08.10.10
  Жумуш керекпи?

КРнын Президенти Роза Отунбаева:
"Эмдиги жылы Бозумчак кенин өздөштүрүүгө өтөбүз"
- Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн жумушсуздук мүнөздүү. Ошондуктан бүгүнкү биздин жарманкебиз элге жумуш таап берүү максатында уюштурулуп отурат. Жакында эле жеңил өнөр жай тармагындагы кесипкөйлөрдү чогултуп сүйлөштүк. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы дүркүрөп өсүүдө. Россиянын калкынын төрт пайызын биздин тигүү тармагындагылар кийинтип жатат. Учурда 300 миңден ашык адам аталган тармакта эмгектенүүдө. 150 миңдин тегерегиндеги кыз-келин ушуну менен жан багат. Кыргызстанда телекоммуникация тармагы да жогорку деңгээлде. Учурда ар бир адамдын колунда мобилдик телефон бар, - деди КРнын Президенти Роза Отунбаева кечээ Бишкектеги №4 кесиптик-техникалык окуу жайындагы жолугушууда.
Күзгү суукту чакырган жамгыр себелеп турганына карабай Роза Отунбаева Бишкектеги № 4 кесипчилик лицейдин короосунда уюштурулган эмгек жарманкесинин көргөзмөлөрүн бирден көрүп, сурамжылап, кызыга кыдырып чыкты. Аймактардан келген кесипчилик-техникалык окуу жайларынын студенттеринин колу менен даярдалган буюмдар көз жоосун алып турду. Мында маалымат технологияларынан баштап, тамак-аш, тигүү, чачтарач, дизайнер, монтаждоочу, ширетүүчү ж.б. көптөгөн кесип ээлери келишиптир. Максат - жаштарды техникалык орто окуу жайларына тартуу. Жумушсуздарга жумуш таап берүү болду. Бул жерге жаштар гана эмес, ушундай жарменке уюштурулаарын угуп, орто муундун өкүлдөрү да иш издеп жүргөндөрүнө күбө болдук.
"Кыргызстандын кадрлары - 2010" аталыштагы эмгек жарманкеси өткөн айда Бишкектеги Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөрүлүп, анын натыйжасында 2 миңге жакын адам жумуш орундарын табышкан. КРнын эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлиги уюштурган ал жарманке да өзүнүн жакшы натыйжасын берди. Ага 6 миңдин тегерегиндеги адам келип, 70тен ашык жумуш берүүчүлөр жарманке көргөзмөсүнө катышкан болчу.
Бул жолку эмгек жарманкесинде жеңил өнөр жай, тейлөө, курулуш, телекоммуникация, байланыш, туризм жана мейманкана бизнеси, юриспруденция, финансы ж.б. тармактарга жумуш орундары сунушталды.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 110 кесиптик орто окуу жайларында 30 миңге жакын жаштар окуйт. Алардын орто эсеп менен 73 пайызы жумушчу орундары менен камсыз болушууда.
"Кыргызстанда энергетиканы жана тоо-кен өнөр жайын өнүккөн индустриянын катарына жеткире алабыз. Бизден окуп билим алгандар чет мамлекетте эң керектүү адис катары өздөрүнүн артыкчылыктарын көргөзө алышат. "Кумтөрдө" эмгектенгендерди эле алалы. Алар тоо кен өндүрүшүндө эбегейсиз тажрыйба топтогондор. Чет мамлекеттерде талашып чакырыла турган кадрларыбыз болуп эсептелет. Биздин окуу жайлардын биринен билим алган тоо-кен тармагындагы бир адисибизди издеттирип калсак, ал небак эле АКШда темир иштетүүчү ири ишкананы жетектеп эмгектенип жатыптыр. Биз бир канча жылдан бери Макмал тоо кен өндүрүшүн иштетип келе жатабыз. Анда болгону 20 тонна алтын бар. Эмдиги жылы биз Бозумчак алтын кенин өздөштүрүүгө өтөбүз. Ал жактан 40 тоннага жакын алтын казып алууга болот. Бул Жалал-Абад аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бийик деңгээлге жеткиришет", - деди мамлекет башчысы эмгек жарманкесинде сүйлөгөн сөзүндө.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу",
сүрөтү С.АЙЫЛЧИЕВдики




  Окуя

"Ата Журт" партиясынын штабы өрттөлгөн жок
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов басма сөз жыйынын өткөрүп, бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү кырдаал тынч экендигин белгилеп, Бишкекте болуп өткөн окуя тууралуу маалымдады.

Кечээ Жогорку Кеңештин имаратынын жанына 7-апрелдеги окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун тууган-туушкандары чогулушкан. Буга "Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин К.Бакиевди алып келүү тууралуу сөзүнүн видеожазмасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына таркатылгандыгы себеп болгон.
Коопсуздук кеңешинин катчысы ал жерге милиция кызматкерлери келишип, чогулгандарга иштин жөн-жайын түшүндүрүшүп, аларды тынчтандырышкандыгын маалымдады. Учурда кырдаал тынч. М.Иманкулов партиянын штабынын имаратынын өрттөлгөндүгү жөнүндөгү ушак-айыңдардын чындыкка туура келбестигин билдирди.
М.АЛАГУШЕВ





  Аба жолунда - 77 жыл!

Алысты жакын кылган Авиация
Кечээ Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын түзүлгөндүгүнө 77 жыл толду. Аталган тармактын туулган күнүнө арналган кече борборубуздагы тарых музейинде ачылып, анда авиация кызматкерлерине, ардагерлерине концерт тартууланды.

Кеченин расмий бөлүгүндө КРнын биринчи вице-премьер-министри А.Муралиев өлкө башчысы Роза Отунбаеванын куттуктоо катын окуп берди.
Катта Кыргызстандын жарандык авиациясынын 77 жылдан бери "ат баспаган" аска-зоолорду багындырып, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө, калктын саламаттыгын сактоого, алыскы аймактарга азык-түлүк ташууга, почта кызматын аткарууга ж.б. иштерге ар тараптуу салым кошуп, эмгек сиңирип келгени даңазаланган. Ошондой эле бүгүнкү күндө да Жарандык авиация өз кызматын абийирдүүлүк менен аткарып келе жаткандыгы айтылган.
Куттуктоосунун акырында Президент Р.Отунбаева авиациянын ардагерлерине, бүгүнкү жамаатына ачык асман жана аба жолдорундагы коопсуздук каалаган.
Мамлекет башчысынын куттуктоосуна удаа эле А.Муралиев өзүнүн атынан дагы куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргызстандын басымдуу бөлүгүн тоолор ээлеп турганын, бирок жарандык авиациянын кызматы менен буга чейин да кыргызстандыктар узун жолду кыскартып келишкенин, эми да ал өтө кыйчалыш, кыйын кырдаалдарды багындырып, өлкө үчүн иштеп жатканын айтты.
- Кечээки эле, июнь окуясында жарандык авиация эрдикке тете иштерди аткарды, - деди А.Муралиев, - Автоунаа менен каттоого мүмкүн болбой калган учурларда түштүк жергесине анын жардамы менен гумжардамдарды жеткирип, жарандарды кооптуу жайлардан ташып чыгаруу иштери аткарылды.
А.Муралиев жарандык авиациянын эмгеги ар дайым жогору баага татый тургандыгын айтып, ачык асман алдындагы байсалдуу, жагымдуу сапар каалады.
Андан соң бул тармактын бир топ кызматкерлерине КРнын Ардак грамоталары тапшырылды.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"