Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


"СНК": Дүйнөнү өз колуң менен жарат!
Урматтуу мекендештер! Урматтуу шайлоочулар!
"Кыргызстан элдеринин союзу" (СНК №20) саясий партиясы жаш профессионалдардын - бизнесмендердин, педагогдордун, искусство адамдарынын, спортсмендердин, коомдук ишмерлердин партиясы. Биз өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу үчүн аймактык деңгээлдеги бир катар иш-чараларды сунуштайбыз.
- СНК партиясы Ысык-Көл областы үчүн - анын бардык территориясында Эркин экономикалык аймакты түзүүнү приоритеттүү деп эсептейт. Биз бул аймак туризм жана экономиканын башка тармактары менен адистешкен инвесторлор үчүн жагымдуу деген ишеничтебиз. Анүчүн жүгүртүүдөн бир гана салык чегеримин аныктап жана аны 2-3% деңгээлинде белгилөөнү мыйзам чегинде бекитүү зарыл. Калган милдеттүү түрдөгү төлөмдөр алынып салынууга тийиш. Бул норма юридикалык тараптар менен катар, жеке жактарга да жайылтылышы керек. Ошондой эле, биз Казакстанга карай кеткен жолго жана тоннель тешүүгө 1,5 млрд. АКШ долларын жумшоого даяр инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, - деп билдирет "СНК" саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Исхар Сулайманов. - Мындан тышкары бул аймакта айланма жолду, аэропортту, тоо лыжа базаларын жана пансионаттарды куруу планы да бар.
Биздин программада Ысык-Көлдүн айланасындагы аймактын экологиясынын коопсуздугу өзгөчө орунда турат. "Кыргызстан элдеринин союзу" саясий партиясы жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча бир катар долбоорлорду иштеп чыгып, текшерүүлөрдү жүргүзүү менен, иштеп жаткан тазалоо жайларын оңдоп-түзөп, а кай жерде жок болсо, жаңыларын куруу зарыл болот.
Партиянын эксперттери тарабынан Талас областын экономикалык реабилитациялоонун конкреттүү пландары иштелип чыккан. Бул аймактын жашоочуларынын каалоосуна ылайык, "СНК" мында төө буурчакты кайра иштетүүчү заводду куруу демилгесин көтөрүү ниети бар. Партиянын төрайымы Гульмиза Сейталиеванын ою боюнча область жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр үчүн сырьелук аймак болбошу керек. Ошондой эле "Кыргызстан элдеринин союзу" партиясы Кыргызстандын башка аймактарында да кайра иштетүү өнөр жайын жандандыруу максатын көздөйт. Маселен, Баткенде өрүктөрдү, Жалал-Абадда жаңгактарды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул, аталган аймактардын калкын жаңы жумушчу орундары менен, бюджетти салык төлөмдөрү менен камсыз кылууну кошуп айтпаганда.
"СНК" Чүй областынын аймагында кичи авиацияны жандандыруу жана өнүктүрүүнү андан кем эмес милдет катары билет. "Биз өлкөнүн областтарынын борборлорунун ортосунда авиа каттамдарын түзүүнү каалайбыз. Менин Европага жасаган сапарларымдын биринде 300 чакырым аралыкты алты кишилик самолет менен 40 минутада учуп өтүп, анүчүн болгону 1500 сомго барабар акча төлөгөм. Эмне үчүн бизде ушуга окшогон дол-боорду ишке ашырууга болбосун? Биз буга кызыккан конкреттүү инвесторлорду жана чакан самолет чыгаруучуларды билебиз. Кичи авиация паркынын иштеши Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүүгө чоң күч бермек", - деп эсептейт партиянын лидерлеринин бири Нурдин Султамуратов . "Кара-Кече" көмүр кенине программада өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Биз, бул аймакта көмүрдү брикеттөөчү завод куруу зарыл деген ойдобуз. Андан тышкары газ жана жер семирткич продуктулары Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн керектөө рыногунан өз ордун табарында талаш жок. Бизде көмүр казып алуучулар жана потенциалдуу инвесторлор менен алдын ала сүйлөшүлгөн келечектүү программабыз бар.
СНК партиясы (№20) жеңишке жеткен учурда бул пландарды ишке ашырууга кепилдик берет!
"Кыргызстан элдеринин союзу" (СНК №20) саясий партиясы




"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан МАДУМАРОВ:
"Таза депутаттарды
шайлоо - элдин укугу"
Кыргызстандагы
саясий партиялардын
лидерлерине кайрылуу
Мейли мен айткан сөз, анчалык акылдуу болбосо да, мени угуш сиздердин акылмандуулугуңуздар.
Расул ГАМЗАТОВ

Кесиптештер, партия лидерлери, санаалаштар жана шайлоо алдында шайлоочулардын добушун алууга жардам берүүчүлөр. Мына ошентип, өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлануу үчүн башталган үгүт иштери да аяктоо алдында турат. Албетте, бардык партиялар жеңүүчү болуш үчүн буга чейин бир топ эле иштерди жасоого үлгүрүштү. Бирок кандай негизде? Буга жооп, жадагалса чакырык бирөө гана: келгиле, мамлекетибиздин
жыйырма жылдык жаңы демократиялык тарыхында биринчи жолу, элибизге 10-октябрда Жогорку Кеңешке татыктуу адамдарды тандап алуусуна колубуздан келген бардык шарттарды түзүп берели. Анан дагы шайлоо алдында өлкөбүздө буга чейин болуп өткөн оор сыноолорду, жан кейиткен кайгылуу окуяларды эсибизден чыгарбайлы.
Мына ушул окуялар шайлоо алдындагы саясий күрөштүн ар бир катышуучусунун өзгөчө жарандык жоопкерчилигин пайда кылышы керек. Албетте, бул жерде ооздон чыккан сөзүңдүн, жасаган ишиңдин, кылган аракетиңдин жоопкерчилиги өтө маанилүү. Анткени, эл бүгүнкү күнү талапкерлердин шайлоо алдындагы куру убадаларынан, кагаз жүзүндөгү баш айланткан кооз программаларынан жадап бүттү. Андыктан шайлоочуларды саясий кызыкчылык үчүн гана пайдаланбай, алар менен түз, таза сүйлөшүп, бүгүнкү күндөгү кыйынчылыктарын чечүүнүн так жолун аныктоо өтө маанилүү.
Шайлоо алдындагы биздин ар бир кыймылыбыз, сөзүбүз, жасаган аракеттерибиз элибизди аймак-аймакка, уруу-урууга, көчө-көчөгө бөлүп-жарганга эмес, тескерисинче, көп улуттуу эгемен мамлекетибиздеги жашоочуларды "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдикке, ынтымакка" чакырууга багытталышы зарыл. Биздин эң негизги байлыгыбыз бул элибиз. Биздин бир гана Кыргызстан деген мамлекетибиз бар. Аны болбогон саясий кызыкчылык үчүн майдалап бөлүп-жарууга эч кимибиздин укугубуз, акыбыз да жок.
Бирок, кылымдар бою ата бабаларыбыздан мурас катары келе жаткан улуттук дөөлөттөрүбүздү, наркыбызды сактап, элдин бүтүндүгүн камсыз кылуу ар бирибиздин милдетибиз. Бул үчүн өз ара ынтымакка келип, эптеп эле жалган жалаа менен упай топтоодон баш тартышыбыз керек. Биздин эл алдында берген убадаларыбыз, пландарыбыз бардыгы жөн эле ооздун жели болбой же кагаз жүзүндө калбай келечекте чындап аткарыла турган болсо гана эл өзү татыктуу тандоо жасаарына терең ишенем. Ошондо гана "депутат болуучулар эптеп эле шайлоо алдында бал тилге салып элди алдап, шайлоо бүткөн соң баарын унутат" деген эл арасындагы ишенбөөчүлүк өзүнөн-өзү жоюлары турган кеп.





Урматтуу мекендештер,
урматтуу шайлоочулар!
Былтыр жылдын башында Бириккен элдик кыймылы түзүлгөн. Ага 9 партия кирген. Алардын максаттары:
Биринчиден, Бакиев бийлигин уратуу;
Экинчиден, жаңы Конститу-
цияны кабыл алып, Парламенттик башкарууга өтүү;
Үчүнчүдөн, элге чыккынчылык кылынып, жеке үй-бүлө үчүн приватташтырылган объектилерди кайра элге кайтаруу;
Төртүнчүдөн , электр энергиянын баасын кайра ордуна келтирүү болсо, бул багытта көп иштер аткарылды. Бириккен элдик кыймылы партияга айландырылды. Кудай буйруп, парламентке барып калсак, калганын биз аткарабыз.
Биздин партиянын өзгөчөлүгү - жаңы партия, жаш партия. Тизмеге кирген 113 талапкердин 96сы 21 жаштан 35 жашка чейинкилер болсо, 30у кыз-келиндер. 15и ар кайсыл улуттун өкүлдөрү. Биздин программанын өзөгүн биринчиден, үй-бүлөнү чыңдоо түзөт. Үй-бүлөдө жакшылык, тынчтык, жетишкендик болсо, бул мамлекеттин чоң күчү.
Экинчиден, экономикабыз жакшырса, Кыргызстанда турмуш да оңолот.
Үчүнчүдөн, пенсионерлерди, мугалимдерди, медицина кызматкерлерин материалдык жактан коргоп, алардын эмгек акыларын көтөрүүбүз зарыл. Алардын айлык акыларынын көлөмү минималдуу керектөө корзинасынан жогору болушу керек.
Төртүнчүдөн, Кыргызстанда жашаган жарандардын достугун чыңдоо - бул улуттук маселелерди чечүү деп эсептейбиз.
Бешинчиден, чек араларды бекемдеп, коңшу Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен ынтымактуу жашоо. Биздин күч - биздин ынтымакта.
Кээ бир партиялар биз электр энергияны өз наркы менен сатабыз, кредитти 7-9 пайыз менен беребиз деп жатышат. Бул ишке ашпас популисттик иш. Биз андай иштерге барбадык.
Түштүктүн эл каза тапкан жерлеринде концерттерди берип, элдин намыстарына тийип, добуштарды сатып алып да жатышат. Андай көрүнүштөрдү биз натуура деп эсептейбиз.
Урматтуу мекендештер!
Алдыдагы шайлоо тагдыр чечүүчү саясий иш чара. Алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы Кыргызстандын мындан аркы келечегин аныктайт. Ошондуктан партиялардын тизмесин тыкан караңыздар. 22-номерге келгенде БЭКти көрөсүздөр. Бизге добуш берсеңер, биз силердин үмүтүңөрдү актайбыз. БЭК партиясына добуш бергиле!
Рахмат.
Муратбек Мукашев
БЭК партиясынын төрагасы







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
8-октябрь, 2010-ж.:
1-бет
Биз үчүн добуш бер
2-бет
Жарыяны да ыгы менен илишсе
3-бет
Кыргыз жаштары байкуш эмес...
4-бет
"Кыргыз Туусуна" кайрылдыңыз эле
5-бет
"СНК": Дүйнөнү өз колуң менен жарат!
6-бет
КРнын Президенти Роза Отунбаева:
"Эмдиги жылы Бозумчак кенин өздөштүрүүгө өтөбүз"

7-бет
Акаев, Бакиев доорунда
эл добушу кантип бурмаланган?

8-бет
Учурда 851327 тонна буудай жыйналган
9-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Учур каарманы
11-бет
Өлкөмдүн өпкөсү тепкиде калышын каалабайм
12-бет
Көз караш
13-бет
Карыялар эң ак ниеттүү, эң мээримдүү муун
14-бет
Мамбеталынын айткандары





Яндекс.Метрика