Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Конгресс

Кыргыз жаштары байкуш эмес...
"Биз, жаштар, улуу муун менен орто муундун өкүлдөрүн бийликтен түшүрүп, сыртка кууп чыкпайбыз. Себеби, биз бул үчүн көтөрүлүп чыккан жокпуз. Тескерисинче, улууларыбызды урматтап, сыйлап, орто муундун акылына ишенип, тажрыйбасына таянып иш кылгыбыз келет. Андыктан, бизди атаандаш катары эмес, жардамчы катары кабыл алууңуздарды көптөн-көп өтүнөбүз!"
Жаштардын мындай сураныч, тилек, ой-максаттары КРнын Президенти Роза Отунбаеванын катышуусунда өткөн жаштар конгрессинде билдирилди.

Өлкө башчысы Р.Отунбаева иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө жаштар мамлекетибиздин эң жандуу, жалындуу жана күчтүү бөлүгү экенин баса белгиледи. "Силердин ой-мүдөөңөрдүн ишке ашырылышы жеңили-
рээк болсун үчүн, жаштар министрлигин түздүк. Азыр анын алдында мекен дегенде жанын берүүгө даяр турган бир канча жаштар иштеп жатат. Менин оюмча аталган министрликтин ишин алдыга жылдыруу үчүн, башка мекеме-ишканалардан дагы волонтерлорду тартыш керек", - деп билдирди. Ошондой эле Президент республикабыздын бардык булуң-бурчтарынан келген жаштарга кайрылып: "Кыргызстан бүгүнкү күндө энергетиктерге муктаж. Азыр бизге айыл чарба жана кен байлыктарын казып иштетүү тармактарын мыкты өздөштүргөн күчтүү адистер керек. Өлкөбүздө транспортчулар, геологдор жетишпей жатат. Ошондуктан, силер баарыңар эле эл аралык мамилелер боюнча факультеттерге тапшыра бербегиле", - деди. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндүн жаштары Кыргызстанды гүлдөтүп-өркүндөтүүгө жетише алаарына ишеним артарын билдирди.
Өлкө башчысынан кийин сөз алган Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов: "Биз жоопкерчиликтен эч качан качпайбыз. Анткени, Кыргызстандын жаштары - акылдуу, ынтымактуу, таланттуу жана биримдиктүү. Биз сабырдуулук, акылдуулук менен көп нерсеге жетише алабыз. Себеби, кыргыз жаштары байкуш эмес. Кайырчы дагы эмес...", - деп жар салды.
Конргесстин жүрүшүндө дубандардан келген өкүлдөргө да сөз берилди. Алар өз кезегинде ушундай министрликти түзүп берген өкмөт башчыларына ыраазычылыктарын билдиришип, ошол эле убакта "Баланын туулганына эмес, тураарына сүйүн" дегендей, жаш министрликтин мындан аркы көрөр күнү үчүн тынчсызданып жаткандыктарын жашырышкан жок. Буга эл ичиндеги: "Министрликтин эртеңи, келечеги жок. Ал убактылуу гана. Анткени, бул чаң-тополоң учурунда жаштардын демин басып туруу максатында гана уюшулган", - деген ар кандай сөздөрдүн айтылып келгендиги себепчи болгондугу белгилүү. Иш-чаранын катышуучулары: "Мындай пикирлерди айтып биздин шаабайыбызды суутуп жатышкандар жок эмес. Ошондуктан, бул конгресс ошол сыяктуу терс таасир берген көрүнүштөргө чекит койчу иш-чаралардын бири болушун каалайбыз", - деген пикирлерин билдиришти.
Эске сала кетсек, Жаштар иштери боюнча министрликти түзүү боюнча декрет үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде КРнын Убактылуу Өкмөтү тарабынан кабыл алынып, 2010-жылдын 19-майында министрликти жетектөө кызматына Алиясбек Алымкулов дайындалган. Азыркы учурда анын борбордук аппаратында 48, ал эми аймактык бөлүмдөрүндө 20, жалпы 68 кызматкер иш алып барып жатышкан кези. Бирок, конгресске келген жаштар, 68 адам эч нерсени жасап жетише албастыгын айтышты. Баткен облусунан келген Мундузбек Темиркулов: "Аймактарда бир-эки кишинин колунан эч нерсе келбейт. Биздин оюбузча жер-жерлерде иштечү кызматкерлер жетишсиздик кылат. Ошондуктан, аймактарга бөлүмдөрдү ачуу абзел", - дейт. Ал эми Ош облусунан келген өкүл Азамат Козубаев: "Менин жеке элестөөмдө Кыргызстан бир учак. Түндүк анын сол канаты болсо, түштүк оң канаты. Эгер биз эки канатыбызды тең бирдей карабасак, биз уча албай калабыз. Муну менен айтайын дегеним, кыргыз жаштары эч качан түндүк, түштүк деп эки жаатка бөлүнбөйлү, биригели дегим келет", - деп чакырык жасады.
Конгресстин жүрүшүндө жаштар окууну аяктагандан кийин жумушка орношуу маселеси күндөн-күнгө кыйындап баратканы, мунун кесепетинен мыкты деген жаштарыбыз башка өлкөлөргө агылып кетип жатканы жөнүндө айтышып, бул маселеге чекит коюу үчүн эмне кылуу керектигин талкуулашты.
Жүрөгү мекен деп соккон патриот жаштар алгач ирет өткөн жаштар конгресси өз жемишин берет деп ишеним артышты. Биз да аларды кубаттап, колдоп, жакшылыктарды тилек кылалы.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөттөрү
Сагын АЙЫЛЧИЕВдики




Видеокүндөлүктө - жаңы жазмалар
Гезитибиздин өткөн сандарында КРнын Президенти Роза Отунбаеванын өздүк видеокүндөлүгү мамлекеттик www.kyrgyz-el.kg сайтына жайгаштырылганы жөнүндө кабарлаган элек. Күндөлүктүн кезектеги чыгарылышында мамлекет башчысы алдыдагы шайлоого даярдык, адилет жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн кандай шарттар түзүлгөндүгү, ошондой эле өлкөнүн судьялар корпусун тазалоо процесси жөнүндө кенен-кесири баяндап берген.
Оор кылмыш жасагандарга жөн гана акчалай айып төлөө чечимин чыгарган, баңгизат соодасы үчүн кармалгандарды арзыбаган жаза менен куткарып жиберген судьялар иштен четтетилген.
Атайын комиссия судьяларга карата элден түшкөн даттанууларды иликтеп жатышат. Бир катар судьяларды бошотуу жөнүндө чечим ачык-айкын фактылардын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде кабыл алынган. Роза Отунбаева ак ниеттүү жана көз карандысыз сот бийлиги ачык шайлоону камсыз кылууда да маанилүү деп эсептейт.
Роза Отунбаева видеокүндөлүгүндө "Альфанын" көзгө атарларынын тарапкерлеринин жана туугандарынын акциясынын айланасындагы кырдаалды түшүндүрүп берди. Президент "Альфа" иши
боюнча сот адилеттүү жана калыс боло тургандыгын билдирген.
А.ЭСЕНОВ





  Саамалык

"Манасты" киного тартуу үчүн эсеп ачылды
- Улутубуздун сыймыгы болгон "Манас" эпосун кино-эпоско айлантуубуз керек. Муну менен биз улуу чыгармабызды дүйнө элине кеңири таанымал кылып, жеткире алабыз. Ошого удаа эле улам кийинки урпактарыбызды Манас бабабыздын духу менен тарбиялай алабыз. Болбосо, азыр биздин кичинекей муундарыбыз батыштын мульттасмалары менен жашап, ошолордун таасирин алып, ата-бабанын менталитетинен четтеп өсө башташты. Бул маселе
боюнча өлкө башчыбыз Р.Отун-баева менен макулдашып, сүйлөштүк, - деди белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев басма сөз өкүлдөрүнө.
Мындай маалымат берүүнүн алдында эле Т.Тургуналиев РСК банкына "Манас-киноэпосу фонду, И - 2174" эсебин ачып, анын алгачкы каражаты катары 1000 сом салды. Ага удаа эле тарыхчы Т.Кененса-риев жана "Эхо Манаса" телеканалынын директору Т.Токтогазиев да 1000 (миң) сомдон 2000 сом салышты.
- Бирок, эскерте кетчү нерсе, Тургуналиев өзү ачкан эсепке өзү каалагандай эгедер боло алат дегенди билдирбейт, - деди Т.Тургуналиев, - Эми бул фондду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүп, түшкөн акчаны пайдалануу үчүн атайын коомдук кеңеш түзөбүз. Каражатты кайда, кантип жумшоону ошол кеңеш гана чече алат.
Т.Тургуналиевдин айтымында, эсепке каражат үч-төрт булактан келиши күтүлөт. Анын бири - жеке атуулдардын өз чөнтөгүнөн, башкача айтканда Ата Мекендин келечеги үчүн кайдыгер эмес бардар атуулдардан, саясий партиялардан, коомдук уюмдардан, ж.б., экинчиси - мамлекеттин эсебинен, үчүнчүсү - ар кандай эл аралык фонддордон кайтарылбас каражат алуу менен келет. Ал эми төртүнчү булак - Түркия сыяктуу боордош өлкөлөр болот, буга Т.Тургуна-лиев ишенерин, анткени жакында эле өткөн эл аралык жолугушуулардын биринде түркиялык тарап муну колдой тургандыгын билдиришкенин айтты.
Т.Тургуналиевдин айтымында, "Манас" эпосун кино кылып тартуу үчүн кеминде 100 миллион АКШ доллары керек. Бирок, аталган каражаттын жарымы топтолгон убактан тартып эл аралык деңгээлдеги кароо-сынактар өткөрүлө баштайт. Тактап айтканда сценарий үчүн, режиссер-операторлор жана актёрлор үчүн сынактар жүргүзүлөт.
Мындан сырткары Т.Тургуналиев "Эхо Манаса" телеканалынын директору Т.Токтогазиев менен эпосту мульттасмаларга айлантуу максатын көздөп жатканын жана бул иш-аракет бир айдын ичинде башталарын, мультфильмдердин үстүндө иштей турган топту эң мыкты техника менен жабдууну караштырып жатканын билдирди. Анын айтымында бул иш-аракеттер балдардын Манас бабабыздай патриот, айкөл, атүгүл интернационалист болуп тарбияланышына сөзсүз оң таасирин тийгизет.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
8-октябрь, 2010-ж.:
1-бет
Биз үчүн добуш бер
2-бет
Жарыяны да ыгы менен илишсе
3-бет
Кыргыз жаштары байкуш эмес...
4-бет
"Кыргыз Туусуна" кайрылдыңыз эле
5-бет
"СНК": Дүйнөнү өз колуң менен жарат!
6-бет
КРнын Президенти Роза Отунбаева:
"Эмдиги жылы Бозумчак кенин өздөштүрүүгө өтөбүз"

7-бет
Акаев, Бакиев доорунда
эл добушу кантип бурмаланган?

8-бет
Учурда 851327 тонна буудай жыйналган
9-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Учур каарманы
11-бет
Өлкөмдүн өпкөсү тепкиде калышын каалабайм
12-бет
Көз караш
13-бет
Карыялар эң ак ниеттүү, эң мээримдүү муун
14-бет
Мамбеталынын айткандары





Яндекс.Метрика