Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Шайлоо -2010

Өлкөмдүн өпкөсү тепкиде калышын каалабайм
Партия, партия, партия деп 1970-80-жылдары мектепте пионер-комсомол кезимде ырдаганым эсимде. Унутта калган сыяктанганы менен жаңы доор анын маани-маңызын өзгөртүп, демократиялык коом өзүнүн партияларын пайда кылды.
Андан бери оппозициялык партиялар да жаралды. Алардын айрымдары өнүгүүнүн туура эмес багытында бараткан Акаев, Бакиев режимдерине көп жылдар бою каршы күрөшүп, куугунтуктун ар түрдүү ыкмаларына чыдап келишти. Алар кайсы партиялар, алардын лидерлери ким экенин айтпасак да белгилүү.
Кийин эле партия деген неме көбөйүп кетти. Азыр иргелип чыгып, 29 партия шайлоодо ат салышууда. Демократия өлкө болбосоң коё кал, демократия өнүккөн Европа, Америка да артта калып калды. Азыр партиялар тим эле биринен бири өтүп, мандаттын көбүнө ээ болуп калуу аракетин көрүп жатышат. Азыр алардын көксөгөнү эптеп мандатка жетишип, бийлик жүргүзүп, өзүнүн кызыкчылыктарын коргоп бүтүп, мамлекеттин калган анча-мынча байлыктарын талап-тоноо болууда. Карапайым эл ушуну дагы деле түшүнбөй жатканы өкүнүчтүү. Анын үстүнө моралдык-психикалык жактан алсырап, дүйнө элдерине кыргыз мокочо болуп көрүнүп турган жагдайда, кайгылуу окуялардан калган жарааттар катып-катый электе парламенттик шайлоону өткөрүп жатканыбыз бир кыйла кооптуу, опурталдуу болуп жатат.
Мына азыр партиялардын үгүттөө иштери кызуу жүрүүдө. Алардын тизмесинде апрель, июнь айларында дайын-дарегин билгизбей, жашынып жүргөн адамдардын бар экени эч кимди ойлондурбаганы кейиштүү. Партиялардын арасында Акаев менен Бакиевдин май көл, сүт көл заманын сүрүп, эми элди жыргатам дегендерин кантелик. Көпчүлүгүнүн колунда программалары деле жок. Болгон айта турган дежур сөздөрү: "Убактылуу бийлик бардыгына күнөөлүү. Башаламан жасаган да ушулар!". Өздөрүнө чаң жолоткулары келбейт. Аларды карап отуруп, аргасыз, айласыздан: "Ээй, амалдуу түлкүлөр, арабаңар сынбасын! Пенде экенсиңер абийир, намыс, уят баарынан бийик турарын түшүнөр күнүңөр бардыр", - деп ойлойсуң. Кыргыздан чыккан "кыраандарга" айтар кебим, силерге байлык, бийлик, мансаптан башка эч нерсенин кереги жок! 19 жылдан бери башыбыздан көп эле нерсе өттү. Сабак алчудай деле болдук. Билбейм... Балким, эми чындап жакшы өлкө атанып, Орто Азиядагы эле эмес, Америка континентиндеги алдыңкы (парла-
менттик) мамлекеттердин катарына кошулуп, парламенттик башкаруунун даңгыр жолуна түшүп каларбыз. Бирок, бул шыбага бизге оңой насип болуп каларында шегим бар. Ошентсе да бул ирет жаңылууга акыбыз жок. Тарыхтын бизге берген вазийпасын келечек жаш муундар үчүн
туура пайдаланып калууга али мүмкүнчүлүк бар. Ойлон, ойгон, кыргыз! 20 жыл бир орунда туруу, өнүгүүгө багыт албоо, жарандарыбыз өз өлкөсүн таштап туш-тарапка чачырап кетүүсү бул - трагедия. Келгиле мекендештерим, элим, журтум, жакшылыктардан үмүт кылып, уул-кыздарыбыздын жакшы жашоолору үчүн шайлоодо ар кимибиз адашпай өзүбүздүн жүрөгүбүз тандаган партияга добуш берели.
Менимче, ат салышып жаткан пар-
тиялардын элим-жерим дегендерин гана тандап парламентти курап койсо, алар ар бир алты ай сайын жасаган иштери тууралуу элге ачык түрдө отчет берип турушса, гүлдөгөн мамлекетти куруп алууга мүмкүндүк болот. Бул ишеничим 100 пайыздык болбосо дагы 60 пайыздык. Эмнеси болсо да биздин мамлекетти жок кы-лууга аракет кылып жаткан башка өлкөлөрдүн таш талканын чыгарчу тегирменинен чыгып кетүүнүн жолун издейли. Ылайым, бизге жараткан өзү жар болсун!
Муктар МУСАЕВ,
Ош шаары





  БШКга сейф-пакеттер берилди

Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)
Борбордук шайлоо комиссиясынаалдыдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын камтыган протоколдорду сактоо үчүн сейф-пакеттерди берди.
Жапония эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Хидеаки Маруяма БШКнын төрагасы Акылбек Сариевге сейф-пакеттерди тапшырып жатып, бул сейф-пакеттер протоколдордун сакталышына кепилдик берээрин баса белгиледи. Мындай сейф-пакеттер БШКнын демилгеси менен биринчи жолу ушул жылдын июнь айында өткөн референдумда пайдаланылган болчу. Жарандык сектор, саясий партиялар, бейөкмөт уюмдар жана көз карандысыз байкоочулар тарабынан мындай технологияны пайдалануунун натыйжалуу болгондугу белгиленип, сейф-пакеттерди парламенттик шайлоодо да колдонуу боюнча сунуштар айтылган. Ушундан улам Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги экинчи жолу сейф-пакеттерди сатып алууда БШКга көмөк көрсөттү.
Эми добуш берүүнүн жыйынтыктары камтылган протоколдордун бир көчүрмөсү сейф-пакетке салынып, БШКга берилсе, башка көчүрмөсү "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган тутумуна добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу үчүн жөнөтүлөт. Ар бир сейф-пакет идентификациялык номерге ээ болгондуктан, ал добуш берүүнүн жыйынтыктарынын таза жана ачыктыгын камсыздай алат.
А. ЭСЕНОВ





  Көңүлдөгү көйгөй

Акаев, Бакиев доорунда эл добушу кантип бурмаланган?
Апрель революциясынан кийин айрым бир аз уяты бар "акжолчулар" өздөрү деле добуш берүүнүн жыйынтыктары кандайча бурмаланганын, а иш жүзүндө ар бир шайлоо округунан кайсы партияга канча добуш берилгенин, эгерде добуштар мыйзамдуу эсептелсе, "акжолчулар" 71 мандат албай турганын, ал эми "атамекенчилер" алардан кем эмес мандат алып, комму-нисттер эч качан мандатка ээ болбосун моюнга алып жүрүшпөйбү.
Мына ушундай "генералдык репетициядан" кийин 2009-жылдагы президенттик шайлоолордун "жыйынтыктары" кандай боло тургандыгы ошол кезде саясатчыларга гана эмес, мындай технологиялар түшүнө да кирбеген карапайым адамга да белгилүү болуп калган...
Кылмышкер кеч болсо да жазасын албаса, кылмыштуулук токтобойт
Өлкөбүздүн жарандарынын эң башкы конституциялык укуктарынын бири - шайлоо жана шайлануу укугу кимдер тарабынан жана кандайча бузулгандыгын эми кеч болсо да билип, кеч болсо да шайлоо мыйзамдарын бузгандарды жазалоого эмне үчүн болбосун? Адилеттүүлүктү орнотууга эч качан кеч болбойт.
Эл аралык коомчулукта фашизмдин кылмышкерлерин азыркыга чейин изилдеп жазалап жатышпайбы?! Атүгүл Чилинин өткөн кылымдын 70-жылдарындагы лидери Аугусто Пиночет арадан жыйырмадан ашык жыл өтсө да кимдир-бирөө өч алгысы келгени үчүн эле кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыр?!
Бул аталган шайлоолордо шайлануу жана шайлоо укуктары бузулгандар үчүн гана керек эмес, алдыдагы шайлоо өнөктүктөрүнүн таза өтүшү, шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууну алдын-алуу үчүн да керек эмеспи!? Биз, кыргыздар, качандыр-бир убакта демократиялык
коомдун негизи болгон шайлоолорду мыйзамдуу өткөрүүгө жетише алабызбы, же айрым архаизмди жактагандар айтып жүрүшкөндөй, "ата-бабаларыбыз илгери таш таштоо менен шайлоо өткөрүп, аягында баш жаруу менен аяктаган" деп отура беребизби? Криминалистика боюнча адистер адамды кылмыш жасоодон карманышына жасалган кылмыш үчүн жазанын катаалдыгы фактору эмес, жазаланбай калбай тургандыгы фактору көбүрөөк таасир бере тургандыгын алда качан аныктап коюшкан. Жазадан кутулуп кетүү мүмкүнчүлүгү турган учурда адам ар кандай мыйзам бузууларга коркпой эле бара берет. Анын үстүнө биздин адамдарда "бийлик - мыйзам" деген, башкача айтканда бийликте турган адам эч качан жазаланбайт, бийликте турган адамдардын айткандарын аткаруу менен мыйзам бузгандарды да "заказчылар" өздөрү сактап кала алышат деген психология үстөмдүк кылып келет.
Бул жөнөкөй эмес, тагдыр чеччү суроого оң жооп берчү учур келди го дейм?! Ошондуктан өлкөнүн укук коргоо органдарынын 2007-жылдагы референдумдун, 2007-жылдагы парламенттик шайлоолордун жана 2009-жылдагы президенттик шай-лоолордун жыйынтыктарын бурмалоолор боюнча кылмыш ишин козгогондугуна кыргыздын кезектеги "чукушмайы" катарында эмес, кечигип болсо да адилеттүүлүктү орнотуу катары баа берген туура. Мына ошондо карапайым адамдар - шайлоо, добуш берүү процесстеринин катардагы катышуучулары чоң чиновниктердин көрсөтмөсү менен добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын бурмалай берүүдөн коркуп калышат чыгар? А мунун өзү таза шайлоолорду көздөй алгачкы жана маанилүү кадам эмеспи!
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




  Тренинг

Бирөөгө айтуудан мурда өзүң билип ал!
Бюджет маселелеринде эми айрым журналисттер эксперттерге суроолорду берүү менен гана чектелишпестен өздөрү да адис катарын-
да комментарийлерди бере алышат. Анткени Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз клубу
10 басылманын, электрондук жана Интернет ЖМКлардын 18 журналисти үчүн тренингдердин сериясын уюштурду. Окутуу "Сорос-Кыргызстан" фондусунун "Бюджеттик ачыктык жана отчеттуулук" программасынын колдоосу менен "Кыргызстандын жарандык коомунун уюмдарынын демилгесин колдоо аркылуу бюджеттин ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатуу" долбоорунун алкактарында жүргүзүлдү.
Тренингдер эки циклден: бюджет процессинин
жана принциптеринин негиздерине окутуудан жана журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө окутуудан турду. Тренерлер катары экономикалык журналистика боюнча эксперт Лариса Ли жана КРнын эмгек сиңирген экономисти, "Ачык бюджет үчүн" альянсынын эксперти Зоотбек Кыдыралиев тартылышты. Практик-журналист менен тажрыйбалуу финансист-бюджетниктин биргелешкен аракети журналисттерди окутууда өз жемишин берди.
"Биз медиакоомчулук саясаттан чыгып, биздин турмуштун сапаты саясий билдирүүлөрдөн гана эмес, биздин капчыктарыбыздагы, анын ичинде мамлекеттин капчыгындагы акчалардын санынан да көз каранды экенин көрө алышат деп ишенебиз", - деп жыйынтыктады КФБнын басма сөз клубунун коомдук президенти Надежда Добрецова.
Тренингдерде "Бюджет жана бюджеттик процесс", "Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер", "Бюджеттердин кирешелери жана чыгашалары", "Трансферттер", "Бюджеттер аралык мамилелер" жана "Жарандардын бюджеттерди түзүүгө катышуусу" темалары боюнча сабактар өтүлдү. Бардык сабактар теориялык жана практикалык бөлүктөрдөн туруп, ар кандай турмуштук мисалдар менен бекемделди. Журналисттер бюджет боюнча иликтөөлөрдү кантип жүргүзүп, өз аудиториясы үчүн маалыматтарды кантип чогултуу боюнча суроолорго жоопторду издешти.
Эмки кадам катары бюджеттик финансыны пайдалануу боюнча ар кандай суроолорго байланышкан басма сөз сессиялары өткөрүлмөкчү. Аларга бардык каалоочулар катыша алышат.
Долбоорго ылайык, бюджет темасы боюнча мыкты журналисттик иштерге конкурс да жарыяланмакчы. Анын байге фонду 10 миң доллар.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, "Кыргыз Туусу"




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
8-октябрь, 2010-ж.:
1-бет
Биз үчүн добуш бер
2-бет
Жарыяны да ыгы менен илишсе
3-бет
Кыргыз жаштары байкуш эмес...
4-бет
"Кыргыз Туусуна" кайрылдыңыз эле
5-бет
"СНК": Дүйнөнү өз колуң менен жарат!
6-бет
КРнын Президенти Роза Отунбаева:
"Эмдиги жылы Бозумчак кенин өздөштүрүүгө өтөбүз"

7-бет
Акаев, Бакиев доорунда
эл добушу кантип бурмаланган?

8-бет
Учурда 851327 тонна буудай жыйналган
9-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Учур каарманы
11-бет
Өлкөмдүн өпкөсү тепкиде калышын каалабайм
12-бет
Көз караш
13-бет
Карыялар эң ак ниеттүү, эң мээримдүү муун
14-бет
Мамбеталынын айткандары





Яндекс.Метрика