01.10.10 Өз тилим өз жеринде өгөйлөнөт
Мен биринчи кезекте эл башчыларына, депутат болом деп камчы уруп жүргөндөргө, мыйзам чыгаруу жана аткаруу, сот жана башка мамлекеттик кызматтарды ээлеп отурган чиновниктерге түздөн-түз нааразычылыгымды билдиргим келет.

Балык башынан сасыйт болуп, бардык жетекчилер тил маселесине талапка ылайык мамиле жасашпай келишет. Мен буга түшүнбөйм.
Мен түшүнбөйм, эмне үчүн мамлекеттик жыйындар кыргыз тилинде өтпөйт? Эмне үчүн кыргыз тилин билбеген жарандар депутаттык же башка чоң кызмат орундарды ээлешет? Эмне үчүн билим берүүдө кыргыз тилинин орду сакталбайт? Эмне үчүн мамлекеттик иш кагаздар кыргыз тилинде даярдалбайт? Эмне үчүн кыргыз жаңылыктары кыргызчага орус тилинен которулат? Эмне үчүн эне тилибиз аскердик, милиция тармагында кеңири колдонулбайт? Эмне үчүн биздин атка минерлерибиз алигиге чейин орус тилинде какылдап келатышат? Бул көрүнүштөрдүн бардыгы мамлекеттик тилге болгон мамиленин, камкордуктун эң төмөнкү деңгээлде экенинен кабар берет.
Мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигинин интернет баракчасын ачсаң алгач орусчасы чыгат, анан барып кыргыз тилин тандап аласың. Эмне үчүн мындай? Кыргыз тилине болгон урмат-сый калбай калганбы? Орусча жакшы сүйлөбөгөн кыргыз балдарды төмөндөн карап, басынтуу деген шумдук! Кыргызча билбегенине кубанып, орусча сүйлөгөнүнө сыймыктануусу кандай?! Чет жерден барган туристтерге кыргызча "Как дела?" деп учурашат деп үйрөткөн туризм боюнча адистерибиз бир жагынан кыжырды келтирет. Кайсы гана мамлекетке барба, ал өлкөнүн тилин билбесең жогорку кызмат түгүл жөнөкөй ишке кире албайсың. Ал эми биздечи? Эшик-терезеси жок ээн үйдөй болуп, ар ким өз саясатын жүргүзөт.
Айланайын кыргызым, көзүбүздү ачалы! Кыргыз тилибизди сактап калуу үчүн кары-жаш, кыз-бала дебей баарыбыз аракет кылалы. Биз үчүн бир гана тил бар. Ал кыргыз тили!
Кыялбек ДЫЙКАНОВ
Токтосейит уулу,
Кипр мамлекеттик эл аралык университетинин Бизнес жана башкаруу департаментинин магистранты




  Көйгөй

Базарбы же бейтапканабы?
Карап турсаң шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы менен Ош базарынын айырмасы жоктой. Инфекциялык бейтапкана болгондон кийин атына жараша болуп, ал жерде тартип да, тазалык да, башкасы да болуусу керек эле. Андай нерсе жок.
Бейтапкананын эшигине бадырайта: "Палатага кирерде бут кийимди (тапочканы) алмашмайын кирүүгө болбойт, ошондой эле тамеки тартып, тартипти бузгандар үчүн 100 сом айып салынат", - деп жазып коюшуптур.
Бирок, бул жерде тамеки эмес, "жүз граммды" согуп алып, оорукананын короолорунда кыйкырып, сөгүнүп-сагынып, ээн-эркин кирип-чыгып басып жүргөн кишилерди көрөсүң. Палатага кирчү жерде тапочка алмаштырмак турсун, ким кирип, ким чыгып жаткандарды караган да, сураган да эч ким жок. Кадимки эле "проходной двор".
Доктур-врач, бөлүм башчылары тарабынан оорулуулардын арасында эч кандай үгүт, таалим-тарбия иштери жүргүзүлбөйт экен. Ошондуктан ооруп жаткан кишилердин акча, телефондору көп уурдалат. Доктурлардын оорулууларга кайрылып, эскертип
айтчу бир гана сөзү бар: "Өзүңөргө этият болуп, кошунаны ууру тутпагыла. Акчаңарга, чөнтөк телефонуңарга жана башка кийим-кечеңерге сак болгула. Биз аларга жооп бербейбиз". Кыскасы, бул жерде ууру чөнтөкчүлөргө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.
Ооруп келген байкуштар тынч жата албай качан бирдемкем жоголот деп тынчсызданып, оорусуна дагы бир оору кошулат. Ошондуктан, бардык жерде тартип керек. Үйдө да, көчөдө да, мектепте да, ооруканада да. Оорукананын короосуна кирип-чыкчу автоунаанын көптүгү ушунчалык, токтотмодогу "Тез жардам", доктурлардын автоунааларын кошпогондо "Ош базарына" кирип-чыгып жаткан автоунаалардан да бир-эки эсеге көптүк кылат. Бейтапкананын короосуна кирип-чыгуу үчүн болгону 5 сом эле төлөйт экен. Крутойлору 10 сом төлөп коюп, тыякка-быякка чаңдатып айдап жүрө берет. Анан кантип айтасың бул инфекциялык оорукана деп? Шаардык башка ооруканаларда деле ушундай "бардак". Оорукананын короолоруна кирип чыккан автоунаалардан түшкөн акча каражаттар аз да болсо пайда келтирип, оорукананын экономикасын көтөрөбү? Же болбосо ошол кирип-чыкчу дарбазада турган кишинин айлык маянасына кошумчабы? Саламаттыкты сактоо министрлигиби же башкасыбы, иши кылып тиешеси бар кишилер ушул майда-барат нерселерге да көңүл бөлүп турса жаман болбойт эле.
Т. ЭШМАТОВ,
Бишкек шаары




Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө -менин салымым
Мен Алла-Таала тарабынан сезимиме салган Кыргызстанды өнүктүрүү программаларын иштеп чыгып, үч жолу экс-президент Курманбек Бакиевдин өз колуна бергенмин. Кыргызда "Сокур таягын үч жолу алдырат" деген макал бар. Мен К.Бакиевге үч жолу кайрылдым, бардык үмүтүмдөн айрылдым.
Алла-Таала бул дүйнөдө анын кылган иштерин көрүп-билип туруп, аны кызматынан кетирди. Алла-Таала Кыргызстанга Нур жаадырып жатат. 7-апрелде Бишкекте, 11-июнь күнү Ошто шейит кеткен уул-кыздарыбыздын арбактарын сыйлап, алардын урматына шайлоодо ыйманыңарды акчага сатпастан, Кыргызстандын келечеги үчүн жана өзүңөрдүн балдарыңардын, небереңердин, чөбөрөңөрдүн келечеги үчүн ак, таза шайлоону өткөргүлө. Эгер арамдыкка барган болсоңор, чоң күнөөгө батасыңар. Шейит кеткендердин каны, бул дүйнөдөн кеткен жаны эч кимди кечирбейт. Кылмыш кылгандар тиги дүйнөгө барганда Жараткандын алдында жооп берет.
Мен сиздерге Кудайым берген машиналардын, жер бетинен 4-8 метрге чейин
бийикте жүрө турган 200 адамдык аэрокруждун макетинин сүрөтүн тартуулап отурам. Ушул Кыргызстандын өнүктүрүү борборун куруу үчүн Кыргызстанда жашаган ар кожолук өз салымын кошуш керек деп ойлойм жана сунуш кыламын.
Келиңиздер, мекендештер, түндүк-түштүккө, уруу-урууларга, улут-улуттарга бөлүнбөстөн, Жаратканга жаман көрүнбөстөн, Кыргыз мамлекетин эң алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу үчүн бардыгыңарды биримдикке чакырамын.
Курсанали БЕГАЛИЕВ,
ойлоп табуучу-конструктор, КНК коомдук фантазия фондунун директору





Элде ынтымак болсун!
Элди бузган мансапкорлор кутуруп,
Бийлик, байлык талашуудан көрдүк азап!
Кандуу согуш эсимден кетпегендей,
Эл кыргында, шаар өрттөнүп
күйүп барат!
Күн күркүрөп, асман жарган ызы-чуу,
Кара булут көз жашы селдей агат.

Аткан таңдай, чыккан күндөй ынтымак,
Жылмайып кой, жарык кылып маанайды.
Сенсиз жашоо түпсүз кара түн экен,
Ынтымакты сүйүү менен баалайлы.
Ойлонгула, ойгонгула кыргыздар!
Ала-Тоону уратууга барбайлы!

Асыл ойлор жаратылган өмүрдөн,
Ынтымактын жарык нуру көрүнгөн.
Ар күн сайын ийгиликтер жаралсын,
Келечекке кадам койгон элимден.
Дагы албан, асыл ойлор жаралсын,
Ата Мекен, элди сүйгөн өзүмдөн.

Нарын дайра асман жарык аккандай,
Адамдарга өмүр берип жаткандай.
Күүлдөп учкан канатынын күүсүнөн,
Ар бир үйгө жарык шамын жаккандай.
Элибиздин ынтымагы толгон айдай,
Ырыскысы агып жаткан дайрадай.
Бакир ЧОДОБАЕВ,
согуштун ардагери,
КРнын эмгек сиңирген геологу,
"Манас" орденинин ээси