01.10.10 Мухтар ӨМҮРАКУНОВ,
"Замандаш"
партиясынын лидери:
"Ар бир кыргызстандыктын үстүндө үйү жана
иштеген иши болуш керек..."
- Мухтар Сүйүналиевич, сиздердин партиянын ишмердүүлүгүнө, программасына жана тизмесине көз жүгүртүп отуруп, ушуну сурагым келди: башка партияларга салыштырмалуу, катарыңыздарда баштатан мамлекетти башкарып жүргөн, көрүнүктүү саясатчылар, атак-
даңктуу адамдар жокко эсе экен? Шайлоо убагында бул кандайдыр терс таасирин тийгизбейби?
- Менимче андай эмес. Анткени, шайлоочулар саясатта абдан такшалып бүтүштү десем жаңылышпайм. Эгеменбиз деген 19 жыл ичинде мекен үчүн кайсыл саясатчы кандай иш жасады? Мамлекеттин бүгүнкү, жакшыбы, жаманбы абалына кимдин салымы канча экендигин көрүп-билип, таразалоого элдин кудурети жетип калды. Экинчиден, ошол эле эски атка минерлердин арасында буга чейин мамлекетти талап-тоногон, казынаны уурдап атак-даңктуу, мансаптуу болгондору бар. Убагында болсо алар шайлоочулардын ишенимине ар кандай жолдор менен киришкен. Бирок ал ишенимди, үмүттү алар кандай акташты, же акташкан жокпу, ага да эл менен мезгил өзү калыс, өзү күбө. Ал эми биздин катарыбыз, сиз айткандай жаңы муундар. Эч кимдин жардамысыз, өз маңдай тери менен бутка туруп, башкаларды кошо алдыга сүйрөгөн жаш, бирок реалдуу жана конкреттүү иштерди жасап эл сынынан өткөн, реалдуу реформаларга, өзгөрүүлөргө, жаңыланууларга күч жумшай турган орто катмардын өкүлдөрү.
- Кечиресиз, чындыгында бизнестин, башкача айтканда баюунун, анан да саясатка келүүнүн жүздөгөн жолу бар дешет. Бирок маңдай тер, таман акы менен, эч кимди алдабай, уурдабай байлыкка, бийликке жетүү... мүмкүн эмес экенин айтышат?
- Эмне үчүн мүмкүн эмес? Мүмкүн. Бирок таза жол, карандай мээнет - бутка туруунун өтө көп мээнетти, өтө чыдамкайлыкты, сабырдуулукту талап кылган узак жана татаал жолу. Ошондуктан андан качып, көпчүлүгү оңой жол издешет. Ал - сиз айткан алдоо, уурдоо, будамайлоо жолу. Тактап айтканда, алар деле башында жакыр элдин катмарынан чыгышкан, бирок жолдорун таап, элдин жон терисин сыйруунун жолдорун билип алышкан. Мунун баары 90-жылдардагы мамлекеттик мүлктөрдү, курулуштарды завод-фабрикаларды, ж.б. менчиктештирүүдөн башталган эмеспи. Болбосо, союз чачырап кеткенге чейин элдин баары бирдей эле деңгээлде жашаган. Адегенде байлыктын артынан кууп, эки бөтөлкө аракка бир кой сатып алуу менен жапайы бизнес күчөп, ансайын элдин жону жукара баштаган. Жумушсуздук күчөгөн. Мекендештерибиз адегенде Орусияга, Казакстанга агылып, атүгүл бизден да жарды өлкө - Африкага
чейин кеткендер болгон. Ал эми мамлекет башында тургандар сыртты көздөй агыла баштаган миграцияны токтотмок тургай, мамлекетти талап-тоноо менен алпурушуп, жанталаша берген. Коррупция деген отоо чөп
сыяктуу тамырлай баштаган. Мына, ошолордун кесепети, канчалык: "Эгеменбиз!" - деп кыйкырганыбыз менен, сырт жактарга ошончолук көз каранды экенибиз Ош, Жалал-Абад окуяларында кашкайып көрүнүп калды го. Мурда Москванын эле көзүн карасак, эми Америка, Европа, Түркия, Кытай, ал гана эмес Казакстан, Өзбекстанга күнкор болуп калдык.
- Партиянын лидери катары, сиздин таржымалыңызга шайлоочулар сөзсүз кызыгат деп ойлойм. Мигранттарды жана да тигүү жеңил өнөр жайларын колдоп, саясатка да ошолор менен жетелешип кирип келе жатканыңыздын себеби?
- Айрымдар өзүнүн өмүр баянын айтканда, айрым учурларын айтпай жаап-жашырып, көрсөтүшпөйт. А бирок мен антпейм. Тескерисинче, өмүр баянымда ушуну баса көрсөткүм келет: Мен да башкалардай эле баарын кичинеден баштагам. Адегенде таксист болгом, тигүү цехинде иштегем. Андан соң, көпчүлүк үй-бүлө сыяктуу эле биз да тырбалаңдап, чакан ишкана курууга киришкенбиз. Дароо эле баары ойдогудай башталды деп мактана албайм. Акыры Орусияга каттап, челнок аркылуу көрбөгөндү көрдүк. Бөлөк эл, бөтөн жерде милийсаларга, рэкеттерге кор болгон күндөрдү айтпай эле коёюн. А бирок, ансайын көгөрүп, көшөрүп иштедик. Бутка турдук. Өзүбүз менен кошо башкаларды да жетелей жүрдүк. Колдон келсе бардыгын тең эле өзүң менен бутуна тургузгуң келет. Россияда тажиктерге аял, орустарга ойнош болгон, бажыдан товарын алып чыгыш үчүн денесин саткан кыз-келиндерибизди көрүү - баарынан кыйыны эле! Ошондо: "Канчага чейин кор болобуз, кандайдыр бир жол издебейбизби?" - деген ой жаралды. Акыры "Замандаш" ассоциациясын түптөдүк.
- Ө зүңүздү азыр канчалык деңгээлде баймын деп эсептейсиз?
- Мен - элим-жерим менен баймын. Ал канчалык бакубат, бай болсо, мен да ошончолук баймын. Ошондуктан, колумда, көкүрөк-көңүлүмдө канчалык байлыгым болсо, мен аны эл менен бөлүшкүм келет. Мен өзүмдү дайыма баймын деп эсептеп келгем. Колумда бир тыйыным калбай, банкрот болуп калган кезде да өзүмдү баймын деп эсептечүмүн. Ошондуктан, дайыма кыйынчылыктарды жеңип келдим. Адам өзүн кандай сезсе, ошондой болот. Болбосо, менден жүз эсе байлар деле "кыйналып жатам" деп жүрүшөт. Анткени алардын психологиясы кембагал. Руханий бай болсоң, кандай абалда жашасаң деле бай сезилип жашайсың. 3 миң сом айлык менен деле телегейи тегиз жашагандар бар, күнүнө 3-4 миң доллар таап, эчтекеге жеткире албагандар да бар.
- Боорукер, кайрымдуусузбу же тынымсыз мээнет адамды кара мүртөз кылып таштайбы?..
- Эгерде кыйналып-кысталып тургандарга, жардамга муктаж болгондорго жардам кыла албасаң, кайрымың жок, бооруң таш болсоң, анда бай болгонуңдан не пайда? Майыптарга, согуштун ардагерлерине, жаш таланттарга, жалгыз бой энелерге, деги эле ким жардамга муктаж болуп турса, колумдан келишинче жардам кыла алам. Айрыкча, жаңыдан бизнеске киришип жаткандарды көрүп, өзүмдүн да алгачкы кадамдарым эске түшөт. Албетте, бардыгына үлгүрө албайсың. Кээде чарчайсың.
- Сизди, чыны менен эле ишсиз тура албаган эмгекчил адам дешет. Кандай учурда, кантип эс аласыз?
- Соңку убактарда шайлоочуларым менен жолукканда, мигранттар менен кездешкенде жана жасаган иштердин жыйынтыгын, жемишин көргөндө кадимкидей эс алып, рахаттана түшөм.
- Жүрөгүңүз соккон сайын "Эл, жер!" - деп үн салып турса керек? Сиздин берген жоопторуңуздан улам ушундай ойлодум?
- Ансыз болбойт да. А бирок, патриоттуулук жүрөктө эмес, адамдын канында болуш керек. Мекенге, элге, жерге болгон улуу сезим кан менен кошо айланып, бүт тулку-боюңда, аң-сезимиңде тегеренип турушу керек.
- Анан ал күчтүү эмоцияга, ар кандай чакырыктарга айланат эмеспи?
- Жок. Кандайдыр бир акция өткөрүп, же болбосо кооз сөздөрдү айтып, чакырык жасап койсо эле, ал адам патриот болуп калбайт. Чыныгы патриот адам, жасап жаткан ишин күн мурун эле айтып, жар салып даңазалабайт. Ал акырын, унчукпай эле жасай берет. Мисалы, айылдык эле карапайым мугалимди алалы. Ал айлыгынын аз экенине, башка кыйынчылыктарга карабай, балдарга эне тилди, тарыхты, аалам сырларын окутуп, баланын жандүйнөсүн кереметтерге сугарып, байытып жатат. Ошондой эле уул-кызына кыргыздын каада-салтын, асыл касиеттерин, үрп-адаттарын үйрөтүп, ыйманга, эмгекке, мекенди сүйүүгө тарбиялап жаткан энени, атаны алалы. Мына ошолор чыныгы патриоттор. Улуттун өзөгү ошолор!
- Дагы бир суроо, сиздер программаңыздарда: "Кыргызстандын бардык жарандарын үй-жай менен камсыз кылабыз" деген, кимге болбосун майдай жага турган пункт бар экен. Бирок, бул деле, буга чейин ар бир талапкер берип келген куру убадалардан эмеспи? Эгерде андай болбосо, көпчүлүк үй-бүлөнүн көйгөйүнө айланган бул маселени кантип чечесиз?
- Ар бир кыргызстандык бай, бакубат жашоого акылуу! Ал үчүн, эң алды ар бир үй-бүлөнүн үстүндө үйү болуш керек. Иштеген иши болуш керек. Биз булардын бардыгын алгачкы күнүбүздөн баштап ойлонуп келебиз. Пландарыбыз бар. Анын бири - ипотеканын жаңы шарттарына жол ачып, жылына 10% үстөгү менен 20-25 жылга жеңилдетилген, узак мөөнөттүү ипотека берүү жолу.
- Казына уурдоону жана коррупцияны токтотобуз деп жатасыздар. Кантип?
- Мекенге кызмат көрсөтүүгө даярмын деген сырттагы байгер кыргызстандыктардын каражаттарын Ата Мекендин экономикасына тартуу жана сыртка кетип жаткан жумушчу күчүн токтотуп, алардын эмгек жана интеллектуалдык дараметин мекендин экономикасына жумшоо, ж.б. жолдор менен.
- Азыр Кыргызстан жеңил өнөр жайдын мекени болуп турган маал. Муну дагы өнүктүрүп, Кыргызстандын экономикасынын негизги күчүнө жеткиребиз дейсиздер. Кантип?
- Өнүккөн өлкөлөрдөй, жеңил өнөр жайын бир жерге топтоштуруу менен. Шаардын четине 3-4 технополис куруп, ага жүз чакты ири ишкананы жайгаштырып, Орто Азия менен Россиядан тышкары, батыштын талаптарына жооп бергидей жогорку сапаттагы продукцияны чыгаруу жолу менен.
Мындан сырткары, биз сөзсүз айлык акыларын 30-50%га көтөрүү жолу менен мугалимдердин, дарыгерлердин статусун жогорулатуубуз керек.
- Эми, соңку суроо. Мени адабияттын өкүлү катары, сиздин маданиятка, ада-биятка болгон мамилеңиз кызыктырып жатат?
- Мамилем эң жакшы. Кыргыз эли өзү руханий дөөлөттү туу туткан, айрыкча "буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт" деп сөздү аздектеген, ага өтө маани берип, сөз баккан эл. Бул - биздин башка улуттардан өзгөчөлөнгөн касиетибиз. Кантип анан сөз атасы - адабиятка кайдыгер боло алам.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"