08.10.10 Карыялар эң ак ниеттүү, эң мээримдүү муун
MegaCom компаниясы карыялардын эл аралык күнүндө, улгайган адамдардын урматы үчүн майрамдык концерт тартуулады. Компания атайын уюштурулган ыр-бийден сырткары, 250 ардагерге материалдык жардамды тапшырды.
MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Александр Бороздин карыяларды майрамдары менен куттуктап, аларга болоттой бекем ден соолук, бактылуу карылык жана бакубат жашоо каалады. "Урматтуу согуштун жана эмгектин ардагерлери, сиздер биздин байлыгыбызсыз-дар. Ылайым, оорубаңыздар, сыркабаңыздар! Биз, сиздердин тажрыйбаңыздарга таянып иш кылып, дайыма жардам берип турууга аракет кылабыз. Андыктан, ар дайым бар болуңуздар урматтуу улуу муун! Сиздер биздин мезгилдин баатырларысыздар! ", - деди. Ошону менен бирге, ал өз оюнда кары кишилер бул - башкаларды кечире билген, түшүнө билген адамдар деп билерин кошумчалап: "Карыялар эң ак ниеттүү, эң мээримдүү муун", - деген пикирин билдирди.
Эскерте кетсек, MegaCom жыл сайын карыялардын майрамына карата атайын иш-чараларды өткөрүп келет. Жылына төрт ирет кары-картаң адамдар үчүн кайрымдуулук иштерди жасап, эл арасындагы аз камсыз болгон, кол-доого муктаж адамдарга ар кандай жардамдарды көрсөтүүсүн улантышууда.
Компаниянын өзгөчө көңүл буруусуна ээ болгон жарандар жана улгайган адамдар аларга миң мертебе ыраазычылыктарын айтып, ак баталарын берип келишет. Бир топ убакыттан бери MegaCom компаниясынын камкордугуна бөлөнүп келаткан "Мээримдүү күч" кары-картаңдардын бирикмесинин төрайымы Валентина Житинева: "Биз MegaCom компаниясы менен 4 жылдан бери тыгыз байланыштабыз. Алар бизге мамлекет тарабынан көрсөтүлбөгөн жардамдарды берип, муктаждыктарыбызды чечип берип келе жатат. MegaCom кызыкдар болуп, карыялар күнүндө да майрамдык маанай тартуулап, куттукташат. Биз ал жерде иштеген неберелерибиздин бар экенине абдан кубанабыз", - дейт.
Ошону менен катар иш-чарага келген ардагерлердин бардыгы ал күнкү жаркын маанай үчүн аты аталган компаниянын жетекчилигине ыраазычылыктарын билдирип, рахматтарын айтышты.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




 "Жылдын мыкты мугалими - 2010"

Кыл сынакта кыйындар аныкталды
Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган "Жылдын мыкты мугалими -2010" республикалык конкурсунда мыктылар аныкталды.
Биринчи орунду Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Айгүл Батыркулова жеңип алды. Экинчи орун Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы №9 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыгүл Абдубалиевага, үчүнчү орун Ак-Талаа районунун С.Атамбеков атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлзада Жоробековага ыйгарылды.
Жыл сайын өткөрүлүп келаткан бул конкурста "Мыкты айылдык мектеп", "Мыкты шаардык мектеп", "Мыкты инновациялык мектеп", "Мыкты балдар бакчасы", "Мыкты инновациялык балдар бакчасы" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер, Ардак грамоталар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Маселен, 2010-жылдагы мыкты айылдык мектеп номинациясында биринчи орунду Ноокат районундагы Калия Ураимова жетектеген У.Салиева атындагы орто мектеп жеңип алды. Ал эми Нарын шаарындагы Айчүрөк Самакова жетектеген В.Чкалов атындагы №2 орто мектеп шаардык мыкты мектеп аталып, биринчи орунга ээ болду. Бишкектеги №13 мектеп-комплекс-лицей мыкты инновациялык мектеп номинациясында биринчи орунду жеңип алды.
Алыскы Кара-Кулжа районундагы Гүлмира Акбарова жетектеген №1 мектепке чейинки билим берүү уюму "Мыкты бала бакча", Ош шаарындагы Гүлсүн Базаева жетектеген №69 мектепке чейинки билим берүү уюму "Мыкты инновациялык балдар бакчасы" делип, биринчи орун ыйгарылды.
Бул конкурсту өткөрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млн. сом, сыйлык фондуна
1 млн. 326 сом бөлүнгөн.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




 9-октябрь Бүткүл дүйнөлүк почта кызматкерлеринин күнү

Почта эл кызматында
Бүткүл дүйнөлүк почта союзу 1874-жылы 9-октябрда Швецариянын Берн шаарында түзүлгөн. Азыркы убакта Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна 191 мамлекет мүчө. Биздин Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин 1993-жылы Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө болуп кирген. Ошондон бери 9-октябрь Бүткүл дүйнөлүк почта кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келе жатат.
Азыркы күндөгү "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу
райондук филиалынын аткарган иштери бул элге акылуу кызмат көрсөтүү, тагыраак айтканда райондун аймагына келип түшкөн жөнөкөй, заказдык каттарды, бандеролдорду почталык, телеграфтык которууларды, посылкаларды, тездетилген эл аралык почта жөнөтмөлөрдү жана экспресс почта жөнөтмөлөрүн кабыл алып, кечиктирүүсүз өз убагында даректүү адрестерге жеткиришип беришет. Кардарлардан ошондой эле республикалык, облустук жана райондук гезит-журналдарга жазылуу жүргүзүлөт, элдин суроо-талабы боюнча гезиттерди сатуу менен алпурушат.
Алардан сырткары Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын социалдык жактан коргоо агенттиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде пенсия, пособиелерди, ар кандай мамлекет тарабынан чегерилген жеңилдиктерди төлөөнү жүргүзүшөт.
Кара-Суу районунун аймагында райондук филиалдын 29 почта байланыш бөлүмдөрү бар. Райондук филиалда 150гө жакын кызматкерлер эмгектенишет.
Райондук жетекчилик тарабынан коюлган тапшырмаларды так аткарышып, бир топ жакшы ийгиликтерге жетишишти. 2010-жылдын 9 айына 9 млн. 600 миң сомдук тарифтик киреше боюнча план берилсе, иш жүзүндө 10 млн. 270 миң сомго жеткирип башкача айтканда 114%га аткарышты.
Акыркы убактарда калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрлөрү киргизилип, элге почта аркылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү көбөйүүдө. МАИ кызматкерлери тарабынан айдоочуларга жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган административдик штрафтар республикадагы бардык почта байланыш бөлүмдөрү аркылуу алынууда. 2009-жылы Кара-Суу району боюнча 6 млн. 652 миң сомдук административдик айыптар алынып республикалык бюджетке которулуп берилди. Жыл сайын автомобилдерди техникалык кароодон өткөрүүдө түшүүчү салыктар да кармалып жергиликтүү бюджетке которулуп берилүүдө.
Бурма Ысакова,
Ош облусу