Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


 "Кыргыз Туусуна" кайрылдыңыз эле

Сурагыла, "Кыргыз Туусу" жооп берет!
Редакцияга түпөйүл суроолорго жооп издеп кайрылгандар көп болуп жаткандыктан, мурдагы суроо-жооп бурчун кайра жандандырып, "Кыргыз Туусуна" кайрылдыңыз эле" деген рубрика ачтык. Сиздер кызыккан суроолорго тийиштүү министрликтерден, мекемелерден, ар кыл тармактын жетекчилеринен, төбөсү элге көрүнгөн инсандардан жооп алып, мындан ары ушул рубриканын алдында жарыялап турмакчыбыз. Андыктан, урматтуу окурмандар, сураңыздар, кат жазыңыздар, байланышыңыздар.
Биздин дарегибиз: Абдумомунов көчөсү, 193. Телефон: 62-20-66,
62-20-18. Факс: 62-20-25.

"Кыскартуу" деп иштен айдап салышты...
Асанбек Бердигулов,
Бишкек шаары:
- Кымбаттуу редакция! Мен мамлекеттик мекемеде иштечүмүн. "Кыскартуу" деген шылтоо менен иштен бошотушкан. Январь айынан бери иши жок жүрөм. Кийин уксам менин ордума башка кишини кызматка алышыптыр. Кесибим финансист. Үч жылдык эле стажың бар экен деп мамлекеттик да, жеке менчик ишканалар да ишке албай жатышат. Эмгек укугумду кантип коргойм, каякка кайрылам? Иштен туура эмес бошоткон жетекчилерди жоопко тарткан мыйзам жокпу?
Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Эмгек инспекциясынын директору Жаныш Алимбаев:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди негизсиз бошотуп койсо, биз анык-бышыгына жетиш үчүн адегенде текшеребиз. Туура эмес иштен бошотулса, ишке кайрадан орноштуруу боюнча көрсөтмө беребиз. Бул сөзсүз түрдө аткарылыш керек. Себеби, Эмгек кодексинде Эмгек инспекциясынын көрсөтмөсү сөзсүз түрдө аткарылышы керек деп жазылган. Аткарылбаса административдик жаза колдонуу боюнча протокол түзүп, 5 миң сомго чейин административдик жаза беребиз. Эгерде аны да аткарбаса, анда прокуратурага, сот органдарына материалдарды жөнөтөбүз.
Чындыгында бизге кайрылгандардын 50 пайыздан ашыгы эмгекти коргоо маселелери боюнча кайрылышат. Ал эми 48 пайыздайы иш берүүчүлөр менен жумушчулардын ортосундагы эмгек мамилелери, айрыкча иштен туура эмес бошотуу, убагында айлыгын бербей коюу, эмгек китепчелерин бербөө, эмгек өргүүсүнө туура эмес чыгаруу боюнча кайрылышууда. Редакцияга кайрылган окурман Эмгек инспекциясына келсин, териштирели, туура эмес бошотулса кайра ишке орноштурулат. Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Эмгек инспекциясынын дареги: Бөкөнбаев көчөсү, 99. Тел. 30-33-40, 30-33-41, 30-33-78.
Түштүктөн Бишкекке канча студент которулуп келди?
Асыл Куттубекова,
Ысык-Ата району:
- Түштүктөгү коогалаңдан кийин ал жактагы жогорку окуу жайлардын студенттерин Бишкекке которот дешти эле. Азыркы күндө канча студент которулуп келди экен? Муну сураганымдын жөнү борбордогу ЖОЖдон окууну каалагандар көп болуп жатканын окугам. Кийин бул тууралуу маалымат берилген жок.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошев:
- Азыркы учурда Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы жогорку жана орто кесиптик билим берүү окуу жайларынан студенттерди которуу аяктады. Аталган шаарлардагы түзүлгөн кырдаалды эске алып, ошондой эле Бишкектеги ЖОЖдон окууну каалаган студенттерден арыз көп түшкөндүктөн, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн. Бул комиссиянын чечими менен түштүк аймагынан студенттерди которуу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына чейин деп белгиленген. Бүгүнкү күнү борборубуздагы жогорку окуу жайларына 539 студент которулду.
Карыларыбыз томсоруп калбайбы?
Жолочу Усубакунов,
Ысык-Көл облусу:
- Жылына карылар күнүндө улгайган адамдарга жардам көрсөтүлчү эле. Апрелдеги, июндагы окуялардан кийин карыларга колдоо көрсөткөнгө казынада акча барбы? Башка өлкөлөрдө узак жашагандарына да сый-урмат көрсөтүшөт экен.
Өкмөткө караштуу
Социалдык камсыз кылуу агенттигинен алынган жооп:
- Өкмөттүн үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрындагы №81-р буйругун аткаруу үчүн 15-сентябрдан 15-октябрга чейин "Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук" боорукерлик айлыгын өткөрүү боюнча бекитилген планга ылайык шаарларда жана райондордо иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Облустук мамлекеттик администрациялар (Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустары) тарабынан бизде да узак жашагандарга 130 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү. Жалгыз бой жашаган жардамга өтө муктаж ардагерлерге 465 миң сомдук гуманитардык жардам берилди, 27 миң сомдук белек-бечкек алышты. Төмөнкү-Серафимовкадагы карылар жана майыптар жатак үйүндө жашагандарга Жаштар иши боюнча министрлик 1 750 000 сомдук материалдык жардам беришти. Карыларга жардам, колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралар бардык облустарда, райондордо өткөрүлүп жатат.
Даярдаган
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
8-октябрь, 2010-ж.:
1-бет
Биз үчүн добуш бер
2-бет
Жарыяны да ыгы менен илишсе
3-бет
Кыргыз жаштары байкуш эмес...
4-бет
"Кыргыз Туусуна" кайрылдыңыз эле
5-бет
"СНК": Дүйнөнү өз колуң менен жарат!
6-бет
КРнын Президенти Роза Отунбаева:
"Эмдиги жылы Бозумчак кенин өздөштүрүүгө өтөбүз"

7-бет
Акаев, Бакиев доорунда
эл добушу кантип бурмаланган?

8-бет
Учурда 851327 тонна буудай жыйналган
9-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Учур каарманы
11-бет
Өлкөмдүн өпкөсү тепкиде калышын каалабайм
12-бет
Көз караш
13-бет
Карыялар эң ак ниеттүү, эң мээримдүү муун
14-бет
Мамбеталынын айткандары





Яндекс.Метрика