 11-бетте)








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
8-октябрь, 2010-ж.:
1-бет
Биз үчүн добуш бер
2-бет
Жарыяны да ыгы менен илишсе
3-бет
Кыргыз жаштары байкуш эмес...
4-бет
"Кыргыз Туусуна" кайрылдыңыз эле
5-бет
"СНК": Дүйнөнү өз колуң менен жарат!
6-бет
КРнын Президенти Роза Отунбаева:
"Эмдиги жылы Бозумчак кенин өздөштүрүүгө өтөбүз"

7-бет
Акаев, Бакиев доорунда
эл добушу кантип бурмаланган?

8-бет
Учурда 851327 тонна буудай жыйналган
9-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Учур каарманы
11-бет
Өлкөмдүн өпкөсү тепкиде калышын каалабайм
12-бет
Көз караш
13-бет
Карыялар эң ак ниеттүү, эң мээримдүү муун
14-бет
Мамбеталынын айткандары





Яндекс.Метрика