01.10.10
  Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева:

"Өлкөнүн кадырын көтөрүүдө спорттун ролу зор"
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарынан кийинки үзүмчүлүк заман. Өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынын ортосунда алыскы Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектептин окуучусу Роза Отунбаева лыжа жана коньки тепкенди мыкты өздөштүргөн болчу. Ошол оор заманда да Нарындын жалгыз көчөсүнөн зымылдата коньки тээп, ойноп жүргөн жеткинчектерди көрүү көнүмүш иш эле. Кийин эресеге жетип, кызмат шарттары менен дүйнөнүн Москва, Оттава сыяктуу шаарларында жашаган жылдары коньки тебүүнү мыкты өздөштүргөн Роза эжеге таң калгандар болгон. Бүгүнкү XXI кылымдын талабына кадамдаш болуп, муз аянтчалары жетиштүү көбөйүп, кышкы-жайкы спорттун түрлөрүнүн баары текши өнүгүүсү тийиш эле. Тилекке каршы, өлкөбүздөгү белгилүү себептердин кесепетинен улам спорт тармагынын инфратүзүмү биз каалгандай өнүкпөй келе жатат. Ошону менен катар улуттук спортту, анын ичинен ат оюндарын дүйнөлүк деңгээлге жеткирүүчү учур келип жетти. Мына ушундай пикирин кечээ мамлекет башчысы Роза Отунбаева спорт майрамында билдирди.
"Мамлекетибиздин кадыр-баркын көтөрүүдө спорттун ролу өтө зор. Жакынкы эле мезгилдерде Кыргызстандын туусу дүйнөлүк аренада нечен ирет желбиреп турду. Биздин спортчуларыбыз, чемпиондорубуз алтын, күмүш, коло медаль жеңүү менен жер жүзүнө кыргыз өлкөсүнүн даңкын чыгарып, дүйнө картасына аны дааналап жазышты. Алар улуттун сыймыгы болуу менен катар чакан, бирок намысты өтө бийик туткан республика бар экенин далилдешти", - деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева 30-сентябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамында. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жыл ичиндеги спорттогу жетишкендиктери үчүн бир топ спортсмендер менен алардын машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды салтанаттуу тапшырды.
Атамекендик спорттун сыймыгы болгон жыйырма тогузунчу Пекин олимпиадасынын жеңүүчүлөрү Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Алексей Крупников сөздүн чыныгы маанисинде Кыргызстандын жалпы улуттук баатырларына айланышты. Ал эми быйыл Сингапурдагы өткөн өспүрүмдөр арасындагы олимпиададан зор жеңиш менен кайткан жаш спортчуларыбыз жогорудагы агаларынын жеңиштерин татыктуу толуктап отурушат. Грек-рим күрөшү боюнча Урматбек Аматов алтын медалды жеңип алып, мекенинде 10 000 долларга татыктуу болду. Ал эми дзюдо боюнча коло медалга Шадыбек Сулайманов, грек-рим күрөшү боюнча коло медалга Болот Токтогонов экөө жетишип, ар бири 5000 доллардан алышты. Өспүрүм чемпиондордун машыктыруучулары да акчалай колдоолор менен катары сый-урматтан четте калышкан жок. Айта кетчү жагдай бул жолу 200дөн ашык өлкөлөрдүн ичинен жалпы командалык эсепте Кыргызстан 41-орунга жеткен.
Майрамдык салтанатта грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү, республиканын спортунун эмгек сиңирген чебери Данияр Көбөнов "Даңк" медалы менен сыйланды. Ошону менен катар бир нече белгилүү спортсмендер менен алардын машыктыруучулары КРнын Ардак грамоталарына жана баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Салтанаттуу жыйында КРнын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Касенов, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Марат Саралинов улуттук спорттун өнүгүшүнө карата өз көз караштарын билдиришип, кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттукташты.
Дүйнөлүк спорт алкагында чоң жеңиштерге жетишкен эр азаматтардын дээрлик көбү өлкөнүн аймактарынан чыккан уландар. Бүгүнкү күндө элетттик спорт тармагын көтөрүү үчүн мамлекет бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшоого тийиш. Анткени өлкө спортун эл аралык деңгээлге көтөрүүдө жаштардын табигый даремети абдан жетиштүү. Аларга талапка ылайык колдоо гана керек болуп турат. Президент Р.Отунбаеванын Сингапурга жөнөр алдында өспүрүм спортсмендерди атайын кабыл алып, ак жол каалап, рухун көтөрүү менен моралдык дем берип узатканы балдардын жеңишке жетүүчү себептеринин бири болгондугу жыйында белгиленип кетти.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөттөрү С.Айылчиевдики жана автордуку.