Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Көз караш

Мударис
Кусеин ИСА уулу
Эми жаңылсак, тарых кечирбейт
(Башталышы гезиттин
№76 санында)
III. Өлкөнүн социалдык натыйжалуу өнүгүшүн кайсыл күч камсыздайт?
Кыргызстан - өз алдынча азат-
тыктагы өлкө катары жашай баштаганына жыйырманчы жыл болду. Бирок, өзүнүн тарыхый жолун жана ордун тактоо жөнүндө иш эле эмес, ишенимдүү сөз да боло электиги тарыхый чындык. Албетте, кийинки кезекте кыргыз коомчулугунун айрым чөйрөлөрүндө бул маселелердин тегерегинде ар кандай сөздөр, талкуулар болууда. Бирок, бул талкуулар башкаруучу элитанын жана саясатчылардын деңгээлине жете элек. Анткени, алар ушул күнгө чейин европалык түшүнүктөр, аныктамалар менен билим алышкан жана ошонун чегинде жашоодо.
Чын-чынында, 2005-жылы марттагы, 2010-жылы апрелдеги социалдык элдик ыңкылаптардын нагыз себептери - чыныгы мамлекетти - улуттун жашоосунун түрү катары куруунун ордуна жана башкаруучу элитабыз жалпы журт, коом, адамдар жөнүндө ойлонбой жеке керт баштарынын кызыкчылыктарын канагаттандыруу менен алектенгендиги болбодубу...
Дүйнөлүк мамлекет таануу илиминде - мамлекет үч бөлүмдүн биримдиги катары кабылданат:
1) Коом - мамлекеттин денеси, б.а. ички жана сырткы кызыкчылыктардын жана талаптардын туюнтмасы;
2) Улут - анын жан дүйнөсү, элдин мүнөзү;
3) мамлекет - атайын түшүнүктө элдик дух жана анын акыл-эстүү уюштурулушунда.
Демек, кыргыз мамлекетин түп-тамырынан бери кайра куруу дегенде - мамлекеттин денеси болгон - коомдун ички жана сырткы кызыкчылыктары эмнеде, аны кантип
туюнтабыз, аны түзгөн кыргыздын жан дүйнөсү кандай абалда, мамлекеттин уюштурулушунда кыргыздын духу жана акыл-эси канчалык деңгээлде камтылган деген маселелерди камтыйт. Башкача айтканда, мамлекет - канчалык деңгээлде аны түзгөн элди сөлөкөттөндүрөт. Бул мамлекет жөнүндөгү маркстык окуудан такыр айырмаланат, анткени, ал таптык курал эмес (ыгы келгенде өзүнчө чечмеленээр).
"Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүп-өстүрүүгө, бекемдөөгө, анын азаттыгын, элинин биримдигин сактоого бекем ишенгенибизди жана майтарылбас эркибизди билдирип", 2010-жылы 27-июнда жалпы элдик реферундум аркылуу кабыл алынган Конституция Кыргыз Республикасын "... социалдык мамлекет" экендигин бекемдеди. Демек, мунун өзү мамлекет коомду, элди, анын денесин, духун, жан-дүйнөсүн, мүнөзүн акыл-эс менен уюштурулушун туюндурат.
Калк өзгөрүүдө, өзгөчө 2010-жылдын апрель ыңкылабынан, Ош, Жалал-Абад аймактарындагы жүрөктү титиреткен, мамлекеттин сакталуу маселелерин күн тартибине койгон кайгылуу да, азаптуу да жана айрымдардын көпкөлөң наадандык, адырлык жүрүм-турумдарынан кийин түпкү, мамлекетти түптөгөн, түзгөн, наамын берген калктын эс-акылында, психологиясында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү байкабай коюуга болбойт. Мамлекеттин тагдыры, эртеңки келечеги, жарандардын өмүрү, бейпилдиги үчүн түпкү калктын жоопкерчилиги өсүүдө жана күн санап бекемделүүдө. Бул буга чейин - Советтер Союзунун шартында - болбогон жана болууга шарт туудурбаган жаңы социалдык, психологиялык, рухтун өзгөрүүлөрү кеңейүүдө. Мындай жоопкерчилигин сезген калк сатылбайт, алданбайт. Кыргызстан - түпкү калк үчүн жападан жалгыз Ата Мекен. Демек, жер жүзүнүн башка эч бир бурчунда кыргызга ыйык Ата Журтундай күйбөйт, тозбойт, батырбайт.
Менин байкашымча, мындай социалдык өзгөрүүлөр - карапайым калк үчүн өтө мүнөздүү. Алар болсо жалпы кыргыздардын 95 пайызын түзөт. Жаңы тарыхый шартта калктын негизги тобун жаңыча агартуу, маданиятты жогорулатуу жана укуктун, демократиянын баалуулуктарына "сугаруу" зарыл. Уурдап, алдап, тоноп алган байлыгына көпкөндөр, чет жерде аларын каткандар, карапайым адамдардын добушун, пикирин сатып алууга аракеттенгендер эң эле көп болсо - калктын 4-5 пайызын гана түзөт. Алар "элитабыз" деп көкүрөгүн койгулаган менен, нагыз элитанын мүнөзүнө адептик, билимдик, кесиптик, адамгерчиликтик сапаттары менен жооп бербеген, элдин каргышына калган, уятсыз, намыссыз, четтиктердин кулу болуудан баш тартпаган муңдуу топ. Тазалануу жөнүндө кеп мына ошолордон кутулуу, саясаттан беш-жети жылга алыстатуу жөнүндө эмес беле. Ыңкылаптык бийлик бул жагынан да уттурууда.
Элди, Адамды элестеткен биздин мамлекеттин, коомдун тарыхый жаңы тагдырында жаштардын маани-маңызы татыктуу өсүүдө. Кыргызстан азаттыкка аттанганы жаштар жаңыланууга, жаңы коомду, мамлекетти жаратууга жигердүү катышууга аракеттенүүдө. Мындай абалды курактык өзгөчөлүктөр менен түшүндүрүүгө болот. Адам канчалык жогорку куракка жеткен
сайын, ал ошончолук токтоо, консерватор болуп (гректин сөзү - сактоочу деген мааниде), б.а. эски тартиптерди сактоого умтулуп, эски пикирде, эски көз карашта болуп, жаңылыктарды көп жактыра бербейт эмеспи. Демек, мындай абал толук табигый нерсе. Анткени, эскирген үнөм үрөн бербейт.
2009-жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун жыйынтыгы боюнча жаштар (14-34 курактагылар) жалпы калктын 30,9 пайызын түзөт, б.а.
2 млн. 136 миң 500 адам (Жаштар министрлигинин жарыялаган эсеби боюнча жаштар 42 пайызды түзөт). Азыркы жаштар мындан жыйырма жыл мурунку жаштардан - сын-пикирдүүлүгү, накта кесиптүүлүгү, сырттан тажрыйба алып машыккандардын, иштегендердин үлүшүнүн, көптүгү жана "кокту-колоттук" кеселдерден алыстыгы менен айырмаланат. 2005- өзгөчө 2010-жылкы социалдык ыңкылаптын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү негизинен жаштар болгону да толук мыйзамдуу көрүнүш. Азыркы жаштардын дагы бир эң көрүнүктүү өзгөчөлүктөрү - алар өтө мекенчил, мамлекеттин рухун, акыл-эсин, мүнөзүн улуттук болооруна чет элде жүрүшүп, толук ишенип келгендер.
"7-апрель жаштар саясий кыймылы" партиясы негизинен жаңы пикирдеги, ишенимдеги, улуттук рух дөөлөттөрдү ыйык туткан жаштардан турат. Ошондой эле, азыркы шай-лоого катышууга катталган айрым саясий партиялардын катарында жаштардын басымдуу болуп жатканы да толук мыйзамдуу. Бирок, ошол эле жаштар шашмалыгынан, саясий жана социалдык жүрүм-турумдардын улуттук, курамдык жана аймактык өзгөчөлүктөрүн так жана даана билбегендиктери менен да айырмаланат. Жаштар - биздин келечегибиз. Аларга бийликтен орун бошотуу зарыл. Ошол эле учурда мамлекеттик деңгээлде жаштар менен иштөөнүн теориясын жана тажрыйбасын атайын окутуу жана
даярдоо маселеси өтө бышып жетилгенине көп эле болду.
2010-жылы 27-июнда жалпы элдик референдум менен кабыл алган Конституция боюнча Кыргызстан - парламенттик республикага айланат. (Албетте, Конституция жакшыланууга муктаж. Ал жөнүндө ачык эле жазганбыз). Мамлекеттин сапаты, социалдык жактан натыйжалуу өнүгүшү - шайлоодо жеңген саясий партиянын же партиялардын лидерлеринин башкаруу деңгээлине, чеберчилигине, кылдаттыгына, лидерлик сапатына жараша болору айдан ачык эмеспи.
Кыргызстан көп партиялуулуктун "балалык" оопсуз илдетине чалдыгып турат. Бул оору - улуттун 4-5 пайызын эле түзгөн, элита деп аталган "тырмактын агындай" да намысы жок топтун бийликтен, байлыктан, максаттан башка эчтекени көздөбөгөн нагыз акмакчылыгынын, адепсиздигинин, маданиятсыздыгынын, жоопкерчиликсиздигинин кесепети. Элдин шору! Бүгүн 145 партия расмий каттоодон өтүп, анын 29у шайлоого катышып,өз депутаттарын Жогорку Кеңешке отургузууга күрөшүүдө. Мунун өзү эмгекке жарамдуу 3187,4 миң калкы болгон Кыргызстан үчүн дүйнөлүк "рекорд", түшүнүктүн терс маанисинде көп "партиялардын" уюштурулушунун ар кандай себептери бар: бир тобу - кызматтан кеткенден кийин - уурдаганын элдик байлыкты тоногонун жаап-жашыруу, өзүн "лидер" деп жарыялап, жоопкерчиликтен качкандардын кокту-колоттук партиялары;
Партиялардын экинчи тобу - "ат дарбыса эшек кошо дарбыган", саны бар, сапаты жоктор. Үчүнчү тобу - курактык, жыныстык, тармактык, диндик партиялар. Булар бир жактуу, өтө кыска, негизсиз мүдөөлөрдү максаттаган, эптеп айрымдарды алаксытуу аракетиндеги келечексиз, жалпы элдик, мамлекеттик боло албаган, бирок дымактуу ("жүгү уйда болсо да, дымагы төөдө") болгондор.
Азаттык жылдарда түзүлгөн
бийликтин, кыска, кичине топтун мүдөөсүнүн партиялары (М.: "Алга Кыргызстан" же "Ак жол"). Булар жалаң бийликтегилердин жеке кызыкчылыктарын, дүйнөкорлугун, ачкөздүгүн канагаттандыруу үчүн пайда болгон. Бул партиялар кыска убакыттын ичинде кылымдап чогулган элдик байлыктарды, жерди менчиктештиришти. Табигый кендерди, сууну, жерди сатышты. Мамлекетти "итке мингизишти", алсыратышты, жок болуу чегине жеткиришти. Элди тентитти. Мындай абалга чыдабаган, баатыр, жоокер калк ыңкылапка аттанып, жексур бийликти кулатты, уятсыз, намыссыз президенттер кара жанын ала качып четке кетишти. Ал эми партияларынын жигердүү мүчөлөрү, башка жасалма партияларды кыска убакытта түзгөн болуп, арамдык менен алынган акчаларды чачып, добушту, шайлоочуларды сатып алуунун аракетинде. Алар бүгүн добушту сатып алышса, эртең адатынча өлкөнү сатат эмеспи.
2010-жылдын апрелиндеги ыңкылапта бийликке келген элдик өкмөт өтө эле "гумандуу" болуп, аларды көрмөксөн болгону "жаралуу жыланды коё бергенге" тете,
эмгекчил ыңкылаптык эрежеге ылайыктап, коомду тазалоону ошолордон баштап, декрет менен эле саясаттан беш-жети жылга алыстатканда, азыркыдай баш аламандык болбойт эле, шайлоо алда-канча тынч өтмөк. Азыр да кеч эмес.
Акырында, мурунку бийликке оппозиция болуп, "контр элитанын" абалында жүрүшүп, турмуштук, саясий күрөштө такшалышкан социалдык маанайдагы партиялар. Тилекке каршы, алар да ар кандай максатта болуп, бириге албаганы, шай-
лоого ар башка ураандар менен аттанганы коомчулукту анчалык ишендире алышкан жок. Анын үстүнө бирге саясий күрөштө жүрүшүп, анан "БЭК", ж.б. партияларды түзгөн болуп, депутаттыкка сунушталган өзүнчө тизме менен шайлоого аттанышканы булардын да ич арасы таза эместигинин белгиси болуп калды.
Тарыхта, дүйнөлүк тажрыйбада саясий партиялар келечек максатына жана идеологиялык платформасына (француз сөзү - саясий талаптардын, программалардын жана ишендирүүлөрүнүн тутуму) жараша негизинен үч топко эле бөлүнөт. Биринчиси - либералдык ишенимге, идеологияга негизделген оңчулдар партиясы. Европанын цивилизациясы - ушул саясат менен акыркы кылымда ушул теорияга, ишенимге негизделген эле. На-
тыйжада, европалык, америкалык аалымдардын пикиринде европа цивилдүүлүгү адамгерчиликсиз, гумансыз болуп, адамдары буюмдун кулуна айланды.
Экинчиси - социалдык, социал-демократиялык ишенимге, идеологияга негизденген партиялар. Мына Батыш Европа, Балтика жээгиндеги, Азиядан Япония, Түштүк Корея, Малайзия, Сингапур ж.б. мамлекеттери Адамды, анын кызыкчылыгын, талабын, духун, маданиятын, үй-бүлөсүн биринчи орунга коюп, акыркы 50-60 жылдан бери көзгө көрүнөөрлүк ийгиликтерге жетишип, Адамдын, үй-бүлөнүн жашоо шарты, ыңгайы, маданияты алда канча жакшырып баратканы жашыруун эмес.
Үчүнчүсү -- аралашма, же Оң борборунун (Оңчул) же сол борборунун бири. Кайсы максат жана идеологиялык платформа же оңчул же солчул үстөмдүк жасаса, ошол багыттын саясаты жүргүзүлөт жана ишке ашырылат.
XXI кылымдын башталышында Кыргызстан өтө жооптуу тарыхый сыноонун астында турат. Биз кайда, кантип өнүгөбүз деген тагдыр чечээр суроолор кайдыгер эмес ар бир мекенчинин тынчын алууда. Кайсыл максат жана идеологиялык платформа Кыргызстанды туура жолго салып, инсандын, улуттун сапаттык касиеттери жакшырат. Чын-чынында калктын сапаттык касиеттеринин түп-тамырынан бери жакшырышы жаңы түзүлүп жаткан мамлекеттин эң негизги максаты жана накта бакытка жетүүнүн жолу. Демек, максат - Кыргызстан келечектүү, жыргалдуу жашоону тандап алып, ага жеткирүүнүн идеологиялык платформасынын жолуна түшүү. Ошондуктан 2010-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңешке болуучу шай-
лоонун тарыхый мааниси өтө жогору жана жооптуу.
Кыргызстан парламенттик республика болууга бел байлаганы өтө келечектүү жана максаттуу. Бул маселенин туура чечилиши жаңы шайлана турган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы жана жеке деңгээлдерине түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан ар бир шай-лоочу кандай депутат үчүн добуш бериши керек?
Менимче, төмөнкү сапаттарга ээ болгон инсан Жогорку Кеңештин депутаты болсо, азыраак талаш-тартыш, кыжы-кужу азайып, түшүнүктүү таклипке токтоп, сапаттуу, жыргалдуу мамлекет, коом жарата турган мыйзамдарга ээ болобуз.
1. Мекенчи, өлкөм үчүн жанымды берүүгө даярмын деген;
2. Өтө адептүү, намыскөй, уяттуу, социалдык сапаттарга ээ;
3. Билимдүү, жалпы билим менен кошо улуттун тарыхын, философиясын, дүйнө таанымын билген же билүүгө өтө аракеттенген;
4. Мыкты кесипкөй, бул жерде жалпы кесип жөнүндө эле эмес, атайын, мыйзам деген эмне, ал кантип жаралат жана кантип ишке ашат деген маселелерди түшүнгөн жана билген. Мыйзам Кыргызстандын өзгөчөлүгүн, менталитетин, келечегин белгилеши абзел. Бекеринен "мыйзам - адатка айланган каада-салт" деп айтылбайт.
5. Дүйнөкор, тойбос, ууру, ачкөз эмес. Өзүнүн күндөлүк жүрүм-туруму, милдетине жасаган мамилеси, адамдык касиеттери, маданияты, турпаты менен башкаларга үлгү болуучу инсан болсо.
Кыргызстандыктар дагы бир жолу жаңылсак, тарых кечирбейт, кыргыз тентийт, мамлекет тарайт! Ар бирибиз - улутубузга, этносубузга, жынысыбызга, кесибибизге, жашаган жана иштеген жерибизге карабастан, азыркы мамлекеттин,
коомдун турпатын, максатын түп-тамырынан бери кайра курууга жан-дилибиз менен аракеттенели. Баары биздин колубузда!









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
8-октябрь, 2010-ж.:
1-бет
Биз үчүн добуш бер
2-бет
Жарыяны да ыгы менен илишсе
3-бет
Кыргыз жаштары байкуш эмес...
4-бет
"Кыргыз Туусуна" кайрылдыңыз эле
5-бет
"СНК": Дүйнөнү өз колуң менен жарат!
6-бет
КРнын Президенти Роза Отунбаева:
"Эмдиги жылы Бозумчак кенин өздөштүрүүгө өтөбүз"

7-бет
Акаев, Бакиев доорунда
эл добушу кантип бурмаланган?

8-бет
Учурда 851327 тонна буудай жыйналган
9-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Учур каарманы
11-бет
Өлкөмдүн өпкөсү тепкиде калышын каалабайм
12-бет
Көз караш
13-бет
Карыялар эң ак ниеттүү, эң мээримдүү муун
14-бет
Мамбеталынын айткандары





Яндекс.Метрика